Menu

ЭКОНОМИКА

2026-жылы Кумтөр кени толук түгөнөт

Кумтөр кениндеги алтындын кору 2026-жылы түгөнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин отурумунда айтылды. Эл өкүлдөрү өлкө бюджетинин көлөмдүү бөлүгүн түзгөн объекттин ордун толуктоо үчүн өкмөт эмитен даярдыктарды көрүүсү зарыл дешет. Аткаминерлер жолдор изделип жатканын айтышат. Ошондой эле кийинки жылдан тарта курулушу токтоп турган объекттерде иштер жандана турганы да белгиленди. Быйыл тиешелүү каражат жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга жумшалып кетип, айрым иштер токтоп калган.

Булак: “Азия Ньюс”

Сапар Исаков «Центерра Голд Инк» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолукту

Кечээ, 28 ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков “Центерра Голд Инк.” компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жолугушуу учурунда биргелешкен кызматташуунун келечеги жана учурдагы абалы талкууланды.

Өкмөт башчы кыргыз тарап ири акционер катары компаниянын туруктуу иштешине жана өнүгүшүнө кызыкдар экенин белгиледи.

“Өкмөт биргелешкен  натыйжалуу кызматташтыкка жана “Кумтөр” кенине, ошондой эле компанияда иштеген Кыргызстандык жарандарга жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр” – деди С.Исаков

Премьер-министр «ЦентерраГолд Инк.» менен стратегиялык келишим алкагында жакынкы арада Улуттук онкологиялык борборду заманбап медициналык жабдуу, ошондой эле компания 50 млн. АКШ долларын инвестициялоочу Ысык-Көлдөгү тазалоочу жайларды орнотуу боюнча даярдык иштер башталаарын канагаттануу менен белгиледи.

Сапар Исаков канадалык компания жетекчилигине өлкөдөгү ири социалдык долбоорлорду колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары, Премьер-министр белгилегендей, “Кумтөр Голд Компани”  жогорку жетекчилик курамды кайрадан карап чыгуу жана өлкө жарандарын дайындоо тууралуу КР Өкмөтүнүн сунуштамасын аткарды. Бугүнкү күндө компаниянын беш директорунун үчөө – Кыргызстан жарандары.

«ЦентерраГолд Инк.» компаниянын аткаруучу директору Скот Перри кыргыз тарапты президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүсү жана жаңы Мамлекет башчынын кызматка киришүүсү менен куттуктады.

Ал «Центерра Голд Инк.». компаниясы менен мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн саясий багытын улантуунун маанилүлүгүн белгиледи.

Скот Перри компания кыргыз тарап менен келечекте кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Центерра Голд Инк.» компаниясын мындан ары өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулап, анын активдерин кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Бензиндин баасы 40 сомдон ашты

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап баратат. 27-ноябрга ка­рата “Газпром” май куюучу бекеттеринде АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри Бишкекте 40 сом 60 тыйындан сатылууда. Ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 43 сом 50 тыйын деп белгиленди. Кыргызстандын Мунай сатуучулар бирикмесинин төрагасы Улан Кулов: «Кыргызстанга жыл сайын 490 миң тонна дизелдик отунду бажы төлөмү жок алып кирүүгө лимит берилген. Биз бул лимитти ноябрда эле коротуп койдук. Ошондуктан азыр дизель майы тоннасына 28,80 доллар кошумча төлөм менен кирип жатат», – деп билдирди. Улан Кулов бензиндин кымбатташын Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда баа көтөрүлгөнү менен түшүндүрүүдө. Нефтетрейдерлер баалар декабрь айында кандай болоорун алдын ала айта албастыгын маалымдашты. Учурда дизель майынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда. Премь­ер-министр Сапар Исаков баалар негизсиз жогорулап жатканын айтып, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине баалардын өсүшүнө бөгөт коюуну тапшырган.

Булак: “Фабула”

ЖКда 2018-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатат

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралууда. Ошону менен катар “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору дагы чогуу каралууда. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

2-окуудагы өлкө бюджети тууралуу мыйзам долбоорлору боюнча Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2018-жылга карата 158 млрд 398 млн сом көлөмүндө же ички дүӊ өнүмгө карата карата 29,4 пайыз деңгээлде болжолдонууда. 2018-жылдагы республикалык бюджеттин кирешелери 140 млрд 882 млн сом көлөмүндө каралганы же ички дүӊ өнүмгө карата 26,5 пайызды түзөрү белгилүү болду. Демек, номиналдык кирешелердин көлөмү 2017-жылдын бюджетине салыштырмалуу 12,4 пайызга көбөйөт. Ал эми 2019-2020-жылдарда республикалык бюджеттин кирешелери 142 млрд 129 млн сомду жана 144 млрд 559 млн сомду түзмөкчү.

Ошондой эле, республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2018-жылга 161 млрд 149 млн сом деңгээлинде белгиленген. Ал эми 2019-2020-жылдары республикалык бюджеттин чыгашалары 162 млрд 339 млн сомду жана 164 млрд 13 млн сомду түзөт.

Андан тышкары, 2018-жылдагы республикалык бюджеттин тартыштыгы 20 млрд 267 млн сом өлчөмүндө болот же ички дүӊ өнүмгө карата 3,8 пайызды түзөт. Ички булактар боюнча терс сальдо 204 млн млн сом, тышкы булактар боюнча оң сальдо 20 млрд 471 млн сом көлөмүндө каралган.

Комитет төрагасы мыйзам долбоору 2-окууда тармактык комитеттерде кароодо Мирлан Бакиров, Дастан Бекешев өңдүү бир катар депутаттардан бюджеттин тартыштыгынын көлөмүн кыскартуу боюнча сунуштарды бергендигин маалымдады. Ошону менен катар Таабалды Тиллаев көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жаатында иштерди жүргүзүү керектигин, ал үчүн салык, лицензия, эмгек маселелерин оптималдаштыруу, бизнес жагымдуулугун арттыруу зарылдыгын белгиледи. Мындан сырткары, банк тутумундагы мыйзамдар татаал экендиги, аларды кайра карап, жеңилдиктер каралышы, банктардын санын көбөйтүү маселелери айтылды.

Учурда республикалык бюджетке байланыштуу суроо-жооп болууда.

Туристтик аймактардагы батирлерди кайрадан суткалык ижарага берүү жагы сунушталууда

Кыргызстандын киреше булагынын негизги таянычтарынын бири бул туризм. Андыктан, жергебизге келген туристтерди тейлөөдө курорттук аймактардагы жарандар жеке турак-жайларын суткалык мөөнөт менен ижарага берип, каражат табышат. Бул багытта алар өз иштерин мыйзам чегинде жүргүзүп, патент, салык төлөмдөрү менен убагында эсептешүүлөрдү жүргүзүшөт. Бирок, буга чейин депутат Кожобек Рыспаевдин демилгеси менен кабыл алынган мыйзам күчүнө кирип, батирлерди суткага жана саатына ижарага бергендерге айып пул салуу киргизилген. Ал эми депутаттар Алтынбек Жунус уулу, Гүлшат Асылбаева, Максат Сабиров жана Дастан Бекешев  курорттук аймактарда батирлерди кайрадан суткага берүүгө жол ачууну сунушташууда. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул багытта кеңири маалымат берип, бүгүн, 29-ноябрда демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Жунус уулу “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Депутат ушул Турак-жай жана Административдик жоопкерчилик кодекстерине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр кечээ Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында каралып, жактырылгандыгын билдирди.

Негизи эле мыйзам иштеп баштаганда анын кем-карчы байкалат.  Эске салсак, буга чейин  батирлерди суткага жана саатына ижарага бергендерге айып пул салуу киргизилип калган. Эми болсо, ошол айып пул төлөөчүлөрдүн катарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган туристтик аймактардагы мейманкана катары колдонуучу көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайлар кошулбайт, – дейт А.Жунус уулу.

Назарбаевдин кичүү кызы кинодон кийин экология менен алектене баштады

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева Экологиялык уюмдар бирикмесинин президиумуна жетекчи болуп дайындалды.

«Чечилип жаткан маселелердин жогорку деңгээлин эске алуу менен биз бирикме президиумуна Алия Назарбаеваны чакырдык. Ал өлкөдө экологиялык жана билим берүү программаларын колдоо жана өнүктүрүү жаатында чоң тажрыйбага ээ», — деп билдирди бирикме башкармалыгынын төрайымы Айгүл Соловьева.

Бирикме системалык-экологиялык демилгелерди колдоочу, Казакстанда «жашыл» жашоо образын, экологиялык билимди пропагандалоочу жана улуттун экологиялык этикасы менен маданиятын калыптандырчу аянтча болот деп пландалууда.

Алия Назарбаева – Казакстан президентинин үчүнчү, кичүү кызы. Ал «Европа+» радиосунда директордун жардамчысы кызматында, банктардын биринин юридикалык департаментинде, телекоммуникация жаатында, атасынын катчылыгында, ошондой эле бөтөлкө суусун өндүрүү заводунда директор болуп иштеген. Акыркы кездери негизинен кино менен алектенип, «Казакфильм» студиясынын ханыша Томирис тууралуу тарыхый тасмасына продюсерлик кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Келерки жылга пенсияларды жогорулатууга 516 млн сом көлөмүндө каражат каралды

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору 2-окууда каралып, аталган маселе боюнча Бюджет жана финансы комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев баяндама жасады. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Социалдык фонддун 2018-жылга бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 51 млрд 868 млн сом көлөмүндө каралууда. Ал эми 2019-2020-жылдарга божомол 53 млрд 207 млн сом жана 55 млрд 545 млн сом көлөмүндө түзүлүүдө. 2018-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталып, алардын 23 пайызы Пенсиялык фондго, 2 пайызы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна, 2 пайызы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, 0,25 пайызы Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондуна чегериле турганы белгилүү болду. 2018-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү – 29 млрд 536 млн сом.

Акциялар боюнча дивиденддерден, акча калдыгына эсептелген  пайыздардан, убактылуу бош акча каражаттарды жайгаштыруу кирешелеринен, туумдар менен айыптар сындуу дагы башка кирешелерден түшчү каражат – 188 млн сом. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар – 19 млрд 852 млн сом, анын ичинде убактылуу карызга алынган акча каражаттар – 263 млн сом.

Пенсиялык фонддун кирешелери жыл башындагы калдыкты кошуп эсептегенде – 47 млрд 262 млн 528 миң сом. Каражаттардын жыл башындагы калдыгы – 1 млрд 509 млн сом. Бюджет долбоорунда пенсияларды жогорулатууга 516 млн сом көлөмүндө каражат каралууда.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2 млрд 191 млн сом, анын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды тындырууга 64 млн сом багытталат.

Келерки жылы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрү 1 млрд 440 млн сом өлчөмүндө каралууда.

2018-жылы инвестициялоодон 1 млрд 723 млн сом киреше түшүүгө тийиш. Пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөөгө 125 млн сом жумшалмакчы. Ал эми бюджет профицити 1 млрд 236 млн сом өлчөмүндө белгиленүүдө.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору 2-3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

2018-жылга карата республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда талкууланды. Ошону менен катар “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору дагы чогуу каралды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

2-окуудагы өлкө бюджети тууралуу мыйзам долбоорлору боюнча Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев баяндама жасады.

Суроо-жооп маалында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өлкөнүн бюджети өлкөнүн бир жылдык жашоосу экенин, кандай сапаттуу кабыл алсак, ошондой жашоо болооруна токтолду. И.Өмүркулов административдик-территориялык реформаны ылдамдатуу зарылдыгын айтып: “Натыйжалуу башкаруу менен көп нерсени утса болот. Ушул маселе аксап жатат”,- дейт. Мындан сырткары, приоритет катары тоокен өндүрүшү, туризм, энергетика тармактары айтылып жатканы менен элемантардуу эле кабель, кошкучтарды чыгарган ишканалар жоктугун, бул багытта Кывргыз-орус өнүктүрүү фондунун натыйжалуу ишин көрүнбөй жаткандыгын кошумчалады.

Билим берүү тармагында натыйжалуу реформа жүрбөй жаткандыгын, жасалып жаткан иш-аракеттер жетишсиз экендигин депутат Максат Сабиров көтөрүп чыкты. Дүйнө жүзүн кыдырган туристтердин 30%ын Кытай жарандары түзөөрүн мисал келтирген депутат Махабат Мавлянова кошуна турган мамлекет менен туризм тармагындагы кызматташуу колго алынбай жатканын билдирди. Өкмөт башчы Сапар Исаковдун айтымында, туризм жаатындагы иштерди илгерилетүү максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен Туризм департаментин өзүнчө бөлүп чыгуу боюнча ой-максаттар бар.

Жыйынтыгында Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев комитеттин корутундусу менен тааныштырып, “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору менен “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-3-окууда жактырууну сунуш кылды.

Добуш берүүдө аталган мыйзам долбоорлору 2-3-окууда кабыл алынды.

Бюджеттин тартыштыгы 20 млрд сомду түзөт

Парламенттин Бюджет жана каржы комитетинде 2018-2019-жылдардагы бюджеттин болжолу экинчи окууда карала баштайт. Өкмөттүн маалыматына караганда, 2018-жылдагы республикалык бюджеттин кирешеси 142 млрд. 581 млн. сом көлөмүндө каралган. Бул ички дүң өнүмгө карата 26,5 пайызды түзөт. Номиналдык кирешелердин көлөмү 2017-жылдын бюджетине салыштырмалуу 12,4 пайызга көбөйөт. Ал эми 2018-жылдагы республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 162 млрд. 849 млн. сом деңгээлинде белгиленүүдө. Келерки жылга карата республикалык бюджеттин тартыштыгы 20 млрд. 267 млн. сом өлчөмүндө болот же ички дүң өнүмгө карата 3,8 пайызды түзөт.

Булак: “Фабула”

Сунушталган ЕАЭБдин Бажы кодекси чек арадагы бажы жол-жоболорун кыйла жөнөкөйлөтөт - Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттердин бажы иштери боюнча өз ара мамилелерин жөнгө сала турган «2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөттүн маалыматына караганда, ЕАЭБдин Бажы кодекси анын курамындагы өлкөлөр ортосундагы соода-сатык мамилелеринин өнүгүшүнө түрткү берет. «ЕАЭБдин Бажы кодексинин жоболору эл аралык соода мамилелерине кайчы келбейт. Ал ЕАБ мамлекеттеринин бажы мамилелерин жөнгө салып, соода жүргүзүү мамилелеринин мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет. Анын алкагында электрондук «бирдиктүү терезе» усулунун киргизилиши кагаз түрүндөгү документтерден арылтып, ишти кыйла жеӊилдетет», – дейт экономика министри Артем Новиков.

Депутат Аскарбек Шадиев баштаган бир катар эл өкүлдөрү Бажы кодексинин товарларды башка өлкө чегине өткөрүү, чек аралардагы тыгындардан арылтуу жүрүмүнө тийгизе турган таасирине кызыгышты. «ЕАЭБдин Бажы кодекси чек арадагы бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт. Мындайча айтканда, сунушталып жаткан чек ара тыгындарын чечүүнүн ыӊгайлуу механизмдеринин бири болуп саналат. Азыр чек арадан товар өткөрүү мөөнөтү 2 сутка болсо, ал 4 саатка чейин кыскарат.

Меню