Menu

ЭКОНОМИКА

Медакадемиядан чыккан Нураида эң сулуу студентка болду, эми Кыргызстанды Word Miss University сынагында көрсөтөт

Жаңы жыл алдында, 30 -декабрь күнү “Сейтек” улуттук балдар жана жаштар борборунда  үч суулулар конкурсу өткөрүлдү – “Мисс Университет 2017”, “Мистер Мектеп Бишкек 2017” жана “Мисс Мектеп Бишкек 2017” деген. Бул тууралу “Лимон” басылмасы жазып чыкты.

Эң сулуу студент болуп 20 жаштагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) окуган Нураида Маматалиева аталды. Ал эми эң сулуу мектеп окуучусу болуп, кыздардын арасынан 16 жаштагы Камила Абдысатарова жеңди. Ал №4 мектеп-гимназиясынын окуучусу. Балдардын арасынан “Мистер Мектеп Бишкек 2017” наамын 16 жаштагы ИСИТОдон келген Бекзат Эрнисбеков утуп алды.

“Мисс Университет” эми биздин өлкөнү дүйнөлүк Word Miss University сынагында көрсөтөт.

Фото - Бүгүн Бишкектин "Көк-Жар" конушу шаардын газ түтүгүнө кошулду

Бүгүн, 30-декабрда Бишкектин “Көк-Жар” конушу шаардын газ түтүгүнө кошулду. Бул тууралу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу өткөн салтанаттуу иш чарага “Көк-Жар” конушунун жашоочулары, шаардын Октябрь райондук акимчилигинин жана “Кыргызстан-Газпром” ишканасынынын кызматкерлери катышышты.

Быйыл “Көк-Жар” конушунда жер астына көмүлүп, 60,8  чакырым газ түтүгү тартылды. Үйүнө газ киргизүүнү каалап арыз берген конуштун 1100 тургунунун 86сына бүгүн газ киргизилди. Калганы 2018-жылы улантылат.

Камбар Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр уланууда

Өзбекстан менен Кыргызстан Камбар Ата-1 ГЭСинин курулушун бирге ишке ашыруунун конкреттүү кадамдарын талкуулоону улантышууда. Өзбек ММКлары бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыковго шилтеме жасоо менен билдирди.

«Өзбекстан Кабар Ата-1 ГЭСинин курулушуна катышат. Бул макулдашуу кагаз жүзүндө калган жок. Жумушчу топ бул долбоор боюнча Ташкентте алгачкы жыйынын өткөрдү жана анда алдыда жасала турган кадамдар белгиленди», –деди Данияр Сыдыков.

Анын пикиринде, бул аймактык масштабдагы ири долбоор болот, андыктан бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен маселелерди чечүү зарыл.

Элчи Данияр Сыдыков Өзбекстан долбоорго технологиялык жана ресурстук жактан катыша аларын белгиледи.

Октябрда «Өзбекгидроэнерго» менен «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» Камбар Ата-1 ГЭСин куруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшкан.

Камбар-Ата 1 ГЭСи – Кыргызстан гидроэлектрстанциясындагы ири долбоор. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов бул объектини курууга каршы чыгып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ЕАЭБ курамындагы мамлекеттердин бажы мамилелери Бажы кодекси аркылуу жөнгө салынат

Жогорку Кеӊеште «2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

ЕАЭБдин Бажы кодекси биримдиктин курамына кирген мамлекеттердин бажылык жөнгө салып, алардын аракеттерин жол-жоболоштуруу менен бирге, бажы иштери боюнча өз ара мамилелерди жөнгө салчу башкы докумен болуп саналат.

Экономика министри Артем Новиковдун айтымында, Бажы кодекси анын курамындагы өлкөлөр ортосундагы соода-сатык мамилелеринин өнүгүшүнө түрткү берет. «ЕАЭБдин Бажы кодексинин жоболору эл аралык соода мамилелерине кайчы келбейт. Ал бажы мамилелерин жөнгө салып, соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет. Анын алкагында электрондук «бирдиктүү терезе» усулунун киргизилиши кагаз түрүндөгү документтерден арылтып, ишти кыйла жеӊилдетет», – дейт министр.

Депутаттар Бажы кодексинин товарларды башка өлкө чегине өткөрүү, чек аралардагы тыгындардан арылтуу жүрүмүнө тийгизе турган таасирине кызыгышты. «ЕАЭБдин Бажы кодекси чек арадагы бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт. Мындайча айтканда, сунушталып жаткан чек ара тыгындарын чечүүнүн ыӊгайлуу механизмдеринин бири болуп саналат. Азыр чек арадан товар өткөрүү мөөнөтү 2 сутка болсо, ал кийин 4 саатка чейин кыскарат», – деген жообун берди өкмөт өкүлү.

Тажикстанда акчанын изин жашырууга каршы күрөш үчүн Улуттук банк жооптуу болот

Тажикстанда «Кылмыштуу жол менен табылган акчалардын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү тууралуу» мыйзамды ишке ашырууга жоопту мекеме катары Улуттук банк дайындалды. Мындай чечим мамлекет башчы Эмомали Рахмон тарабынан кабыл алынганы тууралуу 26-декабрда кабарланды.

Жазында өлкөнүн Улуттук банкы оор кылмыш кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн 200дөн ашык адамдын, ошондой эле Жогорку сот тарабынан террористтик же экстремисттик деп табылган уюмдардын тизмесин жарыялап, жарандарды жана коммерциялык уюмдарды алар менен каржылык жактан кызматташууну токтотууга чакырган.

Улуттук банктын өкүлү «кара тизме» түзүүнүн максаты — акчанын изин жашырууга тиешеси бар жарандар менен уюмдардын активдерин тоңдуруу болуп эсептелерин билдирген. Анын айтымында, тизме Мыйзамсыз жол менен табылган акчалардын изин жашырууга каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюмдун (Financial Action Task Force (FATF) талабынын негизинде түзүлгөн.

«Кара тизмеге» – Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясы, «Группа 24», «Эркин Тажикстан», «Ага-ини мусулмандар», «Ислам мамлекети», «Аль-Каида», «Жамаат Ансоррулох», «Өзбекстан ислам кыймылы», ошондой эле акчанын изин жашырууга гана эмес, мыйзамсыз маңзат, курал-жарак жана адам сатууга тиешеси бар адамдар дагы киргизилген.

«Кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жөнүндөгү» мыйзамга Эмомали Рахмон 2011-жылы 25-мартта кол койгон. Анткен менен Тажикстан дагы деле кылмыштуу жол менен табылган акчалардын изин жашыруу жана терроризмди каржылоо көрсөткүчтөрү жогору болгон өлкөлөрдүн катарында калууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан 22 млрд долларынын тоңдурулушун «акыркы чечим» деп эсептебейт

Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Данияр Акишев Улуттук фонддун 22 миллиард доллардан ашык каражатынын тоңдурулушун «акыркы чечим» деп атоого болбойт деп эсептейт. Мындай пикирин ал 26-декабрда өкмөт жыйынынан кийин билдирди.

«Мында активдерди жоготуу тууралуу сөз болуп жатат деп ойлобойм. Бирок чынында юридикалык талаштар бар. Биздин кеңешчилер тиешелүү деңгээлдеги тажрыйбага ээ жана Улуттук фонддун каражатына толук ээ болобуз деген үмүттөбүз», – деди ал.

Улуттук банктын төрагасы доо арызда көрсөтүлгөн сумма менен тоңдурулган каражаттын суммасы дал келбестигин белгиледи. «Биз акчанын канчалык деңгээлде мыйзамдуу тоңдурулганы боюнча каршылык билдирдик. Бирок Лондондун Жогорку соту арызыбызды канааттандырган жок. Ошентсе да бизде чечим боюнча даттанууга дагы мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биз New York Mellon банкы доо арыздагы сумманын дал келбестигин көрүп туруп активдерди тоңдуруу менен мыйзамсыз кадамга барды деп эсептеп жатабыз», — деди ал.

Өткөн аптада молдовалык ишкер Анатолий (Анатол) Стати менен казак өкмөтүнүн ортосундагы соттук териштирүүлөрдүн алкагында New York Mellon банкы Казакстан Улуттук фондунун 22,6 миллиард долларын тоңдурганы белгилүү болгон. Казакстандын мунайгаз тармагындагы ишканага акча салган Анатол Стати менен анын компаниялары казак өкмөтү жана өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин куугунтуктоосуна кабылганын билдиришүүдө. Айтымдарында, Казакстанда аларды активдерин төмөнкү баада сатууга мажбурлашкан.

Казак тарап Стати алдамчылык схемаларды пайдалануу менен Астананы келишимди бузууга мажбур кылган деп эсептөөдө. Статинин Казакстанга каршы доо арызы боюнча чет өлкө сотторундагы талаштар бир канча жылдан бери уланып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан менен Өзбекстан ортосундагы товар алмашуу бир жылда эки эсеге өстү

Бир жылдын ичинде Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу көлөмү эки эсе өсүп, 2 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу казак президенти Нурсултан Назарбаев журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, өлкөлөр бул көрсөткүчтү 5 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылып жатышат.

«Казакстан үчүн Өзбекстан менен карым-катнаш өтө пайдалуу жана зарыл. Биздин кызматташтык жакшырууда. Бир жылдын ичинде соода алакалар эки эсеге өсүп, 1 миллиард доллардан 2 миллиардга жетти. Өзбекстандын жаңы президенти Мирзиёев менен бул көрсөткүчтү 5 миллиард долларга жеткирүү боюнча макулдаштык», — деди мамлекет башчы.

Назарбаев Костанайда Өзбекстан менен биргеликте автоунаа жана электрондук кыймылдаткычтарды чыгаруу боюнча өндүрүш ишке берилгенин эске салды. Президенттин пикиринде, өлкөлөр ортосундагы сооданын активдешүүсүнө транспорттук көйгөйлөрдүн чечилиши дагы түрткү болду.

«Биз интеллигенцияларыбыз менен жаштарыбыздын ортосундагы буга чейинки мамилелердин мындан ары дагы уланышын колдойбуз. Казакстанда кийинки жылды Өзбекстан жылы деп жарыяладык. Андан тышкары Өзбекстанда Казакстандын күндөрү өтөт. Муну эки өлкө ортосундагы өз ара мамиле үчүн туура, пайдалуу жана керектүү деп эсептөө зарыл», – деди Назарбаев.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасы жөнгө салынат

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында КР жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө”, “КРда инвестициялар жөнүндө” мыйзамдарга) 1-окууда каралды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоору боюнча КР экономика министри Артем Новиков баяндама жасады. Мыйзам долбоорунун концепциясы Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жөнгө салууга багытталган.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жыйын жүрүшүндө КР экономика министри Артем Новиков баяндама жасаган “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы дагы добуш берүүгө жолдонду.

Мыйзам долбоору айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү менен иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерине мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталган жаңы финансылык инструментти киргизүү, адистешкен товардык кампанын ээси тарабынан берилүүчү кампа күбөлүктөрүн колдонуу аркылуу кредиттик ресурстарга жетүүнү камсыздоо максатында иштелип чыккан.

Бул мыйзам долбоору экилтик кампа күбөлүгүн, анын бөлүктөрүн – кампа күбөлүгүн жана күрөө күбөлүгүн, жөнөкөй кампа күбөлүгүн берүүгө байланыштуу келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салууну, ошондой эле продукцияны кампада сактоого кабыл алуучу товардык кампалардын, жөнөкөй жана экилтик кампа күбөлүктөрүн кармоочулардын жана ыйгарым укуктуу органдардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салууну карайт.

Дүйнөлүк банк менен “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоору иштелип чыгат

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортусундагы “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун даярдоого карыз берүү жөнүндө макулдашуу катты жактырды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Ратификациялык мыйзам долбоорунун негизги максаты “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун тыкыр иштеп чыгуу үчүн инвестициялык долбоордун жалпы көлөмүнөн 3 млн долларды карыз катары ала туруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 3-июлунда Дүйнөлүк Банк жана кызыкдар министрлик жана ведомстволору менен биргеликте иштелип чыккан «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун концепциясы жактырылган.

Жаӊы курулган көп мектептер менен медициналык мекемелер табигый кырсыктан бузулуп жатканын эске салган депутат Улугбек Ормонов кооптуу жерлерге социалдык объектилерди курган аткарминерлерди жоопко тартуу керектигин баса белгиледи.

Ал эми тармактык комитеттин төрагасы Исхак Пирматов адамдардын өлүмүнө себепкер айрым кызмат адамдары сөгүш алуу менен жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатканын айтып, жоопкерчилик чараларын катаалдаштыруу зарылдыгын билдирди.

Тажикстанда эки банкты банкроттон сактап калуу аракети уланууда

Тажикстан өкмөтү коммерциялык банктардагы абалды жакшыртуу үчүн жумушчу топ түздү. Топту  парламенттин экономика жана каржы комитетинин башчысы Шариф Рахимзода жетектейт.

Буга чейин Каржы министрлиги менен Улуттук банк коммерциялык банктарды каатчылыктан алып чыгууга аракет жасаган. Бирок 2 млрд сомони (340 млн доллардан ашуун) бюджети бар кредиттик мекемелердин абалын жакшыртуу боюнча программа өз натыйжасын берген эмес.

Жумушчу топ «Агроинвестбанк» менен «Тоджиксодиротбанкты» каржылык каатчылыктан алып чыгуу боюнча иш алып барат.

Бюджеттеги акчанын аздыгына байланыштуу банктарга кошумча каражат бөлүү мүмкүн эмес. Буга байланыштуу эки банктын Салык кызматына болгон карыздарын жоюу сунушталууда. Бул эки банктын негизги акционери мамлекет болуп эсептелет.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 22-декабрда парламентке кайылуу жолдоп, экономиканын өнүгүшүнө банк системасындагы көйгөйлөр тоскоол болуп жатканын айткан. Анын пикиринде, Тажикстандын банк түзүмдөрүндө атаандаштык жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню