Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Өзбекстанда чыккынчылыкка айыпталган полковник эркиндикке чыкты

2010-жылы мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен 15 жылга эркинен ажыратылган Өзбекстандын Коргоо министрлигинин 63 жаштагы жогорку аткаминери Александр Мокеев эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Uzmetronom интернет басылмасы билдирди. Мекеменин куралдуу күчтөр башкармалыгын жетектеген полковник армияда 38 жыл кызмат өтөгөндөн кийин пенсияга чыккан.

Басылманын маалыматына караганда, өлкөнүн Жогорку соту Александр Мокеевди эркиндикке чыгарып, бирок ага тагылган айыптарды алган жок. Александр Мокеев 2010-жылдын февралында камалып, ошол эле жылдын августунда Коргоо министрлигинин жогорку кызматтагы адамдары, анын ичинде эки генералы менен биргеликте сот тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылган деп табылган.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан делегациясы 2002-жылы АКШнын West Point академиясына барган маалда Кошмо Штаттардын тыңчысы Мокеевди кызматташууга көндүргөн. Полковник Өзбекстандын аскердик сырларын америкалык тыңчыларга берген деп айыпталган.

Абакта жатканда Александр Мокеев бир канча жолу мурдагы жана азыркы президентке күнөөсү жок экендигин билдирип, эркиндикке чыгарууну өтүнгөн каттарды жазган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия Беслан курмандыктарына 3 млн евро төлөп берүүгө милдеттендирилди

Адам укуктары боюнча Европа соту Орусияны 2004-жылы Бесландагы терактта каза болгондордун туугандарына жана жабыркагандарга үч миллион евро төлөп берүүгө милдеттендирди. Дагы 88 миң евро сот чыгымдарынын ордун толтуруу катары төлөнүп берилиши зарыл. Өкүм соттун сайтына жарыяланды.

Сот «Беслан энелери» демилгелүү тобу тарабынан берилген бир нече даттанууну караган. Арыздангандардын жалпы саны — 400дөн ашык кишини түзөт. Адам укуктары боюнча Европа сотуна берилген даттанууларда Орусия бийлиги теракттын алдын албай, жарандарды коргоо боюнча милдеттенмелерин бузгандыгы айтылган.

Сот Орусия бийлиги коркунучтардын алдын алуу боюнча милдеттенмелерин аткара алган эмес жана барымтадагыларды бошотуу операциясын жакшы уюштурган эмес деген өкүм чыгарды.

2004-жылы 1-сентябрда Беслан шаарындагы мектепти басып алган террорчулар үч күн бою окуучулар менен алардын ата-энелерин, бардыгы болуп 1200дөй кишини барымтада кармап турушкан. 3 күндөн кийин күч органдары барымтадагыларды бошотуу операциясын уюштуруп, террорчулар жок кылынган. Бирок андан 336 адам набыт болгон, алардын 186сы мектеп окуучулары болгон. Беслан иши боюнча Европа сотунун алгачкы отуруму 2014-жылы өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда үч мектеп кумдун астында калды

Түркмөнстандын Балкан облусунда борпоң кумдардын көчүүсү күчөдү. Кум жолдорду, эл жашаган конуштарды жана социалдык объектилерди, анын ичинде мектептерди каптоодо.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарлашынча, көчкөн кумдун кесепетинен облустагы үч мектепке бара турган жол жабылды.

Желаргы болгон сайын Йылгынлы айлынын четиндеги кум дөбөлөр жылып, мектепти каптап калууда. Айыл тургундарынын бири маалымдагандай, учурда мектепке бара турган жол дагы жабык.

15 жыл мурун бул айылдын жашоочулары жылып жүрчү кумдун айынан түндүктү көздөй үч чакырым аралыкка жер которушкан. Мектеп болсо ордунда калган.

Учурда айылдын айрым үйлөрүнүн чатырына чейин кум каптап калды. Жергиликтүү тургундар облустук бийликтен жардам сурап кайрылышкан, бирок жооп алыша элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда «мыйзамсыз акча алмаштыруу менен алектенген» ишкер тонолду

Тажикстандын Исфара шаарында «мыйзамсыз акча алмаштыруу менен алектенген» ишкер Нурулло Музаффаровдун үйүнө белгисиз адамдар кирип, күч колдонуу менен 60 миң долларын алып кетишти. Бул тууралуу Согди облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 8-апрелден 9-апрелге оогон түнү болуп, карактоодон кийин үй ээлери ооруканага жеткирилген.

Укук коргоо органдары азырынча кылмышкерлердин изине түшүү мүмкүн болбогонун билдиришүүдө. Бул факты боюнча «ири суммадагы акча карактоо» беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышкерлерди колго түшүрүү үчүн милиция тарабынан атайын топ түзүлүп, тергөө иштери уланууда.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Нурулло Музаффаров ишкерлик менен алектенип, жеке жактардын акча алмаштыруу ишмердүүлүгүнө тыюу салынганга чейин ошол тармакта иштеп келген. Бирок укук коргоо органдарынын расмий билдирүүсүндө 45 жаштагы ишкер «жумушсуз» адам катары көрсөтүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабадда "Йимпаш" имараты Дене тарбия жана спорт институтуна берилди

Ашхабадда “Йимпаш” соода борборуна таандык болгон имарат Түркмөнстандын Дене тарбия жана спорт институтуна өткөрүлүп берилди.

“Түркмөнстан хроникасы” басылмасынын кабарлашынча, институт соода борборун ижарага бериши мүмкүн. Себеби аны колдонуу үчүн ремонт жасоого дагы акча жок.

Түркиялык “Йимпаш Холдинг” компаниясына таандык Түркмөнстандагы алгачкы ири соода борбор былтыр декабрда жабылган. Ага чейин бир ай бою компанияга ар түрдүү кысымдар көрсөтүлүп келген.

Алгач соода борбордун кожоюну алмашканы жана ал башка ысым менен кайра ачылып иштей тургандыгы жөнүндө маалымат чыккан. Бирок жыл башында анын Дене тарбия жана спорт институтуна берилери кабарланган.

Түркмөнстан бийлиги Ашхабаддагы ири соода борбордун жабылуу себептерин түшүндүргөн жок. “Йимпаш” компаниясы дагы бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Путин ИМге кошулгандарды жарандыктан ажыратарын убадалады

Орусия президенти Владимир Путин өлкө экстремисттик уюмдун катарына киргендерди жарандыктан ажыратуу жолдорун табарын билдирди.

Орусия Конституциясы жарандыктан ажыратууга жол бербейт. Буга байланыштуу Орусия жарандыгын берүү боюнча чыккан чечимди жокко чыгаруу менен маселе чечилиши мүмүн. Бул тууралуу Путин “Мир-24” телекомпаниясына берген маегинде айтты.

Буга чейин Петербург метросундагы терактты жасоого шектелген Акбаржон Жалилов 2011-жылы Орусия жарандыгын алганы белгилүү болгон. Көптөрү Жалиловго жарандык берүүдө миграция кызматы ката кетиргенин айтып чыгышкан.

Жардырууну иликтөөнүн алкагында экстремисттик топтордун мүчөсү делген сегиз киши кармалган. Алардын баары – борборазиялыктар.

Буга чейин ФСБ башчысы Александр Бортников Орусиядагы террордук топтордун негизин КМШ өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттары түзөрүн айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда латын арибинин бирдиктүү стандарты иштелип чыгат

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жыл соңуна чейин казак тыбыштарынын латын арибиндеги бирдиктүү стандартын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын «Егемен Казакстан» мамлекеттик гезитине жарыяланган макаласында айтылат.

Президент 2018-жылдан тарта жаңы арип менен окутуу боюнча адистерди даярдоо жана казак тилиндеги орто мектептер үчүн китептерди латынча басып чыгаруу иштерин баштоо зарылдыгын белгиледи. Өлкө башчынын пикиринде, жаңы алфавит окумуштуулар тарабынан коомчулуктун каалоосун эске алуу менен иштелип чыгышы керек.

«Биз ушул күндөрдөн тарта бардык тармактарда латын арибине өтүүнү баштайбыз. Тактап айтканда, 2025-жылга чейин бардык документтерди латынчага өткөрүп, басылмаларды, китептерди латын арибинде басып чыгара башташыбыз керек. Ал мөөнөт жакындап келатат, ошондуктан биз убакытты текке кетирбестен бул ишти башташыбыз керек», – деп айтылат Назарбаевдин макаласында.

Назарбаев бул максаттарды ишке ашыруу үчүн өкмөт атайын план иштеп чыгышы керектигин белгиледи.

Казакстан 11 жыл бою (1929-жылдан 1940-жылга чейин) латын арибин пайдаланып, кийин кирил жазмасына өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Тажикстанда «Элдик» таксинин ишмердүүлүгүнө тыюу салынды

Дүйшөмбү бийлиги жүргүнчүлөрдү 3 сомониден (0,34 доллар) ташыган «элдик таксинин» шаардагы ишмердүүлүгүнө тыюу салды.Буга көнбөгөн такси кызматынын унаалары атайын айып жайына жеткирилүүдө.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги шаар бийлигинин бул аракеттерин борбордун көчөлөрүндөгү унаа тыгындарын азайтуу зарылдыгы менен түшүндүрүүдө.

«Такси айдоочулары жүргүнчү ташууга уруксат алып, транспорт тармагын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын патентине ээ болушу зарыл эле. Андан тышкары жүргүнчү ташуу кызматын көрсөткөн уюмдардын биринде каттоодон өтүп, аларга сары түстөгү номурлар берилиши керек болчу. Бирок бул талаптар аткарылган эмес, ошондуктан алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды», – деди мекеменин өкүлү.

Абдулло аттуу такси айдоочусу бардык тиешелүү документтеринин бар экендигине карабастан унаасы атайын айып жайына токтотуланын билдирди. Айтымында, ал машинасын 1 миң сомони өлчөмүндөгү айып төлөгөндөн кийин гана алган.

Шаар бийлигинин мындай чечимине «элдик» таксиге көнүп калган жүргүнчүлөр да нааразы. Техникалык колледждин студенти Амирбек Калонов арзан таксинин ишмердүүлүгүнө тыюу салынгандан кийин сабактарга кечиге баштаганын айтты

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Түркмөн президентинин ыры Азия оюндарынын гимнине тандалды

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун “Алга, алга жана алга, мекеним, Түркмөнстан!” деген чыгармасы Азиада-2017нин расмий гимни болуп тандалды.

Мамлекеттик маалымат каражаттары жазгандай, чыгарма 8-апрелде өткөн жыйында каралып, ага катышкандардын баары президенттин өзү сунуштаган бул демилгени бир добуштан колдошту.

Өлкө башчысы чыгармасын 7-апрелде Аваза курорттук аймагында өткөн концерт маалында эл алдында аткарып, сунуш киргизген.

Мурдараак быйыл Ашхабадда өтө турган 5-Азия оюндарынын гимнине сынак жарыялынганы маалымдалган. Кийин бул тууралуу эч кандай кабар чыккан жок.

2006-жылы бийликке келген 59 жаштагы Гурбангулы Бердымухамедов алгачкы жолу өз өнөрүн 2010-жылы эл алдына тартуулап, балдар иш-чарасында аккордеондо ойноп берген. Андан бери ар кандай концерттерде ырдап, гитарада ойноп, атургай ди-джейлик өнөрүн да көрсөтүп жүрөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда кош жарандыгы бар аткаминерлер айып пулга жыгылат

Тажикстанда мамлекеттик кызматтарда иштегендердин кош жарандыгы бар экени аныкталса, жазага тартылышы мүмкүн. Жаза эле эмес алар иштен дагы айдалышат.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 10-апрелде кош жарандуулукту жашыргандарды айыпка жыгууну караган административдик мыйзам бузуулар тууралуу кодексти талкуулады.

Өзгөрүүлөргө ылайык, мамлекеттик жумушка талапкерлер кош жарандуулугун жашырса, 1000 сомониден 1500 сомониге (115-140 доллар тегереги) чейин айып пул төлөшөт.

Өткөн айда Тажикстанда “Мамлекеттик кызмат тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, кош жарандыгы барлардын мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган. Бирок анда жазага тартуу маселеси каралган эмес. Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, Тажикстанда күч түзүмдөрүндө иштеген аткаминерлердин көбү Орусия жарандыгына дагы ээ.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню