Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Ташкентте НАТОнун аймактык кеңсеси жабылды

Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыш жана өз ара аракеттенишүү боюнча НАТОнун Ташкенттеги бюросу альянстын түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу 1-апрелде ишин токтотту. Бул тууралуу РИА Новости кабарлоодо.

Маалыматка караганда, мындан ары бюро түздөн-түз Брюсселден иш алып барат.

Альянстын Ташкенттеги кеңсесин жабуу боюнча чечим 2016-жылы күздө кабыл алынган. НАТОнун Борбор Азия боюнча бюросунун башчысы Розария Пульизи муну бюджеттик маселелерге байланыштырып, эч кандай саясий өңүт жок экенин маалымдаган.

Ал Өзбекстан же башка өлкөлөр тарабынан эч кандай кысым болбогонун, жогорку деңгээлдеги кызматташуулар орун алганын билдирген. “Борбор Азия НАТОнун стратегиялык приоритети бойдон кала берет. Өнөктөштүк уланат жана апрелден тарта биздин мамилелерибиз түздөн-түз Брюсселден башкарылып турат”, – деген Розария Пульизи.

Борбор Азия боюнча НАТОнун бюросу Ташкентте 2014-жылы майда ачылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Иран чек арада кармалган тажик автобустарын кое берди

Иран бажы кызматы Тажикстандын Транспорт министрлиги Түркиядан сатып алган жүргүнчү ташуучу 40 жаңы автобусту чек арадан өткөрдү. Автобустар Ирандын «Бозаргон» чек ара бекетинде кармалган. Иран тарап анын себептери боюнча дагы деле эч кандай маалымат бере элек.

Тажикстандын Транспорт министрлиги мында эч кандай саясаттын жоктугун, жүргүнчү ташый турган жаңы автобустар «техникалык себептерден» улам кармалганын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин автобустардын Тажикстан тарапка өтүүсүнө уруксат берилди.

Дүйшөмбү мэриясынан кабарлашкандай, жаңы автобустар жуманын аягына чейин шаарга келет. Калаа көчөлөрүндөгү абалды жакшыртуу максатында Түркиядан жалпысынан 600 жүргүнчү ташуучу автобус сатып алган.

Тажикстан президентинин улуу баласы Рустами Эмомали Дүйшөмбүнүн мэри болгондон тарта эле борбордогу транспорт кыймылын тартипке салууга киришкен. Шаардагы жол кыймылынын реформасы кичи автобустардын Негмат Карабаев көчөсүндө жүрүүсүнө тыюу салуу менен башталган. Учурда ал көчөдө автобустар жана троллейбустар жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан Орусияга "Эмба" полигонун ижарага берүүнү токтотту

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Актөбө облусундагы Эмба полигонун ижарага берүү тууралуу Орусия менен түзүлгөн келишимди токтотуу жөнүндөгү токтомду ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Эки өлкө ортосундагы келишимди токтотуу жөнүндөгү токтомго ылайык, орусиялык аскер кызматкерлери тарабынан полигон катары пайдаланылып келген 300 гектардан ашык жер ижарадан чыгарылат.

Мажилистин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин корутундусу боюнча, эми Орусияга ижарага берилип келген жер жана полигондун аймагындагы мүлк Казакстанга өткөрүлүп берилет.

Актөбө шаарынан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Эмба полигону 1960-жылы ачылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан Ташкент-Дүйшөмбү каттамынын ишке ашпай калышын саясатташтырбоого чакырды

Өзбекстандын Тажикстандагы элчиси Шокасым Шоисламов 4-апрелге белгиленген Ташкент-Дүйшөмбү-Ташкент багыты боюнча ырааттуу каттамдын кезектеги жолу ишке ашпай калышын «документтерге байланышкан айрым маселелер менен» түшүндүрдү.

Ал бул маселеде саясий себептердин жоктугун белгилеп, каттамдын ачылбай калышына билеттерди сатуудагы көйгөйлөр жана Ташкентте «Сомон Эйр» компаниясынын кеңселерин ачуунун создуктурулуп жатышы да себеп болгонун билдирди.

Шокасым Шоисламов өзбек тарап каттамдын ачылышына кызыкдар экенин айтып, бул маселеге саясий боек бербөөгө чакырды.

«Өзбекстан аба жолдору» компаниясынын жетекчилиги ушул жуманын аягына чейин Дүйшөмбү-Ташкент каттамын ачуу үчүн тиешелүү документтер топтому даярдаларын билдирди. Эми бул багыт боюнча каттамдын 11-апрелде ишке ашырыла тургандыгы күтүлүүдө.

Тараптардын ортосундагы макулдашууга ылайык, эки борборду бириктирген биринчи каттам 20-февралга белгиленген, бирок учууларды баштоо мөөнөтү кийинкиге жылдырылып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Петербург метросунун кызматкерлери шалаакылыкка айыпталышы мүмкүн

Террорчунун колго даярдалган эки бомба менен кантип Санкт-Петербург метросуна эч тоскоолдуксуз кирип кеткендиги териштирилүүдө. Бул тууралуу Орусиянын “Коммерсант” гезити билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча буга байланыштуу полициячыларга жана метронун коопсуздук кызматкерлерине карата шалаакылык боюнча айып тагылышы мүмкүн. Тергөөчүлөр метродогу теракт боюнча күбөлөрдөн жана метрополитендин кызматкерлеринен турган 40тан ашык адамды суракка алды.

Тергөө комитети жардырууну теги кыргызстандык, бирок Орусия жарандыгына ээ 22 жаштагы Акбаржон Жалилов жасаганын билдирүүдө. Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, жарылбай калган экинчи бомбаны да Жалилов орноткон. Ал генетикалык экспертизанын негизинде жана көзөмөл камералардан алынган тасмалар боюнча шектүү катары аталган. Учурда тергөө анын «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна байланышы бар-жогун текшерүүдө.

3-апрелде Санкт-Петербург метросундагы вагондо теракт болуп, жыйынтыгында 14 киши мерт кеткен, 50гө жакыны жаракат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Шавкат Мирзиёев Владимир Путин менен жолукту

Мамлекеттик сапары менен Москвага барган Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кремлде Орусия президенти Владимир Путин менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Владимир Путин Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болгон кыска убакыттын ичинде эки өлкө ортосундагы соода байланыштары кыйла кеңейгенин билдирди.

«Сиздин бүгүнкү сапарыңыз, биздин биргелешкен ишибиз эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча олуттуу кадам болоруна ишенем. Сизди Кремлде чын жүрөктөн тосуп алууга уруксат этиңиз», – деди Орусия президенти.

Өз кезегинде Өзбекстан мамлекет башчысы өлкөнүн туңгуч президенти Ислам Каримовго эстелик тургузуу үчүн Москванын борборунда жер бөлүп бергендиги үчүн Владимир Путинге ыраазычылыгын билдирди. «Бул гүл бакча эки эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөчү көпүрө болуп калат деп ойлойм», – деди Мирзиёев.

Путин менен жолукканга чейин өзбек мамлекет башчысы орус премьер-министри Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анда газ кендерин өздөштүрүү жана бүгүнкү күндө актуалдуу болгон терроризмге каршы күрөш маселеси талкууланган.

Шавкат Мирзиёевдин Москвага болгон сапары маалында 55 документке, анын ичинде жалпы суммасы 15 миллиард АКШ долларын түзгөн экономика тармагындагы макулдашууларга кол коюлду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Петербургда терроризмге шектелип борборазиялык алты киши кармалды

Санкт-Петербургда адамдарды исламисттик топтордун катарына кошулууга азгырган деген шек менен Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган алты киши кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинен билдиришти.

Тергөөнүн маалыматына караганда, кармалган адамдардын бардыгы тең Орусияга иштегени барышкан. Ошол эле маалда алар 2015-жылдын ноябрынан бери Петербугда адамдарды «Жебхат ан-Нусра» жана «Ислам мамлекети» террордук уюмдардын катарына кошулууга азгыруу менен алектенип келишкендиги кабарланууда. Шектүүлөр жашаган батир тинтүүгө алынды.

Тергөө комитетинин билдирүүсү боюнча кармалгандардын Петербург метросундагы терактты жасаган деп шектелип жаткан Акбаржон Жалиловго тиешеси бар-жоктугу тастыктала элек.

Дүйшөмбү күнү Петербург метросунда жардыруу болуп, анын жыйынтыгында 14 киши мерт кетип, ондогон адам жаракат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөн ишкерлерине карата чыгарылган жашыруун өкүмдүн чоо-жайы белгилүү болду

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын редакциясы жергиликтүү ишкерлерге жана өлкөдө жабылган түрк окуу жайларынын мурдагы мугалимдерине карата чыгарылган сот өкүмүнүн көчүрмөсүнө ээ болду.

Азырынча документтин аныктыгын расмий ырастоого мүмкүн болгон жок. Бирок түркмөн юристтери өкүмдүн үзүндүсүнүн форматы жана мазмуну аны анык документ деп эсептөөгө негиз берерин белгилешүүдө.

Документтин текстине ылайык, 18 адамга карата өкүм 2017-жылдын 8-февралында Ашхабад шаардык соту тарабынан чыгарылган. Соттолгондор Түркмөнстандын Кылмыш Кодексинин «улуттар жана диний аралык кастыкты козутуу» жана «кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышкан.

Түркмөн юристинин пикиринде, соттук териштирүүлөрдү жабык режимде өткөрүү, бир өкүмдү дароо бири-бири менен байланышы жок адамдардын тобуна карата чыгаруу, ошондой эле соттолгон 18 адамга 4 гана адвокат берүү өлкө мыйзамдарында каралган сот жүргүзүү тартиптерине каршы келет.

Февралдын башында түрк диний ишмери Фетхуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылы менен байланышы бар деген айып менен 30дан ашык адам узак мөөнөттөргө соттолгону кабарланган. Түркия бийлиги Гүленди 2016-жылдын июлундагы аскердик төңкөрүш жасоо аракетине айыптап келет.

Соттолгондордун арасында «А-Маркет» супермаркетинин мурдагы ээси Довлет Атаев, борбордогу «Мердем» жана «АлпЭт» ресторандар түйүнүнүн ээси Ресул Атагелдыев, ошондой эле түркмөн-түрк лицейлеринин мурдагы мугалимдери менен жумушчулары бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабадда түрк клиникасы жабылды

Ашхабадда белгилүү “Central Hospital” түрк клиникасы белгисиз мөөнөткө жабылды. Клиниканын жетекчилиги 4-апрелде бардык кызматкерлерин бир айга акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө жөнөттү.

“Central Hospital” түрк клитникасы Түркмөнстанда 1990-жылдардын соңунан тарта иштеп баштаган.

Клиникага 4-апрелде келген Ашхабад шаарынын жашоочуларынын айтымында, медициналык жай толугу менен жабылган, келген кишилерди анын жанындагы унаа токтотуучу жайга дагы жолотушкан эмес.

Клиниканын жетекчилиги жана Түркмөнстандын саламаттыкты сактоо органдары комментарий берүүдөн баш тартышты. Айрым булактардын кабарлашынча, түркмөн бийлиги клиниканын лицензиясын узартуудан баш тарткан.

Түркмөнстанда 2016-жылдын декабрынан тарта ондогон түркмөн-түрк мекемелери жабылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан менен Орусия 16 миллиард долларлык келишим түзөт

Келишимдин 3,5 миллиард долларга тете биринчи бөлүгүнө 3-апрелде Москвадагы Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө, Мирзиёевдин сапары алдында кол коюлду. Мындай маалыматты Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары Ачилбай Раматов билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Орусия президенти Владимир Путин жана премьер-министри Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жогорку дэңгээлдеги жолугушуу бүгүн, 5-апрелде болору күтүлүүдө.

Мирзиёевдин сапарынын алдында Москвадагы өзбек элчилигинде эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 3,5 миллиард долларлык эки тараптуу 16 келишимге кол коюшту. Документтер соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарды камтыйт.

Мындан тышкары Орусияга 612 миллион долларлык жаңы жана кайра иштетилген жашылча-жемиш продукцияларын жеткирүүгө, Өзбекстанга мунай экспорттоо меморандумуна, экскаватордук техника жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Калган документтерге жогорку деңгээлдеги өзбек-орус сүйлөшүүлөрүнөн кийин Кремлде кол коюлат.

Орусиянын Федералдык бажы кызматы билдиргендей, Орусия менен Өзбекстандын товар жүгүртүүсү былтыр дээрлик 3 миллиард долларды түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню