Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Евробиримдик Бишкекти таза шайлоолорду камсыздоого чакырды

Евробиримдик Кыргызстандагы демократиялык реформаларды жүргүзүүгө жардам берүүнү жактайт. Бул тууралуу Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан 24-25-апрелде өлкөгө жасаган сапары учурунда билдирди.

Ал өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө, коррупцияга каршы күрөшүү, шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Петер Буриан Борбор Азияда таза жана ачык шайлоо өткөрүү жагынан Кыргызстан жакшы мисал экенин белгилеп, өлкөдө жүрүзүлүп жаткан демократиялык реформаларды улантуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын камсыз кылууга багытталган «Таза Коом» долбооруна көмөк көрсөтүүгө даярдык билдирди.

Быйыл февраль айында президент Алмазбек Атамбаев Брюсселде иш сапарда болуп, Европа биримдигинин институттарынын жетекчилери менен жолуккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Петербургда балдар үйүндөгү сексуалдык зомбулук иши боюнча беш киши кармалды

Санкт-Петербургда Тергөө комитети балдар үйүнүн бириндеги сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук боюнча сегиз кылмыш ишин козгоду.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2005-жылдан 2010-жылга чейин Киров районунда топ киши ырааттуу түрдө балдар үйүнүн 1991-95-жылдары туулган төрт тарбиялануучусуна карата сексуалдык ыдык көрсөтүп келген.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча беш шектүү – директордун орун басары, эки бүтүрүүчү, балдар үйүнүн кызматкерлеринин биринин тууганы, балдар үйүнүн алдындагы мектептин директору кармалды.

Маалыматтарга караганда, жетим балдар тарбияланган балдар үйүнүн кеминде эле мурдагы алты тарбиялануучусу жабыр тарткан.

Текшерүү – Петербургдун 26 жаштагы Яков аттуу жашоочусу балдар үйүндөгү зордук-зомбулук жөнүндө айтып бергенден кийин башталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Тажикстанда альтернативдик негизде кызмат өтөө тартибин киргизүү сунушталды

Тажикстандын Коргоо министрлиги өкмөткө альтернативдик кызмат өтөө тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады. Мекеме башчысы Шерали Мирзонун билдиришинче, бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн ири суммадагы каражат талап кылынат.

Парламент жыйынында депутат Абдухалим Гаффоров Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөнү каалабагандар армияга белгилүү бир өлчөмдө акча төлөп турсун деген сунуш киргизди. Мындан тышкары ал кызмат өтөө мөөнөтүн 2 жылдан 1 жылга чейин кыскартууну сунуштады.

Альтернативдик негизде кызмат өтөө – бул армияга баруу адамдын диний, философиялык, моралдык-этикалык жана башка ишенимдерине каршы келген учурларда коомдун пайдасы үчүн башка өңүттө эмгектенүүнү талап кылат. Аскер комиссариаты тарабынан альтернативдик негизде кызмат өтөөгө жиберилген жарандар эмгек келишими боюнча белгилүү бир убакыт мамлекеттик ишканаларда иштешет. Алардын иштеп тапкан акчасынын бир бөлүгү Коргоо министрлигине төлөнүп берилет.

Тажикстанда жылына эки жолу – жазында жана күзүндө 18 жаштан 27 жашка чейинки жарандар армияга кызмат өтөөгө чакырылып турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Казакстанда адамдарды кулчулукта кармоого шектелген жаран кармалды

Шейшембиде Актөбө облусунун полициясы эки кишини кулчулукта кармап жүргөн деген шек менен жергиликтүү тургундун кармалганын билдирди.

Облустук ички иштер департаментинин маалыматына караганда, 14-апрелде шектүү катары 31 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Болжол менен ал «салттуу эмес диний агымдын» өкүлү болуп эсептелет. Азырынча шектүүнүн аты-жөнү айтылган жок. Кармоо маалында анын унаасынан «аңчылык куралдар» табылганы кабарланууда.

Полиция шектүү буга чейин дагы кылмыш жоопкечилигине тартылганын билдирүүдө. Ал өзбекстандык жана актөбөлүк эки кишини карактоого, жана кулчулукта кармоого айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Өзбекстанда валюта кылмышы үчүн камалган банкир сот залынан бошотулду

Ташкентте шаардык соттун 20-апрелдеги чечими менен «Асака» коммерциялык банкынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Кахрамон Арипов бошотулду. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматынын Борбордук банктагы өз булагы билдирди.

Булактын маалыматына караганда, Кахрамон Арипов менен бирге ошол эле иш боюнча айыпталуучу катары өтүп жаткан дагы үч киши мунапыска илинип, сот залынан бошотулган.

«Асака» банкынын 49 жаштагы мурдагы башчысы абакта дээрлик бир жыл отурду. Анын эркиндикке чыгышына өткөн жылы өлкө жетекчилигинин алмашканы дагы таасирин тийгизди.

Ташкент шаардык сотунун нөөмөттөгү кызматкери банк жумушчуларынын эркиндикке чыгарылганын ырастап, бирок кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.

Кахрамон Арипов өлкөнүн Башкы прокуратурасы тарабынан 2016-жылы 2-февралда кармалган. Ага карата уурдалган акчаны адалдоо, кылмыштуу топ түзүү жана кызматтык кылмыш жасоо айыптары тагылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Стамбул банкоматтарына барып акча алган түркмөн жарандары көбөйүүдө

Акыркы кездери Стамбулдун борборундагы Аксарай районунда банкоматтарда кезек күтүп турган Түркмөнстан жарандары көбөйүүдө. Алар түркмөн банктарындагы эсептеринен накталай акча алуусуна киргизилген чектөөлөрдөн улам өз каражатына ээ болуунун түрдүү жолдорун издөөгө мажбур болушууда.

Түркияда жашаган түркмөн жарандарынын биринин айтымында, чектөөлөрдөн улам Түркмөнстан банктарындагы эсебинде турган акчаларын алуу үчүн өлкөдөн сыртка чыккан адамдар көбөйүүдө. Чет өлкөгө бара албагандар өлкөдөн чыгып жаткан адамдарга кайрылып, акчасын ала келүүнү өтүнүшөт.

«Мындан улам жарандар эсептериндеги акчанын 10% чейинки бөлүгүнөн айрылышат. Анткени чет өлкөлөрдүн банкоматтарындагы трансакция үчүн комиссияга жана ортомчуларга акча берүүгө туура келет», — деди ал.

Түркмөнстан менен Түркиянын ортосунда виза режими жок. Мындан улам окуу, эс алуу, дарылануу жана жумуш издөө үчүн өлкөдөн чыккан түркмөн жарандарынын арасында бул багыт өтө популярдуу.

Түркмөнстан бийлиги жарандардын эсептерине жана алардын өлкө ичинде, ошондой эле сыртында дагы банк операцияларын жүргүзүүсүнө карата көзөмөлдү катаалдаштырууда. Марттын аягында түркмөн банктары эл аралык пластик караталар боюнча онлайн эсептешүүлөрдү токтоткон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда антикоррупциялык мекеменин мурдагы төрага орун басары кармалды

Тажикстандын мамлекеттик каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигинин төрагасынын мурдагы орун басары Давлатбек Хайрзода Орусияга учардын алдында Худжант аэропортунда кармалды.

Ал өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 21-апрелде кармалган, бирок бул тууралуу төрт күн өткөндөн кийин белгилүү болду. Тажикстандын Башкы прокуратурасы Давлатбек Хайрзодага жана анын эки шеригине карата «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Хайрзода ээлеген кызматынан ушул жылдын 23-январында, пенсияга чыккандыгына байланыштуу бошотулган.

Ал Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигинин директорунун орун басары болуп 2015-жылдын 6-мартында дайындалган. Андан бир нече күн өткөндөн кийин мекеме жетекчилигине президент Эмомали Рахмондун улуу баласы Рустами Эмомали келген. Ага чейин Давлатбек Хайрзода Дүйшөмбү шаарындагы антикоррупциялык мекемени башкарган.

Жергиликтүү ММКлар учурда антикоррупциялык мекеменин 10дон ашык мурдагы кызматкеринин иши тергөөдө экенин билдиришүүдө. Алардын арасында мекеменин мурдагы ага тергөөчүсү Фируз Холмуродзода бар. Ал алдамчылыкка жана кызмат абалын кыянат пайдаланууга айыпталып кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда «жарандыктан ажыратуу тууралуу» мыйзам парламентке жөнөтүлдү

Казакстандын юстиция министри Марат Бекетаев кылмыш жазасынын жарандыктан ажыратуу тууралуу кошумча түрүн Кылмыш кодексинин 21-беренесине киргизүү сунушталып жатканын билдирди.

«Өлкөнүн башкы кызыкчылыктарына оор зыян келтирчү» кылмыштар үчүн казакстандыктарды жарандыктан ажыратуу демилгеси ушул жылы көтөрүлгөн. Андай кылмыштарга өтө оор террордук, ошондой эле конституциялык түзүлүштүн бүтүндүгүнө, эгемендүүлүккө жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө каршы жасалган кылмыштар киргизилген.

Марат Бекетаев парламентке жөнөтүлгөн мыйзам долбоорунун иштелип чыгышында эч кандай саясаттын жок экенин билдирди. «Мында эч кандай саясий себептер жок. Кеп террордук ишмердүүлүк менен алектенген адамдар кайра Казакстанга келип, өлкөдө өзүнүн идеологиясын жайылтуу мүмкүндүгүнө ээ болбошу керек деген жөнүндө болууда», — деди ал.

Кылмыш кодексине сунушталган өзгөртүүлөр долбоору президент, парламент жана өкмөт ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө багытталган Конституцияга толуктоолор киргизилгенден кийин иштелип чыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Петербургдагы терактты «Аль-Каидага» байланышы бар экстремисттер жасаган

Петербург метросундагы теракт үчүн жоопкерчиликти “Аль-Каидага” байланышы бар «Имам Шамилдин батальону» деп аталган экстремисттик топ өзүнө алды. Бул тууралуу кеңсеси АКШнын Мэриленд штатында жайгашкан террордук ишмердүүлүктөрдү иликтөө менен алектенген SITE Intelligence Group тобу билдирди.

Экстремисттик топ жаңы теракттарды жасай тургандыгын айтып опузалаганы дагы кабарланууда.

Петербург метросундагы теракт 3-апрелде болгон. Анда 16 киши, анын ичинде терактты аткарган делген Акборжан Жалилов дагы мерт кеткен. Жарылуу метронун «Сенная площадь» жана «Технологиялык институт» станцияларынын ортосунда болгон.

17-апрелде ФСБ терактты уюштурду деген шек менен Аброр Азимов аттуу адамдын кармалганын билдирген. Андан бир канча күн өткөндөн кийин теракт иши боюнча анын бир тууганы Акрам Азимов дагы кармалган. ФСБнын директору Александр Бортников терактты уюштурууга буйрук берген адам аныкталганын билдирип, ал тууралуу «кошумча маалыматтар» берилерин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

"Кара тизмедеги" тажик эстрада жылдыздары көгүлтүр обого кайтып келишүүдө

Шабнами Сурайё, Фарзонаи Хуршед, Манижа Давлат, Садриддини Начмиддин жана башка бир катар тажик эстрада жылдыздары узакка созулган тыныгуудан кийин мамлекеттик телеканалдардын эфиринен чыгып эле тим болбой, өкмөттүк расмий иш-чараларга катышмай болушту.

Күн мурун Тажикстандын Маданият министрлиги менен Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча мамлекеттик комитетинин чиновниктери алар менен жолугушуу өткөргөн. Белгилүү тажик музыканты Фарход Зикировдун билдиришинче, аткаминерлер алардан жөнөкөй кийинүүнү жана репертуарларын кайра карап чыгууну талап кылышкан.

Музыканттын айтымында, жолугушууда чиновниктер эстрада жылдыздары жаштарга үлгү болуусу керектигин баса белгилешип, эне тилинде сүйлөй албаган айрым ырчыларды сындашкан. Мындан тышкары Жаштар жылынын урматына мекенчил ырларды ырдоого чакырышкан.

Соңку жылдары көптөгөн аткаруучулар менен музыканттар “кара тизмеге” илинип, мамлекеттик телеканалдардан чыкпай калышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню