Menu

ШОУ-БИЗНЕС

Ырчы Чолпонай жана жолдошу Эрнест кызынын тушоо тоюн өткөрүштү

Көпчүлүк суктанган жылдыздуу түгөйлөр Эрнест жана Чолпонай турмуш жолуна бирге кадам таштап, жумурай журттун батасын алышкан. Алар бал айын Дубайда өткөрүшүп, өмүрлүк жар болууга шерттешишкен. Жыл айланып түгөйлөр наристелүү болуп, кызы там-туң басып калган учуру. Жакында эле түгөйлөр ага-тууган, дос-жарларын чакырып кызынын тушоо тоюн өткөрүштү. Тойдун көркүн кыргыз эстрадасынын көпчүлүк жылдыздары жана “Ак шоола” балдар хору ачышты.

Булак: “Фабула”

 

Видео - Ырчы Арсен сүйлөшкөн кызынын колун сурап, чөгөлөп туруп, шакек салды, жакында үйлөнүшөт экен

Кыргыз эстрадасынын “жылдыздарынын” бири Арсен өзүнүн кезектеги “Love Story”  клибин тартып жаткан учурда сүйлөшүп жүргөн кызы Бегайымдын колун сурап, чөгөлөп туруп, шакек салды. Бул тууралу видеотасманы ырчы өзүнүн Инстаграм баракчасында бөлүштү.

Айта кетсек, Арсендин болочок жубайы Бегайым Бишкектин сулуулук салондорунун биринде иштейт.

Үлпөт тоюнун датасы жана өткөрүлө турган жери тууралуу азырынча маалымат берилген жок.

 

https://www.instagram.com/p/BimoOWqHEQh/?taken-by=begaim______

https://www.instagram.com/p/Bihl_ZZDLGp/?taken-by=begaim______

 

https://instagram.com/p/Bk2uDUsBCOb/?utm_source=ig_embed

 

Шумкар Бейшеналиев, актер: Казакстанда киного тартылып, каскадер болуп жүрөм

Шумкар (Шума) иним жай турмушта куудум-шуудуму жок, түз жүргөн жигит. Бирок, тааныган, билгендер аны бир көргөндө жылмайбай коё албайт. Комедиялык жанрдагы «Бажарики», «Бажарики-2» ж.б. кинолордо тиешелүү кейипкерлердин образын мыкты аткарганы менен эл оозуна алынган. Жакында «Ак кой, кара кой» ролиги да элдин купулуна толуп, дарегине жакшы сөздөр айтылууда.

– Шумкар иним, мен адаттагыдай эле маекти салттуу суроомдон баштайын. Куудулдук өнөр кай жактан, кимден?

– Негизи эле актёр болуу менин бала чактагы кыялым болчу. «Ойноп аткан ролумду көргөн көрөрмандар, көрүүчүлөр шолоктоп ыйлап отурса» дечүмүн. Куудулдук өнөр чоң атамдан келатат, атам да жөн адам эмес. Тамашалап сүйлөп, пародиялап, элдин маанайын «сокур ит бок жалагыча» көтөрүп ийет. Атамдан мага жугуп, эми мен «оңбой» калдым.

– Кадр артында да эсте кала турган көп окуялар болуп кетет…

– «Бажарики» киносунда андай окуялар көп болду. Биринчисинде тасмал үстүндө тартылып, он чакты дубль болуп, курсагым жарылып кала жаздаган. Экинчисинде болсо өрттөнүп, капыстан чолок шымга бензин төгүлүп, саным күйүп жаракат алгам. Сууга жеткиче эле күйүп калыпмын.

– Инстаграм сен үчүн?..

– Инстаграм мен үчүн хобби. Ал жакка позитивдүү жаңылыктарымды салып турам. Ансыз да өлкөдөгү акыркы жаңылыктарга кулак төшөсөң эле «жол кырсыгынан 7 адам өлдү. Жаш кызды же кемпирди зордуктап кетти. Машине алты ала салып барып, ичиндеги алты адам набыт болду» деген жагымсыз кабарды бир күндө алты жолу кайталайт. Ошондуктан кыргыз элине андан тьппкары юмор тартуулап, бираз түйшүктөн оолактап, биздин роликтерди көрүп жылмайып коюшсун деген максатта шугулданам.

– Инстаграмдагы «Натяжной потолок» аттуу ролигиңер тууралуу айта кетсең?

– Аны Эмил Эсеналиев «Шумкар, кел экөөбүз тартып коёлу» деген. Анан экөөбүз импровизациялап, оюңа эмне келсе ошону сыртка чыгарып айтмай кылганбыз. «Сен тигини айт, андан кийин мен муну айтам» деп сүйлөшүп, акырында кыргызча түш жоруган Андрей деген досубузду да кошуп бир жакшы идея чыккан. Андайлар бизде бат-бат болуп турат.

– Ак кой, кара койду да ушинтип жараткансыңарбы?

– Мындан 3-4 жыл мурун Тамашоуда ойноп жүргөндө Арслан деген досум «Шумкар, менде сага деген бир идея бар, ак кой, кара кой боюнча» деп сценарийин айтып берген. Идея Арслан достуку. Аны Эмил экөөбүз отуруп алып, «сен жамбаштап жаткан болосуң. А мен эки размер чоң өтүктү кийип келем…» деп роликке ылайыктап тартып койдук.

– Жашоодо сени жөнөкөй эле жүргөнүңдү билебиз же андай эмеспи?

-Ошондой элемин, байке. Болор-болбос нерсеге ырсалаңдаганды табитимде жактырбайм. Тааныбаган кишиме тамаша айтпайм. Ичи-койну жабык кишилер менен сүйлөшпөйм, тултуюуп туруп алам.

– Ак койдун баасы канча?

– Байке, азыр койлор кымбаттап кетиптир. 7-8 миң экен. Сизге 5 миң сомдон жогору.

– Качан үйлөнөсүң, досторуңдун бирөөсү 16 жаштагы кызды алып, кызыл ат минип жүрөт, а сен…

-А мен бойдокмун. Стоп-стоп! «Бойдок» десе эле «кызы жок экен» дебесин сиздин окурмандар. Сүйлөшкөн кызым бар. Убакыт-сааты чыккан күнү ата-энемдин маңдайына жаркылдатып жетелеп барам. Апам ак жоолугун башына салат. Азыр болсо Казакстанда киного тартылып жүрөм.

– Өткөндө айттың эле «байке, мен каскадёрмун, студентмин» деп. Ошо боюнчабы же комедиябы?

– Жок-жок, комедия эмес, каскадёр болуп жүрөм. Жаман иниңиз жөн жүрбөй калбадыбы. Студентмин, Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуйм.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Сезим Асранкулова, "Мисс-Бишкек-2018": Мени чет өлкөлүк мырзалар кызыктырбайт

Жакынкы убактарда эле Рыскүл Намазбекова уюштурган «Мисс-Бишкек-2018» сынагында баш байгенин ээси болгон ай чырайлуу, кымча бел кыздарыбыздын бири Сезим Асранкулова менен маек курдук.

– Сезим, сенин жеке турмушуң окурмандар үчүн кызык болуп турса керек…

-Мен 1995-жылы 11-октябрда Сокулук айылында жарык дүйнөгө келгем. Атам мен 4 жашымда кайтыш болгондуктан, ата мээрими кандай болорун билбей калдым. Атасыз өсүп, оор күндөрдү баштан кечирдим. Өзүмдөн улуу эки эжем, байкем бар. Эжелерим экөө тең Бишкекте турушат. Экөө тең үч балалуу болуп, жезделерим менен ынтымактуу жашашат. Келечекте мен да эжелеримдей ынтымактуу үй-бүлө күткүм келет. Алгач Сокулуктагы №1 гимназия орто мектебин бүткөндөн кийин Махмуд Кашкари атындагы Чыгыш университетине киргем. Бирок мага анчалык жаккан жок. Кийин кайра Жусуп Баласагын атындагы улутгук университеттин экономика факультетине сырттан окууга тапшыргам. Азыр төртүнчү курска көчтүм. Өлкөмө экономика тармагына жылыш алып келип, өз салымымды кошсом деген максаттарым бар.

– Дүйнөлүк кайсы сынактарга катышуу максатың бар?

– Мени 15 жашымда эле тааныштарым, жакындарым «модель болсоң болчудай, сынактарга катышып көрбөйсүңбү?» деп айтып калышчу. 2017-жылы «Мисс-Кыргызстан-2017» конкурсуна катышып, «Самая модная красавица» номинациясына ээ болгом. «Мисс-Бишкек-2018» конкурсунда жеңүүчү болдум. Катышууга сулуулук сынактары көп. Баарынан «Аалам сулуусу» жогорку деңгээлде өткөрүлөт. Колдон келсе, эл көрүп, жер көрүп саякаттаганга не жетсин? Мүмкүнчүлүк болсо Испания, Мексика жана Африка өлкөлөрүн кыдырмакмын.

– «Мисс-Бишкек-2018» сынагынын жеңүүчүсүнө көз арткан мырзалар көп болсо керек. Чет элдик мырзалар колуңду сураса кандай кадамга барасың?

– Кыргыздын мыкты жигиттери көп. Мени чет элдик жигиттер кызыктырбайт. Баары бир маданиятыбыздагы, менталитетибиздеги айырмачылыктар үй-бүлөлүк жашоодо көрүнбөй койбойт деп ойлойм. Мен кыргыз жигитке турмушка чыгып, нукура кыргыз турмушу менен жакын адамдарымдын арасында бактылуу жашагым келет.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Шумкар Бейшеналиев, актер: Казакстанда киного тартылып, каскадер болуп жүрөм

Шумкар (Шума) иним жай турмушта куудум-шуудуму жок, түз жүргөн жигит. Бирок, тааныган, билгендер аны бир көргөндө жылмайбай коё албайт. Комедиялык жанрдагы «Бажарики», «Бажарики-2» ж.б. кинолордо тиешелүү кейипкерлердин образын мыкты аткарганы менен эл оозуна алынган. Жакында «Ак кой, кара кой» ролиги да элдин купулуна толуп, дарегине жакшы сөздөр айтылууда.

– Шумкар иним, мен адаттагыдай эле маекти салттуу суроомдон баштайын. Куудулдук өнөр кай жактан, кимден?

– Негизи эле актёр болуу менин бала чактагы кыялым болчу. «Ойноп аткан ролумду көргөн көрөрмандар, көрүүчүлөр шолоктоп ыйлап отурса» дечүмүн. Куудулдук өнөр чоң атамдан келатат, атам да жөн адам эмес. Тамашалап сүйлөп, пародиялап, элдин маанайын «сокур ит бок жалагыча» көтөрүп ийет. Атамдан мага жугуп, эми мен «оңбой» калдым.

– Кадр артында да эсте кала турган көп окуялар болуп кетет…

– «Бажарики» киносунда андай окуялар көп болду. Биринчисинде тасмал үстүндө тартылып, он чакты дубль болуп, курсагым жарылып кала жаздаган. Экинчисинде болсо өрттөнүп, капыстан чолок шымга бензин төгүлүп, саным күйүп жаракат алгам. Сууга жеткиче эле күйүп калыпмын.

– Инстаграм сен үчүн?..

– Инстаграм мен үчүн хобби. Ал жакка позитивдүү жаңылыктарымды салып турам. Ансыз да өлкөдөгү акыркы жаңылыктарга кулак төшөсөң эле «жол кырсыгынан 7 адам өлдү. Жаш кызды же кемпирди зордуктап кетти. Машине алты ала салып барып, ичиндеги алты адам набыт болду» деген жагымсыз кабарды бир күндө алты жолу кайталайт. Ошондуктан кыргыз элине андан тьппкары юмор тартуулап, бираз түйшүктөн оолактап, биздин роликтерди көрүп жылмайып коюшсун деген максатта шугулданам.

– Инстаграмдагы «Натяжной потолок» аттуу ролигиңер тууралуу айта кетсең?

– Аны Эмил Эсеналиев «Шумкар, кел экөөбүз тартып коёлу» деген. Анан экөөбүз импровизациялап, оюңа эмне келсе ошону сыртка чыгарып айтмай кылганбыз. «Сен тигини айт, андан кийин мен муну айтам» деп сүйлөшүп, акырында кыргызча түш жоруган Андрей деген досубузду да кошуп бир жакшы идея чыккан. Андайлар бизде бат-бат болуп турат.

– Ак кой, кара койду да ушинтип жараткансыңарбы?

– Мындан 3-4 жыл мурун Тамашоуда ойноп жүргөндө Арслан деген досум «Шумкар, менде сага деген бир идея бар, ак кой, кара кой боюнча» деп сценарийин айтып берген. Идея Арслан достуку. Аны Эмил экөөбүз отуруп алып, «сен жамбаштап жаткан болосуң. А мен эки размер чоң өтүктү кийип келем…» деп роликке ылайыктап тартып койдук.

– Жашоодо сени жөнөкөй эле жүргөнүңдү билебиз же андай эмеспи?

-Ошондой элемин, байке. Болор-болбос нерсеге ырсалаңдаганды табитимде жактырбайм. Тааныбаган кишиме тамаша айтпайм. Ичи-койну жабык кишилер менен сүйлөшпөйм, тултуюуп туруп алам.

– Ак койдун баасы канча?

– Байке, азыр койлор кымбаттап кетиптир. 7-8 миң экен. Сизге 5 миң сомдон жогору.

– Качан үйлөнөсүң, досторуңдун бирөөсү 16 жаштагы кызды алып, кызыл ат минип жүрөт, а сен…

-А мен бойдокмун. Стоп-стоп! «Бойдок» десе эле «кызы жок экен» дебесин сиздин окурмандар. Сүйлөшкөн кызым бар. Убакыт-сааты чыккан күнү ата-энемдин маңдайына жаркылдатып жетелеп барам. Апам ак жоолугун башына салат. Азыр болсо Казакстанда киного тартылып жүрөм.

– Өткөндө айттың эле «байке, мен каскадёрмун, студентмин» деп. Ошо боюнчабы же комедиябы?

– Жок-жок, комедия эмес, каскадёр болуп жүрөм. Жаман иниңиз жөн жүрбөй калбадыбы. Студентмин, Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуйм.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Кабылбаева Индира, ырчы: "Дил билет" аттуу таятамдын ыры мени элге таанытты

Жалал-Абад областынын, Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылында төрөлүп өскөн.

– Индира, “Дил билет” аттуу таятаңдын ыры менен эл алдына чыккансың, бул ыр сен үчүн чыгармачылык ак жолуңду ачты окшойт эл алдында, дагы кандай максаттарың бар?

– Ооба, таятам Салибай Шатмановдун “Дил билет” деген ыры мени элге таанытты десем болот. Даты көптөгөн элдердин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларды ырдап чьпъш, клиптерди тарттырып, элиме талыкпай кызмат кылсам деген тилегим бар.

– Индира, өзүң жөнүндө тааныштырып өтсөң?

– Мен Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылында төрөлүп өскөм, мурдагы Большевик атындагы мектепти аяктагам. Атам Кабылбаев Уланбек, апам Салибаева Замира ушул мектепте өмүр бою мугалим болуп эмгектенип келишет, алты бир тууганбыз. Мектепти аяктагандан кийин, 1995-1998-жылдары Бишкек шаарындагы музыкалык-педагогикалык колледжде окудум. Андан соң И.Арабаев атындагы университеттин музыка бөлүмүн аяктагам. Үй-бүлөм, эки уулубуз бар. Мен кичинекей кезимде эле музыкага шыктуу болуп чоңойдум, мектептен баштап эле ырдап чыккам. Үйдө атам комуз чертчү, эң алгач комузду 6-класста атамдан үйрөнгөм. Ал эми чоң сахнага 1-курсумда филармонияда ырдаганым эсимде.

– Индира, майрамдык кечелерге катышып, концерттерде, тойлордо ырдап элге кызмат кылып келе жатасың?

– Туура айтасыз, мен дагы телеканалдар уюштурган ар кандай майрамдык концерттерде ырдап келе жатам. Элибиз чакырган жерден калбай, элдин жакшылык тойлорунда жар-жар айтып, кыз узатып, юбилейлик тойлордо ырдап жүрөм. Анан албетте, мамлекеттик деңгээлдеги концертгерге да катышканга аракет кылам.

-“Таттыбүбү” тобунда ырдап жүргөнүндү билебиз?

“Таттыбүбү” тобу түзүлгөнүнө өтө көп эмес, эки жылдай убакыт болду. Топто музыкалык билимдери бар эки кыз эмгектенебиз. Бул топту Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы Нуркан Турсунбаев агабыз жана жеңебиз Жыпар Турсунбаева түзүшкөн. Топко кошулаар алдында бизде мьшдай улуу ысымга татыктуу болуп чыгып, алып кете алабызбы деген кооптонуу пайда болгон. Бирок “Таттыбүбү” эжекебиздин ысымы бизге кайра чыгармачылык дем-күч берип, стимул болду десем жаңылышпайм. Көбүнчө репертуарыбызда Таттыбүбү эжебизге арналган ырлар жаңырат. Алдыда дагы көп чыгармалардын үстүндө иштейбиз буйруса. Нуркан агайга жана келинчеги Жыпар жеңебизге ыраазычылык билдиребиз, ийгиликтерди каалайбыз!

– Индира, ал эми жеке ырчы катары өзүңө кандай багыттагы ырлар жагат?

– Мен эми комузумду колума альш ырдап жүргөндөн кийин көбүнчө үнүмө ылайыктуу, фольклор жаатындагы ырларга басым жасайм. Комуздун коштоосунда канча убакыт болсо дагы тажабай ырдай берем. Бирок элдин дагы талабын дайыма эске алабыз, эстрадалык багытта жазылган ырларды дагы көп аткарып келем. Менин ырларымдын аранжировкасын Жылдызбек Кадыркулов жана Өктөм Сапар уулу жазып беришет. Азыркы кезде аранжировкасы менен жаздырган ырларым он бешке жакындайт, анын ичинде “Кандай жакшы” “Дил билет” деген эки ырыма клип тарттырганбыз. Заманга жараша азыр ыр жаздырыш үчүн, клип тарттырыш үчүн көптөгөн каражат керектелет. “Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет” дегендей, акыры баары эле барып каражат маселесине келип такалат. Жогоруда айтылгандай эки клипти тарттырууга да жакын адамдарым жана досторум колдоо көрсөтүштү. Дагы аракет кылып, каражат топтоп, спонсор таап, көптөгөн мыкты ырларды жаздырыш, клип тарттырып элиме тартуулап, кызмат кылсам деген тилегим бар.

– Индира, азыркы эмгектенип жаткан жериң жөнүндө сөз кылсак?

– Бүгүнкү күндө Бишкектеги Касымаалы Баялинов атындагы китепканада, искусство бөлүмүндө эмгектенип келе жатам. Иштегениме көп жыл болду, китепкананын маданий иш-чараларынын бардыгына талыкпай катышып жүрөм. Республикалык деңгээлдеги өткөрүлгөн майрамдык концерттерге, фестивалдарга, конкурстарга ар дайыма катышам.

– Индира, кыргыз элине каалооң?

– Өзүм эмгектенип келе жаткан ынтымактуу коллективиме жана жалпы кыргыз элиме бакубаттуу жашоону, байгерчиликти, ынтымак-ырашкерликти каалайм! Элибизде ар дайыма жакшылыктар, тойлор боло берсин! Мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүн каалайм!

Анара Абдыкеева

Булак: “Фабула”

Кыздаркан Келдибекова, ырчы: Эл аралык сынактарга сунуш түшсө баш тартпайм , кудайга шүгүр талантым бар..

Таланттуу ырчы кыздар абдан көп. Кыргыз эстрадасында таланттан мурда шоу менен гана күн көргөн, таланты жагынан бир тбп аксагандары да жок эмес. Ал эми мен сөз кыла турган каарманым талант десе талант, өң десе өңү бар адеми кыз. Дегеним, кайсы жерге барбасын колунда комузу даяр, жандуу үн менен жан дүйнөнү гүлдөткөн чыгармаларды аткара алган, кандай чыгарма аткарбасын өз күйөрмандарын топтой алган инсан.

– Кыздаркан, жаңы ыр жаздырыптырсыз. Өзгөчө экен. Ырдын автору ким? Аткарып калууңуздун себеби?

– Ырдын автору кытайлык кыргыз Турдакун Айсу уулу. Ырды автордун аткаруусунда угуп жактырдым. Ырчы болбосо деле, катардагы адамдар да кайсы бир ырды чын дилинен жактырып калса кыңылдап ырдай берет эмеспи. Анын сыңарындай ырды абдан жактырып, ырдагым келгендиктен автордун өзүндөй деңгээлде аткара албасам да, болгон дараметим, күчүм менен ырдап чыгууга аракет кылдым. Ырдын кандай деңгээлде аткарылганына эл тараза, эл сынчы. Ал эми клипти болсо учурда кыргыз эстрадасынын дээрлик95 клиптерин тартып жүргөн ишенимдүү клипмейкер Эрнест Сыдыковго тарттырдым. Буюрса эл сынына койдук. “Музыка” каналы учурда ырчылардын чыгармачылыгын элге жеткирүүдө өзгөчө күжүрмөн иштеп жатышпайбы. Мен да эл катары ырымды алып баргам. Ал жакта атайын комиссия бар экен. Сынактан өтүп кетиптир, абдан кубандым. Анонс кылып берип жатышат. Жакындатолук кандуу клип кете баштайт.

– “Мега жылдыз” болууга араккетенесизби? Канткенде “мега жылдыз” боло алат деп ойлойсуз?

– Албетте аракет кылам акырындык менен. “Мега жылдыз” болуш үчүн бардык чыгарган ырларың хит болуш керек. Ошондой эле финансы жактан колдоо болуш керек. Бирок жалаң эле финансыга таянып отура берген да туура эмес. Өнөр адамы болгон соң сөзсүз түрдө таланттуу болуш керек. Кур эле ак-чанын күчүнө салып, калп эле каражатка таянып өздөрүн “мега жылдызмын” деп ойлогондор четтен чыгат эмеспи. Чыныгы таланттуу адамга гана ушул статус жарашат го деген ойдомун.

– Былтыр чыгармачылыгымды түшүнгөн мырза болсо турмушка чыгам деген элеңиз. Жолуга элекпи?

– Алдыга максат коюп, ошол ишке ашканча жаналекет кылып чуркаган адам айланасындагы адамдарга, окуяларга, жеке турмушуна азыраак көңүл буруп калат окшойт. Валким менин тагдырымдын ээси айланамда эле жүргөндүр, бирок максаттын артынан байкабай калып жаткандырмын. Кудай буюрса, жеке жашоомдо жаңылык болуп той болуп кетсе сиздерди биринчи чакырам.

– Атаандаштыкка кантип туруштук берүүдөсүз?

– Атандашуу эгерде жакшы ниет менен болсо албетте ар бир инсанды өстүрө турган нерсе. Эн башкысы кара ниет менен атаандашуудан кудай сактасын. Бирок билесизби, чыгармачылыкта атаандашуу болуп турганы жакшы дегенибиз менен ар бир ырчы-нын өз күйөрманы, угарманы болот. Канчалык жан үрөсөң деле, башкаларга бут тосуп, күйүксөң деле сенин өз угарманьщ болбосо, башканын угарманын тартып ала албайсың. Андыктан чыгармачьш адам тек гана баш көтөрбөй эмгектене бергени оң. Ошондо эмгектин үзүрү кайтат. Бирөөгө атаандашып, көз артып отурган убакытты ырхаттанууга, жаңы чыгарма аткарууга арнаганы оң.

– Күндүн канча пайызын интернетке арнайсыз? Катталуучуларды топтоого аракеттенесизби?

– Чындыгында интернетке андай деле коп кирбейм. Анткени жеке жумушта-рыма байланыштуу күндүн 30 пайызын гана арнашым мүмкүн. Элчилеп катталуучуларды топтоого аракет кылбайм. Өзүмдү социалдык тармактар аркылуу пиарлоону жактыра бербейм. Баскан-турган, ичкен-жегендин баарын зле баракчасына салып, эл-дин назарын өзүнө бурдурам дегендерден эмесмин.

– Эл аралык сынактарга катышуу туралуу ойлодуңуз беле?

– Албетте бул оюм бар. Кароо-сынактардан таптакыр качпайм. Анткени кудайга шүгүр, талантым бар. Эгерде сунуш боло турган болсо ар дайым даярмын.

– Сиздин сахналаштарыңыздардын көбү жеке концерт берип жатышат. Сизчи?

– Сөзсүз бул тууралуу ойлоном. Жеке концерт берүүнү көптөн бери тилек кылып келе жатам. Анткени ырчы болгон соң милдеттүү түрдө тушоо кесүү концерт берүүм керек. Быйыл тушоомду элимдин алдында кеситирип, ак батасын алып, мудүрүлбөй чуркап кетейин деген тилек, бата алайын деп жатам.

– Имиджди өзгөртүүдөн коркпойсузбу?

Эл назарында жүргөн адамдар сөзсүз образын алмаштырып турушу керек. Алмаштыруудан коркпойм жана даярмын ар дайым. Жаңычылдык, жаңы көз караш бизге ар дайым керек. Андыктан эч кандай чочулоонун кажети жок.

– Акыркы жолу оку-ган китебиңиз?

– Китеп адамдын дүйнө таанымын кеңейтүүчү, жан дүйнөсүн байытуучу, эстетикалык ырахат тартуулоочу жападан жалгыз курал. Ансыз адамдар караңгыда жол таппай калган жалгыз караандай эле болуп калмакпыз. Канчалык убакыт тар болуп турса да сөзсүз китеп окуганга убакыт болүү керек деп ойлойм. Олжобай Шакир агабыздын акыркы “Куюн доор”романын жана Алыкул Осмоновдун “Тандалган ырлар” жыйнагын окудум.

– Хейтерлерге кандай реакция кыласыз?

– Хейтерлерге эч кандай жаман деле оюм жок. Анткени алар да өз ойлорун жазат. Мен алар үчүн кайгырбайм дагы, ойлонбойм даты. Элдин пикирин жилке тизүүгө мүмкүн эмес. Эл деген эл, арасында сени жактырганы да, жаман көргөнүда болот. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: “Фабула”

Гүлмайрам Акматалиева, ырчы: Мени Таттыбүбү Турсунбаевага окшоштургандар көп

– Гүлмайрам, кайсы жердин кызысың, балалыгың кандай өтгү?

– Мен өрүкзарлуу Баткен жергесинде өрүк гүлдөрү төгүлүп жаткан учурда жарык дүйнөгө келипмин. Атам мал чарбачылык менен эмгектенген жөнөкөй, момун, мээнеткеч, өзүнө бек киши. Апам кыргыз тили, адабияты мугалими болуп 39 жылдан бери мектепте эмгектенип келет. Азыр эл агартуунун отличниги. Балалык чагым абдан жакшы өттү. Үйдө беш бир туугандын экинчисимин. Эрке болуп бой жеттим. Күчүк, мышыктарым менен ойноп, жоготуп алсам үйдөгүлөрдүн тынчын бузуп, чыр салчумун. Мектепти жакшы баалар менен аяктаган соң, ОшМУнун филология факультетин ийгиликтүү аяктадым. Англис тилинен сабак берип, мугалим болуп иштеп жүрдүм. 2018-жылы юриспруденция адистигин Ош мамлекеттик юридикалык институтунан кызыл диплом менен аяктадым.

– Анан иш менен чыгармачылыкты бирге ала жүрөсүңбү?

– Бала бакчада эле «Ак гүлдөр, көк гүлдөр» деген ырды апам комуз чертип, мен ырдачумун. Мектепте да адабий музыкалык кечелерде ырдап жүрдүм. ЖОЖдо окуп жүргөндө анча-мынча комуз чертип ырдап, сулуулар сынагына катышып, байгелүү орундарга ээ болтом. Кийин институтта иштеп жүргөндө институт аралык мелдеште жандуу үн менен ырдап, улуттук кийим менен чыккандыктан, кесиптештерим «ай, сен Таттыбүбү
Турсунбаевага окшош турбайсынбы, жакшы да ырдайт экенсиң, филармонияга кетишиң керек» деп түрткү бере башташты. Ошондон баштап өзүмчө ырдагым келип, ойлоно баштадым.

– Таттыбүбү Турсунбаеванын образын жараткан «Ай баратат» клибиң керемет болуптур…

– Апам да ыр жандуу болгондуктан мага клипке сценарийди, костюмду өзү даярдап берди. Клипти тарткан клипмейкер Эрнист Сыдыков жана Жапар деген балдар болду, ал эми аранжировщик Замир байке.

Эми азыр Таттыбүбү Турсунбаева эжеге окшоштурган күйөрмандар көп. Албетте ал эжебизге окшоштургандары мага сыймык. Менин жеке оюм боюнча сырткы келбетим бир аз окшосо керек, бирок ал эже өтө эле өзгөчө сулуу болгон деп эсептейм.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Назира Айтбекова: Уулум бир эле үйдүн эмес, эки үйдүн тең эркеси

Коомчулуктун назарын тынымсыз өзүнө буруп турган кыргыз шоу бизнесинин өкүлдөрүнүн сап башында турган, тагыраак айтканда алып баруучуларынын алдыңкы катарын ээлеген тайманбас, ачык мүнөз, позитивдүү, турмушта өтө жөнөкөй бир кыз бар. Ал Айтбекова Назира. Алып баруучу дарегине айтылган сындарды туура кабыл алат жана чычалап кетпей мойнуна алат. Коомчулукка тегиз жагуу кыйын эмеспи, айрымдары анын мындай сапатын жактырышпаса, айрымдары позитивдүүлүгүнө баа берет. Акыркы учурда анын жеке турмушундагы өзгөрүүлөрдөн кийин социалдык тармактарда ал тууралуу түрдүү пикирлер айтылганы айтылган. Назира айым да өзүнүн ички туюмдары, сезимдери тууралуу баракчаларына тынымсыз жазып, катталуучуларын, күйөрмандарын зериктирбейт. Мындан сырткары алып баруучу өтө таланттуу актриса экендигин “Эл эмне дейт” долбоорундагы түрдүү образдарды жараткандыгы менен далилдей алды. Эмесе көп кырдуу талант ээси менен кызыктуу маек курдук эле, назар салыңыздар.

– Назира, коомчулук канча талкууга алган сайын жаңыланып, жаңы образ менен чыгып жатканыңызга баа бердим. Мындай эрк адатта айымдарда азыраак. Сиз кайдан мындай энергия аласыз? Эрктүүлүк кимден берилген сапат?

– Кичинемден эле жетем деген максатыма, тилегиме жеткен, беттегенимди бербеген көк беттигим бар болчу. Мүнөзүм эле ошол го дейм. Турмуш деле өз салымын кошот экен. Улам-улам кайрап, курчутуп турган. Отума май тамызып жалбырттап күйгүзүп, бирде намыстантып, бирде шыктандырып жетелеп, өзү жетектеп чуркатып жатат. Баарына ыраазымын. Кыйын күндөрүм менин – тажрыйбам. Жаратканымдын колдоосун сезем. Жалгыз кыз деп жандап жүрөт дайым.

– Уулуңуз турмушуңуздагы өзгөрүүлөрдү кандай кабыл алды? Деги эле балдарга ата-эненин турмушундагы өзгөрүүнү кантип туура түшүндүрүү керек?

– Уулум өзгөрүүлөрдү оңой кабыл алышы үчүн бүт салымымды коштум. Ыңгайлуу үйдө жашап, көңүлүнө жаккан мектепке орноштуруп, көңүлү менен болдум. Ыйымды көрсөтүп, бирөөнү жамандап бырылдап отурсам баламдын ичине жек көрүү, таарыныч бүтмөк. Таштанды сезмек. Ал сезимдер бүткөн соң, тагдырына доо кетмек. Чоңдордун эки ажырымга түшүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин түшүндүрдүм. Бул жагдайда утулган эч ким жок экенин, баарыбыз бактылуу экенибизди көрсөттүм. Уулумдун келечеги, бактысы үчүн күчтүү болдум. Эч нерсени билгизген жокмун. Бул сыноодон татыктуу өтө алдым окшойт. Өзүмө ыраазымын. Азыр балам бактылуу, күлкүсү чыгып турат. Бир эле үйдүн эмес, эки үйдүн тең эркеси! Бул мен үчүн маанилүү!

– Курбу деп эсептелип жүргөнү менен тымызын ичи тарып жүргөн адамдарды көп эле байкасаңыз керек?

– Жашоомдо эки жолу курбу күттүм. Мектепте окуп жүргөндө, анан жогорку окуу жайда. Бүт дүйнөмдү салып, бар-жокту унутуп, берилип дос болот экенмин. Мектептеги досторум дос болгусу келбей калганда бир жума ыйлап жаттым. Мектепке барбай койдум. Экинчисинде бир жыл катуу ооруп жатып калдым. Кыздан курбу күтө албайт окшоймун деп ойлоп калдым. Кыз кишилер өтө эмоционалдуу келишет экен. Эркектер менен оңой экен дос болгон. Алар эркек, мен кыз болгон үчүн аяшат, колдошот, ийгиликке жетишсем кубанышат. Алар менен ар кандай темада сүйлөшсө болот. Кызыктуу айтор. Баш оорусу жок.

Менден улуу курбу эжелерим бар. Алар акылдуу болуп, турмушту көргөнү үчүн эмоцияга алдырышпайт. Акыл берип турушат. Негизи эле өзүм менен тең жаштагылар менен сүйлөшө албайм. Айланамдагылардын баары эле улуулар.

– Виртуалдуу жашоого басым жасап жүрүп, реалдуу баарлашуудан алыстап бараткандайбыз. Социалдык тармактардан баш тартып, тынч жашоо тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле же баш тарта албайсызбы?

– Виртуалдуу дүйнө абдан арбап алды. Интернеттен сүрөттөрүн көрүп, аа жакшы жүрүптүр, аман экен деп коёсуң да, ток пейил жүрө бересиң. Сагынбайсың. Реалдуу жашоону колдон алып коет экен. Виртуалдууну таштай албайм го. Жумушумдун баары ушул жерде. Элге отчет берем, сырдашам. Журналисттер менен байланышам. Кесиптештерим ушул жактан табышат. Мунсуз эл адамы жүрүшү кыйын. Тек гана контролдоп, убакытты чектеп киргенди билишибиз керек. Өтө эле көз каранды адамдарга кирбейм. Ишимди бүтүрүп, балама да, апама да, досторума да көңүл бөлгөндү билем.

– Коомчулукту иренжитүү өтө тез, жагуу өтө татаал эмеспи. Иренжитип албас үчүн кооптоносузбу же тобокелге көбүрөөк саласызбы?

– Ортодо ичке чек бар. Ошол чекти сезе билишиң керек. Иренжиткен абалга жеткирбеш үчүн акылың, тажрыйбаң, көрөгөчтүгүң, сезгичтигиң керек. Эл адамы эл менен энергия алмашып турат. Алардан келген толкундан эле бардыгы билинип турат. Элден келген толкун мен үчүн индикатор.

– Саясатка кызыгасызбы? Балким олуттуу кызмат сунуштаса эмне кылат элеңиз?

– Саясатка кызыкпайм. Өзгөчө учурда кызыгуум такыр жок. “Фейсбукту” ачсаң эле бирин-бири сайып-сатып жатышат. Кир дүйнөнү жан дүйнөм каалабай турат. Аттап өтөм. Саясатсыз эле элге көмөгүм тие алат. Олуттуу кызмат сунуштап эле жүрүшөт. Баш тартып келгем, баш тарта берем. Ал дүйнөдөн ырахат албайм. Өзүмдүн чыгармачылыгымдагы ырахатым мен үчүн маанилүү.

-Чыныгы сүйүүгө кабылдым деп ойлойсузбу?

-Чын сүйүүгө кабылдым деп ойлогом. Адашып алган окшойм деп жатам. Анализ жасап көрсөм, көнүп калуу го жөн эле. Же өзүмдү ошентип сооротуп жатамбы айтор. Бирок келечектен үмүтүм зор. Укмуш бир кинодогудай тарыхымда, тагдырымда кооз сүрөтүн тартчу, жакшы изин калтырчу, мени бактылуу кылчу, өмүр бою менин жанымда, жанымымда калуучу сүйүү келет деп күтүп, ишенип жатам. Сүйүүнү деле билген жокмун да. Бир бала сөз айтса тийип кете бердим. Баскан жокмун. Чокума билемби анан сүйүүнү. Эми-эми жетилип, сүйүүгө даяр болдум деп ойлойм.

-Акын Дүйшеев агабыздын “Тозок болду Дүйшеев болуш” деген ыры бар эмеспи. Анын сыңарындай, Айтбекова болуш да бир топ түйшүккө салса керек.

-Айтбекова болуштун тозогунан бейишин көбүрөөк көрөм. Тозоктун да бейишин көрө билүү кажет жашоодо. Болбосо, күл болуп күйүп кетесиң. Элдин сүйүүсү, урматы, батасы, жакшы сөзү мени укмуш көкөлөтөт. Сугарылам. Ал тургай жаман жазган адамдын да мага көңүл бөлүүсү, убактысын кетириши да маанилүү! Кайсы ишти бүтүрүүнү кааласам колумдан кошо талашып, бүтүрүп беришет. Дароо таанып, сый көрсөтүшөт. Жеңилдик көп. Белек-бечкек көп келет. Абдан бактылуумун! Жашоом, Айтбекова болуп төрөлүп калышым чоң бакыт! Мындан артыгы барбы?

– Тамадалык кылып каласыз. Аялдар элди башкара албайт, тойду башкара албайт дегендерге айтаар жообуңуз?

– Жалгыз көп чыга бербейм. Жанымда жандаган мырзалар болгону үчүн мага оңой, жеңил. Жалгыз алып барганга мойнум жар бербейт. Мен отурган тойдо аял кишинин жетектешин каалабайт элем. Тамадалык эркек адамга жарашчудай сезилет. Коңур үн адамды ойготот. Эркектин карааны, сүрү бар дегендей. Жанында аны кооздогон, кооз сүйлөп, кооз кийинген айымды көргүм келет кардар катары. Ошон үчүн жалгыз чыкпайм.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: “Фабула”

Эрмек Нурбаевдин жаңы долбоору көпчүлүктү кызыктырды

Дайыма изденүүнүн гана үстүндө жүргөн, “Тамашоу” аркылуу жүздөгөн таланттардын багын ачкан, коомчулукта жакшы пикир туудуруп жүргөн таланттуу жигиттердин бири Эрмек Нурбаев жакында эле адатынча элден өзгөчөлөнүп, “Автокараоке” аттуу автордук долбоор иштеп чыгып, ал тез эле эл оозуна алынган учуру. Долбоор жылдыздардын талантын текшерип, кээде логикасына да таасирин тийгизет.

Булак: “Фабула”

Меню