Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Коомдук ишмерлер Назарбаевди журналист Мамайга карата куугунтукту токтотууга чакырышты

Коомдук ишмерлердин тобу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылып, журналист Жанболат Мамайдын айланасындагы окуяларга кийлигишүүсүн өтүнүштү. «Саяси калам. Трибуна» гезитинин башкы редактору өткөн айда арам акчаны адалдоого аралашкан деген шек менен камакка алынган. Мамай айыптоолорду четке кагууда.

Онго жакын коомдук ишмер кол койгон каттын авторлору өз пикирин эркин айткан жарандарга карата репрессиялар менен куугунтуктоолор күчөп жатканына тынчсызданууларынбилдирип, Мамайга жана саясий көз карашы үчүн камалган башка жарандарга карата куугунтукту токтотууну талап кылышты.

Алар репрессияларды токтотпосо, кийинкилери өлкөгө олуттуу кесепеттерди алып келиши мүмкүндүгүн эскертишти. Коомдук ишмерлер саясий куугунтукка кабылгандар менен көз карашы үчүн курман болгондордун тизмеси кеңейбеши керектигин белгилешти.

Мурдараак коомдук ишмерлер жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аянга карата куугунтуктоолорду токтотуу өтүнүчү менен бийликке ушундай эле кайрылуу жолдошкон. Алар өткөн жылдын ноябрында кастык козутуу жана митинг өткөрүү тартиптерин бузуу беренелери боюнча айыпталып камакка алынган.

Апта башында казакстандык журналисттин камалышы боюнча бир катар эл аралык уюмдар да тынчсызданууларын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусияда мурдагы аткаминерлердин чыгымдарын текшерүү сунушталууда

Орусиянын Башкы прокуратурасы мурдагы аткаминерлердин коррупциялык схемаларга аралашуу ыктымалдыгын текшерүү үчүн алардын жана үй-бүлөсүнүн чыгымдарын көзөмөдөөнү сунуштады. Бул тууралу бейшембиде “Известия” гезити кабарлады.

Эгер мурдагы мамлекеттик кызматкердин мүлккө мыйзамсыз жол менен жеткендиги аныкталса, андаЕсли выяснится, что имущество было получено незаконно, бывшие госслужащие и их семьи его лишатся, следует из текста поправок.

Көзөмөл жүргүзүүнү аткаминер кызматтан кеткенден кийинки үч жылга киргизүү сунушталууда. Текшерүүгө мурдагы мамлекеттик кызматкердин кирешелери менен чыгашаларынын дал келбегендиги тууралуу билдирүүлөр негиз болушу мүмкүн.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, учурда мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан адамдардын гана чыгымдары текшерилет. Айтымдарында, алар жазадан кутулуу үчүн кызматтан кетип калышат, прокуратура болсо сотко кайрылуу негиздеринен ажырап калууда.

ИИМдин маалыматы боюнча, Орусияда паранын орточо көлөмү 2016-жылы 75 пайызга өсүп, 328 миң рублди түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Федерациялар Кеңеши санкцияга туш болгон орусиялыктарды салыктан бошотту

Федерациялар Кеңеши санцияларга туш болгон орусиялыктарга өлкө аймагында кирешеси тууралуу отчёт бербөө жана салык төлөбөө укугун бере турган мыйзам долбоорун жактырды.

Өткөн аптада «Бирдиктүү Орусиянын» депутаты Андрей Макаровдун салык кодексине сунуштаган өзгөртүүлөрү Мамлекеттик Дума тарабынан үчүнчү окууда кабыл алынган. Мыйзам санкцияларга туш болгон жана бизнеси, мүлкү бар орусиялыктарга өлкө аймагында салык төлөбөө укугун берет.

Американын санкциялык тизмесинде 56 жана европалык тизмеде 157 орус жана украин жараны бар. Аларга карата Крымдын аннексияланышындагы ролу жана Украина чыгышындагы орусиячыл жикчилдери колдогондугу үчүн чектөөлөр киргизилген. Санкцияга туш болгондордун арасында президент Владимир Путиндин жакын адамдары деп эсептелген Роман жана Аркадий Ротенбергдер жана Геннадий Тимченко бар. «Медуза» басылмасынын маалыматы боюнча, Тимченко көптөгөн жылдар бою Швейцарияда салык төлөп жашап жүргөн, бирок санкциялардан улам 2014-жылдан бери Орусияда жашап келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда президентке даттанууну каалаган тургундарды айылдан чыгарбай коюшту

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Навои облусуна болгон сапары маалында Тасмачи айылынын тургундары мамлекет башчысына жолугуп, көйгөйлөрүн айтууну каалашкан. Бирок маале аксакалдары менен жол коопсуздук кызматкерлери айылдын чыга беришин тосуп, жергиликтүүлөрдүн президент менен жолугушууга барышына уруксат беришкен жок.

Айылдын тургуну Нафосат Халидова шейшемби эртең менен жергиликтүү жашоочулардан турган топ президент менен жолугуу үчүн район борборуна барууга аракет кылганда, аларды айылдан чыгарбай коюшканын билдирди.

«Жашоочулардын көбү президенттин район борборуна келерин угуп, автобус менен барууну чечишкен. Бирок айылдын чыга беришинде МАИ кызматкерлери жолду тосуп алышты. Мааленин аксакалы эч ким эч жакка барбайт деп бизди урушуп койду» — деди ал.

Айтымында, нааразы болгон эл жергиликтүү бийлик тарабынан чечилбеген айылдагы көйгөйлөрдү айтып, президентке даттанууну каалашкан.

«Кышында бизде таптакыр электр жарыгы болбойт, отун болсо абдан кымбат. Элдин аны сатып алууга акчасы жок. Быйыл бир жүк ташуу унаа отун 2 миллион сумдан ($260 көбүрөөк) сатылды. Карапайым адамдар арзан ун менен майды маале төрагасы жана анын жакындарынан артса гана сатып ала алышат. Президент элди ишкерлик менен алектенүүгө чакырган эле. Мен эки насыя алуу үчүн арыз жазып койгом, бирок үч айдан бери жооп беришкен жок», — деп даттанды Нафосат Халидова.

28-мартта Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Навои облусуна сапары менен барган. Анда ал курулуп жаткан ишканалар жана долбоорлор менен таанышты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы сапардын жүрүшүндө президенттин эл менен жолуга турганын кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Лукашенко Түркмөнстанда тоо-кен байытуучу комбинаттын ачылышына катышат

Беларус президенти Александр Лукашенко үч күндүк расмий сапары менен Түркмөнстанга барды. Беларус президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, 30-мартта Лукашенко түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугуп, жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Расмий маалыматтарга ылайык, сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы – эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы болот.

Андан соң мамлекет башчылары Беларустун Ашхабаддагы элчилигинин жаңы имаратынын ачылуу аземине катышат. 31-мартта болсо Түркмөнстандын чыгышында беларус мамлекеттик компанияларынын катышуусунда курулган Гарлык тоо-кен байытуучу комбинаттын ачылышына барышат.

1 миллиард АКШ долларына бааланган тоо-кен комбинатынын курулушу тууралуу макулдашууга 2009-жылы кол коюлган. Алгачкы план боюнча, анын курулушу 2015-жылы аякташы керек болчу. Комбинаттын ишке берилишинин узакка созулушу тараптардын ортосунда пикир келишпестиктерди жараткан.

2016-жылдын ортосунда беларус компаниясы түркмөн тарапты куруучуларга айлык төлөбөй жатат деп айыптаган. Өз кезегинде Түркмөнстан «Белгорхимпромго» макулдашуу шарттарын аткарбай жатат деген кине койгон. Декабрда Беларус өкмөтү Гарлык тоо-кен комбинатынын курулушун 2017-жылдын 31-мартына карата аяктоо планы бар экенин билдирген.

Комбинат ишке киришкенден кийин Түркмөнстан жылына 1,4 миллион тонна көлөмүндөгү калий жер семирткичин өндүрүүнү пландып жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Азиа-2017: Түркмөнстанда жаңы окуу жылы 1-июлда башталат

Ашхабадда 2017-2018-жаңы окуу жылы 1-июлда башталат. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы Билим берүү министрлигиндеги өз булагына таянып билдирүүдө. Маалыматка караганда, азыркы окуу жылын мөөнөтүнөн эрте бүткөрүү тууралуу токтомго дагы кол коюлду.

“Жаңы токтомго ылайык, Ашхабад шаарынын орто мектептеринде окуу жылын 1-июнга чейин бүткөрүү каралган. Жаңы окуу жылы адаттагыдай 1-сентябрда эмес, 1-июлда башталышы керек. Биринчи чейрек августтун аягында жыйынтыкталат. Мындан кийин окуучулар бир ай эс алат. Экинчи чейрек октябрда башталат”,– деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы. Айрым маалыматтар боюнча орто мектептердеги мугалимдердин эмгек өргүүсү дагы 45 күндөн 30 күнгө чейин кыскарышы мүмкүн.

Окуу жылынын датасын алмаштыруу – Азиада-2017 оюндарын өткөрүү менен байланыштуу. Бийлик иш-чарага окуучуларды жана мугалимдерди тартууну пландап жатат.

V Азия оюндары 2017-жылы сентябрда Ашхабадда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда «кастык жаратуу» үчүн жарандыктан ажыратуу сунушталууда

Казакстанда «социалдык, уруулук, расалык, диний же улуттар аралык кастыкты козутуу» беренесине жарандыктан ажыратуу жазасы киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин билдирүүсүндө ушул жана башка бир катар сунуштар айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунда каралып жатканы айтылат.

Учурда аталган берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Ал эми жарандыктан ажыратуу жазасы куралдуу жаңжалдарга катышкандыгы үчүн айыпталгандарга карата колдонулат. Юстиция министрлиги тарабынан «террористтик кылмыштарды кылган, ошондой эле Казакстандын кызыкчылыктарына зыян келтирген» деп айыпталгандарды да жарандыктан ажыратуу сунушталууда.

Мекеменин маалыматына ылайык, «террористтик кылмыштарды кылуу, ошондой эле Казакстандын кызыкчылыктарына зыян келтирүү» түшүнүгүн кылмыш кодексинин 15 беренесине киргизүү каралууда.

4-апрелде Юстиция министрлиги мекемелер аралык комиссиянын жыйынын өткөрүп, анын жыйынтыгы менен мыйзамдын акыркы долбоору сунушталат.

Эгер мыйзам долбоору парламент тарабынан жактырылса, ал өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан бала бакчаларында педагогикалык билими жоктор иштен айдалууда

Өзбекстанда март айынан тарта бардык бала бакчаларда текшерүү жүрүп, педагогикалык билими жок кызматкерлер жумуштан бошотулууда. Айрым маалыматтар боюнча мындан ары жогорку  билими барлар гана ишке алынат.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги аттестациялар Сурхандарыя облусунда чыккан жаңжалдан кийин жүргүзүлүүдө.

Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай, текшерүү маалында тарбиячылардын балага болгон мамилесине, окутуу методикасына, тарбия берүү ыкмасына көңүл бурулууда.

Бул арада айрым тарбиячылар көп жылдык иш тажрыйбалары эске алынбай, педагогикалык билим жок деген жүйө менен иштен бошотулгандарына нааразы болушууда.

Буга чейин Сурхандарыя облусундагы бала бакчалардын биринде тартылган делген видео интернетке тарап кеткен. Анда тарбиячылар балдарды бычак менен коркутуп, ур-токмокко алып, түнкүсүн имарат “сойкуканага” айланганы көрсөтүлгөн. Мындан соң облустагы 290 бала-бакчада текшерүү жүрүп, 23үндө интимдик кызмат көрсөтүлүп келгени аныкталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажик алюминий компаниясы менен орусиялык РУСАЛдын сотуна чекит коюлду

Көп жылдан бери соттошуп келе жаткан орусиялык РУСАЛ компаниясы менен тажикстандык ТАЛКО алюминий компаниясы элдешти. Тажик өкмөтүндөгү өз булак кабарлагандай, тараптар орусиялык олигарх Олег Дерипаскага таандык “Hyatt Regency” мейманканасы менен ”Созидание” бизнес-борборун сатып алуу-сатуу боюнча макулдашууга жетишип, жакынкы арада тиешелүү меморандумга кол коюлат.

Макулдашууга ылайык, ТАЛКО мамлекеттик компаниясы “Hyatt Regency” мейманканасы менен “Созидание” бизнес-борборун $150 млн сомго сатып алат. Каражат РУСАЛ компаниясынын эсебине 10 жыл аралыгында которулат.

РУСАЛ компаниясы Тажикстандагы ишин былтыр октябрда токтоткон. Компания өкүлдөрү мындан ары бул өлкөдөгү иштеринин келечеги жок экенин билдиришкен.

РУСАЛ Тажикстанга Рогун ГЭСин куруу үчүн келген. Миллиардер, Кремлге жакын Олег Дерипаска ГЭСти куруу үчүн $600 млн бөлүүнү убдалаган. Бирок кийинчерээк өнөктөштөр тил табышпай, РУСАЛ Рогун ГЭСин куруудан баш тарткан.

Орусиялык компания 2000-жылы ТАЛКО компаниясына сырьё жеткирүү жана ишканага продукция сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандан кийин соттук дооматтар башталган. Жыйынтыгында Олег Дерипаска ТАЛКО менен араздашуудан баш тартып, жагдайды тынч жол менен жайгарууну чечкен. Тажик тарап орусиялык кесиптештерин канааттандыра турган бир нече бизнес сунуштарды бергени кабарланууда.

 

Өзбекстан футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликке чыгуу мүмкүндүгүн сактап калды

Футбол боюнча Өзбекстан курамасы Катар командасын 1:0 эсебинде утуп, 2018-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка чыгуу мүмкүндүгүн сактап калды.

Ташкенттин «Бунёдкор» стадионунда өткөн тандап алуу беттешиндеги жалгыз голду талаа ээлеринин капитаны Одил Ахмедов 67-мүнөттө, айып соккусун аткарып киргизди. Бул оюндагы жеңишинен кийин Өзбекстан курамасы 12 упайы менен А тайпасындагы үчүнчү орунун сактап калды.

Учурда А тайпасындагы командалар өз ара 7 оюн өткөрүштү. 7 турдук беттештерден кийин Өзбекстан 12 упайы менен тайпасында үчүнчү орунда келатат.

А тайпасынын лидери Кытайды 1:0 менен утуп, 17 упайга ээ болгон Иран курамасы. Түштүк Корея футболчулары Сирияны 1:0 эсебинде утуп, экинчи орунда.

Эми Өзбекстан курамасы дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын алкагында тайпанын лидерлери Иран жана Түштүк Корея футболчулары менен беттешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню