Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Евразия экономикалык кеңеши Бишкекке жыйынга чогулат

Бишкекте 14-апрелде Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны өтөт. Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, кеңеш 5-апрелде ушундай чечим кабыл алды.

5-апрелде Москвада Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлери чогулуп, башка мамлекеттер менен кызматташуу маселесин талкуулашты. Жыйын жүрүшүндө ЕАЭБдин 2015-2016 жылдагы ишмердиги боюнча баяндама жактырылды.

Бишкекте боло турган отурумда Молдовага ЕАЭБге байкоочу макам берүү маселеси каралат. Андан тышкары Иран менен кызматташуу жаатында сөз болот.

Буга чейин Кыргызстандын мамлекет башчысынын маалымат кызматы 13-14-апрелде Бишкекте Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин деңгээлинде жыйын өтөрүн кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда ИМ тобунун үгүттөөчүсү 9 жылга соттолду

Тажикстанда сот Орусияда экстремисттик топ түзүүгө жана адамдарды Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге азгырып жөнөтүүгө айыпталган 24 жаштагы жергиликтүү тургунду тогуз жылга соттоду.

Маалыматка караганда, Батиёр Солиев Орусияда 2,5 жыл иштеп, ушул жылдын 15-январында Исфарага кайтып келгенде кармалган. Ал Орусияда жаштарды Сирияга жана Иракка азгыруу менен алектенген кылмыштуу топ түзгөн.

Бул берене боюнча күнөөлүүгө 8 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган, бирок сот айыпталуучунун күнөөсүн өзү моюнуна алып, тергөө менен кызматташууга макул болгондугун эске алып ушундай чечим чыгарды.

Ал 2016-жылдын аягында жубайы жана кичинекей эки баласы менен Сирияга бараткан жолдо кармалып, Тажикстанга өткөрүлүп берилген классташы Нусратулло Кодировдун көрсөтмөсүнүн негизинде кармалган. Ушул жылдын февралында Исфара шаардык соту «Ислам мамлекетинин» катарына кошулуу аракети үчүн Кодиров 14 жылга эркинен ажыраткан. Ал аны Сирияга барууга Бахтиёр азгырып, жолго кетчү чыгымдарды төлөп бергенин айткан.

Бахтиёр Солиевдин туугандары анын Орусияда эмне менен алектенип жүргөнүн билишкен эмес. Анын эжеси соттун чечимине эч кандай дооматы жок экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Путин менен Мирзиёев 12 миллиард долларлык келишимге кол коюшту

Москва менен Ташкент 12 миллирад долларлык инвестициялык келишимге жетишти. Бул тууралуу эки күндүк сапары менен Орусияга барган Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.

“Биз ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү боюнча жалпысынан 12 миллиард долларлык келишимдер пакетине жана 3,8 миллиард долларлык соода келишимине кол коюп жатабыз”, – деди Мирзиёев орус президенти Владимир Путин менен 5-апрелдеги жолугушуусунда.

Путин эки тарап автоунаа, жарандык авиация жана фармацевтика сыяктуу бир катар тармактарда кызматташууну макулдашканын айтты.

Мындан тышкары Орусия Өзбекстандан беш миллиард куб метрден ашык жаратылыш газын алмай болду.

Бул Ислам Каримов көзү өткөндөн кийин өлкө башына келген Мирзиёевдин президент катары Орусияга жасаган алгачкы расмий визити.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Yahoo иши боюнча айыпталган казакстандык аны бошотууну өтүндү

Yahoo компаниясынын түйүндөрүнө ири киберчабуул жасаган деп айыпталган казакстандык Карим Баратов аны бошотуу өтүнүчү менен Канада сотуна кайрылды.

Прокуратура орусиялык тыңчылар менен байланышта болгондугу айтылып жаткан Карим Баратов эркиндикке чыккандан кийин из жашырышы мүмкүн деген жүйө менен өтүнүчүнө каршылыгын билдирди. Айыпталуучунун адвокаты эгер сот Баратовду бошотуу өтүнүчүн канааттандырса, анын ата-энеси кепилдик берүүгө даяр экенин айтты. Атасы Ахмет Токбергенов эгер талап кылынса үйдөгү интернетти да өчүрүүгө макул болорун билдирди.

22 жаштагы Баратов 2014-жылы веб-сайттарды, веб-хостингдерди каттоо менен алектенгенин жана серверлерди хакердик чабуулдардан коргоодон түшкөн кирешеси 81 миң долларды түзгөнүн билдирген.

Прокуратуранын маалыматы боюнча Баратовду Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) эки тыңчысы хакер катары жалдашкан. ФСБнын ал эки кызматкерине карата да бул иш боюнча айып тагылган.

Түпкү теги казакстандык болгон Баратов Канадага 2007-жылы кетип, 2011-жылы ал өлкөнүн жарандыгын алган. Шектүү өткөн айда кармалган, ал Кошмо Штаттарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйшөмбүдө ондогон көңүл ачуучу жайлар жабылды

Дүйшөмбү шаарында рейд учурунда 72 оюн-зоок борбору жабылды. Тажикстан ИИМи билдиргендей, бул жайларда өтө көп сандагы жашы жете элек балдардын убакыт өткөрөрү аныкталган.

Көнүл ачуучу борборлордун жана букмекердик кеңселердин ээлери өспүрүмдөрдү киргизбөө тууралуу көрсөтмөнү аткарышкан эмес. Буга чейин ИИМ кечкисин оюн-зоок борборлоруна жашы жете элек балдардын кирүүсүнө тыюу салган чечим чыгарган.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, акыркы үч айда көңүл ачуу жайлары менен букмекердик кеңселерден 3,5 миң өсүпүрүм кармалган. Алардын ата-энелерине айып пул салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусиядагы өзбек миллиардерлери кичи мекенине инвестиция салышат

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Орусияга жасаган мамлекеттик сапары учурунда жалпысынан 16 миллиард долларлык 55 келишимге кол коюлду. Өзбек чиновниктеринин биринин айтымында, орус капиталынын орчундуу бөлүгү Орусиядагы өзбек миллиардерлерине, анын ичинде Алишер Усмановго таандык.

«16 миллиарддын кеминде эле 7 миллиардын Алишер Усманов инвестициялайт. Усмановго таандык айрым компаниялар Мирзиёев Москвага келгиче эле келишимдердин бир бөлүгүнө кол коюшкан. Маселен, Өзбекстанга мунай экспорттоо боюнча келишим дагы Усмановго таандык. Анын 20дан ашуун компаниясы бар, көпчүлүккө алардын ичинен UMS менен «Металлоинвест» гана белгилүү. Усмановдун компаниялары мунай, газ, банк тармагы жана курулушка байланыштуу ири долбоорлорго каражат салат», – деди аткаминер.

Анын айтымында, 63 жаштагы өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримов өлгөндөн кийин Ташкентке көп каттап, өлкө экономикасына ири капитал салуу жараянын баштады.

Мирзиёевдин Москвадагы сапары учурунда кол коюлган инвестициялык дагы бир келишим 53 жаштагы миллиардер, Бухарадан чыккан Искандер Махмудовго тиешелүү.

Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, Махмудовго таандык тоо-металлургиялык компания өзбек өкмөтүнүн чакыруусу менен Каракалпакстандын титаномагнетит кенин иштетүүнү пландоодо. 1,5 миллиард долларлык комлексти куруу боюнча меморандумга Мирзиёевдин сапары алдында кол коюлган.

Орусияда жашаган өзбек миллиардерлерин мекенине кайтаруу президент Шавкат Мирзиёевдин башкы пландарыны бири экени айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Назарбаев: Астанадагы саммитте Индия менен Пакистан ШКУга кабыл алынат

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде Индия менен Пакистанды толук кандуу мүчө катары кабыл алуу пландалууда. Бул тууралуу казак президенти Нурсултан Назарбаев Астанада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчылары менен жолугушуу учурунда билдирди.

ШКУ 2001-жылы түзүлгөн. Анын мүчөлөрү – Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кытай жана Орусия. Дагы бир катар өлкөлөр, анын ичинде Индия, Пакистан жана Иран байкоочу макамга ээ. Астанадагы саммит 7-8-июнга белгиленген.

Мындан тышкары Назарбаев ШКУ эл аралык жана аймактык БУУ, ЖККУ сыяктуу уюмдар менен кызматташууну кеңейтиши керек экенин да белгилеген.

ШКУнун 2016-жылы Ташкентте өткөн саммитинде Орусия президенти Владимир Путин Индия менен Пакистанды келерки сапар уюмдун толук кандуу мүчөсү катары көрүүгө үмүт артарын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда эки вице-премьер жумуштан бошотулду

Түркмөнстандын президенти жана өкмөт башчысы Гурбангулы Бердымухамедов эки вице-премьерин жумуштан бошотту. Өкмөттүн жыйынында мунай-газ секторун жана айыл чарбасын караган аткаминерлер иштен айрылышты.

Президент бул чечимин чиновниктердин улуттук экономиканын комплекстүү өнүгүшү боюнча баяндамасын уккандан кийин жарыялады. Отчетко караганда, мунай жана газ конденсатын өндүрүү 109%, мунайды кайра иштетүү 105% аткарылган.

Расмий маалыматтарга ылайык, президент Бердымухамедов бул жогорку көрсөткүчтөр боюнча эч нерсе деп айткан эмес. Тескерисинче, айрым тармактардагы абалга канааттанбай турганын билдирген. Түркмөн башы Түркмөнстандын 2030-жылга чейинки мунай-газ өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программанын аткарылышын көзөмөлдөө начар жүрүп жатканын айтып, вице-премьер Ягшигелди Какаевди жумуштан алган. Ага “Галкыныш” кениндеги газ куурун долбоорлоо иши жүктөлгөн.

Бул арада айыл-чарба тармагын караган вице-премьер Режеп Базаров, акимдер жана агроөндүрүш комплексинин жетекчилери да иштен кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Петербургдагы теракт боюнча сегизинчи киши кармалды

Петербург метросундагы жардыруу иши боюнча сегизинчи киши кармалды. Орусиянын Тергөө комитетинин билдиришинче, алардын ичинен алтоо Петербургда, экөө Москвада колго түшүрүлгөн.

Алардын батирлерин тинтүү учурунда “Площадь Восстания” станциясында калтырылган бомба сыяктуу жардыруучу түзүмдөр табылган. Бул арада мекеме кармалгандардын терактка кандай тиешеси бар экенин так айткан жок.

3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда поезд жардырылып, 14 киши набыт болгон. Элүүдөн ашуун адам жаракат алган. Терактты жанкечти жасаганы айтылган. Азырынча бир дагы террордук топ окуяга тиешеси бар экенин билдире элек.

Орусиянын Тергөө комитети 5-апрелде терактты Акбаржон Жалилов аттуу Орусиянын жараны жасаган деп билдирген. Ал Кыргызстандын Ош облусунда төрөлгөнү кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда мунайчы активист 2,5 жылга түрмөгө кесилди

Астанада сот Oil Construction Company (OCC) нефтисервис ишканасынын кесиптик кошуун уюмунун эмгек инспектору Нурбек Кушакбаевди эки жарым жылга эркинен ажыратты. Ал жумушчулардын мыйзамсыз иш таштоосуна шыкак бергендиги үчүн күнөөлүү деп табылды. Соттун чечими боюнча Кушакбаев эки жылга чейин коомдук иштер менен алектене албайт.

Жаза мөөнөтү 2017-жылдын 20-январынан тарта эсептеле баштайт.

Кушакбаевди Techno Trading мунайсервис ишканасы сотко берген. Чыгарылган бүтүм боюнча эми ал компанияга 25,2 миллион теңге төлөп бериши керек. Соттун чечимине анын тарапташтары каршы болушту.

Кушакбаев айыптоолорду четке кагып келет. Адвокаттар доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдиришүүдө.

Жүздөгөн мунайчылардын катышуусундагы ачкачылык акциясы 5-январда башталган. Нааразылык акциясына Каламкас жана Жетыбай мунай кендериндеги жумушчулар да кошулушкан. Алар Көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясынын жабылышына каршы нааразылыгын билдирип, талаптарын бийликке жеткирүүнү көздөшкөн. Кушакбаев бул акциялардан кийин кармалган. Андан соң ачкачылык жарыялагандарды мажбурлоо менен токтотушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню