Menu

ЭКОНОМИКА

Кубан Чороев, эксперт: Кыргызстандын банктык системасы жакынкы 2 жылда урап түшкөнү турат

Кыргызстанда коммерциялык банктардан кредит алгандарга орточо проценттик үстөк акыркы он жылдар ичинде улуттук валютада 19-25%, чет элдик валютада 15-20% тегерегинде жүрдү. Бул дегендик Кыргызстандын коммерциялык банктары элге карызга берген ар бир доллар же сом ар бир 4-5 жыл ичинде болжол менен эки эсе көбөйүп турат дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда калк менен ишканалардын коммерциялык банктардын алдындагы карызы ар бир 4-5 жыл сайын эки эсе көбөйүп туруусу керек. Бул эсеп КР Улуттук банкынын статистикалык маалыматтары менен дагы дал келет.

Калк менен ишканалардын Кыргызстандагы коммерциялык банктардагы карызы мындан 20 жыл мурда 1 миллиаррд сомду түзүп турган, 2016-жылдын башына бул сумма 96,3 млрд сом болгон, башкача айтканда 96 жолу өскөн. Орточо эсеп менен акыркы 20 жылда коммерциялык банктарга карыз ар бир 4,8 жыл сайын эки эсе өсүп турган. Акыркы төрт жыл ичинде, 2012-жылдан баштап, 30 млрд сомду камтыган карыздын көрсөткүчү 2016-жылдын башына 96,3 млрд сомго, үч эсеге көтөрүлгөн.

Эгерде элдин коммерциялык банктарга болгон карызы ушул темп менен өсө турган болсо, 2020-жылга карыз 200 миллиард сомдон ашып кетиши толук ыктымал. Анда өлкө өзүнүн Ички дүң продукциясынын (ИДП) тең жарымын жыл сайын банктарга берип турууга мажбур болот.

Ошол эле учурда Кыргызстандын жан башына бөлүнгөн орточо кирешеси банктардын проценттик кирешесиндей темп менен өспөй жатат. Салыштырып көрсөк, Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) эсеби боюнча 2012-жылы Кыргызстандын ИДПсын жан башына бөлгөндө бир адамга 1177 доллардан турган. Ал эми 2016-жылы Кыргызстандын Ички дүң продукциясы жан башына бөлгөндө 995 долларга түшүп кеткен. Тактап айтканда, калктын банктар алдындагы карызы акыркы 4 жылда 3 эсе өсүп кетсе, өлкөнүн кирешеси жан башына тескерисинче 15%га кыскарып кеткен.

Кыргызстандын банктык системасы өлкөнүн экономикасынын бардык маңызын сыгып алды. Башкача айтканда банктык системанын өлкөнүн экономикасын эксплуатациялоосу жетер чегине жетти. Мындан ары экономика банктык карыздардын оор түйшүгүн көтөрө албайт.

Кубан Чороев, эксперт

Акыркы 2 эле жылда кредитин төлөй албагандардын саны 17 эсеге өстү

“Ишеним” кредиттик бюросунун маалыматы боюнча 2016-жылдын башына карата эле кредитин төлөй албай мөөнөтүн бузуп жүргөн карызгерлердин жалпы саны 113 миңге жеткен.

Кредитин төлөй албай жүргөндөрдүн саны жалпы карызгерлердин санынын 21%ын түзөт, башкача айтканда ар бир бешинчи карызгер карызын төлөө мөөнөтүн бузгандар. Эгер карызын төлөй албай жүргөндөрдүн санынын өзгөрүш динамикасын 2013-жана 2016 -жылдын башына карата салыштырып карап көрсөк, “Ишеним” кредит бюросунун маалыматы боюнча 2013-жылдын аягында мындай карызын төлөй албагандардын саны 8730 болсо, андан эки жыл өткөндөн кийин, 2016-жылдын башына карата андай төлөй албаган карызгерлердин саны 146765ке жеткен. Башкача айтканда эки эле жылдын ичинде (2014-2015-жылдары) кредитин төлөй албагандардын саны 17 эсеге өскөн.

Кредитин төлөй албагандардын санынын өсүү тенденциясы бүгүн да сакталууда. Улуттук банктын маалыматы боюнча кредитин төлөй албай калгандардын күрөөгө койгон мүлктөрүн тартып алуу боюнча коммерциялык банктардын 2017-жылдын августуна карата сотко берген доолорунун баасы – 2 миллиард 325 миллион сомго жетти. Кыргызстандын соттору азыр күрөөгө коюлган мүлктөрдү тартып алуу боюнча банктардын жана микрокредиттик компаниялардын доолоруна басылып калды.

Кубан Чороев, эксперт

Эл аралык валюта фонду: Кыргызстандын дүйнөлүк экономикадагы үлүшү - 0,01%

Кечээ, 4-январда интернет айдыңында Эл аралык валюта фондунун дүйнөлүк экономикадагы ар бир өлкөнүн салымы же дүйнөлүк Ички дүң продукциядагы өлкөлөрдүн үлүшү тууралу инфографикасы тарады.

ЭВФнын маалыматы боюнча дүйнөлүк ИДПдагы АКШнын үлүшү 24%, Кытайдын үлүшү 15%, Японияныкы 6,1%,  Германияныкы 4,6%, Францияныкы 3,2%, Улуу Британияныкы 3%, Индияныкы 3%.

Ал эми мурунку СССРдин составында болгон өлкөлөрдүкү баары биригип келип 2,6%ды түзөт. Алардын ичинде Россияныкы 1,8%ды түзүп, биринчи орунда турса, Кыргызстандыкы 0,01%ды түзүп, Тажикстандан кийинки, эң акыркы орунду ээлеген.

 

Forbes Kazakhstan: Назарбаевдин күйөө баласы "жылдын бизнесмени"

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы, “Атамекен” улуттук ишкерлер палатасынын президиумдун төрагасы Тимур Кулибаев Forbes Kazakhstan журналы тарабынан “жылдын бизнесмени” деп табылды.

Башкы бетине Тимур Кулибаевдин сүрөтү түшүрүлгөн журналдын жаңы саны 4-январда сатыкка чыкты.

Тимур Кулибаев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динарага үйлөнгөн. 2011-жылдан бери орусиялык “Газпром” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү. Тимур менен Динара Кулибаевдер “АЛМЭКС” компаниясы аркылуу Казакстандын Улуттук банкын көзөмөлдөшөт. Кулибаевдин активдеринин арасында башка бир катар компаниялар дагы бар.

Басылма Казкоммерцбанк менен Халык банктын биригүүсү, авиация жана медицина бизнесиндеги ийгиликтери Кулибаевдин баллын жогорулатканын белгилеген. Мындан тышкары “Атамекен” палатасы менен бийликтин ортосундагы диалогду жандандырганы дагы негизги көрсөткүч болгону айтылат. Forbes Kazakhstan басылмасынын версиясы боюнча Кулибаев 2017-жылы таасирлүү 50 бизнесмендин катарын кайрадан толуктады жана Казакстандагы 50 эң бай бизнесмендин арасына кирди.

Тимур Кулибаев мунайгаз жана энергетикалык KAZENERGY ассоциациясын, Улуттук олимпиадалык комитетин, Казакстан бокс федерациясын жетектейт. Америкалык Forbes журналынын эсеби боюнча анын мүлкү 2,1 миллиард долларды түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстандан Өзбекстанга товар алып кирүү тартиптери жеңилдеди

2018-жылдын 1-январынан тарта Өзбекстан жарандары Казакстандан 1000 долларга чейинки жеке колдонуудагы товарларды бажы төлөмдөрүсүз алып өтө алышат. Бул маалыматты Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитети тастыктады. Буга чейин норма 10 доллар болгон.

Өзбек ишкерлери январдан тарта Казакстандан товар алып өтүү жеңилдегенин билдиришти. Алардын айтымында, өзбек бажы кызматкерлери чек арадан өткөн жарандарга сылык мамиле жасап калышты.

– «Черняевка» көзөмөл өткөрүү бекетинде бажычылар өзүлөрүн аябай сылык алып жүрө башташыптыр. Алар Казакстандан 1000 долларга чейин товар алгандарды жайбаракат өткөрүшүүдө. Ашыкча текшерүү жок. Мен мындайды биринчи көрүп жатам, – деди өзбек соодагерлеринин бири.

Көптөгөн өзбекстандыктар азык-түлүктөрдү 30-40 пайызга арзан казак базарларынан ташыйт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстан кайрадан Ооганстанга электр энергиясын экспорттой баштады

1-январдан тарта Түркмөнстан Ооганстанга электр энергиясын жеткирүүнү калыбына келтирди. Бирок электр кубатынын баасына байланышкан көйгөйдү биротоло чечүү үчүн ооган тараптын өкүлдөрү Ашхабадга барышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Ооган өкмөтүнүн электр энергиясы менен камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Абдул Векиль Насырдын билдиришинче, Түркмөнстан электр кубатын мурдагы баа менен дагы бир ай Ооганстандын түндүк жана батыш аймактарына экспорттоого макул болду. “Түркмөнстан мындан ары да электр кубатын мурдагы баа боюнча сатат деген үмүттөбүз. Бул маселени чечүү үчүн Ооганстандын өкүлдөрү Түркмөнстанга барышат”, – деп билдирди ал 2-январда.

Маалыматка караганда, Түркмөнстан 1кВт/саат электр энергиясы үчүн 2 цент сурап жатат жана ооган керектөөчүлөрү бул жаңы баага макул болушууда.

Түркмөнстан экспорттолуп жаткан электр кубаты үчүн бааларды жогорулата турганын жаңы жылдын алдында жарыялап, ооган керектөөчүлөрүнө электр энергиясын берүүнү токтотконун билдирген.

Түркмөнстан Ооганстандын түндүгүндөгү үч облустун жарымын жана батыштагы Герат облусунун борбору менен бир канча районун электр энергиясы менен камсыздайт.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Казакстан Кыргызстанга 200,2 миллион теңге гуманитардык жардам бөлүп берди

Казакстан Кыргызстанга 200,2 миллион теңге (42 миллион сомдун тегерегинде) гуманитардык жардам бөлүп берди. Бул туурасында Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

Казакстандын куралдуу күчтөр жана аэрокосмикалык министрлигине казынадан табийгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды ликвидациялоо үчүн 662,689 миллион теңге бөлүү буйрук кылынган.

Расмий гуманитардык жардам берүү үчүн Тажикстанга 276,7 миллион теңге, Кыргызстанга 200,2 миллион теңге жана Сиияга 185,6 миллион теңге бөлүнгөн.

Тажикстандын мунай компаниясы $13,7 млн. компенсация төлөөгө милдеттендирилди

Париждеги Эл аралык арбитраждык сот өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн «Куляб Петролеум Лимитед» компаниясын франциялык «Тотал» жана кытайлык CNPC компанияларына $13,7 компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

Аталган эки компания «Куляб Петролеум Лимитед» менен биргеликте 2012-жылы Bokhtar Operating Company BVI деп аталган оффшордук компания түзүшкөн. Андан соң тараптар Тажикстандын түштүгүндөгү мунай жана газ кендерин иштетүүгө киришкен.

Бирок 2016-жылы майда СNPC жана Total компаниялары Эл аралык арбитраждык сотко кайрылып, «Куляб Петролеум Лимитед» өз милдеттерин аткарбай жатканына даттанышкан.

Өз кезегинде «Куляб Петролемум Лимитед» ишканасына ээлик кылган «Тетис Петролеум» компаниясы дагы каржы талаштарына байланыштуу Эл аралык арбитраждык сотко кайрылып, эки өнөктөшүнөн $10,1 миллион өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

СNPC жана Total компанияларынын маалыматына караганда, «Куляб Петролеум» «Бохтар» кенин иштетүү долбооруна 2 миллион доллар инвестиция салуу милдеттенмесин алып, бирок аны аткарган эмес. Ошол эле маалда акционерлердин долбоор боюнча келишиминен чыгуудан жана өз үлүшүн өнөктөштөрүнө өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Учурда CNPC менен Total Бохтар кенинде 33,335 пайыздан, «Куляб Петролеум» – 33,33% үлүшкө ээ.

Сот тажик компаниясын Bokhtar Operating Company BVI компаниясындагы 33% акциясын өнөктөштөрүнө өткөрүп берүүгө жана $13,7 миллион өлчөмүндө компенсация төлөөгө милдеттендирди. «Куляб Петролеум Лимитед» Тажикстандын эки районундагы мунайгаз кендерин иштетүү лицензияларына ээлик кылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн эки ишкананын карызды төлөө шарттарын өзгөртүү өтүнүчү каралды

Жогорку Кеӊеш “Электр станциялары” жана “Кыргызстандагы улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомдорунун 2017 – 2018-жылдардагы бюджеттик кредиттерин реструктуризациялоо жөнүндө” токтом кабыл алды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Анда Өкмөттүн «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жана «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомунун мамлекеттик зайым каражаттары боюнча карызын кайтарып берүү шарттарын өзгөртүү өтүнүчү камтылган.

Өкмөттүн маалыматына караганда, эки ишкананын бюджет тартыштыгы 2015-жылы 9 млрд 400 млн сомду, ал эми 2016-жылы 7 млрд 300 млн сомду түзгөн. «Электр станциялары» ишканасы 2017-жылы өз бюджетин оптималдаштыруу менен, бюджет таӊсыктыгын 1 млрд 200 млн сомго, ал эми «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ишканасы 562 млн сомго азайткан. Ошондон улам, азыр карызды төлөө шарттарын өзгөртүү зарылчылыгы жаралууда.

Депутаттар электр энергиясынын тарифин кайра карап, аны ылдыйлатуу зарылдыгын белгилешти. Анткени, Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла арзан электр кубатын өндүрөт. Орточо баасы – 1 сом 40 тыйын. Депутат Улан Примов элге өкмөттүн тариф саясаты тууралуу өз маалында так маалымат берип, туура түшүндүрүү зарылдыгын айтты.

Андан тышкары, Ош ТЭЦин тезинен реконструкциялоо маселеси көтөрүлдү. Энергоконцерндин башчысы Айбек Калиевдин айтымында, Ош ТЭЦин оӊдоо планы бар экенин, азыр ага каражат изделип жатканын билдирди.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева Бишкек ТЭЦин модернизациялоого 386 млн доллар каражат жумшалганын эске салып, бирок анын натыйжасы анчалык алымсындырбай жатканын белгиледи. «ТЭЦтин мештери жергиликтүү көмүргө ылайыкташтырылат дешти эле, ошого карабастан, биз дагы эле Казакстандын көмүрүнө көзкаранды болуп отурабыз. Электр кубатынын баасын дагы төмөндөтө алган жокпуз», – деди ал.

Гарри ханзааданын үйлөнүү тою Британиянын казынасына жарым миллион фунт стерлинг киреше алып келет

Британиянын королдугунун бешинчи мураскери Гарри ханзаада менен америкалык актриса жана фотомодель Меган Марклдын үйлөнүү тою Кошмо королдуктун экономикасына 500 миллион фунт стерлингден (680 миллион доллардын тегерегиндеги акча) кем эмес киреше алып келиши керек. Мындай алдын-ала маалыматты Brand finance консалтингдик компаниясы Reuters агенттигине берген маегинде билдирген.

Май айына белгиленген Гарри ханзааданын үлпөт тоюн өз көзү менен көрүү үчүн Улуу Британияга, мурунку жылдын май айындагыга караганда кошумча 350 миңден ашык туристтер келет.

Мындай туристредин келиши 2011-жылдын апрель айында дагы байкалган. Анда Гарринин улуу агасы Уильям ханзаада менен Кейт Миддлтондун тою өткөрүлгөн.

Меню