Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Өзбекстанда картошка дээрлик төрт эсеге кымбаттады

Акыркы айларда Өзбекстанда картошканын баасы дээрлик төрт эсеге жогорулады. Учурда Ташкент базарларында анын бир килограммы 7-8 миң сумдан (1 АКШ доллары) сатылууда. Былтыр декабрдын башында картошканын килограммы 3 миң сумдан, ноябрдын ортосунда 1,5 миң сумдан сатылып жаткан.

Өлкөнүн айрым облустарында жергиликтүү бийликтер атайын дүкөнчөлөрдү уюштуруп, аларда картошка салыштырмалуу арзан сатылууда. Бирок мындай чаралар да картошка баасынын кымбатташын токтото албай жатканы айтылууда.

Өзбекстанда баалардын жогорулашын жаздын кеч келиши жана өткөн жылдагы түшүмгө терс таасирин тийгизген зыянкечтердин көп болушу менен байланыштырып жатышат.

2016-жылы өлкөдө 2,6 миллион тоннадан ашык картошка жыйналган. Бийлик 2020-жылга чейин анын түшүмүн 3,6 миллион тоннага чейин жеткирүүгө ниеттенүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Астанада өлкө тарыхындагы «эң масштабдуу» аскердик парад өттү

Астанада Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана Жеңиш күнүнө карата аскердик парад өттү. Ал өлкө тарыхындагы эң ири парад деп айтылууда.

Расмий маалыматтар боюнча парадга беш миңден ашык жоокер катышып, 300 аскер техникасы көрсөтүлдү.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги бул иш-чараны Казакстандын тарыхындагы эң масштабдуу парад деп атады.

Президент Нурсултан Назарбаев куттуктоо сөзүндө өлкө армиясы учурда кайрадан жаңыланып жатканын билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, Казакстандын душмандары жок, бирок «күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүндөгү жаңы багыт террорчулукка каршы күрөшүү» болуп эсептелет.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда элдин кайрылууларын тоготпогон ондогон аткаминер иштен алынды

Өзбекстанда акыркы айда 30дан ашуун аткаминер жумуштан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөгү виртуалдуу кабылдама үчүн жооптуу чиновниктердин бири билдирди.

Кызматынан айрылгандардын арасында – Гүлистан менен Кокон шаарларынын башчысы, Багдад, Вобкент райондорунун жетекчилери бар.

Өзбекстан өкмөтүндөгү өз булактын маалымдашынча, бул маселеге өзгөчө көңүл бурулууда. “Селектордук жыйын учурунда акимдерге көрсөтмөлөр берилип, эгер алар элдин үнүн укпаса жумуштан алынышары эскертилүүдө. Мындан улам администрациялар элдин көйгөйүн тыңдап, кылдат иликтеп, маселелерди оң жагына чечип берүүлөрү керек”,–деди ал.

2017-жылдын башында жергиликтүү администрацияларда “коомдук кабылдамалар” түзүлгөн. Бирок аткаминерлер арыздануулардын дээрлик 70-80 пайызын карашпайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия Сириядагы «коопсуз аймактар» резолюциясынын БУУга алып чыкты

Орусия Сирияда «коопсуз аймактарды» түзүү тууралуу резолюция долбоорун БУУга алып чыкты. Анда аймактарда аскердик аракеттерге жана авиациянын учуусуна тыюу салынат. Документке 8чи же 9-майда добуш берилиши мүмкүн.

Резолюциянын долбоору Сирияда төрт «коопсуз аймак» түзүү тууралуу 4-майда Астанадагы жолугушуу маалында кабыл алынган меморандумга негизделген. Орусия, Иран жана Түркия дипломаттары коопсуз аймактар президент Башар Асаддын армиясынын күчтөрү менен көтөрүлүшчүлөр ээлеген аймактар чектешкен жерлерде түзүлөт деген макулдашууга келишкен. Кеп Идлиб провинциясы, Хомс провинциясынын түндүгү, Латакия, Алеппо жана Хама аймактары өңдүү Сириянын бир катар бөлүктөрү жөнүндө болууда.

Куралдуу оппозициянын өкүлдөрү меморандумду колдогон эмес. Алардын айтымдарында, Орусия дагы деле Башар Асадды жана анын союздаштарын мурдагы макулдашууларды аткарууга көндүрө алган жок.

Расмий Дамаск меморандумду кубаттап, бирок «террорчуларга» каршы куралдуу каршылык көрсөтүүсүн уланта бере турганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусиялык компаниялар 14 миң өзбекстандыкты ишке алууга даяр

Орусиянын Волгоград моюнтирек заводу жана “Ренессанс” курулуш компаниясы 14 миң өзбекстандык үчүн иш сунуштоодо.

Өзбекстандын Эмгек министрлиги билдиргендей, Волгоград моюнтирек заводу Өзбекстандан эки миңдей жумушчу жана адисти алууну чечкен. 3-майда заводун жетекчилиги 200 өзбек жараны менен маектешкен.

Мындан тышкары орусиялык “Ренессанс” курулуш компаниясы өзбекстандык 12 миң ишчини кабыл алуу ниетинде.

Былтыр Өзбекстандын Эмгек министрлигинин өкүлдөрү Орусияны кыдырып, бир нече эмгек келишимдерине кол коюшкан.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Орусиядагы мамлекеттик сапары учурунда 55 документке кол коюлган. Алардын бири өзбек жарандарын Орусияда ишке алууга багытталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан: «Өлбөс полк» акциясы ислам баалуулуктарына каршы келет

Тажикстанда ислам баалуулуктарына туура келбейт деген жүйө менен «Өлбөс полк» акциясы президент тарабынан бекитилген иш-чаралардын тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу «Ховар» мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

Билдирүүдө ислам эрежелерине ылайык көчөгө маркумдардын сүрөттөрүн көтөрүп чыгууга болбой тургандыгы белгиленип, акциянын ислам баалуулуктарына каршы келе тургандыгы жазылган.

Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов мындай чечимге өкүнгөнүн билдирди. Ал «көптөгөн тажик уулдары Жеңиш үчүн башын сайып күрөшкөнүн» белгилеп, акцияда эч кандай саясат жок экенин, ал Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналганын жана дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүндө өткөрүлүп келерин айтты.

Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Худойберды Холикназаров «Өлбөс полк» акциясын өткөрбөө чечими саясатка негизделбегенин, болгону анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоого гана байланыштуу экенин билдирди.

«Өлбөс полк» акциясы 9-майда Орусиянын көптөгөн шаарларында жана мурдагы СССР өлкөлөрүнүн айрымдарында өтүп келет. Анда адамдар согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгышат. «Өлбөс полк» акциясын өткөрүү идеясы Томск шаарындагы ТВ-2 телеканалына таандык. 2015-жылдан тарта акцияны уюштуруу менен Жалпы орусиялык улуттук фронт алектене баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда ИМдин мурдагы согушкери террорчулукка каршы түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун мурдагы согушкери Парвиз Косимов Тажикстандын аймактарына барып, жаштардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолугушууларда ал Сириядагы үрөй учурган көрүнүштөр, ошондой эле согушка алданып барып, кийин өкүнүп калган Тажикстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандары тууралуу айтып берүүдө.

Парвиз Косимов Бохтар районунун эли менен болгон жолугушуусунда кантип «Ислам мамлекетинин» катарына кошулганы жөнүндө айтып берди:

— 2014-жылы сентябрда «Одноклассники» социалдык түйүнү аркылуу азгырылып, «Ислам мамлекети» тобунун катарына кошулуу үчүн Сирияга баргам. Анда өтө ырайымсыз жана катаал көрүнүштөргө күбө болуп, эмне болсо да мекениме кайтам деп чечкем.

Бохтар районунун жашоочусу Парвиз Косимов Сирияда 9 ай жүргөндөн кийин качып кеткен. 2015-жылы Тажикстанга кайтып келип, өз каалоосу менен бийликтин колуна түшүп берген. Анын Тажик улуттук университетиндеги окуусун улантуу өтүнүчү канааттандырылган эмес, учурда ал укук коргоо органдарынын тыкыр көзөмөлүндө.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Тажикстандын 1100гө жакын жараны Сирия менен Ирактагы согуштарга катышууда. Бийлик 2016-жылы экстремисттик жана террористтик топтордун катарына кошулган тажик жарандарынын саны азайганын белгилөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкент аэропортуна Ислам Каримовдун аты берилди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент эл аралык аэропортуна маркум өзбек лидери Ислам Каримовдун ысымын берүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, жарлыкка Каримовдун атын түбөлүккө калтыруу тууралуу Мирзиёевдин январдагы убадасына ылайык кол коюлду.

Декабрда президент Ислам Каримовдун эстелигин тургузууга эл аралык тендер жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов былтыр 2-сентябрда 78 жаш курагында мээсине кан куюлуп көз жумган. Ал өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып келген. Өткөн жылдын сентябрынын ортосунда Ташкенттеги жаңыланган Ислам-ата мечитинин ачылышы болуп, ага Каримовдун аты берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда ашыкча салмагы үчүн 10 милиция кызматкери иштен алынды

Тажикстандын Ички иштер министрлиги ашыкча салмактагы он милиция кызматкерин иштен алганын билдирди. Дагы 100дөй тартип коргоочуга эскертүү жана арыктоо үчүн убакыт берилди.

Өткөн жылдын декабрь айында ички иштер министри Рамазон Рахимзода милиция кызматкерлеринен тиешелүү нормаларга ылайык арыктоону талап кылган. Андан бери кызматкерлердин айрымдары 5 килодон 20 килого чейин салмак ташташкан жана спорт менен алектенүүнү улантышууда.

Министрликтин маалымат катчысы Умаржон Эмомали билдиргендей, берилген убакыт ичинде ашыкча салмактан арылбаган тартип коргоочулары иштен алынды.

Министрлик аныктаган нормага ылайык, 168-170 см бойлуу милиция кызматкеринин салмагы 75 кг ашпашы керек.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Тажикстанда 20 жаштан жогору эркектердин 31,2 % жана аялдардын 30,5 % ашыкча салмак менен жабыркашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда президент сынынан кийин унаа жуучу жана оңдоочу жайлар жабылды

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сынынан кийин дээрлик баардык унаа жуучу жана оңдоочу жайлар жабылды.

Өкмөт жыйынында өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов көп учурда иче турган сууну колдонгон унаа жуучу жана оңдоочу жайлар ИИМ тарабынан тыкыр көзөмөлдөнбөй жатканын сындаган.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, учурда айрым авто-механиктер унааларды жашыруун оңдоону улантууда, бирок бул ачыкка чыкса, 15 суткага камалышат.

Унаа жуучу жайлардын жабылышы менен айдоочулар олуттуу ыңгайсыздыктарга кабылышты. Түркмөнстанда кир автоунаа үчүн айыппул төлөнөт. Анын көлөмү – 100 манат (28,5 доллардын тегереги). Экинчи жолу кармалса 300 манат айыппул салынат.

Миңдеген унаа жуучу жана оңдоочу жайлардын иши кайра калыбына келер-келбесин Түркмөнстандагы расмий ММКлар кабарлаган жок. Өлкө бийлиги бул кырдаал боюнча түшүндүрмө бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню