Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Эми тажик аткаминерлери «чет өлкөлүк» сыйлыктарды президенттин уруксаты менен гана алышат

Мындан ары тажик аткаминерлери президенттин уруксатысыз башка мамлекеттердин же эл аралык уюмдардын сыйлыктарын, ардактуу жана атайын наамдарын ала алышпайт.

Бул Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы тарабынан жактырылган «Мамлекеттик кызмат тууралуу» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдүн бири. Күн мурун кайра оңдолгон мыйзамга өлкө президенти Эмомали Рахмон кол койгон. Дагы бир башка өзгөртүүгө ылайык, кош жарандуулукка ээ адамдар өлкөдө мамлекеттик кызматтарды аркалоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырашты.

Тажик парламентинин депутаты Абдухалим Гаффоров башка өлкөлөрдүн же эл аралык уюмдардын бардык сыйлыктары, ардактуу жана атайын наамдары мамлекеттин менчиги болуп эсептелерин жана алар музейге берилиши керектигин билдирди.

Анын айтымында, сыйлык мамлекеттик кызматкерлерге тапшырылып жаткандыктан, чет мамлекеттер менен эл аралык уюмдар өздөрүнүн андай ниети тууралуу алдын ала Тажикстан президентине кабар бериши керек.

Орусия президенти Владимир Путин Тажикстанга болгон февралдын аягындагы сапары маалында Эмомали Рахмонго Александр Невский орденин тапшырган. Андан сырткары Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддиг Асловду Достук ордени менен сыйлаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

ЭВК түркмөн экономикасы сырткы чакырыктардан сак болушу керектигин эскертти

Эл аралык валюта корунун (ЭВК) 6-марттан 17-мартка чейин Түркмөнстанда иштеген миссиясы түркмөн өкмөтү оор сырткы кыйынчылыктарга, анын ичинде мунай менен газга болгон баалардын төмөндөшүнө каршы аракетин улантып жатканын белгиледи.

Эл аралык валюта корунун Мартин Соммер баштаган миссиясынын корутундусунда алгач Түркмөнстан экономикасы үчүн сырткы факторлордун таасирин чектөө боюнча бир катар чараларды, анын ичинде инвестициялык программалардагы мамлекеттин капитал салуу көлөмүн азайтуу зарыл экендиги айтылат. Эксперттер учурда Түркмөнстан эгемендүүлүккө ээ болгон 1991-жылдан берки эң олуттуу экономикалык төмөндөөгө дуушар болуп жатат деп эсептешүүдө.

ЭВКнын божомолуна ылайык, газдын экспортунун көлөмүн көбөйтүү боюнча өкмөттүн аракеттери өлкөнүн экономикасынын турукташына көмөкчү болот, бирок сырткы эсептер боюнча учурдагы операциялардын таңкыстыгы сакталат.

Экономисттердин пикиринде, Түркмөнстандын улуттук экономикасын диверсификациялоонун башкы чаралары болуп ички өндүрүш үчүн шарттарды түзүү, мамлекеттин карамагындагы ишканаларды менчиктештирүү, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестицияларды экономиканын бардык тармактарына текши бөлүштүрүү жана өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү эсептелет.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Казакстанда орусиялык журналист Соловьевдун келишине каршы болушууда

Социалдык түйүндөрдө белгилүү орусиялык тележурналист Владимир Соловьевдун Казакстанда өтө турган мастер-класстары жарнамаланууда. Анын сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча тренингдери менен Алматыга апрелдин башында келери күтүлүүдө. Бирок айрым интернет колдонуучулар Соловьевдун «кремлчил пропагандалык билдирүүлөрүнөн» кооптонушуп, анын өлкөгө келишине каршылыгын билдирип жатышат.

Казакстандык журналист жана укук коргоочу Сергей Дуванов «өлкөгө Кремлдин алдыңкы пропагандачысынын келишине жана анын эл алдында сүйлөөсүнө мүмкүндүк түзүп берүү — бул казакстандыктардын «жикчилдик» маанайдагы бөлүгүн колдоого багытталган олуттуу пропагандалык акция деп эсептейт.

Саясат таануучу Расул Жумалы Владимир Соловьев «орус дүйнөсүнүн» жактоочусу, зомбулук көрсөткөн советтик жетекчилерди жана Орусиянын Украинага чабуул коюусун актоо маселелерин көтөрүп келген активист журналист катары белгилүү экенин белгиледи. «Менимче, анын «мастер-класстары» – бул жөн гана шылтоо. Кандай болгон күндө да ал Орусиянын империялык саясаты тууралуу маселени козгоп өтөт. Көптөгөн өлкөлөрдө бул сыяктуу адамдарды нон-грата персонасы деп жарыялап, өлкөгө кирүүсүнө тыюу салышат. Анын Алматы менен Астананын мыкты дарсканаларында сүйлөөсүнө мүмкүндүк түзүп берип жаткандардын кандай максаттарды көздөгөнү түшүнүксүз», – деди ал.

Владимир Соловьев айрым казакстандыктар анын өлкөгө келүүсүнө каршылык билдирип жаткандыктарын билет. Орусиялык журналист informburo.kz сайтына курган маегинде Казакстанга болчу сапарын токтотуу тууралуу ойлобогонун билдирди.Ал ага каршы болуп жаткан адамдарды «психикалык жактан оорулуу» деп сыпаттап, «социалдык түйүндөрдө жазып жаткан жүздөгөн колдонуучулар түрдүү аккаунттар менен кирип жаткан 10 гана адам» деген божомолун айтты.

«Менде өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү оюм жок. Мени кантип сүйлөшүүлөрдү өткөрүү керектиги жана оратордук чеберчилик боюнча сабак өтүп бер деп чакырышты. Ошондуктан эгер кимдир бирөө бул сапарымды саясатташтырууга аракет кылып жаткан болсо, анда алардын артында бир аз акча турат, кимдир бирөөаларды түртмөлөп жатат, алардын артында бейөкмөт уюмдарга тиешеси бар адамдар турушат», – деди Владимир Соловьев.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Шавкат Мирзиёев Астанада бак отургузду

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 23-мартта Астана шаарындагы «Ата Мекенди коргоочулардын» монументине гүл койду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Өзбекстан мамлекет башчысы өз өлкөсүнүн тынчтыгы жана эркиндиги үчүн жанын берген патриотторго урмат көрсөттү.

Андан сырткары Шавкат Мирзиёев Казакстан борборундагы Мамлекет башчыларынын аллеясына бак отургузду. Анда Өзбекстандын макум президенти Ислам Каримов тарабынан отургузулган бак дагы бар.

Өзбекстан президенти Казакстанга мамлекеттик сапары менен 22-мартта барган.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Дүйшөмбүдө тажик-америка аскердик машыгуулары өтөт

АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилигинин маалыматы боюнча, машыгуулар эки өлкө өкмөттөрүнүн көрсөтмөсү менен Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгы тарабынан уюштурулууда.

Элчиликтин билдирүүсүндө «машыгуулар эл аралык терроризм көрүнүштөрүнө каршы биргеликте аракет көрүү максатында» өткөрүлүп жатканы белгиленген. Машыгуулардын негизги бөлүгү Тажикстандын аймагында өтөт.

Тажикстандын Коргоо министрлигинен билдиришкендей, учурда тараптар машыгууларды өткөрүүнүн техникалык жактарын талкуулоого киришти. Тажик эксперттери биргелешкен машыгууларды өткөрүү АКШнын Борбор Азия аймагындагы коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо боюнча аракеттерине байланыштуу деп эсептешүүдө.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Астанада Казакстан менен Өзбекстан ортосунда бир катар макулдашууларга кол коюлду

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен бүгүн Астанада бир катар документтерге кол коюлду.

«Казинформ» агенттигинин маалыматы боюнча, эки өлкөнүн мамлекет башчылары Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана ынак коңшулукту бекемдөө тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде Аймактар ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимге, 2017-2019-жылдарга карата экономикалык кызматташтык стратегиясына, Кош салык салууну жоюу тууралуу макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго жана өлкөлөр ортосундагы аскердик кызматташтык сыяктуу бир канча документтерге кол коюлду.

«Өзбекстан – биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, коңшубуз, бир тууган өлкө. Биздин эл гүлдөп өнүгүүнү, бейпилдикти каалайт», – деди Назарбаев.

Өзбекстан президенти Мирзиёев Астанага болгон сапарын жана андагы сүйлөшүүлөрдү «тарыхый» деп сыпаттады.

Бул Шавкат Мирзиёевдин мамлекет башчысы катары Казакстанга жасаган алгачкы сапары.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Түркмөнстан президентинин уулу парламенттеги жооптуу кызматты ээледи

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жалгыз уулу Сердар Бердымухамедов парламенттеги укуктук маселелер комитетинин жетекчиси болду. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Мамлекет башчынын уулу буга чейин Тышкы иштер министрлигинде Маалымат департаментин башкарган. Анын комитет башчылыгына дайындалгандыгы жөнүндө өлкө парламентинин 20-марттагы жыйынында айтылды.

Сердар Бердымухамедов үч ай мурда Ахал облусундагы 24-шайлоо окуругунан парламент депутаты болуп шайланып келген.

Түркмөнстан президентинин уулу Сердардын саясий карьерасы тууралуу алгачкы билдирүүлөр өткөн жылдын жайында пайда боло баштаган. Анда көз карандысыз маалымат булактары ал атасынын атайын токтому менен өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине кызматка дайындалганын билдиришкен. Андан сырткары ага чейин Сердар бир канча министрликте жана агенттиктерде иштегендиги кабарланган. Ал 2014-жылы кандидаттык диссертациясын коргоп, 2015-жылы техника илимдеринин доктору илимий даражасына ээ болгондугу тууралуу дагы маалыматтар бар.

Гурбангулы Бердымухаммедов өлкөнү атасы Сапармурат Ниязов каза болгон 2006-жылдан берип башкарып келет. Учурдагы мамлекет башчынын уулунан тышкары дагы үч кызы бар.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тажикстанда адвокат Ёровдун ишин караган тергөөчү мунапыс менен бошотулду

Дүйшөмбү соту шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы тергөөчүсү, подполковник Музаффар Хакимовду бошотуу чечимин кабыл алды. Камактагы адвокат Бузургмехр Ёровдун ишин караган тергөөчү ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп айыпталып жаткан.

Музаффар Хакимов айыпталган берене Мунапыс тууралуу мыйзамдын негизинде жазадан бошотуу мүмкүндүгү каралган беренелердин тизмесинде болгон. Дүйшөмбү шаардык сотунун катчылыгынан тергөөчү мунапыс менен сот залынан бошотулганын ырасташты. Мамлекеттик айыптоочулар аны үч жылга эркинен ажыратуу жазасын суранышкан болчу.

Музаффар Хакимовдун ишин тергөө менен өлкөнүн Башкы прокуратурасы алектенген. Башкы көзөмөл орган алгач тергөөчү ыйгарым укуктарынан аша чабуудан сырткары пара алууга да айыпталып жатканын, бирок дилилдердин жоктугуна байланыштуу экинчи айыптоо алынганын билдирген.

Тергөөчү Бузургмехр Ёровдун адвокатынын даттануусунан кийин 12-декабрда кармалган. Ал Хакимовду кардарларынан акча алып, бирок алардын укуктарын коргоодон баш тарткан деп айыптаган.

Ёровдун туугандарынын ырасташынча, алар тергөөчү менен келишим түзүп, 25 миң доллар чогулутуп беришкен. Музаффар Хакимов ал каражатты “алданган” кардарларга кайтарып бермек.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Анжиянда ислам окуу жайларында окугандардын ноутбуктары текшерилүүдө

Анжиян шаарындагы атайын ислам орто окуу жайынын жетекчилиги жогорку курстун студенттеринин эки ай мурда алынган ноутбуктарын кайтарып бере элек. Студенттерге алар текшерилип, 3-4 күндөн кийин кайра берилери айтылган.

Бирок алар андан бери ноутбуктарды берүү өтүнүчү менен окуу жайдын директоруна бир канча жолу кайрылышкан. Бирок ар дайым компьютерлер ИИМдин эксперттери тарабынан текшерилип жатышкандыгы тууралуу жооп алып келишет.

Өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комитеттен аларга бул боюнча даттануу болбогонун билдирди. Өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын төрага орун басары Абдулазиз Мансур бул суроого абал менен кеңири таанышкандан кийин жооп берүүнү убадалады.

Өзбекстан өкмөтү жаштар интернеттен экстремисттик адабияттарды окуп, өлкөдө тыюу салынган диний агымдардын катарына кошулуп кетиши мүмкүн деп кооптонууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Мирзиёев алгачкы маегин казакстандык агенттикке берди

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өзүнүн алгачкы эксклюзивдүү маегин казакстандык «Казинформ» маалымат агенттигине берди.

Мирзиёевдин айтымында, Борбордук Азиянын өнүгүүсү үчүн өзбек-казак мамилелери өзгөчө мааниге ээ. «Кезинде бекеринен эки мамлекет ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу документке кол коюлган эмес. Ал чынында эле бардык багыттар боюнча маселелерди камтыйт», – деди өзбек мамлекет башчысы.

Мирзиёев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен болчу жолугушуусу маалында биргеликте аймактагы абалга анализ жүргүзүп, эки тараптуу мамилелерди күчөтүү жана аларды жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча бардык мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууга үмүттөнөрүн айтты.

Ошондой эле өзбек лидери Казакстан башчысы менен Ооганстан көйгөйүн талкуулоо ниетинде. Мирзиёевдин айтымында, бул бүтүндөй аймак үчүн чакырык жана Ташкент дагы, Астана дагы ооган көйгөйүнүн тез арада жайгарылышына кызыктар.

Өзбекстан президентинин Казакстанга алгачкы расмий сапары ушул жылдын 22-23-март күндөрү болот.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню