Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапарына даярдык көрүлүүдө

Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапарына даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

«Тышкы иштер министрлиги тарабынан президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга боло турган сапары даярдалууда. Учурда мурда бекитилген графикке ылайык, чек ара маселелери боюнча жумушчу топтун сүйлөшүүлөрү уланууда», — деди ал.

Азырынча мамлекет башчынын сапарынын так датасы айтыла элек. Атамбаев 2016-жылдын 24-декабрында Өзбекстанга иш сапары менен барып, Самаркандда мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев менен жолуккан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын такталган бөлүктөрү келишим менен бекитилерин коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов өткөн жумада билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Түркмөнстанда чылым чегүүгө каршы күрөш күчөйт

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Чылым чегүүгө каршы 2021-жылга чейинки улуттук программаны бекитти. Программа «сергек жашоого үгүттөө, чылым чегүүгө каршы күрөшүү жана ден соолукка кам көрүү» максатында кабыл алынган. Ага ылайык, Түркмөнстан 2025-жылга чейин «тамеки чекпеген өлкөгө» айланышы керек.

Программаны ишке ашыруу тиешелүү тармактардагы мекемелер менен муниципалдык бийликтерге жүктөлдү.

Өлкө бийлиги чылым чегүүгө каршы 2011-жылдан бери күрөш жүргүзүп келет. Анда Түркмөнстанда тамекиге болгон акциз салыктары кескин жогорулатылган. Эки жылдан кийин коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салынып, калкка тамеки тартуудан жана насвай колдонуудан баш тартуу чакырыктары айтылган.

Ошондон кийин түркмөн дүкөндөрү менен базарларында тамеки кескин азайып, бир кутусунун баасы 13 долларга чейин жогорулап кеткен. Бийлик тарабынан Ашхабад базарларында «чылымга каршы» рейддер байма-бай өткөрүлүп келет. Текчелеринде тамеки табылган сатуучуларга 5900 манат (1680$) өлчөмүндө айып пул салынат.

Мурдагы тиш доктур Гурбангулы Бердымухамедов көптөн бери калк арасында ден соолукка кам көрүү жана сергек жашоо идеяларын жайылтуу аракетин көрүп келет. Жергиликтүү телеканалдарда мамлекет башчынын спорттун ар башка түрү менен алектенип жатканы көп көрсөтүлүп турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбек-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болду

Тажик-өзбек чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, жыйынтыгында өзбек чек арачылары Тажикстандын бир жаранын атып салышты.

Өзбекстандын Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 15-апрелде өзбек чек арачылары Тажикстандан Өзбекстанга бир үйүр ири мүйүздүү малдын өтүп жатканын байкап, аларды Тажикстандын аймагына айдап өткөрө башташкан.

Ошол маалда Тажикстан тараптан үч киши чек арадан 50 метрдей ашып келип, аймак Тажикстанга таандык экенин жана малды мыйзамсыз айдап жаткандыктарын айтып чек арачыларга кыйкыра башташкан.

«Алар Тажикстандын аймагына кетүү тууралуу талапка баш ийбей, бычак жана таяктар менен өзбек чек арачыларына кол салышкан. Кол салууну токтотуу жана куралды тарттырып жибербөө максатында Өзбекстандын мыйзамына ылайык курал колдонулган. Жыйынтыгында тажик жарандарынын бири алган жараатынан каза болду. Берки экөө качып кетүүгө үлгүрүшкөн», – деп билдиришти мекемеден.

Өз кезегинде Тажикстан УКМКсынын Чек ара башкармалыгы өзбек чек арачыларынын айткандарын четке кагууда.

Тажик тарап окуя Тажикстандын аймагындагы жайытта болгонун билдирүүдө. Маалыматка караганда, эки өзбек чек арачысы Тажикстан аймагына болжол менен 100 метрдей кирип барып, малчыларды кармап кеткен. Качан малчылар Тажикстандын аймагында жүргөндүктөрүн айтып, мыйзам бузуу тууралуу чек ара заставасынын башчысына кабарлай тургандыктарын билдиришкенде, өзбек чек арачыларынын бири үч метр аралыктан тажик жарандарынын бирин атып жиберген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - АКШнын Ооганстандагы соккусунан ИМдин тажикстандык жоочулары өлдү

АКШнын Нангархор провинциясындагы соккусунан «Ислам мамлекети» тобундагы тажик жоочуларынын лидери Шермухаммад Сафаров жок кылында. Андан тышкары соккудан анын кол алдындагы 11 согушкердин өлгөнү кабарланууда.

ИМ согушкерлеринин арасында «Шери Язгуломи» («Язгуломдук арстан») деген ысым менен белгилүү Шермухаммад Сафаров жана анын кол алдындагы жоочулар акыркы айларда Нангархор провинциясында жашырынып жүрүшкөн. Дүйшөмбүдөн билдиришкендей, Сафаров анда ИМ тобунун катарына кошулган тажик жарандарынын лидери болуп дайындалган.

Тажикстан ИИМинен Шермухаммад Сафаровдун каза болгону ырасталганын жана учурда берки 11 жоочунун жарандыгы текшерилип жатканын билдиришти. Айрым маалыматтар боюнча алардын бардыгы тең Тажикстандын жарандары.

АКШ тарабынан ташталган эң кубаттуу өзөктүк эмес бомбанын натыйжасында “Ислам мамлекети” тобунун кеминде эле 90 жоочусу жок кылынган.

https://www.youtube.com/watch?v=UZHwJTWdmmc&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда жемкорлук үчүн соттолгон аткаминерлер мунапыс менен бошотулду

«Астана ЭКСПО-2017» компаниясынын коррупцияга айыпталган мурдагы топ-менеджери Кажимурат Үсөнов эркиндикке чыкты. Анын мунапыс менен бошотулганын жергиликтүү маалымат агенттиктери билдиришти.

2016-жылы июнда сот Үсөновдү акча уурдоого жана кызмат абалын кыянат пайдаланууга күнөөлүү деп таап, эки жылга жатак абагына кескен. ИИМдин Жазаларды аткаруу комитетинен анын эркиндикке чыкканын ырасташты.

Андан тышкары мурдагы айыл чарба министри Муслим Умирьяевдин да мунапыс менен бошотулганы кабарланууда. Ал 2014-жылы күзүндө жемкорлукка байланышкан кылмышка айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылган. Сот аны шарп ылаңына каршы эмдөө дарысын сатып алууга жарыяланган тендерде жеке ишкердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн пара алган деп күнөөлөгөн. Умирьяев болсо айыптоолорду четке каккан.

Казакстандын 25 жылдыгына карата жарыяланган мунапыска оор кылмыш үчүн соттолгондор да илиниши мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ФСБ: Петербургдагы терактты уюштурууга шектелген дагы бир адам кармалды

Москвада Санкт-Петербург метросундагы терактты уюштурууга тиешеси бар деп айыпталган дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынан (ФСБ) билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, 1990-жылы туулган теги борборазиялык Аброр Азимов Одинцов районунда 17-апрелде кармалган. ФСБ ал теракт жасаган делинген Акбаржон Жалиловду даярдыктан өткөргөн деп эсептөөдө. Учурда Азимов Тергөө комитетине жеткирилди.

3-апрелде Санкт-Петербург метросундагы жардыруудан 14 адам өлүп, элүүдөн ашууну жарадар болгон. Азырынча жардыруу үчүн бир дагы топ жоопкерчилик ала элек. Тергөө терактты Акбаржон Жалилов аттуу теги кыргызстандык Орусия жараны жасаганын маалымдаган. 6-апрелде Петербург жана Москва шаарларында теракт боюнча дагы сегиз киши кармалган болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда аба жана темир жол билеттери кымбаттады

Түркмөнстан өкмөтү темир жол жана аба транспортторуна болгон бааны жогорулатуу боюнча чечим кабыл алганын расмий түрдө жарыялады. Демилге өкмөт жыйынында президент Гурбангулы Бердымухамедов тарабынан колдоо тапты.

Түркмөн башы Бердымухамедов билеттердин баасы көтөрүлгөнү менен жыл сайын айлык маяна, пенсия жана жөлөк пулдар дагы көбөйө турганын баса белгиледи.

Ошол эле маалда ашхабаддыктар билеттер кымбаттаса, товар жана кызмат көрсөтүүнүн наркы дагы өсүп, кыйын кырдаал жараларын айтышууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, түрк авиалинияларында дагы билеттердин баасы кымбаттады. Учурда Ашхабад-Стамбул каттамы – 475 долларды түзүүдө, буга чейин 350 доллар болчу. Ички каттамдар үчүн билет наркы орто эсеп менен 5 манатка жогорулады.

Темир жол билеттеринин баасы 2 манатка өстү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бозгундагы тажик полковниги Мосулда өлгөнү кабарланууда

Тажикстан ИИМинин атайын бөлүгүнүн (ОМОН) мурдагы башчысы Гүлмурод Халимов Ирактын Мосул шаарында өлтүрүлдү. Бул тууралуу “Таймс” журналы билдирди. Маалыматка караганда, Халимов “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун аскер министринин милдетин аткарып жүргөн. Ал өткөн аптада Мосулдун батышындагы авиасоккудан улам тындым болду.

Басылма Халимов акыркы бир нече айда үч жолу аба соккусуна кабылганын жазды. Ал Мосулда жихадчыларды калкалап, эл аралык коалициянын автоунааларын жардыруу менен алектенип келген.

Тажик бийлиги мурдагы полковниктин өлгөнү боюнча маалымат берген жок.

Буга чейин айрым ММКлар Гүлмурод Халимовдун өлгөнүн жазышкан. Бирок анын сүрөттөрү жана видеолору тарапташтары тарабынан интернетке жарыяланып, маалымат четке кагылган. “Таймс” Халимовдун өлүмү – террордук топтор үчүн оорду толгус жоготуу экенин баса белгиледи.

Полковник Гүлмурод Халимов 2015-жылы из жашырып, кийинчерээк Сирияда жүргөнү кабарланган. Ал интернетке жайгаштырылган видео кайрылуусунда “Ислам мамлекети” тобуна кошулганын, ИИМ диний эркиндигин чектеп, намаз окууга тыюу салгандыктан ушундай кадамга барганын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Бухарада журналист базарды сүрөткө тартканы үчүн кармалды

Бухара милициясы 14-апрелде ташкенттик көз карандысыз журналист Алексей Волосевичти Газли шаарында жергиликтүү базарды сүрөткө тартып жүргөндө кармап кеткен.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери журналисттин эки флешкасын алып койгон. Алексей Волосевич “базарды уруксатсыз сүрөткө түшүргөн” деген жүйө менен кармалган. Милиция бөлүмүндө анын манжаларынын издерин алып, сурак жүргүзүп анан коё беришкен.

Милиция кызматкерлери фотоаппаратты сүрөттөрдүн баарын өчүрүп туруп беришкен. Эки флешкасын алып коюшкан.

Өзбекстанда көчөдө сүрөткө тартууга тыюу салынбайт. Мындан улам Газлиде журналистти эмне себептен кармашканы белгисиз. Волосевич райондук милиция бөлүмүндө кечке чейин болгон. Ал 15-апрелде гана Бухарадан чыгып, Ташкентке кетүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Көз карандысыз журналист Алексей Волосевич – Анжиян окуяларынын күбөсү. Ал кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир нече жолу кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда мунайчылар кошумча акы төлөнбөй жатканына нааразы

Түркмөнстанда “Түркмөннефть” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери төрт айдан бери жумуштун зыяндуулугу үчүн кошума акча берилбей жатканын билдиришүүдө.

Маалыматка караганда, 6 пайыздык кошумча маянадан тышкары, айран-сүт берүү дагы токтотулган. Ишкана мунун себептерин түшүндүргөн эмес.

“Кадр бөлүмүнүн башчысы концерндин чечимине ылайык, 6% кошумча маяна 2% кыскарганын билдирди. Бизге жазуу түрүндөгү көрсөтмөнү көрсөтүүдөн баш тартты. Андан соң 2% кошума ачка дагы төлөнбөй жатканын айтсак, унчугушкан жок”,- деди “Азаттыктын” түркмөн кызматына ишкананын атын атагысы келбеген жумушчусу.

«Түркмөннефть» ишканасынын өкүлү эсеп-кысап иштери жүрүп жатканын, алар бүткөнгө чейин төлөмдөрдүн баары токтотулганын бышыктады.

Ишкана буга жыйын өткөрүп, жумуш орундары жана ставкалар дагы кыскартыларын эскерткен.

«Түркмөннефть» концернинин 100 пайыз акциясы түркмөн өкмөтүнө таандык. Ал мунай жана газ кендерин чалгындоо, казуу жана кайра иштетүү менен алектенет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню