Menu

ЭКОНОМИКА

Кенчилер: Кыргыз алтынын Батышка сатуу укугун калыбына келтирүү керек

Тоо-металлургия кесиптик кошууну Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын (LBMA) “Кыргызалтын” ачык акционердик коомун ишенимдүү жеткирүүчү макамынан ажыратуу боюнча чечимин жокко чыгарууга аракет көрүү зарылдыгын билдирди.

Каттын авторлору Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын чечими өлкөнүн алтын өндүрүү тармагына терс таасирин тийгизерин белгилешкен. Алардын пикиринде, “Кыргызалтын” ишканасына таандык Кара-Балтадагы заводдо алтын аффинаждоо пайдасыз болуп калгандыктан, ал банкротко кептелиши ыктымал. Кесиптик кошуун бул макамдан ажыроо экономикалык чыгымдарга гана алып келбестен, өлкөнүн кадыр-баркын түшүрүп, инвесторлордун кетишине алып келиши мүмкүн экенин айтышууда.

Кенчилердин пикиринде, парламенттин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети бул маселени карап, андан чыгуу жолдорун аныкташы керек. Тоо-кен компанияларынын ишмердүүлүгү экономикалык жана юридикалык талаада гана каралышы керек. Бюджетти түзүүчү тармакты саясатташтыруу анын жок болушуна алып келет“ деп айтылат билдирүүдө.

17-сентябрда Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) “Кыргызалтындын” алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын токтотконун билдерген. Муну менен Кыргызстан өндүргөн алтынын батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгүнөн убактылуу ажыратылган.

Буга чейин “Кыргызалтын” ишканасына таандык Кара-Балтадагы аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймалары дүйнөдөгү Good delivery (ишеничтүү жеткирүүчү) макамы менен эч тоскоолдуксуз сатылып келген. Good delivery – дүйнөдөгү алтын базарындагы белгилүү марка.

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров “Кыргызалтындын” аффинаждоочу заводунун аккредитациясын жокко чыгаруу убактылуу гана иш, жакында калыбына келтирилиши мүмкүн” деген. Ал башка дагы тоскоолдуктар болорун эскертип, бирок “дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жоктугун” айткан.

УКМК: "Кумтөрдөн" $200 млн уурдашкан "Центерра" менен "Кумтөр Голд Компани" ишканаларынын жетекчилери Ян Аткинсон, Андрей Сазанов, Макл Фишер, Джон Сютерлер сыртынан жоопко тартылып издөө жарыяланды

УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Тергөөдө канадалык «Центерра» компаниясынын жогорку жетекчилигинин жана «Кумтөр»  кенинин оператору «Кумтор Голд Компания» ЖАКтын тиешеси бар экендиги тууралуу жана чет өлкөлүк жарандардын ичинен, 2013 -жылдын декабрында 200 миллион АКШ долларын уурдоо ошондой эле аларды чет элдик компаниянын эсебине алуу боюнча далилдер алды.

2013 -жылы Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо маселеси боюнча өлкөнүн өкмөтүнүн активдүү ишинин жана Центерранын шарттарын кабыл алуу мүмкүн эместиги боюнча парламенттин категориялык позициясынын фонунда, бул компаниянын жетекчилиги “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын жогорку жетекчилиги менен жең учунан сүйлөшүп алып, жасалма карыздык милдеттенмелер жана кийин дивиденддер катары эсептен чыгаруу боюнча компаниядан 200 миллион долларды чыгарган.

Бул факты боюнча тергөө тарабынан “Центерранын” мурдагы президенти Ян Аткинсон, “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Андрей Сазанов жана Макл Фишер, “Кумтөр Оперейтинг Компания” ЖАК финансы боюнча вице-президенти Джон Сютерлер сыртынан жоопко тартылып издөө жарыяланган.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө уланууда, жыйынтыгы боюнча регалиясына жана татыктуулугуна карабастан Кумтөр долбоорунда өлкөнүн кызыкчылыгына зыян келтирген кылмыштуу аракеттерге катышкан бардык адамдарга укуктук баа берилет.

«Дастан» заводунда белорус лифтерин куроо боюнча ишкана ачылат

«Дастан» корпорациясы/Бишкек Мэриясы жана «Моглиевлифтмаштын» ортосунда кызматташууну жолго салуу үчүн Кыргызстандын Белорус Республикасындагы Элчиси Э.Ибраимов менен ТНК «Дастан» ишканасынын коммерциялык директору Могилев шаарына иш сапар менен барышты. Бул тууралу Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилиги билдирет.

Сапар учурунда кыргыз делегациясы ОАО «Могилевлифтмаш» өндүрүшү жана чыгарган продукциялары менен таанышып, аталган ишкананын өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр учурунда «Дастан» ишканасынын базасында лифтерди куроо боюнча ишкана ачуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле Белорусиянын экспортту колдоо каржылык механизмин колдонуу менен Бишкек шаарына лифтерди алып келүү маселелери талкууланды.

Элчи Э. Ибраимов Бишкек шаарынын лифтик чарбачылыгын жаӊыртуу боюнча эки өлкөнүн ортосундагы аткарылып жаткан иштерди кубаттап, ушул багытта кызматташуну улантууну сунуштады.  

Өз кезегинде, белорус тарап Бишкек шаарындагы эскирген жана иштен чыгып калган лифтерди алмашытруу программасына катышууга кызыкдар экенин белгилеп, бул багыт боюнча кыргыз тараптын бардык сунуштарын карап чыгып, колдоого даяр экендигин айтты.

Кыргызстандын экономикасынын өсүшү басаңдоодо

Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 2021-жылдын январь-августунда 405 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын сегиз айына салыштырмалуу 0,7% азайды.

Бул сан өлкөнүн экономикасы пандемия башталгандан бери төмөндөп отуруп, бир жарым жылдын ичинде нөлдүк өсүшкө да жетепегенин билдирет. Бирок өткөн жылдын март айынан берки эң жакшы көрсөткүч.

Улуттук статистика комитеттин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 7,3% азайган.

Терс тенденциялар курулушта байкалган, мында көлөмдүн төмөндөшү 9,1%, айыл чарбасында 4,9% түзөт. Дүң жана чекене соодада, тескерисинче, көлөмдөрдүн 10,9%га өсүшү байкалган.

8 ай ичинде инфляция 6,2% түздү. Тактап айтканда, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 7,6% кымбаттады.

Тышкы соода жүгүртүү январь-июлда 3,8 миллиард сомду түзүп, жыл ичинде 19,6% өстү. Экспорт 16,5% төмөндөдү, импорт 40,3% өстү.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2023-жылга карата ички дүң өнүмдүн пандемияга чейинки деңгээлине кайтып келүүнү сунуштаган. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкө экономикасында “оң жылыштар” бар экенин билдирген.

Токтогулда суу былтыркыдан дээрлик 3 млрд. кубометрге аз

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 2,9 млрд. кубометрге аз. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Анын айтымында, суу сактагычка сууну толтуруу жана көлөмүн сактоо үчүн Бишкек Жылуулук электр станциясы (ЖЭБ) күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

Быйыл ЖЭБде 1,3 млрд. кВт саат өндүрүлдү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 20-30 пайызга көп.

“Ошондой эле Түркмөнстан менен 500 млн. кВт саат электр энергия боюнча келишим бар. Ал Өзбекстан аркылуу келүүдө. Мындан сырткары, Казакстан жана Өзбекстан менен дагы иш-аракеттер жүрүп жатат”, – деди министрдин орун басары.

10-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында 12,1 млрд. кубометр суу топтолду. Өткөн жылы (2020-жыл) 1-октябрга карата өлкөнүн негизги суу сактагычында 15,2 млрд. куб суу топтолгон.

Токтогул суу сактагычы Нарын дарыясына курулган. Ага башка дагы бир катар дарыялар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башкалар куят. Өткөн жылы өлкө бийлиги аба ырайына байланыштуу суу аз болорун эскерткен.

Маалыматтарга караганда, быйылкы жылы суунун агып кирүү көлөмү болжол менен 8,4 млрд. кубометр болду. Бул деген көп жылдык орточо норманын 88% түзөт.

2021-жылдын 10-сентябрында Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү 317 кубометрди түздү. Салыштырсак, өткөн жылдын ушул күнү 470 кубометр болгон.

USAID Жалал-Абадда сарымсак өндүрүшүн кеңейтип, экспортту көбөйтүүгө колдоо көрсөттү

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда сарымсакты кайра иштетүүчү ишкананы кеңейтүүдө колдоо көрсөттү. USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында Капарова Жаңылай жетектеген ишканага жапайы сарымсакты кургатуу жана кесүүчү жабдуу тапшырылды. Натыйжада ондогон жаңы жумуш орундары түзүлүп, Өзбекстанга сарымсактын экспортунун көбөйүшү күтүлүүдө.

Жаңы жабдуулардын жардамы менен ишкананын өндүрүмдүүлүгү дээрилик үч эсеге өсүп, сезонуна 30 тоннадан 80 тоннага чейин жетиши күтүлүүдө. Натыйжада Өзбекстанга экспорт гана көбөйбөстөн, сарымсак менен алек болгон жергиликтүү фермерлер да пайда көрүшөт. Буга чейин ишкана 15 дыйкандан сарымсак алып келсе, келе жаткан сезондо ал 220 фермер менен иштөөнү пландап жатат. 

«Мен ишканабызга көбүрөөк адамдарды жалдай алабыз деп үмүттөнөм. Учурда ишканада 10 адам туруктуу иштейт. Жаңы жабдуулар иштей баштаганда, дагы 60 адамды жумушка алабыз», – дейт Ж. Капарова.

Жапайы сарымсак – дыйкандан чоң чыгымдарды талап кылбай, жаан сууга өсөт. Андыктан дыйкандар алыс аймактарда мурда пайдаланылбаган жерлерди иштете алышат. Жаңыл айым өндүрүш стандарттарына жооп берген жапайы сарымсак өстүрүү үчүн аны менен иштөөгө кызыккан дыкандарды үйрөтүүгө да жардам берет.

«Мындай ишканаларды колдоо айыл чарбанын көп жагына: жеке фермерлерге, же иштетүүгө, соода жана экспортко, жаңы жумуш орундарын түзүүгө оң таасирин тийгизип жатканына кубанычтабыз. Биздин негизги максат – кыргызстандыктар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жашоону жакшыртууга салым кошуу», – дейт USAIDдин экономикалык өнүктүрүү кеңсесинин директору Джошуа Темплтон.

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы «Агросоода» долбоору Кыргызстандын айыл чарба ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Өзбекстан менен соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу Кыргызстанда жумуш орундарын жана кирешелерди жогорулатуу багытында иш алып барат.

УКМК: Аткезчилик менен алектенген бажы кызматкерлери кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Экономика жана финансы министрлигине (ЭжФМ) караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан (МБК) алынган маалыматка ылайык, “ALG” ЖЧКсы жагындагы экономикалык контрабанда фактысы боюнча КР ЭжФМ караштуу МБК «Түндүк» Темир жол бажысынын «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринин жогорку кызмат адамдары Ж.Д. жана М.Е. кармалып Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.        

2021-жылдын 17-августунда Бишкек шаарынын аймагынан бажы көзөмөлү учурунда, тийиштүү бажы процедураларынан жана бажылык жол-жоболордон өтпөстөн Бишкекти көздөй жөнөп, “Дордой” соода базар комплексинин аймагына келип, бекитилген түзүлүштөрдү ачып, товарларды жарым-жартылай түшүргөн Түркия Республикасы тарабынан чыгарылган фирмалык кийим түрүндөгү эл керектөөчү товарлар менен «Түндүк» Темир жол бажысынын «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринен үч жүк ташуучу унаа кармалган.

 Тергөөдө аныкталгандай, жүктөрдү түшүрүү «ALG» ЖЧКсынын кызматкерлеринин шериктештиги менен ишке ашырылганын, ал эми «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринен  тийиштүү бажы процедураларынан жана бажылык жол-жоболордон өтүү КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын демөөрчүлүгү астында жүргүзүлгөн.

Транзиттик декларацияларга ылайык, кармалган жүк бажы мамилелеринде фирмалык кийим түрүндөгү товарларга салыштырмалуу төмөн баада жол-жоболоштурулуучу трикотаж кездемелер, жиптер, токулган кездемелер, жибек кездемелер жана пахта катары декларацияланган.

КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген, бул тергөө учурунда көрүлгөн чаралар менен тышкы экономикалык иштин катышуучусу тарабынан толук компенсацияланган.

Учурда кылмыш иши боюнча кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилмекчи.

Бажы кызматы бажы алымдары көтөрүлбөгөнүн билдирди

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы алымдары эки эсе көтөрүлгөнү тууралуу маалыматты четке кагып, 9-сентябрда түшүндүрмө берди.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо товардын бажы наркынын 0,25% бажы төлөмү, ЕАЭБдин ставкалары боюнча импорттук бажы алымы жана 12% кошумча нарк салыгы төлөнөт.

Ташып кирүү бажы алымынын белгиленген чендери Евразия экономикалык биримдиктин беш мүчө мамлекети – Кыргызстан, Беларус, Казакстан, Орусия жана Армения үчүн бирдей.

“Тиешелүү бажы алымдарын төлөөдөн качуу максатында, тышкы экономикалык ишмердиктин айрым ак ниеттүү эмес катышуучулары товарлар тууралуу жалган маалымат беришет. Мисалы, бажы алымдарынын кыйла жогору чендери коюлган “кийим, бут кийим” товарларынын ордуна, ташып кирүү бажы алымынын төмөн чендери берилет. Ошентип, мындай кырдаал ташуучу фирмалар товарларды базарлардын сатуучуларына иш жүзүндө бажы жагынан таризделген товарларга ылайык келбеген товарларды беришет”, – деп айтылат маалыматта.

8-сентябрда “Дордой” базарынын соодагерлери бажы төлөмдөрү эскертүүсүз эки эсе көбөйтүлгөнүн айтып, базардын аймагында пикетке чыгышкан. Алар бул маселе боюнча Бажы кызматына кайрылышканын, бирок түшүндүрмө берилбегенин айтышкан.

Чет элдик компаниялар Бишкек ЖЭБ-2ни курууга кызыгууда

Британия, Түркия жана Кытай компаниялары Бишкек Жылуулук электр борбору — 2ни (ЖЭБ-2) курууга кызыкдар.

Бул тууралуу парламенттин 8-сентябрдагы жыйынында энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Эл өкүлү ЖЭБ-2ни курууга канча каражат кетерине жана анын техникалык экономикалык аныктамасы (ТЭО) иштелип чыккан-чыкпаганына кызыкты. Ал ЖЭБге жакын жашаган тургундарды башка жакка көчүрүү маселесин сурады.

“Электр станциялары” ТЭОго тендер жарыялаган. Жакында аягына чыгып, биз колго алабыз. Баасын азыр айта албайбыз. Ал эми тургундар көчүрүлбөйт. Ал жерде 62,2 гектар жер каралып жатат. Азыр ушул тилкеге кура турган инвесторлорду издеп жатабыз. Үч – британ, түрк жана кытай компаниялары кызыгуусун билдирүүдө. ТЭО бүткөндөн кийин меморандумга кол коюп, ишти баштайбыз”, – деди министрдин орун басары.

Буга чейин президенттин администрациясы ЖЭБ-2ни курууну жандантып, кубаттуулугун 460 МВт жеткирип, 2-5 жыл ичинде бүтүрүү пландалып жатканын билдирген.

ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккан. Долбоор боюнча негизги отун катары жаратылыш газын колдонуу пландаштырылган. Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2ни 100 гектардан ашык жерге эки этап менен куруу мерчемделген. Бирок СССР кулап, газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурагандан кийин объектинин курулушу токтоп, 47 гектар аянттагы ЖЭБ-2нин санитардык зонасына акырындык менен жеке турак үйлөр курулуп кеткен.

“Түндүк электр" жети миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөрүн эскертти

“Түндүк электр” мамлекеттик ишканасы 6-сентябрдан тартып Бишкекте 7200 абоненттин жарыгын карызы үчүн өчүрөт. Мекеменин басма сөз кызматы карызы барлар электр энергиясы үчүн 6,4 млн. сомдон ашуун акчаны төлөбөй жатканын маалымдады.

Электр жарыгы үчүн карызы бары-жогун “Түндүк электр” ишканасынын кардарлары кол телефонундагы тиркеме аркылуу же 1209 номуруна түз чалып биле алат.

Расмий маалыматка караганда, өлкөдө жылына орточо 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Акыркы жылы керектөө өндүрүлгөн энергиядан ашып түшкөнү, андан улам таңкыстык жаралып жатканы кабарланган.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги кризистен чыгуу үчүн быйыл Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат ток алууну макулдашкан. Келишимге ылайык, өкмөт аны үч жыл ичинде жай айларында кайра электр түрүндө кайтарып бериши керек.

Меню