Астанада Сириядагы ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жергиликтүү убакыт боюнча саат 12де башталды. Ага чакырылган бардык катышуучулар, анын ичинде Сириянын куралдуу оппозициясынын делегация башчысы Мохаммад Аллуша дагы келди. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Казакстан ТИМинин маалыматы боюнча 3-4-майга белгиленген сүйлөшүүлөр жабык форматта өтөт. 4-майда күндүн экинчи бөлүгүндө пленардык жыйын жана жыйынтыктоочу маалымат жыйыны өткөрүлөт.
Жолугушууларга АКШ делегациясынын башчысы катары мамлекеттик катчынын Жакынкы Чыгыш иштери боюнча жардамчысы Стюарт Жонс алгачкы жолу катышууда.
Жыл башынан бери Сириядагы ок атууну токтотуу боюнча Астанада үч жолу сүйлөшүүлөр өткөн. Акыркы жолугушууга Сириядагы оппозиция өкүлдөрү катышкан эмес.
Казак ТИМинин мааалыматына караганда, бул жолку сүйлөшүүлөргө Сириядагы элдешүүнү көзөмөлдөөгө кепил болуп жаткан өлкөлөрдүн делегациялары, ошондой эле БУУнун башкы катчысынын Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан Де Мистура келди. Сирия өкмөтүнүн делегациясын өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү Башар Жаафари жетектөөдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”