Menu

ШОУ-БИЗНЕС

Бүгүн ырчы Нурлан Насиптин ресторанынын техникалык ачылуусу болот. Ал биринчи келген кардарларды өзү тейлейт

Бүгүн, 23-декабрда ырчы Нурлан Насиптин эки кабаттуу ресторанынын техникалык ачылуусу болот. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.

Анын айтымында, ресторандын официалдуу ачылуу аземи жаңы жылдан кийин өтөт. Жана ал биринчи келген кардарды өзү тейлейт.

Урматтуу кыргыз элим. Сиздерге өзүмдүн көптөн бери кыялданып жүргөн чоң кыялдарымдын бири ишке ашып, ачылуу алдында. Бүгүн ресторандын техникалык ачылуусу болот. Баарыңыздарды күтөм. Эң биринчи келген кардарларды тосуп алып, өзүм тейлейм. Келип даамдуу тамактарыбыздан даам татып кетиңиздер.

Ал эми официалдуу ачылуубуз кирип келе жаткан жаңы жылдан кийин болот. Биздин эшигибиз сиздер үчүн ар дайым ачык“, – деп жазган ырчы Насип.

Белгилей кетсек, буга чейин Нурлан Насип бизнес ачуу анын ырчылыктан кийинки кыялы экенин белгилеген.

Видео - "Turkvision-2020" эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан ырчы Айганыш Абдиева катышты

“Turkvision-2020” эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан катышкан ырчы Айганыш Абдиева 16-орунду ээледи.

Эл аралык сынактын финалы кечээ, 20-декабрда өттү.

2020-жылдагы пандемияга байланыштуу, сынак онлайн режиминде өтүп, ага 26 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Сынакты украиналык ырчы Наталья Папазоглу жеңип алды. Ал гагауз тилиндеги “Tikenli yol” ырын аткарган.

Буга чейин, Айганыш Абдиева Кыргызстандыктарга колдоп берүүсүн өтүнүп, Инстаграм баракчасына билдирүү жарыялаган.

“Сиздер менен жакшылыгымды, сүйүнүчтүү кабарымды бөлүшкүм келди. Учурда мен «Turkvizyon 2020» эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан катышууга даярданып жатам! Сынак онлайн өткөрүлөт. Сиздердин колдооңуздарга ишенем. Менин номерим 17. Мага дем берип, колдогон бардык Кыргызстандыктарга дагы бир ирет ыраазычылыгымды билдирем”, – деп жазган Абдиева.

Бишкекте Спорт ордосунда КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевдин концерти өтөт. Өлкөдө болсо коронавирус

Бишкекте Спорт ордосунда 2021-жылдын 1 жана 2-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевдин концерти өтөт. Бул тууралуу ал өзү Фейсбук баракчасы аркылуу жарыялады.

Белгилей кетсек, учурда COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөр бар – жакында гана кинотеатрлар жана фуд-корттордун иштешине уруксат берилди.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева декабрдын башында корпоративдик кечелерге жана майрамдык иш-чараларга тыюу салынарын жарыялаган. Бул тыюу салуулар концерттерге тиешеси жок окшойт.

Спорт Ордосунун директорунун милдетин аткаруучу Эмил Заярко, концертте бардык чаралар көрүлөрүн журналисттерге билдирди.

“Өкмөттүн 26-ноябрдагы токтомуна ылайык, биз маданий иш-чараларды бардык санитардык талаптарды эске алуу менен өткөрө алабыз. Эгерде эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, анда биз иш-чараларды убактылуу токтотобуз”, – деди ал.

Видео - Россиялык теле алып баруучу Екатерина Андрееванын аялдар менен мушташкан видеотасмасы таркатылып жатат 

Социалдык тармактарда Россиянын Биринчи каналынын теле алып баруучусу Екатерина Андрееванын аялдар менен мушташкан видеотасмасы таркатылып жатат.

10 секундага созулган видеотасмада окуя бир нече аялдар бар боёну бөлмөдө болгонун көрүүгө болот. Алардын бири, сырткы көрүнүшү менен белгилүү теле алып баруучу Екатерина Андреевага окшош. Ал ошол жердеги аял менен мушташып, жанындагылар аларды ажыратканча, аны тепкилеп салган. Видеотасма ар кандай эпизоддордон монтаждалган, сүрөтү сапатсыз болгондуктан, аялдардын жүзүн көрүү кыйынга турат.

Бул видеону көргөн кыргыз соцтармактын колдонуучулары аны Екатерина Андреева деп жазып жатышат.

Бирок кийин белгилүү болгондой, бул видео “Пацанки” шоусунун монтаждалган фрагменти. Белгилүү теле алып баруучу деп жаңылыш айткан аялдын аты-жөнү – Настя Петрова.

https://youtu.be/hvfHtKNfCRk

Гүлшайыр Садыбакасова: "Экошам, Сайкал эжең экөөбүздүн туулган күнүбүздү быйыл сенсиз өткөрдүк"

Кечээ, 10-декабрда КРнын эл артисти, “Кыз-Бурак” продюсердик борборунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын жана анын кызы Сайкал Садыбакасованын туулган күнү болуп өттү. Гүлшайыр Садыбакасова туулган күнүндө каза болгон уулун эскерди. Ал ага карата Инстаграм баракчасында билдирүү жазды.

10-декабрь Сайкал эжең экөөбүздүн туулган күнүбүз. Экошам, бизден мурда сен сүйүнүп, толкунданып, өткөрүү пландарды түзүп, бизге белек алууга Пазан агаң менен “секреттешип”, ары-бери чуркап, кубанып турар элең. Садага болоюнум, туулган күнүбүздү быйыл сенсиз өткөрөбүз. Сен бардагыдай кубанычтуу сезимдер, жаркын маанайлар, шайыр-шатман күлкүлөр жок… Көзүбүздө жаш, көкүрөгүбүздө кайгы-муң, түгөнбөгөн күйүт. Сенин күтүлбөгөн белектериң, бизге арнаган ырларың эми жаңырбайт. Себатта, 5-класста окуп жүргөнүңдө “күнүмдүккө” деп берген акчаны үнөмдөп, мага белек алганыңды угуп “ачка жүрдүңбү” – деп кайгырып, ыйлаганым эсимде. Бирок ар дайым белек бергениңди унутпадың. Көрсө, келбес сапарга кетээриңди сезген окшойсуң каралдым. Бүгүнкү туулган күнүбүздө биз сени эскеребиз, эстейбиз. Туугандарыбыз келе жатат, жыт чыгарып, куран окуп, дубаларыбызды сенин рухуңа багыштайбыз. Эркинтайым, сен биздин жүрөгүбүздөсүң. Биз сени түбөлүккө унутпайбыз. Ыйманың саламат, акыркетиң абат, кабырың нурлуу болсун. Аллахым жаннаттан жай берип, бейиш багында ойноп жүргөнүңдү насип кылсын“, – деп билдирүү жазды Гүлшайыр Садыбакасова.

Эскерте кетсек, КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын уулу Эркин Садыбакасов жүрөк оорусунан улам каза болгон. Ал болгону 19 жашта болчу.

Ырчы Анжелика кайрымдуулук кылуу үчүн өзүнүн 100 кече көйнөктөрүн сатат

13-декабрь күнү ырчы Анжелика кайрымдуулук кылуу үчүн өзүнүн 100 кече көйнөктөрүн сатат. Бул туурасында ал өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.

Анын айтымында, кече көйнөктөрдүн баасы 2 миң сомдон жогору бааланат.

100 кече көйнөктөрүмдү 2 миң сомдон жогору сатам. Бүгүнкү күндө кыйналып жаткан 200 үй-бүлөгө чогулган каражат таратылат. Алардын тизмеси бар. 13-декабрь келиңиздер, келе албагандар онлайн сатып алса болот“, – деп билдирүү жазган Анжелика.

Фото - Кыргызстандык модель Бегимай Карыбекова Cosmoprof Asia Hong Kong компаниясынын жүзү болду

Кыргызстандык модель Бегимай Карыбекова Гонконгдогу Cosmoprof Asia компаниясынын жүзү болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактар аркылуу билдирди.

“Cosmoprof Asia компаниясынын 25-чыгарылышынын жүзү. Мени Гонконгдогу бардык билборддордон (жарнак тактасы) көрө аласыздар” – деп модель жазган.

Белгилей кетсек, Cosmoprof Asia Hong Kong  Азиядагы сулуулук тармагындагы ири соода жарманкелерин өткөрүп келет.

Нурлан Насип: "Интернетте биз жөнүндө ар кандай каралап жазгандарга унчукпай келгем, эми кечирим сурабаса сотко берем"

Буга чейин интернетте биз жөнүндө ар кандай каралап жазгандарга унчукпай келгем. Мындан кийин карап тура албайм. Кечирим сурабаса, сотко берем. Мындай пикирин бүгүн, 9-декабрда ырчы Нурлан Насип Инстаграм баракчасында билдирди.

Буга чейин интернетте биз жөнүндө ар кандай каралап жазгандарга унчукпай келгем. Мындан кийин карап тура албайм. Такталбаган маалыматтарды чыгарып биздин моралдык укугубузду тебелегени үчүн, жакшылыкча өчүрүп бизден кечирим сурабаса сотко берем, жооп бересиңер.

Ютубка эптеп көрүү чогултуш үчүн ар кайсыны жазып биздин атыбыздан акча таппай эле койгулачы сураныч. Биздин үй бүлөөбүз силерге оюнчукбу“, – деп билдирүү жазды Нурлан Насип.

Ютуб каналдардын бири төмөндөгүдөй темаларды коюшкан:

Асель Кадырбекова: “Кайнатам үйдөн кууп чыкты”

Асел Кадырбекованы кайнатасы кууп чыкты, чачы жок парик тагып жүрөт.

 

 

Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова жасалма чач кийип жүргөнүн ачыктады

Ырчы Асел Кадырбекова жасалма чач кийип жүргөнүн ачыктады. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгынан кийин ал башынан операция болгон. Буга байланыштуу анын чачы кырылган.

“Бул парик” деп 100 жолу жазгандарга: Ооба. Парик. Башыма операция жасатышым керек болчу. Мындан улам чачтарымды кырып ташташты. Эми мен өзүмдүн чачымдын өсүшүн күтүп жатам. Мага чач менен жүргөн ыңгайлуу. Чачымсыз өзүмдү кандай жаман сезип жатканымды көрүп, жолдошум мага ушундай белек кылды. Мен аны жашырган жокмун”, – деди ырчы Асел Кадырбекова.

Эскерте кетсек, 26-июнда болжол менен саат 15:30да Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Одиссей” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа сүзүшүп, 3 адам жаракат алган. Жабыркагандардын арасында ырчы Асел Кадырбекова да болуп, оор абалда ооруканага жеткирилген.

Эрмек Нурбаев: "Эгемендүүлүк алгандан тартып, Мамлекетибиздин байлыгын тоноп, уурдап, карызга батырып, жыргап жүргөн коррупционерлерди, Жараткан өзү жазаласын"

Эгемендүүлүк алгандан тартып, Мамлекетибиздин байлыгын тоноп, уурдап, карызга батырып, жыргап жүргөн коррупционерлерди, Жараткан өзү жазаласын. Мындай пикирин бүгүн, 4-декабрда шоумен Эрмек Нурбаев Инстаграм баракчасында билдирди.

Эгемендүүлүк алгандан тартып, Мамлекетибиздин байлыгын тоноп, уурдап, карызга батырып, жыргап жүргөн коррупционерлерди, Жараткан өзү жазаласын! 

Ошолордун айынан, көпчүлүк уул-кыздарыбыз чет жакта талаалап, иштеп жүрүшөт.

Алдыда дагы уурдайт элем, кызмат, креслого отурсам “мутить” этет элем дегендерди “ташбараңга” алып, экинчи бир да кызматка жолотпогондой кылсак жакшы болоор беле.

Кыргызстан – таза Мамлекет!
Коррупция менен эч качан өнүгө албайбыз!
Ууруларга жол жок“, – деп билдирүү жазган Эрмек Нурбаев.

Белгилей кетсек, учурда Эрмек Нурбаев Америкада жүрөт.

Меню