Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Астана диний чөйрөнү көзөмөлдөөнү күчөтөт

Казакстанда диний чөйрөдөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча мамлекеттик концепциянын долбоору сунушталды. Документ 2017-2020-жылдар аралыгында иш жүзүнө ашуусу керек. Анда мыйзамдарды жакшыртуу, мамлекетти өнүктүрүүнүн светтик принциптерин өнүктүрүү каралган.

Концепцияга ылайык, светтик өлкөдө мамлекет диний бирикмелердин ички иштерине кийлигишпейт. Бирок алардын ишмердүүлүгүнө, мыйзамдарды аткаруусуна, мамлекет кызыкчылыктарынын корголуусуна көзөмөл жүргүзүлөт.

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын долбоорун талкуулоо – Астанада “Иегова Күбөлөрүнүн” мүчөсүнүн соту өтүп жаткан маалга туш келди. Диний кастыкты козутууга айыпталган Теймур Ахмедов бүгүн беш жылга соттолду.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда 3 658 диний бирикме жана алардын филиалдары, 2 550 мечит, 495 протестанттар үйү жана сыйынуучу храмдар, 294 православ чиркөөсү, 109 католик чиркөөсү, 7 иудей синагогу, 2 буддист чиркөөсү, “Кришна коому” уюмунун 7 сыйынуу үйү жана “Бахая” бирикмеси бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сирияда өзбек жоочуларынын башчысы Шейх Салахуддин өлтүрүлдү

Сирияда имам «Аль-Бухари» атындагы өзбек жоочуларынын отряд башчысы Шейх Салахуддин өз кишилери тарабынан өлтүрүлдү. Анын ордун Абу Юсуф деген ысым менен белгилүү тажик улутундагы адам ээледи. Бул тууралуу Сириядагы согуштук топтордун өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, 43 жаштагы Шейх Салахуддинди өзү башкарган отряддын мүчөлөрүнүн бири Идлиб шаарындагы мечитте 27-апрелде атып өлтүргөн. Андан сырткары дагы үч согушкер каза болуп, экөөсү жаракат алган.

Ошол эле күнү шектүүгө издөө жарыяланып, анын кайсыл жерде экени тууралуу маалымат бергендерге 1 миллион сирия фунту (4700 АКШ долларынын тегереги) өлчөмүндөгү сыйакы убадаланган. Эртеси Шейх Салахуддинди өлтүргөн адамдын кармалганы кабарланган.

Дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө тыюу салынган «Ислам мамлекети» террористтик тобу Шейх Салахуддиндин өлүмү пландалганын жана ал ИМдин бир бөлүгү эсептелген «Хурасан» тобунун жоочулары тарабынан ишке ашырылганын билдирди. Бул топтун курамын негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган согушкерлер түзөт.

Өлтүрүлгөн Шейх Салахуддиндин чыныгы ысымы — Акмаль Журабаев. Ал Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү Наманган шаарында туулуп өскөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда темир жол билеттеринин баасы эки эсеге кымбаттады

Түркмөнстанда 1-майдан тарта аба жана темир жол билеттери кымбаттады. Темир жолдо кызмат көрсөтүү эки эсеге, авиабилеттин баалары 20% жогорулады.

Транспорт тартифтеринин баасын көтөрүү боюнча чечим 14-апрелде өкмөт жыйынында кабыл алынган. Президент Гурбангулы Бердымухамедов демилгени колдогон.

Мамлекет башчынын пикиринде, билеттердин наркын жогорулатуу менен бул тармактын ишин жакшыртууга шарт түзүлөт.

Учурда Ашхабад-Дашөгүз багыты боюнча плацкарт вагондоруна болгон билеттердин баасы эки эсеге кымбаттап, 26 манат болду.

Купе вагондорунун билетинин баасы 23 манаттан 26 манатка чейин жогорулады. Ашхабад-Мары багыттары боюнча ылдам жүрүүчү поезддердин наркы эки эсе көтөрүлүп, 20 манатты түзүүдө. Купедеги жүргүнчү орундардын наркы дагы эки эсеге өстү – 34 манат.

Түркмөнстанда 1 доллардын расмий курсу 3,5 манатты түзөт.

Аба жана темир жол акыларынын кымбаттоосу менен борбор калаадан аймактарга каттаган такси кызматтарынын наркы дагы жогорулады. “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарлашынча, жеке таксилердин кызмат акысы 10 манатка өстү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Тажик байкерлери өз өлкөсүн таанытуу максатында АКШны кыдырышат

Тажик байкерлеринин командасы өз өлкөсүн америкалыктарга таанытуу максатында мотожүрүш менен АКШны кыдырат.

Байкерлердин жүрүшү Майамиден башталып, Лос-Анжелесте аяктайт. Төрт эркек жана эки аялдан турган топ жалпысынан 10 чакырым аралыкты басып өтүүгө белсенүүдө.

Команданын жетекчиси жана Тажикстан мотобирлигинин лидери Фарход Калоновдун билдиришинче, бул — «Биз тажиктербиз» деген ураан алдында өтүп жаткан үчүнчү эл аралык мотожүрүш. Айтымында, анын максаты америкалыктарга Тажикстанды таанытуу — жүрүштүн катышуучулары каттамдын башынан аягына чейин тажик желегин алып жүрүшөт.

Команда мүчөсү Давлат Хушвахтов АКШда жашаган тажиктердин жашоосу менен да таанышууга ниеттенип жатышканын айтты. «Боулдере шаарында көптөгөн жылдар мурун курулган тажик чайканасын көргүбүз келет. Америкалыктарга Тажикстан жөнүндө айтып бергибиз келет, анткени алар биздин өлкө жөнүндө көп билишпейт да», – деди ал.

Тажик байкерлери 8-майда Дүйшөмбү – Стамбул – Майами каттамы менен учушат.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бүгүн Трамп менен Путин телефон аркылуу сүйлөшөт

Бүгүн АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшөт. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Акүйдөн билдиришти.

Бул Дональд Трамп Акүйгө келгенден берки эки президенттин үчүнчү сүйлөшүүсү болот. Мамлекет башчыларынын ортосундагы алгачкы кыска баарлашуу Трамптын инаугурациясынан бир жума өткөндөн кийин болгон. Экинчи жолу алар Петербург метросундагы теракттан кийин сүйлөшүшкөн.

Президенттер талкуулай турган темалар кабарланган жок. Эки президент АКШ Сириянын базасына ракеталык чабуул жасагандан бери баарлаша элек болчу. Орусия Кошмо Штаттардын ал аракетин кескин айыптап, «эгемендүү өлкөгө каршы жасалган агрессия» деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Зебакта жарадар болгон ооган полициячылары Тажикстандын ооруканасына жаткырылды

Зебак уездиндеги талиптер менен болгон кагылышуулар маалында жарадар болгон жети ооган полициячысы Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдук облусунун Ишкашим райондук ооруканасына жеткирилди.

Учурда өткөн жума күнү жоочулар басып алган Ооганстандын Зебак уезди үчүн күрөш уланууда. Стратегиялык жактан маанилүү эсептелген калктуу конуш Ооганстандын Тажикстандын Бадахшан провинциясы менен чектешкен түндүк-чыгыш аймагында жайгашкан.

Ишкашим райондук ооруканасынан кабарлашкандай, жарадар болгон ооган полициячыларын аларга өткөн жума соңунда алып келишкен. Алардын бири 29-апрелде ооруканадан чыгып, Ооганстанга жөнөтүлгөн.

Жарадар полициячылардын бири уезд аларда ок-дарынын жок калганынан улам талиптердин колуна өткөнүн айтты. «Айыгышкан күрөш төрт саатка созулду. Бизде ок-дары жок калып, жардам өз убагында келбегендиктен улам уездди алдырып жибердик», – деди ал.

Талиптер Зебак уездин 28-апрелде басып алышкан. «Талибан» өкүлдөрү кагылышуу маалында 20дан ашык полициячы мерт болгонун жарыялашты. Ооганстан ИИМинен уезддин көзөмөлдөн чыгышы убактылуу көрүнүш экенин билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жогорку Сот чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыпталган ирактыктардын арызын карайт

“Жасалма паспорт менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген айып менен Кыргызстандын түрмөлөрүндө жаткан ирактык төрт жарандын доо арызын Жогорку Сот 2-майда карайт. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосуна билдирди.

Ош облустук соту 1-мартта Ирак жарандары – 76 жаштагы Бухари Кози Мансурду төрт жарым жылга, Абдал Халил Юнус, Данха Нур Анвер Лазар жана Данха Домян Анвер Лазарды беш жылдан эркинен ажыраткан. Соттолгондор буга макул болбой Жогорку Сотко апелляциялык арыз жазган.

Алар былтыр октябрда Ош аэропортунан жасалма паспорт менен кармалган. УКМК “жасалма документ менен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” деген негизде кылмыш ишин козгоп, алгач Ош шаардык соту чет элдиктерге 10 миң сомдон айыппул салып бошотуу өкүмүн чыгарган. Бирок мамлекеттик айыптоочулар арызданып, натыйжада облустук сот аларды абакка кескен. Азыр ирактык үч жигит Ош шаардык тергөө абагында, ал эми Кози Мансур Бухари Жалал-Абад шаарындагы аялдар колониясында жатат.

Алардын Германияда жашаган жакындары кыргыз бийлигине кайрылып, туугандарын бошотуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берүүнү өтүнүп жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астанада прокурор "Иегова күбөсүн" 6 жылдан ашык эркинен ажыратууну сурады

Астанада мамлекеттик айыптоочу “Иегова күбөлөрүнүн христиан коому” бирикмесинин мүчөсү, 60 жаштагы Теймур Ахмедовду 6 жыл 8 айга эркинен ажыратууну сурады. Ал диний кастыкты козутууга айыпталууда.

Прокуратура айыпталуучу ислам жана православ динине карата терс пикирин билдирүү менен коопсуздукка каршы оор кылмыш жасаганын белгилөөдө. Мамлекеттик айыптоочунун версиясы боюнча Теймур Ахмедов өз пикирин көпчүлүк алдында, башкача айтканда бир нече студент топтолгон батирде билдирген. Адвокат болсо казак мыйзамдарында “көпчүлүк алдында” деген сөз айкашына аныктама берилбегенин билдирүүдө.

Буга чейинки сотто айыпталуучунун жубайы студенттер өздөрү жолугушууну демилгелегенин жана чагымчыл суроолорду беришкенин, маектин баарын жазып алышканын билдирген. Соттук иште 19 диск бар, сот аларды үзүп-үзүп гана угуп чыккан. Айыпталуучу үн жазылып жатканын билген эмес.

Өкүм 2-майда чыгат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстан: бийлик бейиттеги сүрөттөрдү алууну талап кылууда

Түркмөнстандын Балкан облусунун Берекет шаарында диний жетекчилер көрүстөндөрдөгү сүрөттөрдү алууну талап кылууда. Алар сүрөт коюу -ислам дининин нормаларына каршы келерин билдиришүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын булактары кабарлашты.

Маалыматты Балкан облусуна барган ашхабаддык серепчи Аманмурад Бугаев ырастады. Анын айтымында, бир нече күн мурда Берекет шаарынын Агзам мечитинин имамы шаардын «Байрам шехит» көрүстөнүндөгү эстеликтерге коюлган сүрөттөрдү алууну талап кылган. Ага чейин 76 бейиттин тизмеси түзүлгөн.

Серепчи бул боюнча түшүндүрмө сурап көрүстөн жетекчилигине, шаардын жана облустун имамдарына кайрылган. Алар бул чечим диний көз караштардан улам кабыл алынганын жана жогорку жактагылар көрсөтмө бергенин айтып беришкен.

Берекет шаарынын жашоочулары билдиришкендей, учурда бийликтин бул талабы аткарыла баштады. Айтымдарында, 5-6 жыл мурда шаар имамдары аш өткөрүүдөн баш тартууну талап кылышкан.

Балкан облусунун имамы азырынча бул боюнча комментарий бербей турганын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда паспорт режимин бузгандар үчүн жаза жеңилдетилүүдө

Өзбек парламентинин төмөнкү палатасы паспорт режимин бузгандарга карата административдик жазаны жумшартуу долбоорун иштеп чыгууда.

Депутаттар айыппулдун көлөмүн азайтуу жана анын төмөнкү чегин тактоо максатында мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатышат.

Эл өкүлдөрүнүн айтымдарында, 450 миң сумдук (расмий курс боюнча 100 доллардан ашык, базар курсу боюнча 60-65 доллар) айыппул жогору болуп эсептелет. Айрым жарандар, өзгөчө жакыр үй-бүлө өкүлдөрү паспорт алышкан эмес же мөөнөтү өткөндөн кийин аларды алмаштыра албай калышкан.

Өзбекстанда биометрикалык паспортторду берүү өнөктүгү 2011-жылы ноябрда башталган. Эски үлгүдөгү паспорттордун мөөнөтү 2015-жылдын 31-декабрында аякаган. Бирок айрым маалыматтар боюнча өлкөнүн айрым облустарында бери дегенде эле жарандардын 40% паспортторун алмаштырышкан эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню