Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Түркмөнстанда дыйкандар сугат суусунун жоктугуна даттанышууда

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунун тургундары сугат суунун жоктугуна нааразы. Алар жергиликтүү калкты акыркы 30-40 жылдан бери суу менен камсыз кылып келген каналдарда тазалоо иштери жүргүзүлбөй жатканын, андан улам айрым айылдарга сугат суу таптакыр жетпей калганын билдиришүүдө.

«Биздин айылдагы жер тилкелер 20 жылдан бери сугарыла элек, талаалар ээн жатат. Бактардын куурап калганына 15 жыл болду», – деди жергиликтүү тургундардын бири.

Облустун башка райондорунун тургундары да бул маселе аларды узак жылдардан бери түйшөлтүп келерин билдиришүүдө. Айтымдарында, калкты суу менен камсыз кылууга байланышкан көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү бийлик эч кандай аракет көрбөй жатат.

Ирригациялык жана ичүүчү сууга байланышкан көйгөйлөр Түркмөнстандын бардык аймактарында бар. Түркмөн бийлиги менен расмий ММКлар тескерисинче, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ири мастабдагы иштер аткарылып жатканын билдирип келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астана: ооган дипломатынын "бомба" тууралуу айтканы оорунсуз тамаша болду

Ооганстандын Казакстандагы мурдагы элчиси Мохаммад Фарук Баракинин “бомба жөнүндө” айтканын Казакстандын ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди орунсуз тамаша деп атады.

Бараки 1-майда Кабулга учуп кетерде бажы кызматкери андан кол баштыгында эмне бар экенин сураганда “бомба бар” деп тамашалап жооп берген. Натыйжада дипломатты каттамына коё беришпей, текшерүүгө алышкан.

Мухтар Тлеубердинин айтымында, атайын кызмат өкүлдөрү анын дипломатиялык макамы тууралуу билген эмес.ТИМ башчысы Баракинин тамашасы оорунсуз болгонун кошумчалады. Дипломатты текшеришкен соң, Кабулга учуп кетүүсүнө уруксат берилген.

Аэропорттун маалымат катчысы Камила Касымбекова Бараки бул сөзү менен тартиптерди одоно бузганын билдирип, аны жагымсыз кесепеттерден дипломатиялык кол тийбестиги гана сактап калганын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бердымухамедов Мирзиёевди деңиз курортуна чакырды

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёевди Түркмөнстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу түркмөн медиасы кабарлоодо.

Бердымухамедов Мирзиёевге “Аваза” деңиз курортун көрүп кетүүнү жана анын кандай өнүгүп жатканына баа берүүнү сунуштады.

Түркмөнстан президентинин айтымында, Каспий жээгиндеги балдар лагерлери, санаторийлер, мейманканалар Өзбекстандан келген меймандарды кабыл алууга даяр.

Маалыматтарга караганда, Мирзиёев түркмөн кесиптешинин сунушун кабыл алды. Сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев алгачкы чет өлкөлүк сапарын Түркмөнстандан баштаган. Ал Ашхабадда 2017-жылы 6-7-мартта болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп менен Путин Сириядагы урушту токтотуу маселесин талкуулашты

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путин шейшембиде телефондон сүйлөшүп, Сириядагы абалды талкуулашты. Бул тууралуу Акүйдүн билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка караганда, Трамп менен Путин Сирия өтө көп убактыттан бери азап чегип жатканынына жана бардык тараптар зомбулукту токтотуу үчүн аракет көрүүсү керектигине макул болушту. Акүй сүйлөшүү жакшы өткөнүн жана Сириядагы тынчтыкты камсыз кылуу үчүн коопсуздук зонасын түзүү маселеси талкууланганын баса белгиледи.

Билдирүүдө 3-4-майда Кошмо Штаттар өз өкүлүн Астанада өтө турган Сириядагы ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө жөнөтө турганы айтылат.

Мындан тышкары президенттер Жакынкы Чыгыштагы терроризм менен күрөшүүдөгү бирдиктүү иштерди дагы талкуулашты.

АКШ менен Орусия лидерлери Түндүк Кореядагы өтө коркунучтуу абалды жөнгө салуу маселелерине дагы токтолушту.

Путин менен Трамп телефондон байланышты үзбөөнү, 7-8-июлда Гамбургда өтө турган “Чоң жыйырмалык” саммитинин алкагында жеке жолугушуу уюштуруу керектигин билдиришти

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Тажикстанда коопсуздук маселелерин талкуулады

АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Даниэль Розенблюм Тажикстандагы иш сапары учурунда жергиликтүү аткаминерлер менен жолукту. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Тажикстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматтарга караганда, 1-майда Розенблюм Өзгөчө кырдаалдар комитетинин жетекчилиги менен жолугуп, табият кырсыктарынын алдын алуу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулады. Ал АКШ бул багытта иштешүүгө мындан ары дагы кызыктар экенин баса белгиледи.

АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы 2-майда Рашт районуна барып, жарандык коомдун активисттери менен жолукту.

Даниэль Розенблюм Дүйшөмбүгө 30-апрелде келген жана бүгүн, 3-майда учуп кетет.

25-апрелде Тажикстанга АКШ армиясынын Борбордук командачылыгынын башчысы Жозеф Вотель келип кеткен. Ал президент Эмомали Рахмон менен жолугуп, аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталган аскердик кызматташуу боюнча пикир алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабадда бензин үчүн узун кезек пайда болууда

Ашхабадда бенсиндин наркы жогорулай турганы жөнүндө кеп тарагандан кийин май куйуучу жайларда узун кезек пайда болууда.

Айдоочулар жеңил жана жүк ташуучу унаалары менен катар канистрлерге дагы бензин толтуруп кетишүүдө.

2-май күнү эртең менен шаардын четиндеги беш май куйуучу жайда бензин болгон жок.

Бензин наркынын жогорулоосу тууралуу айың-кеп чыккандан кийин дүрбөлөң башталды. Бул арада расмий медиа менен мамлекеттик мекемелер күйүүчү майлардын наркын көтөрүү боюнча өкмөттүн планын кабарлаша элек.

Түркмөнстанда акыркы жолу бензиндин баасы президенттин көрсөтмөсү менен 2015-жылы январда көтөрүлгөн. Анда автоунаалар керектөөчү майдын баасы 60% өскөн.

А-95 үлгүсүндөгү бензиндин наркы 1 манатты түзөт. Өлкөдө расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манатка барабар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астанада казактардын Бүткүл дүйнөлүк бешинчи курултайы өтөт

Астанада ушул жылдын 22-25-июнь күндөрү казактардын Бүткүл дүйнөлүк бешинчи курултайы өтөт. Иш-чара тууралуу билдирүү Казактардын Бүткүл дүйнөлүк бирикмесинин сайтына жарыяланды.

Мекеменин маалыматына караганда, курултайда чет өлкөлөрдөгү казак маданий борборлорун каржылоо, аларга башка жардамдарды берүү жана сыртта жүргөн казак жаштарын Казакстанга окууга чакыруу маселелери каралат. Максаты — чет өлкөлөрдөгү казактарды Казакстанга көчүп келүүгө кызыктыруу.

Уюштуруучулардын айтымдарында, быйыл курултайга негизинен чет өлкөдө жашаган жана түрдүү тармактарда ийгиликтерге жеткен жаш казактар чакырылат. Иш-чарага жалпысынан 40тан ашык өлкөдөн 350 адам жана бир нече эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышат деп күтүлүүдө.

Монголияда жашаган этникалык казак Сайран Кадыр курултайды башка өлкөлөрдө жашаган казактардын чыныгы көйгөйлөрү ачык талкууланбай турган форум деп эсептейт. «Сын-пикир айтышпайт, кабыл алынган чечимдерди ким жана качан аткара тургандыгы белгисиз бойдон калат», – деди ал.

Казактардын Бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайы 1992-жылы Алматыда, экинчиси 2002-жылы Түркестанда өтсө, кийинкилери (2005чи жана 2011-жылдары) Астанада өткөн.

1991-жылдан бери чет өлкөлөрдөн Казакстанга 284 361 этникалык казак үй-бүлөсү көчүп келген. Ал бир миллион алты миңге жакын адамды түзөт. Алардын 61 пайызы Өзбекстандан, 12 пайызы Кытайдан, 12 пайызы Монголиядан, 7 пайызы Түркмөнстандан жана 4 пайызга жакыны Орусиядан көчүп келген. Тарыхый мекенине кайткан казактардын 56 пайызын ишке жарамдуу курактагы адамдар, 40 пайызга жакынын 18ге чыга элек балдар түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан ТИМ башчысы Түркмөнстан президенти менен жолукту

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматы боюнча Камилов менен Бердымухамедов «Борбор Азия + Жапония» диалогуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин алтынчы кеңешмесинин алкагында жолукту.

Анда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин мартта Түркмөнстанга болгон сапары маалында жетишилген макулдашуулардын негизинде эки тараптуу алакаларды өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу макулдашууда мамлекеттердин 2018-2020-жылдар аралыгындагы экономикалык кызматташтыгы тууралуу айтылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Сомон Эйр» кайрадан Москвага аба каттамдарын аткара баштайт

Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясы Дүйшөмбү жана Худжанд шаарларынан Москвага каттамдарын кайра калыбына келтирүүгө уруксат алды.

«Сомон Эйрдин» басма сөз кызматынан билдиришкендей, авиакомпаниянын Орусия шаарларына учуусуна эки өлкө өкүлдөрүнүн Москвадагы жолугушуусунун жыйынтыгында уруксат берилди.

«Сомон Эйр» Дүйшөмбү-Москва-Дүйшөмбү багыты боюнча каттамдарды жумасына 4 жолудан – дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби, ал эми Худжанд-Москва-Худжанд каттамын дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарып турат.

«Сомон Эйрге» карата алгачкы чектөөлөр 2016-жылдын аягында, «Ямал» авиакомпаниясынын «Жуковский» аэропортунан Тажикстан шаарларына учуусу боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган соң киргизилген – анда Орусиянын Транспорт министрлиги тажик авиакомпаниясынын орусия аймактарына каттамдарды аткаруусун токтоткон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

1-май майрам катарынан чыгарылды

Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата Кыргызстанда 1 -май дем алыш деп жарыяланган. Расмий маалыматтарга караганда, ушул тапта өлкөнүн жалпы калкынын сегиз пайызы жумушсуз. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдирүүсүндө 55 миң адам жумушу жок деп каттоого алынган, анын 30 миңге чукулу аялдар. Бир жыл мурун эки жүз миңдей адам ишсиз экени айтылган. Америкада жумушчулар 8 сааттык иш күнүн орнотуу талабы менен 1886-жылдын 1-май күнү нааразылыкка чыгышкан. Полиция акцияны күч менен басып, кан төгүлгөн. 1889-жылы жумушчулардын II Интернационал бирикмеси негизделген. 1890-жылдын 1-майында Европанын бир катар мамлекеттеринде Эмгекчилердин эл аралык биримдик күнү белгиленген. Кыргызстанда алгач 1919-жылы Пишпек шаарында уюштурулган. Бирок кошуна Тажикстанда 92 жылдан бери майрамдалып келген 1-май – Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү быйыл эс алуу күндөрдүн катарынан чыгарылды. Чечимди тажик парламенти былтыр ноябрда кабыл алган. Парламент терагасы Шукуржон Зухуров 1 -май Тажикстанда мамлекеттик жана улуттук майрамдардын катарында кала берээрин, бирок мындан ары иш күн болоорун жарыялады. Мындай билдирүүгө депутаттар, алардын ичинде коммунистер дагы каршы болгон жок. Советтер Союзу учурунда 1-майга өзгөчө даярдыктар көрүлүп, ал парад менен коштолчу. Салтанат “Тынчтык! Эмгек! Май” деген ураан алдында өтчү. Учурда жаз жана эмгек майрамын дүйнөдөгү 142 өлкө белгилейт. Кыргызстанда 1 -май – эс алуу күнү.

Булак: “Фабула”

Меню