Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Кыргызстан менен Казакстанда эки өлкө жарандарын каттоо мөөнөтү узарат

Жогорку Кеңеш депутаттары Кыргызстан менен Казакстан жарандарынын эки өлкө аймагында жүрүү тартибин узарткан өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялады.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы эреже боюнча тигил же бул өлкөнүн жарандары коңшу мамлекетке барганда каттоосуз 30 күн жүрө алат. Мурда бул мөөнөт беш күн болчу.

Өкмөттөр аралык макулдашууга 2016-жылдын 17-октябрында Астанада кол коюлган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Москвада Ташкенттин суранычы менен журналист Худоберди Нурматов кармалды

Москвада полиция Али Феруз ысымы менен иштеген “Новая газета” басылмасынын штаттан тышкаркы кабарчысы Худоберди Нурматовду кармады. Учурда аны менен ФСБ кызматкерлери иш алып барып жатканы маалымдалууда.

“Новая газетанын” башкы редактору Дмитрий Муратовдун айтымында, кабарчы Өзбекстандын атайын кызматынын өтүнүчү менен кармалган.

Худоберди Нурматов мекенинен качып кетүүгө аргасыз болгон. Ал убактылуу жашоого уруксат алуу үчүн бир нече жолу Орусиянын миграциялык кызматына кайрылган. Орус бийлиги ага качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Бирок сот кийинчерээк бул бүтүмдү жокко чыгарган.

“Бул жерде ал бардык документинен айрылып калган, акыркы жылдары аларды калыбына келтирүү менен алектендик. Азыр анын колунда качкын макамын берүүдөн баш тарткан чечимди жокко чыгарган соттун бүтүмү бар”,- деди басылманын маалымат катчысы Надежда Прусенкова. Редакция адвокаттарды тартып, кабарчыны Өзбекстанга экстрадициялабай, алып калуунун жолдорун издеп жатат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тажикстанда ондогон гезиттин редакциялары менен аймактык бөлүмдөрү жабылды

Тажикстанда Салык комитетинин кызматкерлери Худжанддагы ондогон редакциялардын жана аймактык бөлүмдөрүн эшигин жаап, мөөр басып кетишти. Алар муну басылмалар кызматкерлердин айлыктарынан киреше салыгын төлөбөгөнү менен түшүндүрүштү.

Салыкчылар Худжанддагы республикалык гезиттердин жеке кабарчылары салыкты шаарга эмес, жашаган жери боюнча төлөшү керектигин эскертишти.

Тажикстандагы Көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын улуттук ассоциациясынын өкүлү Мавлуда Рофиева жана “Азия-Плюс” гезитинин Худжанддагы өз кабарчысынын айтымында, Дүйшөмбүгө чалып, абалды түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. “Салыкчылар дароо светти өчүрүп, эшиктерге мөөр басып кетишти”, –деди ал.

Шаардагы баслмалардын Худжанддагы бөлүмдөрүнүн эшиктери эми маселе чечилгичекти ачылбайт.

Улуттук ассоциация салыкчылардын аракетине байланыштуу атайын билдирүү даярдоодо.

Тажикстан быйыл эл аралык басма сөз эркиндигинин рейтингинде 34 позицияга төмөндөп, 150-орунга жайгаштырылды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Казанда кармалган неоулутчулдар кыргызстандыкка кол салганын моюнга алышты

Казанда неоулутчулдар, Чад Республикасынын студентинин өлтүрүлүшү боюнча камалган – Роман Халилов менен Руслан Архипов дагы эки кол салууга катышканын моюнга алышты. Бул тууралуу Татарстандын Тергөө комитети билдирди.

Кармалгандар 2016-жылы кыргызстандык жаранды сабап, быйыл февралда ооганстандыкка кол салышкан. Учурда бейбаштык боюнча кылмыш иши козголду.

Халилов менен Архипов өткөн аптада кармалышты. Тергөөнүн маалыматы боюнча алар февралда Казань университетинин юридикалык факультетинин студенти Махжуб Тиджани Хассанды өлтүрүшкөн.

Экөө тең күнөөсүн моюнга алышкан. Жергиликтүү ММКлардын маалыматы боюнча алардын Кыргызстан, Ооганстан жана Индия жарандарына кол салууга жана Казандагы мусулман көрүстөнүнүн талкаланышына тиешеси бар болушу ыктымал.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Өзбекстанда түрмөдөн чыккандар тең укуктуулукту талап кылышууда

Өзбекстандагы Көз карандысыз укук коргоочулардын демилгечил тобу түрмөдө узак мөөнөткө отуруп чыккан жарандардын укуктары корголбой жатканын билдирүүдө.

24 жыл абакта отуруп чыккан 72 жаштагы Самандар Куканов өлкө ичинде ээн-эркин жүрө алабайт. Анын айтымында, Ташкенттен чыкпоо боюнча тилкат жазып берген, буга байланыштуу башка облустарга каттай албай жатат.

Өзбекстандын мурдагы депутаты Самандар Куканов 1993-жылы мамлекеттин мүлкүн чыгымга учураткан деген күнөө менен эркинен ажыратылган.

Дагы бир саясий туткун, 80-90-жылдарда Эврил Турон деген жашыруун ысымы менен белгилүү жазуучу Мамадали Махмудов июлда чыгармачылыгы боюнча Чехияга иш сапарга бармак. Бирок ага Өзбекстан ТИМи өлкөдөн чыгуу боюнча виза берген эмес.

Мамадали Махмудов 1999-жылы Ташкентте болгон жардырууга тиешеси бар деп айыпталып соттолгон. 2014-жылы ал эркиндикке чыккан. Бирок жазуучу күнөөнү моюнга алган эмес.

Түрмөдө 18 жыл отуруп, өткөн айда азаттык алган журналист Мухаммад Бекжанга болсо алигиче өзбек паспорту бериле элек.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ашхабадда жаңы салынган жолдор кайра оңдолууда

Түркмөнстан борборунда жаңы эле колдонууга берилген көчөлөр кайра оңдолууда. “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы билдиргендей, учурда Ашхабаддын бир нече көчөлөрүндө ремонт иштери жүрүп жатат.

Саркынды суулар үчүн көчөнүн четине орнотулган түтүктөр бүтөлүп калып, суу кетпей калган. Алар бир жыл мурун эле орнотулган болчу.

Ашхабаддын жашоочуларынын айтымында, көчөлөрдө курулуш жана ремонт иштери бүтпөгөндүктөн тыгындар пайда болуп, коомдук транспорттордун багыттары өзгөрүүдө.

​Ашхабадда жаңы көчөлөрдү кайра оңдоо – өнөкөткө айланган. Буга сапатсыз курулуш иштери себепкер болууда.

Бул арада түркмөн өкмөтү жолдорду куруу – негизги максаттардын бири экенин белгилеп келет.

Видео - Орусияга каттаган тажик авиакомпаниялары билет бааларын көтөрдү

Орусияга каттаган тажик авиакомпаниялары соңку айларда билеттердин баасын кескин түрдө жогорулатты. “Сомон Эйр” алгач февралдын ортосунан тарта Дүйшөмбү-Москва каттамы боюнча бир билеттин наркын 240 доллардан 317 долларга чейин кымбаттаткан. Бир нече күн мурун баа – 402 долларга чейин көтөрүлдү.

Бул – Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Орусия каттамы боюнча эң жогорку баа. Бишкектен Москвага чейинки билеттин баасы болжол менен 136 долларды түзөт.

