Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Канттагы Су-25СМ учактары Тажикстандагы аскердик машыгууларга катышат

27-марттан 30-мартка чейин Тажикстанда Орусия менен Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен антитеррористтик машыгуулары өтөт. Ага катышуу үчүн Канттагы орусиялык авиабазанын Су-25СМ учактары Тажикстанга жеткирилди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын Борбордук аскердик округунунун басма сөз кызматына таянып билдирди.

Кант авиабазасынан алынып барылган учактар Дүйшөмбүдөн 30 чакырым ыластыкта жайгашкан Айни аэродромундагы авиациялык топтун курамына кире тургандыгы кабарланууда.

Орус-тажик биргелешкен аскердик машыгуулары 27-марттан 30-мартка чейин Тажикстан Коргоо министрлигинин үч жана 201-аскерий базасынын эки полигонунда өтөт.

ТАСС машыгууларга Борбордук аскердик округдун ыкчам топтору, 201-аскерий базанын бөлүктөрү жана Тажикстандын Коргоо министрлигинин мотоаткычтар жана десанттык бөлүктөрү катыша турганын жазды.

Маалыматка караганда, машыгуулар эл аралык терроризм коркунучу жаралган учурларда биргеликте аракет көрүү максатында өткөрүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда жарандык активист Руслан Жанпеисов камалды

Шымкентте жол полициясынын кызматкерлери эреже бузган учурларды видеого тартып, аларды интернетке жарыялап келгендиги менен белгилүү жарандык активист Руслан Жанпеисовго карата кылмыш иши козголду. Ал адамдардан «опузалап акча талап кылган» деп айыпталууда.

Облустук ички иштер департаментинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, «Автомобилисттерге жардамдашуу коомунун» мурдагы активисти Руслан Жанпеисов өткөн аптада кармалып, Абай райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

Маалымдалгандай,полиция Шымкенттин тургуну «видеолорду интернетке жарыялайм деп коркутуу менен жабырлануучулардан акча талап кылып жаткандыгы» тууралуу ыкчам маалыматка ээ болгондон кийиин активистти кармаган.

Ички иштер департаменти активист «50 миң теңге алып жаткан жеринен» кармалып, учурда анын иши боюнча тергөө аракеттери башталганын билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Киевде Орусия Мамдумасынын мурдагы депутаты Денис Вороненков өлтүрүлдү

Киевдин борборунда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын мурдагы депутаты Денис Вороненков өлтүрүлдү. Кол салуу маалында анын жанында Мамдуманын дагы бир экс-депутаты Илья Пономарев да болгон.

Атышуу Premier Palace мейманканасынын алдында болуп, жыйынтыгында Вороненковдун жансакчысы менен кол салган адам жаракат алган. Кийинчерээк кылмышкер ооруканада каза болду. Болжолдуу маалыматтар боюнча, кол салган адам Украинанын издөөдө жүргөн 29 жаштагы жараны. Тергөө буйрутма адам өлтүрүү версиясын караштырууда.

Орусияда Денис Вороненков Москвадагы 5 миллион долларга бааланган имаратты рейдерлик жол менен тартып алган деп шектелип жаткан. Ошондой эле ал Крымды тартып алганы үчүн орус бийлигин сындап келген. Өткөн жылдын октябрында Орусиядагы куугунтуктоолордон чочулап Украинага көчүп келип, декабрда украин жарандыгын алган. Ушул жылдын 15-февралында Орусиянын Тергөө комитети аны федералдык издөөгө алган.

Январда Вороненков Башкы прокуратурада Украинанын бийликтен кулатылган президенти Виктор Януковичке каршы көрсөтмө берген.

Украина президенти Петр Порошенко орусиялык экс-депутаттын өлүмүн Орусия тараптан жасалган “мамлекеттик терроризм актысы, мында орусиялык атайын кызматтын ачык изи бар” деп атады. Орусия бийлиги муну дароо четке кагып, депутаттын өлүмүнө тиешеси жоктугун билдирди. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков окуя тууралуу президентке маалымат берилгенин айтып, “бул биздин тема эмес” деп комментарий берди.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Дүйшөмбүдө өзбек ырчысы Мардон Мавлондун концерти болот

Белгилүү өзбек ырчысы Мардон Мавлон атактуу тажик аткаруучусу Афзалшох Шоди менен биргеликте Дүйшөмбүдө концерт берет.

Анда Мардон Мавлондун тажик жана өзбек тилдериндеги ырларды аткара тургандыгы күтүлүүдө. Ал Тажикстанга Нооруз майрамына карата Өзбекстандын искусство ишмерлери менен биргеликте барган.

Өзбек аткаруучусу 21-мартта Ооганстан жана башка бир катар өлкөлөрдөн келген ырчылар менен биргеликте Турсунзаде шаарындагы Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанатта ырдаган. Ал Тажикстан менен Өзбекстандын маданий ишмерлеринин бул сыяктуу биргелешкен концерттер менен чыгармачыл кызматташуулары салтка айланып, коңшу өлкө элдери ынтымакта жана тынчтыкта жашайт деген үмүтүн билдирди.

Самарканддык ырчы Мардон Мавлон Тажикстанда популярдуу аткаруучулардын бири. Дүйшөмбү менен Ташкенттин мамилеси бузулганга чейин ал Тажикстанга байма-бай каттап, расмий иш-чараларда гана эмес, жергиликтүү жашоочулардын тойлорунда да ырдап келген. Акыркы жолу ырчы Тажикстанга концерти менен 2003-жылы барган.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Казак-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттер күнү-түнү иштеп баштайт

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында эки жаңы өткөрмө бекети ачылып, учурда иштеп жаткан үч бекет 24 сааттык режимге өтөт. Мындай макулдашуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Астанага болгон сапарынын жана эки өлкө ишкерлеринин форумунун жыйынтыгында жетишилгенин «Казинформ» агенттиги билдирди.

«Өзбекстан менен болгон чек арага кошумча дагы эки өткөрмө бекетин ачуу, ошондой эле учурда иштеп жаткан үч автоунаа өткөрмө бекетин 24 сааттык режимге өткөрүү пландалууда», – деп билдирди Казакстандын инвестициялар жана өнүгүү министри Женис Касымбек.

Андан сырткары министр Астанадан Ташкентке эки аба каттамы ачылары тууралуу маалымат берди. Буга чейин Алматы-Ташкент жана Ташкент-Алматы багыты боюнча жүргүнчү ташыган жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамы ачылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Назарбаев: Өзбекстандын жаңы бийлиги соодадагы бардык тоскоолдуктарды жойду

Бийликке Шавкат Мирзиёевдин келиши менен Өзбекстан соодалашуудагы болгон тоскоолдуктарды алып, «бардык мүмкүнчүлүктөрүн ачты». Мындай пикирин Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өзбек мамлекет башчысынын Астанага болгон сапары маалында билдирди.

«Акыркы беш айдын ичинде эле өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу эки тараптан тең 30 пайызга өскөн. Төрт соода үйү ачылып, буудай 30 пайызга, өзбек жашылча-жемиштери 25 пайызга көбүрөөк келди, буга чейин мындай болгон эмес. Мунун баары Өзбекстандын жаңы башчысынын бардык соода мүмкүнчүлүктөрүн ачып, тосколдуктарды алгандыгынын аркасында мүмкүн болуп отурат», – деди Назарбаев.

Казак лидери ошондой эле бүгүнкү күндө Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда чечилбеген көйгөй жок экенин белгиледи. Назарбаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө дээрлик миллиард долларлык 75 келишимге кол коюларын жана мындай көрүнүш алгачкы жолу болорун кошумчалады.

Өз кезегинде Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев дагы эки өлкөнүн мамилесиндеги кызматташтыктын жаңы баскычы башталганын билдирди.

«Биз дайыма Казакстанды эң жакын жана ишенимдүү коңшу катары эсептеп келебиз. Менин алгачкы сапарларымдын бирин Астанага жасаганым эле көп нерсени айтып турат. Биздин делегациялардын курамында алгачкы жолу парламенттин жана Коргоо министрликтеринин жетекчилери бар. Буга чейин мындай тыгыз кызматташтык болгон эмес», – деди Мирзиёев.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тажикстанда өспүрүмдөрдүн бычакташуусу боюнча 20дан ашык киши кармалды

Эки баланын өмүрүн алган Тажикстан борборундагы өспүрүмдөрдүн бычакташуусу боюнча тергөө ушул жылдын июнуна чейин узартылды. Өлкөнүн Башкы прокуратурасындагы жеке булак билдиргендей, бул иш боюнча жалпысынан 20дан ашык киши кармалды.

Кылмыш иши «адам өлтүрүү» беренеси боюнча каралууда. Маалыматка караганда, мушташтын айрым катышуучулары укук коргоо органдары видеокөзөмөл камераларындагы жазууларды иликтеп чыккандан кийин табылып кармалышкан.

Тергөө органдарынан кармалгандардын бардыгы тең адвокаттар менен камсыздалганын билдиришти. Жактоочу Абдукаюм Юсуфинин айтымында, алгач ал жактоого алган өспүрүмдөрдүн бири мушташ болуп жаткан маалда жөн гана көчөдө өтүп баратканын жана окуяга эч тиешеси жок экенин билдирген. Анын бул айткандарын ата-энеси да ырастаган. Бирок тергөөчүлөр ага видеокөзөмөл камерасындагы жазууну көрсөткөндөн кийин мушташка катышканын моюнуна алууга туура келген.

Ал өспүрүмдүн күнөөсү жок экенин далилдей албай калуу ыктымалдыгы жогору экенин айтып, мушташка катышкандардын бардыгына тең расмий айып тагыларын билдирди.

Өспүрүмдөр арасындагы мушташ 2-январга оогон түнү Дүйшөмбү шаарында болгон. Анын катышуучулары бычактар жана темир союлдар менен куралданышкан. Мушташтын жыйынтыгында эки өспүрүм каза болгон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

«Кооптуу өлкөлөргө» барып келген түркмөнстандыктар суракка алынууда

Түркмөнстан бийлиги Түркия менен Украинага барып келген жарандарын суракка алып, аларды «кооптуу өлкөлөргө» барбоого аракет кыла тургандыктары жөнүндөгү тил кат жазып берүүгө мажбурлап жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирүүдө.

Басылманын маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук министрлигине жакында эле Түркия менен Украинага барып келген жарандар «аңгемелешүүгө» чакырылып, аталган өлкөлөргө кандай максаттар менен баргандыктары тууралуу маалыматтар талап кылынууда.

Андай «аңгемелешүүгө» барып келген жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, жарандарга Сирия, Ооганстан, Ирак, Египет, Украина жана Түркия «кооптуу өлкөлөр» экенин айтышып, алардан аталган өлкөлөргө барбоого аракет кыла тургандыктары жөнүндө тил кат талап кылып жатышат.

Андан сырткары акыркы кездери чет өлкөлөрдө окуп жүргөн студенттердин ата-энелери, ошондой эле өлкө сыртында иштеген жарандардын туугандары коопсуздук кызматтарына чакырылып, жакындары тууралуу маалыматтарды жана документтерин берүү талаптары коюлуп жатканы кабарланууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен Казакстанга барды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен 22-мартта мамлекеттик сапары менен Астанага барды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришти.

Сапардын алкагындагы негизги иш-чаралар 23-мартка белгиленген. Эки өлкө лидеринин жолугушуусу маалында жана жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык жана башка тармактар боюнча өз ара мамилелердин абалы менен өнүгүү келечеги, ошондой эле аймактык жана эл аралык саясаттын актуалдуу маселелери талкууланат.

Шавкат Мирзиёевдин Астанага болгон сапарынын алкагында Өзбекстандын Улуттук өнөр жай көргөзмөсү жана эки өлкөнүн ишкерлери катышкан бизнес-форум өтөт.

Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер, өкмөттөр жана мекемелер аралык документтер топтомуна, ошондой эле ири коммерциялык келишимдерге кол коюлат деп күтүлүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Алматы-Ташкент темир жол каттамы ачылды

«Алматы-2» темир жол бекетинде «Алматы-Ташкент» каттамынын салтанаттуу ачылышы болуп, эл аралык жүргүнчү ташуучу жаңы поезд жолго чыкты. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазышты.

29 вагондон турган поезд Алматыдан ар дүйшөмбү жана ишемби, Ташкенттен – ар шейшемби жана жекшемби күндөрү жолго чыгып турат. Каттамдын узактыгы – 16 саат 30 мүнөттү түзүп, жолдон поезд Отар, Шу, Тараз, Шымкент жана Сарыагаш деген беш гана станцияга токтойт.

Каттамды ачуу салтанатында «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясынын вице-президенти Эрик Имашев эки өлкө борборлорунун ортосундагы темир жол каттамы «мамлекет башчылардын акылдуу саясатынын жыйынтыгында» ачылып жатканын билдирди.

Казакстанга Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 22-мартта расмий сапары менен барган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню