Menu

ЭКОНОМИКА

Улуттук банк сегизинчи жолу доллар сатты

Улуттук банк бул айда сегизинчи жолу долларды сатууга чыгарды. Акыркы жолу 22-ноябрда 5 миллион доллар өлкөнүн валюта базарына интервенция жасалды.

Жалпысынан ушул айдын башынан бери Улуттук банк 38,15 миллион долларды сатыкка чыгарды. Акыркы күндөрү Кыргызстанда доллардын курсу көтөрүлгөнү байкалууда. Улуттук банктын курсу боюнча бүгүн 1 АКШ доллары 69 сом 70 тыйын турат. Эске сала кетсек, 2015-жылы ноябрда доллар Кыргызстанда эң кымбат чекке жетип, 75 сомго барган. Кийин арзандап отуруп, быйыл апрелде 67 сомго чейин төмөндөгөн. Июндун аягынан тарта кайра кымбаттай баштаган.

Булак: “Фабула”

Жогорку Кеңеш 2018-жылга республикалык бюджет долбоорун биринчи окууда жактырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-ноябрда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышты, анда 2016-жылкы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча Өкмөттүн отчету, үстүбүздөгү жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2018-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2018-2020-жылдарга болжолу маселелери каралды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жыйынга Өкмөт мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик орган жетекчилери катышты.

КР Жогорку Кеңешинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча парламентарийлер «Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетун бекитүү жөнүндө» Мыйзам долбоорун жактырды, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорун жана «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин чогуу кургусу келет

Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда өнөктөш болууну ниеттенүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча эки өлкөнүн президенттеринин ортосунда сүйлөшүүлөр өтүп, алар курулушту чогуу жүргүзүү боюнча макулдашты.

“Буга чейин алар Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каршы чыгып келген. Эми колдоп жатышат. Андан тышкары Өзбекстан “бул долбоорго бирден-бир акционер болуп кирсек” деген оюн айтып жатат. Биз Кыргызстан, Өзбекстан жана башка коңшу мамлекеттер болуп бул ГЭСти курушубуз керек” – деди Сапар Исаков.

Нарын дарыясына курулчу Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу көп жылдан бери ишке ашпай келет. Кубаттуулугу 1 860 мегаватт боло турган бул станцияны куруунун долбоору 1980-жылдардын аягында пландалган. Бирок андан бери аягына чыкпай келатат.

Акыркы жолу 2012-жылы Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Орусиянын “РусГидро” компаниясы бул эки энергетикалык объектини курмак. Бирок бул боюнча иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2016-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Нарын облусунда индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу үчүн 200 га жер бөлүнгөн

Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылдык аймагында  индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу үчүн 200 га жер бөлүнгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Индустриалдык-соода-логистикалык борборун түзүүнүн негизги максаттары болуп өнөр-жай, кайра иштетүү жана агроазык-түлүк секторун жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны, айыл чарба жана өнөр-жай товарларын экспорттоону жогорулатуу аркылуу аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана жергиликтүү калктын бакубаттуулугун жогорулатуу саналат.

Нарын облусундагы Ат-Башы районунун «Нарын» эркин экономикалык аймагындагы Индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу долбоорун ишке ашыруу кичи жана орто бизнес ишканаларын өнүктүрүүгө жана 3000 жаңы жумушчу орунду түзүүгө багытталат. Индустриалдык-соода-логистикалык борборун курууга инвесторлор тартылат.

Индустриалдык-соода-логистикалык борбору төмөнкү зоналардан турат: соода, логистикалык жана индустриалдык.

Белгилей кетсек, ташуулар чынжырчасын башкаруу тутумунун зарыл курамы катары логистикалык борбордун түзүлүшү тышкы экономикалык байланыштарды жана экономикалык өсүүнү камсыздоо үчүн маанилүү фактор болуп саналат. Көптөгөн дүйнө өлкөлөрүнөн айырмаланып, учурда аталган экономикалык ишмердүүлүктүн түрү Кыргыз Республикасында дээрлик жокко эсе.

Борбордун Нарын облусунда жайгашуусу аймактын ыңгайлуу географиялык орду менен шартталган, ал ТРАСЕКА өлкөлөрүнүн (Европа биримдиги жана «Европа – Кавказ – Азия» транспорттук коридорун уюштуруу боюнча шериктеш өлкөлөр ортосундагы эл аралык кызматташтык программасы) магистралдарын бириктирген Бишкек – Нарын – Торугарт – Кашгар эл аралык автомагистралынын жана Кытай, Индия, Пакистан (Каракорум шоссеси) аркылуу Пакистан, Индия, Ирандын деңиз портторуна алып баруучу трассанын кесилишинде жайгашкан. Бул Кытай, Индия, Пакистан, Иран, Түркмөнстандын жана башка деңиз жолдору бар өлкөлөрдүн тышкы рыногуна карай жеткиликтүүлүктү камсыздайт.

Өзбекстан алгачкы жолу алтын-валюта резервдерин ачыктады

Өзбекстандын Борбордук банкынын төрага орун басары Тимур Ишметов өлкөнүн алтын-валюта резервдеринин көлөмүн расмий жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Анын маалыматына караганда, ноябрда Өзбекстандын алтын-валюта резерви 26 миллиард АКШ долларына жетип, үстүбүздөгү жылдын сентябрына караганда 750 миллион долларга көбөйгөн.

Ишметов бул маалыматтар алгачкы жолу ачыкталып жатканын жана буга чейин алар жашыруун болгонун белгиледи. Анын айтымында, 2018-жылдын январынан тарта өлкөдөгү бардык мекемелер бул сыяктуу мурда жашыруун болуп келген маалыматтарды ачык жарыялашат.

Өзбекстандын алтын-валюта резервинин ачыкталышы менен Борбор Азиядагы беш өлкөнүн байлыгын салыштырууга мүмкүн болду. Ага ылайык, Өзбекстан алтын-валюта резервдеринин көлөмү боюнча Казакстандан кийинки экинчи орунда турса, эң акыркыда Тажикстан турат.

Алтын-валюта резервдери – Борбордук банктын көзөмөлүндөгү активдер. Алар чет элдик валюталардан, баалуу кагаздардан жана алтындан турат. Резервдер сырткы милдеттенмелерди аткаруу жана валюта курсун жөнгө салуу үчүн керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

2018-жылдагы республикалык бюджеттин кирешелери 142 млрд 581 млн сом көлөмүндө каралууда

Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2018-жылга карата 158 млрд 398 млн сом көлөмүндө же ички дүӊ өнүмгө карата карата 29,4 пайыз деңгээлде болжолдонууда. Бул тууралуу Премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

2018-жылдагы республикалык бюджеттин кирешелери 142 млрд 581 млн сом көлөмүндө каралганы же ички дүӊ өнүмгө карата 26,5 пайызды түзөрү белгилүү болду. Демек, номиналдык кирешелердин көлөмү 2017-жылдын бюджетине салыштырмалуу 12,4 пайызга көбөйөт. Ал эми 2019-2020-жылдарда республикалык бюджеттин кирешелери 142 млрд 129 млн сомду жана 144 млрд 559 млн сомду түзмөкчү.

Ошондой эле, республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2018-жылга 162 млрд 849 млн сом деңгээлинде белгиленген. Ал эми 2019-2020-жылдары республикалык бюджеттин чыгашалары 162 млрд 339 млн сомду жана 164 млрд 13 млн сомду түзөт.

Андан тышкары, республикалык бюджеттин тартыштыгы 2018-жылга 20 млрд 267 млн сом өлчөмүндө болот же ички дүӊ өнүмгө карата 3,8 пайызды түзөт. Ички булактар боюнча терс сальдо 204 млн млн сом, тышкы булактар боюнча оң сальдо 20 млрд 471 млн сом көлөмүндө каралган.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

ЕАЭБге жаңы өлкөлөрдүн кириши күтүлүүдө

Евразиялык экономикалык биримдикке башка өлкөлөр кириши мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Анын айтымында, Орусия ЕАЭБге Азербайжандын кирүүсүн колдомок. Учурда биримдикке Тажикстандын кошулуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Мындан сырткары, бир катар өлкөлөр биримдик менен өнөктөш болууну каалашат.

«Бизде башынан баштап эле ачык биримдик болгон. ЕАЭБ ачык интеграциялык биримдик жана ага жаңы өлкөлөрдүн кошулуусу дайым колдоо табат. Шанхай кызматташтык уюму дагы активдүү жана биримдик менен түз байланыш түзө баштады» деди ал.

Булак: “Азия Ньюс”

ЕАЭБ алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашуу мөөнөтү узартылууда

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы ЕАЭБ алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизүү боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар кыргыз тараптын ЕАЭБ курамына кирүүдөгү жеӊилдетилген мөөнөттү эмне үчүн дагы 2 жылга узартпай калганына кызыгышты. Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков ушул протокол аркылуу жеӊилдетилген мөөнөт 2018-жылга чейин узартылып жатканын билдирди.

Каржы министринин өкүлүнүн айтымында, баардык документ өз маалында жөнөтүлгөнүн, аны аткаруу милдети орусиялык «Крокус интернешнл» компаниясына жүктөлгөнүн, РФ Бажысынын кызматкерлери алмашып кеткендиктен, жумуш создугуп калганын кошумчалады. «Эгерде ушул мыйзам долбоору ратификацияланса, келишим мөөнөтү узартылат», – дейт ал.

ЭККК 4 млн. сомго машина сатып алат, эми ишти кыйратышабы?

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы 3 миллион 780 миң сомго алты жаңы унаа сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталына тендер жарыяланды. Кызмат LADA 4×4 Bronto машинасына окшош талаптагы автомобилди сатып алмакчы. Буга чейин Башкы прокуратура автопаркын жаңылоого тендер жарыялаган. Башкы көзөмөл органы жалпысынан 46 унаа сатып алат. Ага 36,7 миллион сом сарптайт. Деги эле кылмыштуулук менен күрөшкөн органдардын кызматкерлеряи жөө жүрүп катуу кыйналышты эле, эми эптеп машина сатып алышып, жандары жай алса болгону. Эффективдүү иштеп, элдин ооздорун ачырбаса болгону…

Булак: “Фабула”

Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында келерки жылга карата республикалык бюджеттин долбоору боюнча баяндама жасады

Кечээ, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында келерки жылга карата республикалык бюджеттин долбоору боюнча Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйыны өттү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эксперттер менен адистер, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, КР Өкмөтү 2017-жылдын республикалык бюджетине “Таза коом” программасын эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизген. Ошондой эле киргизилген түзөтүүлөр ички дүң продукциянын реалдуу өсүшүн 3,5%да кармап турууга негизделген. Мындан сырткары, үстүбүздөгү жылдын шашылыш иш-чараларын жана артыкчылыктуу багыттарын каржылоо зарылдыгынан түзөтүүлөр киргизилүүдө.

Мындан улам КР Өкмөтү республикалык бюджеттин кирешесин 126,8 млрд сомдон, 141,5 млрд сомго чейин көтөрүүнү пландап жатат. Мамлекеттик бажы кызматынан келип түшө турган 95 млрд сомдун эсебинен, жалпы кирешелердин ичинен салыктык кирешелер 1,8 млрд сомго көбөйөт. Салыктык эмес кирешелер 2017-жылы 27,5 млрд сомду түзүп, бекитилген бюджеттен 6,8 млрд сомго көбөйөт. Алар: “Альфа-телеком” ЖЧКсынан – 5,4 млрд сом; “Кыргыз алтын” ААКсынын дивиденттеринен – 1 млрд сом жана башка каражаттар.

Ал эми 2018-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 142,5 млрд сом, чыгыша бөлүгү 162,8 млрд сом өлчөмүндө пландаштырылууда. Бюджет тартыштыгы 20,2 млрд сомду түзөт.

Белгилей кетсек, кеңейтилген жыйындын күн тартибине « Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору менен “КР 2018-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору коюлган.

Меню