“Сомон эйр” менен Тажикстандын Транспорт министрлиги баалардын наркынын жогорулашынын себептерин түшүндүрө элек. “Тажик эйр” учак майы менен аэропорттун кызмат көрсөтүү баасы кымбаттаганын жүйө келтирүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 800 миңден ашуун тажикстандык мигрант иштейт. Алар мекенине баруу үчүн туугандарынан жана банктардан билет үчүн карызга акча алууга мажбур болуп жатканын билдиришүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Видео - Беларустун үч шаарында "Бекерпоздордун маршы" өттү

Беларустун Минск, Гродно жана Могилев шаарларында “Бекерпоздордун маршы” өтүүдө. Каршылык акциянын катышуучулары декретти жокко чыгарып, чогулган каражатты кайтарып берүүнү талап кылып жатышат. Эгер булар аткарылбаса, бийликке нааразы болгондор президент менен өкмөттүн отставкасын талап кылышат.

Мындан тышкары алар бийликти аймактардагы каршылык акциясында кармалгандарды бошотууга жана репрессияны токтотууга чакырышууда.

Акцияга катышкандардын пикиринде, “бекерпоздук жөнүндө” президент Александр Лукашенконун декрети Конституцияга жана Беларустун эл аралык милдеттенмелерине шайкеш келбейт. Алар бийликти жумушсуздар менен эмес, жумушсуздук менен күрөшүүгө үндөшүүдө.

“Бекерпоздук салыгына” каршы Беларуста февралдан бери жапырт каршылык акциялары өтүүдө. Жаңы мыйзамга ылайык, расмий түрдө иштебеген ар бир жаран жылына казнага 200 евро төлөшү керек. Митингдерден кийин президент Лукашенко салыкты төлөө мөөнөтүн кийинки жылга жылдырган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тажикстанда түрмөдө жаткан жактоочу кошумча дагы 2 жылга кесилди

Тажикстанда 23 жылга соттолгон белгилүү жактоочу Бузургмехр Ёров сотту сыйлабай, бийлик өкүлдөрүнө акарат келтиргендиги үчүн кошумча дагы 2 жылга эркинен ажыратылды. Жыйынтыгында адвокат 25 жыл жаза өтөйт.

Бузургмехр Ёровдун адвокатынын билдиришинче, сотту сыйлабагандыгы үчүн эки жылга эркинен ажыратылды. Ал эми бийлик өкүлдөрүнө акарат келтирүү боюнча бир жылга түзөтүү жумуштарына кесилди. Өкүмдү угузуу жараянына адвокаттын туугандары катышкан эмес.

Бузургмехр Ёровдун жубайы Зарина Набиева сот жараяны тууралуу билдирүү келбегинин айтты. Бирок өкүм угузулгандан кийин ал күйөөсү менен жолуккан. Жактоочу соттун өкүмүнө макул эместигин билдирип, даттана турганын айткан.

Адвокат Бузургмехр Ёров 2015-жылы күздө “алдамчылык” жана “документ жасалмалоо” боюнча айыпталып камалган. Былтыр декабрда тергөө аны Кылмыш кодексинин дагы үч беренеси боюнча, анын ичинде “экстремисттик ишмердүүлүккө үгүттөөгө” күнөөлөгөн. Бузургмехр Ёров былтыр октябрда алдамчылык жана документ жасалмалоо боюнча айыптуу деп табылып 23 жылга түрмөгө кесилген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Астанадагы сүйлөшүүлөргө Сирия оппозициясы келген жок

Сирия оппозициясы Астанадагы сүйлөшүүлөргө келбейт. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин бейшемби күнү таң менен оппозициялык топтордун айрым өкүлдөрү Сирия сүйлөшүүлөрү үчүн Астанага келери кабарланган. Айрым топтор Сирия өкмөтүн жана Орусияны ок атышпоо режимин сактабагандыгы үчүн айыптап, сүйлөшүүлөргө байкот жарыялашкан.

Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасына Орусия, Түркия жана Иран делегациялары катышты. Жолугушуу маалында экстремисттик топтор менен байыстуу оппозицияны бөлүү маселеси талкууланды. Астанада өткөн буга чейинки эки жолугушуу ийгиликтүү аяктаган эмес.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню