Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны башталды

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген президенттер учурда тар чөйрөдө жолугушууда. Бул жыйын бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Кеңейтилген форматтагы жыйынды өткөрүү алдында кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Молдованын башчысы Игорь Додон менен жолугушат. Буга чейин президенттик аппарат тараткан маалыматта Молдовага ЕАЭБдеги байкоочу макамын берүү маселеси каралаары айтылган. Мындан улам кеңейтилген жыйынга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Молдованын президенттери катышмакчы.

Кыргызстан быйыл ЕАЭБдин Жогорку Евразия экономикалык кеңеши, Өкмөт аралык Евразиялык кеңеш, Евразия экономикалык комиссияга төрагалык кылууда. Жыл башындагы жыйында президент Алмазбек Атамбаев уюмдагы бизнес, инвестиция саясаты, эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоо, соод-өнөр жай кызматташтыгы жана ыңгайлуу жол саясатын иштеп чыгуу зарыл экенин айткан.

Бүгүнкү жыйында катышуучулар жогоруда айтылган демилгелердин ишке ашуусун, уюмдун ишмердүүлүгүндөгү жаңы көйгөйлөрдү талкууга алат.

Учурда Бишкекке Армения президенти Серж Саргсян, Беларус башчысы Александр Лукашенко, Орусия президенти Владимир Путин жана Молдова лидери Игорь Додон, Казакстандан өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон келди.

Орусия менен Беларус түзгөн ЕАЭБге кийин Казакстан, Армения, Кыргызстан кошулган.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Казакстанда үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн камоо мөөнөтүн көбөйтүү сунушталууда

Казакстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук үчүн административдик камоолорду үч сааттан бир суткага чейин узартуу сунушталууда. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Жакип Асанов билдирди.

Көзөмөл орган маалымдагандай, 2016-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан 36 аял жана бир бала көз жумган. Дагы 2500дөй аял жана 851 бала сексуалдык ыдык көргөн.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын коргоого багытталган нике менен үй-бүлө, административдик жана жаза кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизип, парламенттин кароосуна жөнөттү. Мындан тышкары окуу программасына тарбия жана социализация боюнча атайын курстарды киргизүү сунушталууда.

Казакстандын ИИМ министри Калмуханбет Касымов үй-бүлөлүк “чоң муштумдарды” жазалоону камсыздоо үчүн эки суткага чейин камоону демилгеледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан Орусияга терроризмге шектелгендердин тизмесин берди

Тажикстан бийлиги соңку жарым жылда террордук топторду жактоого шектелген 100дөй шектүү кишинин тизмесин Орусияга берди.

Тажикстандын укук коргоо органдарындагы булак билдиргендей, бул жарандар Орусияда жашашат жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна жан тартуучулар болуп эсептелет. “Террорчуларга ыктаган шектүүлөрдүн көбүнүн жашаган жерлери белгилүү, айрымдары тууралуу азырынча маалымат жок – алар Орусияда, бирок кайсы аймагында жашашары белгисиз”, -деди өз булак.

Тажик бийлиги Орусиядан тизмеге кирген жарандарды көзөмөлдөөнү күчөтүүнү суроодо.

ФСБ башчысы Александр Бортников 10-апрелде Орусиядагы террордук топтордун негизин КМШ өлкөлөрүнөн –Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана башка мамлекеттерден келген эмгек мигранттары түзөрүн билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Курган-Төбөдөгү жардырууга байланыштуу ата-бала кармалды

Тажикстандын Хатлон облусунун аскер прокуратурасынын жанындагы жардырууга байланыштуу Курган-Төбө шаарында ата-бала – Зокир Файзихуджаев менен Шарифжони Зокир кармалды.

2017-жылы 12-мартта Курган-Төбөдөгү аскер прокуратурасынын жанындагы жардыруудан 67 жаштагы киши курман болгон. Тажикстан ИИМи маркум технологиялык лицейде кароолчу болуп иштегенин, мурда соттолбогонун кабарлаган.

Хатлон облусунун прокуратурасы жардырууга байланыштуу “терроризм” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн атайын тергөө тобу түзүлгөн.

Шектүү катары кармалган ата-бала учурда камакта. Аларга карата терроризм боюнча айып тагыла элек.

Зокир Файзихуджаев буга чейин жүк ташуучу унаа айдап иштеген, баласы күнөсканада жер-жемиш өстүрүп, үй-тиричилиги менен алектенип келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда "Радиоточка" сайты жабылды

Казакстанда “Радиоточка” сайты 12-апрелден тарта каржылык маселелерден улам өз ишин токтотту. Бул тууралуу Central Asia Monitor гезитинин башкы редактору Бигелди Габдуллинге таянуу менен “Адил сөз” уюму билдирди.

Сайттын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок, бирок айрым ММКлардын билдиришинче, “Радиоточка” Central Asia Monitor гезитинин сайты катары ишин уланта берет.

Central Asia Monitor гезитинин башкы редактору Бигелди Габдуллин “Радиоточка” бренди сактала турганын, протал мындан ары Central Asia Monitor гезитинин сайты катары иштерин айткан.

Габдуллиндин билдиришинче, редакцияда каржылык маселелер соттук жараяндардан кийин башталган.

Central Asia Monitor гезитинин башкы редактору жана Radiotochka.kz сайтыны негиздөөчүсү Бигелди Габдуллин мамлекеттик кызматтагы адамдарды коркутуп, акча талап кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып беш жылга шарттуу түрдө соттолгон. Тергөө учурунда ал айыптоолорду моюнуна алып, пара катары алган акчаларын кайтарып бергени кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Стокгольмдогу терактка шектелген жаран 2015-жылы Сирияга кетүүгө аракет жасаган

Стокгольм борборундагы терактты жасоого шектелген өзбек жараны 2015-жылы исламисттердин катарында согушуу үчүн Сирияга кетүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Reuters агенттигине Өзбекстан коопсуздук кызматындагы булак билдирди.

Агенттиктин билдиришинче, шектүү Рахмат Акилов – этникалык тажик. Швецияга келгенден кийин ал “Ислам мамлекети” экстермисттик тобунун таасирине кабылган. Ал түрк-сирия чек арасында кармалып, качкын макамы болгондуктан кайра Швецияга депортацияланган.

Быйыл февралда өзбек укук коргоо органдары Акиловду диний экстремизмге айыптап, эл аралык издөөгө берген.

Ekot швед радиосу кабарлагандай, Акилов динге деле өтө берилген эмес, бирок Стокгольмдун четиндеги көмүскө иштеген мечитке барып турган.

39 жаштагы өзбекстандык жаран башкарган жүк ташуучу автоунаа 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Курулушта иштеген Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалган. Окуядан төрт адамдын өмүрү кыйылып, он беши жараат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Путин Трамп келгени Орусия-АКШ мамилеси начарлаганын айтты

Орусия президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамп бийликке келгени Орусия менен Кошмо Штаттардын ортосундагы ишеним төмөндөп кеткенин билдирди.

Путиндин маеги АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алардын алдында жарыяланды.

Путин өзгөчө аскердик деңгээлдеги мамилелер өтө начарлап кеткенин баса белгиледи.

Орусия президенти Сириядагы ондогон адамдын өмүрүн алган химиялык кол салуу үчүн Башар Асад күнөөлүү эмес экенин баса белгиледи. Путиндин айтымында, бул боюнча Орусия эки вариантты карап жатат: Биринчиси – сирия авиациясы химиялык курал өндүргөн цехке чабуул жасаган маалда ууландыруучу зат чыккан болушу мүмкүн. Экинчиси – чабуул оюн иретинде атайын уюштурулушу ыктымал.

Кошмо Штаттар жана башка өлкөлөр мунун чындыкка дал келбей турганын айтып четке кагышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

БУУ 8 жыл түрмөдө жаткан майып жарандын укугу бузулганын тааныды

Мурда соттолуп чыккан, майып  Жаслан Сулейменов БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинде Казакстанга каршы ишти жеңип чыкты. Комитет  колонияда ага карата адамга жат мамилелер жасалганын жана укугун коргоого мүмкүнчүлүк берилбегенин тааныды.

Астананын 40 жаштагы жашоочусу Жаслан Сулейменов террорчулукка айыпталып жети жыл түрмөдө жаткан. Бирок ал өзүн күнөөсүз деп эсептейт. Түрмөдө майыптарга шарт түзүлбөгөндүктөн ал сегиз жыл бою керебетте жаткан. Сулейменов быйыл февралда эркиндикке чыккан.

Анын укуктарынын бузулушу тууралуу баардык маалыматтар кабыл алынбаганы менен Сулейменов БУУнун чечимине ыраазы экенин билдирди.

Сулейменов комитеттин бүтүмүн алты жыл күткөн. Комитеттин чечиминде Казакстанга бир катар талаптар коюлган. Алардын ичинде кыйноо фактысын иликтөө жана Жаслан Сулейменовго тиешелүү медициналык жардам берүү сунуштары бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйшөмбүдө шаар күнүндө жаңы автобустар калкты бекер тейлейт

Түркиядан алынып келген ISUZU маркасындагы 40 автобус 15-апрелде, шаар күнүндө Дүйшөмбүнүн көчөлөрүндө жүрө баштайт. Мэриядан кабарлашкандай, бул күнү автобустар жүргүнчүлөрдү бекер тейлейт.

Түркиядан келген автобустардын ар бирин Тажикстан 85 миң еврого сатып алды. Буга чейин Дүйшөмбү мэриясы Орусия өндүрүшүнөн чыккан автобустарды 125 миң еврого сатып алган эле.

Жаңы автобустарга видеокөзөмөл орнотулган. 40 автобустан турган колонна Түркиядан күн мурун келди. Жаңы унааларды тажикстандыктар өткөн аптада эле күтүшкөн, бирок алар Иран чек арасында бир нече күн кармалып калган. Тажикстанга Түркиядан жалпысынан 64 автобус келет.

Мындан тышкары жакынкы үч ай аралыгында Дүйшөмбүдө коомдук унаалар үчүн төлөмдөрдү электрондук түрдө жүргүзүү системасы киргизилет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алишер Усманов Алексей Навальныйды жана анын фондун сотко берди

Орусиялык миллиардер Алишер Усманов оппозициячы Алексей Навальный менен анын Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна каршы доо арыз жазды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирүүдө. Арыз Москванын Люблинск сотуна 12-апрель кечинде берилди. Азырынча Усмановдун кандай дооматтары бар экендиги жана арыздын качан карала тургандыгы белгисиз.

Мурдараак Алишер Усманов жалаа жапкан жана жаманатты кылган билдирүүлөрү үчүн Алексей Навальныйды сотко бере турганын билдирген.

Марттын башында Коорупцияга каршы күрөшүү фонду Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин “жашыруун империясы” тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда Усманов Медведевге байланышы бар “Соцгоспроект” фондуна Рублевка шоссесиндеги 5 миллиард рублге бааланган үйүн жана жер тилкесин белекке бергени айтылган. Бизнесмен үйдү өкмөт башчысына тең укуктуу келишимдин негизинде бергенин билдирүүдө. Фонддун кызматкерлери болсо аларда пара берүү фактысын ырастаган документтер бар экенин жана сотто аларды көрсөтө тургандыктарын айтышкан.

Буга чейин Алексей Навальный Усмановдун ар-намысын коргоо тууралуу доо арызы өзүнө жана Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна басым жасоо болушу мүмкүн экенин ишара кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню