Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Казакстандын Тараз шаарында антитеррористтик машыгуулар өттү

Тараз шаарынын полициясы антитеррористтик машыгуулар өтүп жатканын билдирип, шаар тургундарын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Полициянын билдирүүсүндө «Наурыз Антитеррор» аталышындагы антитеррордук машыгуулар терроризмге каршы күрөшүү боюнча облустук ыкчам штабдын жана анын бөлүмдөрүнүн биргелешкен ишин жөнгө салуу максатында өткөрүлүп жатканы айтылган.

Андан сырткары машыгуулардын жүрүшүндө кабар берүү системасы жана терродук чабуул болгон делген аймакка ыкчам штабдын күчтөрү менен техникаларын жеткирүүнүн уюшкандыгы текшерилет.

Казакстанда аскердик машыгуулар 2016-жылы июнда Актөбө шаарында болгон кол салуудан кийин көп өткөрүлө баштады. Айрым машыгуулар маалында коомдук объекттерге кирүү мүмкүндүгү чектелген учурлар да болууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда жоокердин өлүмү боюнча лейтенант соттолду

Дүйшөмбү гарнизонунун Аскердик оту катардагы жоокер Жахонгир Курбоновдун өлүмү үчүн чек ара аскерлигинин офицери Ёрибек Саидовду 9 жылга эркинен ажыратты.

Офицер «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Буга чейин прокуратура аны «опузалоого» жана «жарандардын тең укуктуулугун бузууга» айыптап, соттон офицерди 14 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Соттун мындай чечимине эки тарап тең макул болгон жок. Офицердин адвокаттары чечим боюнча жогорку баскычтагы сотко кайрыла тургандыктарын билдиришти. Жоокердинтуугандары да соттун Жахонгир Курбонов өз жанын кыйган деген чечимин туура эмес деп эсептешип, анын өлтүрүлгөнүн айтышты.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, 2016-жылдын 9-сентябрында жоокерлер Жахонгир Курбонов менен Мехрожиддин Бехзоддун нөөмөтү маалында Дүйшөмбүдөгү аскер бөлүгүнөн электр жылыткычы жоголгон. Буга байланыштуу лейтенант Ёрибек Саидов аскер кызматкерлерине жаман сөздөрдү айткан. Анын эртеси Жахонгир Курбонов аскер бөлүгүнүн отунканасына барып асынып алган.

«Тажикстандагы жарандык эркиндик кеңсеси» укук коргоо уюму кылмыш ишиндеги материалдарга таянуу менен Саидов «электр жылыткычтын уурдалышын эки жоокерден көрүп, алардан акча талап кылгандыгын» кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусияда Украинанын мурдагы премьер-министри Яценюк сырттан камакка алынды

Орусияда Украинанын мурдагы премьер-министри Арсений Яценюк сырттан камакка алынды. Мындай чечимди Ессентуки шаардык соту кабыл алды. Орусиянын Тергөө комитети аны чечен согушуна катышкан деп айыптоодо.

2015-жылы Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыгин 1994-1995-жылдары Чеченстандагы биринчи согуш маалында Яценюк чечен жикчилдеринин курамында федералдык күчтөргө каршы согушканын билдирген. Андан соң украин саясатчысына каршы кылмыш иши козголуп, 2017-жылдын февралында ал Орусия бийлиги тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Арсений Яценюктун өзү Ессентуки шаардык сотунун чечимин «сандырактык» деп атады. Анын пикиринде, «Кремль украин саясатчыларын куугунтуктоого юридикалык механизмдерди издөөдө».

1995-жылы Яценюк 21 жашта болчу. Анда ал Украинанын Черновцы шаарындагы университетте окуп жүргөн. Буга чейин Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров Украинанын мурдагы премьер-министринин биринчи чечен согушуна катышкандыгы тууралуу маалыматтарга ээ эмес экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Белгилүү тележурналист Ислам Каримовдун көңүлдөшү болгонун четке кагууда

Кезинде Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун басма сөз катчысы болуп иштеген совет доорундагы белгилүү өзбек тележурналисти Лола Хатамова мамлекет башчы менен болгон сүйүү мамилелери тууралуу айтылган ушактардан улам коомчулуктан четтегенин билдирди.

Лола Хатамова «Азаттыктын» өзбек кызматына курган эксклюзивдүү маегинде Ислам Каримов менен чырдашкандан кийин алгач жумуштан бошоп, кийин АКШга көчүп кеткенин билдирди. Ал өлкөнүн туңгуч президенти менен сүйүү мамиледе болбогонун, бирок Каримовдун ага карата мамилеси жана анын 1990-жылдардагы карьералык өсүүсү түрдүү ушактарды жаратып, жыйынтыгында президенттин аппаратынан кетишине себеп болгонун айтты.

“Ал кезде мен жаңы гана иштеп баштаган жаш кадр болгом жана мамлекет башчынын көңүлүнө жаккыдай эч нерсе деле кылган эмесмин. Анан да ал кезде өзбек коомчулугунда улутчулдук көз караштар күчтүү болгон. Көпчүлүгү Ислам Каримовдун аялынын орус улутунан экенин жакшы билишчү. Ошондуктан айрым орустар айтып жүрүшкөндөй ал орус аялы менен ажырашып, өзбек аял алат деп ойлошкондур. Мен мындай кептердин кайдан чыкканын билбейм, бирок алар менин жумуштан бошошума себеп болгону чын”,- деди Хатамова.

Ал Ислам Каримов бүтүндөй бир мамлекеттин башчысы болуп алып кичинекей баласы бар жалгыз аялга болгон күчүн көрсөткөнүн айтып, ага карата таарынычын билдирди.

Лола Хатамова дагы деле Өзбекстандын жараны экенин жана мекенине тез-тез барып, жаңы мамлекет башчысынан жакшы өзгөрүүлөрдү гана күтүп жатканын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөн бийлиги Азия-2017 оюндарынын талисманындагы сүрөттү өзгөрттү

Түркмөнстан бийлиги ушул жылдын сентябрында Ашхабадда өтө турган Азия-2017 оюндарынын расмий талисманынын сүрөтүн өзгөрттү. 26-мартта жаңы сүрөт коомчулукка тааныштырылып, V Азия оюндарынын уюштуруу комитети тарабынан бекитилди.

Түркмөнстанда өтчү эл аралык ири спорттук мелдештин башкы символундагы сүрөт өлкө президентинин сынына кабылгандан бир жума өткөндөн кийин өзгөртүлдү.

Оюндардын буга чейинки расмий талисманы январдын башында бекитилген. Анда мамлекеттик ММКлар оюндардын талисманы – шайыр, меймандос балтек — спорттук иш-чарада баарынын сүймөнчүлүгүнө айланышы керектигин белгилешкен. Ошондой эле алар кызыл түстөгү улуттук чапан, топу жана спорттук кийим кийгизилген жашыл түстүү алабайдын сүрөтү улуттук оймо-чиймелердин негизинде, бирок заманбап дизайнда даярдалганын билдиришкен.

Азия-2017 оюндарынын январда бекитилген расмий талисманы.

Азия-2017 оюндарынын январда бекитилген расмий талисманы.

Талисмандын жаңы версиясында да түркмөн алабайы түшүрүлгөн. Күчүккө кийгизилген улуттук чапан менен топу калтырылып, бирок анын денесиндеги жашыл түсү өзгөртүлгөн.

Азия-2017 оюндарына дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнөн спортчулар келип, спорттун 21 түрү боюнча мелдештер өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тумандан улам Уфа-Хожент каттамын аткарган учак Кулябга конду

«Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын Уфадан Хожентке учкан учагы коюу тумандан улам Куляб шаарынын аэропортуна конууга аргасыз болду.

Хожент эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Уфа-Хожент каттамын аткарып жаткан «Аэробус 320» учагы түнкү саат үчтө аэропорт аймагына келип, бирок коюу тумандан улам коно алган эмес. Андан соң учкуч Куляб шаарына барып конуу чечимин кабыл алган.

Аэпорттун маалыматына караганда, учак туман тарагандан кийин Хожентке кайтып келип, саат 5те 115 жүргүнчүсү менен кайра Уфага учуп кеткен.

Хожент эл аралык аэропортунун жетекчилиги учактын экипажы адашып кетип, Кулябга конгону тууралуу айтылган ушактарды четке какты.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Казак мектептеринде англис тилинде окутула турган сабактардын саны көбөйөт

Казак өкмөтүнүн мектептердеги предметтерди англис тилинде окутуу демилгеси ата-энелер менен макулдашылып ишке ашырылат. Тууралуу Казакстандын билим берүү жана илим министри Ерлан Сагадиев Алматыда педагогикалык коомчулук менен жолугушуу маалында билдирди.

Өлкөдө 2018-жылдан тарта мектептерде табигый илимдерди англис тилинде окутууга өткөрүү пландалууда. Ошол эле маалда жогорку класстардагы «Казакстандын тарыхы» казак тилинде, «Дүйнөлүк тарых» орус тилинде окутулат.

«Ушул жылдын күзүндө жүздөгөн жаңы класстарды англис тилине өткөрүү пландалууда. Бүгүнкү күндө 2 700 мугалим 120дан ашык мектепте англис тилинде сабак берип жатышат. Предметтерди англис тилинде окутуу эркин түрдө, ата-энелердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана уюштурулат», – деди Сагадиев. Ал ошол эле маалда казак тилине артыкчылык берилерин кошумчалады.

Министр ушул жылдан тарта башка предметтердин беш миңден ашык мугалими үчүн тил курстарын уюштуруу мерчемделип жатканын айтты. Ерлан Сагадиевдин айтымында, мектептеги жогорку класстар үчүн төрт сабакты англис тилинде окутууга өткөрүүнүн акыркы мөөнөтү менен графиги 2018-жылдын аягында жарыяланат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусияда «Азаттыктын» орус кызматынын журналисттерине кол салуу болду

Орусиянын Краснодар крайында «Азаттык» радиосунун орус кызматынын кабарчылары Сергей Хазов-Кассиа менен Андрей Костяновго кол салуу болду. Бул тууралуу алар Фейсбуктагы баракчалары аркылуу билдиришти.

Шейшемби эртең менен Кропоткин шаарына фермерлердин нааразылык акциясын чагылдыруу үчүн барган журналисттер мейманканын кире беришинде беткапчан адамдардын кол салуусуна кабылышты. Алар газ толтурулган баллондорду пайдаланып, журналисттердин компьютерлерин жана башка техникаларын тартып алышкан. Кол салгандар дароо из жашырып кеткени менен, алардын айдап келген автоунаасы дагы деле мейманкананын алдында токтоп турат.

Кол салууга чейин Хазов-Кассиа менен Костянов токтогон мейманканага полиция келип, журналисттердин ошол жакта экенин текшерип кетишкени айтылууда.

Хазов-Кассиа менен Костянов бүгүн Кропоткин шаарында өтө турган фермерлердин жүрүшү тууралуу репортаж даярдап жүрүшкөн. Күн мурун жүрүштүн уюштуруучулары кармалган. Акциянын калган катышуучулары полициянын көзөмөлүндө турушат.

Фермерлер «бийлик менен укук коргоо органдары көрмөксөн болуп жаткан» жерлердин мыйзамсыз басылып алынышына каршылыгын билдирип жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда дары бааларын төмөндөтпөгөн дарыканалар жабылууда

Өзбекстанда 200 дарыкана лицензиясынан ажырады. Алар чет өлкөдөн алынып келинген 227 дарынын түрүн «Калкты дары-дармек менен камсыз кылуу чаралары тууралуу» Шавкат Мирзиёевдин токтомунда көрсөтүлгөн баада сата албагандыгы кабарланууда.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин Көзөмөл инспекциясынан билдиришкендей, сотко дагы 700 дарыкананы лицензиясынан ажыратуу тууралуу өтүнүч кат жөнөтүлгөн. «Соттун чечими менен 200 дарыкананын лицензиясы алынды. Кийинки үч жыл ичинде алар бул тармакка кайтып келе алышпайт. Андан тышкары дары бааларын жогорулаткан 255 дарыкананын ишмердүүлүгү 10 күнгө токтотулду», – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Ташкентте жана Ташкент облусунда дарыканалар биринин артынан бири жабылып жатканы кабарланууда. Төмөнкү баада сатылышы керек болгон дарылардын тизмесине кирген жана дарыкана текчелеринде сөзсүз болушу керек болгон медикаменттердин көбү эми көмүскө базарларда сатыла баштады.

Ташкенттин жашоочуларынын биринин айтымында, көмүскө базардын сатуучулары дарыларды дарыканалардын алдына барып сатышат. «Алар дарыканадан керектүү дары таппай чыккандарга унаасынан алып берип турушат. Эгер айрым сейрек дарылар керек болсо үйүңөргө чейин да жеткирип беришет», — деди ал.

«Дори-Дармон» фармацевтикалык компаниясынын жетекчилеринин бири дары-дармектердин көмүскө базарынын бар экенин жарым-жартылай моюнуна алды. Ал Башкы прокуратуранын алдындагы атайын департамент көмүскө базар уюштурган ишкерлерди аңдый тургандыктарын белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда пластикалык карталар менен онлайн төлөм жүргүзүү токтотулду

Түркмөнстан банктары эл аралык пластикалык карталар аркылуу онлайн эсептешүүнү убактылуу токтотту. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдө онлайн төлөм жүргүзүү операциялары өткөн жуманын аягынан бери жеткиликсиз болууда.

Мамлекеттик банктардагы жарыяларга ылайык, 25-марттан тарта күчүнө кирген жаңы эрежелер убактылуу жана пластикалык карталарды тейлөө системасын жакшыртууга багытталган.

Азырынча пластикалык карталар менен эсептешүүнүн жапырт токтотулушунун себептери так белгисиз. Банктар мындай чаралар «карталардын программалык камсыздандыруу системаларын жаңыртуу» үчүн көрүлүп жатканын кабарлашууда.

Буга чейин пластикалык карталар аркылуу төлөм жүргүзүү түркмөнстандыктардын өлкө сыртында жана чет өлкөлүк валюталарда эсептешүүсү үчүн жалгыз мүмкүнчүлүк болуп келген.

Өткөн жыл ичинде өлкөнүн банк тармагында калктын картадагы каражаттарды накталай түрдө алуусун чектей турган бир канча жаңы эрежелер киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню