Menu

ЭКОНОМИКА

Көп батирлүү үйлөргө багытталган электр энергиясын башка объектилерге берүүгө тыюу салынат

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Жер кодексине, Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” мыйзамдарга) 2-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Рада Туманбаеванын айтымында, мыйзамынын долбоору жер мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Долбоор аркылуу төмөнкү ченемдерди киргизүү каралган:

– калктуу конуштардын жерлери категориясынын аймагында жерлердин башка категориялары болушу мүмкүн жөнүндө ченем;

– турак жана өнөр жай объекттериндеги бөлмөлөрдү кайра курууга шаар куруу мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүү жөнүндө ченем;

– көп квартиралуу үйлөрдүн жашоочуларына (турак жайдын менчик ээлеринин шериктештерине) электр энергиясын башка турак, соода жана өнөр жай объекттерине берүүгө тыюу салуу жөнүндө ченем;

– турак жай менчик ээлеринин шериктештерине үйдүн тегерегиндеги участок жагынан кандайдыр-бир коммерциялык аракеттерди жасоого тыюу салуу жөнүндө ченем.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Алишер Усмановдун MegaFon компаниясы Uzmobile менен келишим түздү

Өзбек тектүү орусиялык олигарх көзөмөлдөгөн MegaFon уюлдук оператору Uzmobile улуттук оператору менен келишим түздү. Документ GSM стандартында үн, SMS жана интернет-роуминг кызматын көрсөтүүнү шарттайт.

«Эки оператордун абоненттери тең Өзбекстанга келгенде же Орусияда жүргөндө интернет-трафигин колдонуу, кат алышуу жана аудио баарлашуу учурундагы чыгымдарын азайта алышат. Бул кызмат – Өзбекстанда гана эмес, чет жактарда дагы жеткиликтүү сүйлөшүүнүн кошумча фактору болуп эсептелет», – деп белгиледи өзбек компаниясынын маалымат кызматы.

Uzmobile улуттук оператору 2015-жылы апрелде Ташкент жана өлкөнүн борбордук аймактарында GSM түйүнүн киргизген. 2004-жылдан тарта оператор CDMA-450 EV-DO стандартындагы кызматтарды көрсөтүп келген.

Uzmobile Өзбекстанды толугу менен 4G LTE түйүнү менен камсыздоону пландоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өкмөттүн Аппаратына республика боюнча тез арада мал союучу цехтерди куруу боюнча иш чаралардын планынын долбоору киргизилет

Өкмөттүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Өкмөттүк облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана КР Өкмөтүнө  караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте республика боюнча тез арада мал союучу цехтерди куруу боюнча иш чаралардын планынын долбоорун киргизүүсү зарыл. Тиешелүү тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 3-октябрда, Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда ветерианардык контролду алып салуу боюнча иштер тууралуу жана Кыргыз Республикасынын ветерианардык системасын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин системаларына эквиваленттүү деп таануу жөнүндө маселни каралаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында билдирди.

Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов маалымат берди.

Калысбек Жумаканов билдиргендей, Кыргыз Республикасынын бажы биримдигине кирүүсүндөгү «Жол картасында» көрсөтүлгөн ветеринардык-санитардык чаралардын 22синин 16сы иш жүзүнө ашты. 6 пункт аткарылуу алдында турат. 2017-жылы туруктуу эпизоотиялык абалды камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен 130 млн сом бөлүнүп, ага мал жандыктарында кездешүүчү 9 ооруга каршы вакциналар сатылып алынды.

«Эпизоотиялык абал жыл сайын турукташууда. Жаңы REV-1 вацинасын колдонуу менен мал жандыктарын эмдөөдөн өткөрүүдө майда мал арасында бруцеллез менен ооруган малдардын саны 2,5 эсеге кыскарды. Ал эми адамдар арасында акыркы беш жылда ооругандардын саны 5 эсеге азайган. Ийгиликтүү жүргүзүлгөн иш чаралардын жыйынтыгы боюнча Эл аралык соодо жүргүзүүдө чек аралык ылаңдар терс таасир тийгизүүчү шарп, күл жана кыргын ыландары акыркы 2 жылдан бери каттала элек. Эпизоотиялык абал жылдан жылга жакшырууда жана ветеринардык кызматтын көзөмөлүндө», – деди Калысбек Жумаканов.

Анын айтымында республика боюнча мал жандыктарын идентификациялоонун биринчи этабы ийгиликтүү өттү. Кошумча штаттык орундарга бюджеттен каражат алынган эмес. Азыркы тапта 680 миң кунажын каттоодон өттү.

«Ири мал жандыктарын каттоонун алкагында 180 атайын машыктыруучу даярдалып, 3 миңден ашык ветеринарлар менен операторлор окуудан өткөн. Бүгүнкү күндө ветеринардык көзөмөлдүн субъекттери менен объекттерин катоо аягына чыкты. 2017-жылдын аягына чейин республика боюнча ири мүйүздүү малдардын бардыгын идентификациядан өткөрүп бүткөрүү пландалууда. 2018-жылдын экинчи кварталынан баштап,  жылкылар менен майда мал жандыктары каттоодон өтөт», – деди ал.

Калысбек Жумаканов чарба лаборатория системасын оптималдаштыруу жөнүндө сөз кылып, Бишкек жана Ош шаарларында 19 лабораториялардын улуттук статуска жана эл аралык стандарттын талаптарына жооп бере турганын билдирди.

Талас, Баткен, Балыкчы, Каракол шаарларында 4 аймактык ветеринардык лабораториялардын курулуш журүп жатат. 12 райондор аралык лабораториялардын курулушуна 2017-жылы республикалык бюджеттен 170 млн сом каражат бөлүнгөн.

«Азыркы учурда Бишкек жана Ош шаарында заманбап жабдуулар менен жабдылган лабораториялар орус грантынын эсеюбинен бүткөрүлүүдө. 2017-жылдын аягына чейин 55 жабдунун түрү коюлуп, 24 лабораториялык адис атайын Россиядан окуп келишти», – деди ал.

Ал эми чек арадагы ветаринардык лабораториялардын абалына токтолуп, бардык 15 лаборатория да ЕАЭБдин талаптарына толук жооп бере тургандыгын билдирди.

«Торугарт, Эркештам (кыргыз-кытай чек арасы) Достук автожол, Кара-Суу темир жол (кыргыз-өзбек чек арасы) жана Ош эл аралык аэропортуна чек ара ветеринардык көзөмөлдөө посторун жайгаштыруу үчүн убактылуу модулдук контейнерлер коюлду. Россия Федерациясынын грантынын эсебинен макулдашуунун негизинде 1-этабынын заманбап ветеринардык жабдуулар алынып келинип орнотулган. Өткөрүү пунктарында автотранспортторду дезинфекциялоо максатында жылуучу ташып алып жүрүүчү жабдыктар жана дезинфекциялык каражаттар менен камсыз болгон. Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттөр аралык макулдашуунун негизинде автотранспортторду тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн атайын станционардык жабдууларды бөлүү, орнотуу жана иштетип берүү жагы 2-этапта каралган. Чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктарында азыркы күндө компьютер, интернет байланыштар жана телефон байланыштары менен камсыз болгон. 2017-жылдын аягына чейин Россия Федерациясынын грантынын эсебинен 1 млн. 551 мин рубл. 17 ветеринардык жабдуулардын түрү келүүсү күтүлүүдө», – деди Калысбек Жумаканов.

Ветеринардык товарларды электрондук түрдө эсепке алуу үчүн “ИС ЭЛЕК” программасы иштелип чыккан. “ИС ЭЛЕК” программасы 2017-жылдын аягына чейин ЕАЭБге кирген мамлекеттерде орнотулат.

Өкмөт ЕАЭБдин талаптарына ылайык курулуп жаткан ветеринардык, фитосанитардык лабораториялар боюнча билдирүү жасады

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өлкөдөгү бажы инфраструктурасын жакшыртууга жана ветеринардык, фитосанитардык лабораторияларды курууга Казакстан Республикасы тарабынан техникалык колдоо катары бериле турган 100 млн. АКШ доллары боюнча эки мамлекеттин Өкмөттөр аралык келишимин денансациялоо маселесин карагандыгына байланыштуу, өлкөдө курулуп жаткан жана толук модернизациялоодон өткөн ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү маалымадайт:

Кыргыз Республикасынынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 275-р буйругунун негизинде Балыкчы, Каракол, Баткен, Талас шаарларындагы 4 зоналык ветеринардык лабораториялык борборлорду курууга жана республиканын аймагындагы 12 райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлорун оңдоп-түзөө жумуштары аткарылды.

Баткен шаарындагы лаборатория учурда суу түтүкчөсүнө кошулуп, биринчи кабатынын дубалы бүткөрүлүп, жылуулук системасы жана электр зымдары кошулду. Экинчи кабаттын ички тосмолору орнотулуп, шыбак иштери бүткөрүлдү жана лабораториянын тосмосу 60% аткарылды.

Каракол шаарындагы лабораториянын дубалын курулуп, биринчи экинчи кабатында шыбак иштери бүткөрүлүп, жасалгалоо иштери 40% жылуулук системасы 90% ишке ашты.

Талас шаарындагы эки кабаттуу лабораториянын кирпич дубалы тургузулуп, сырткы жана ички шыбак иштери, жылуулук системасы бүткөрүлдү. Суу түтүктөрү 90% аткарылып, тышкы тосмо 90% аяктап, экинчи кабатында жасалгалоо иштери башталды.

Балыкчы шаарындагы лабораториянын шыбак, канализация жана электр зымдары бүткөрүлдү, жасалгалоо иштери 40% аткарылды.

Азыркы учурда республика боюнча 4 өсүмдүктөр карантини лабораториясы иштеп турат. Борбордук өсүмдүктөр карантини лабораториясы 2017-жылдын 1-июнунан баштап бошотулуп, акт боюнча Россиянын «КРОКУС» акционердик коомуна өткөзүлүп берилген. Учурда имараттын экинчи кабатынын ремонту бүтүп, биринчи кабатында оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Оңдоп түзөө иштери 2017-жылдын 1-декабрына бүткөрүлөт.

Ош өсүмдүктөр карантини лабораториясы эски имаратында толук кандуу иштеп, учурда карантинге алынган өндүрүмдөрдүн үлгүлөрү лаборатория аркылуу экспертиза жүргүзүлүп, жыйынтыктары өз учурунда өндүрүм ээлерине берилди.

Ошондой эле Талас өсүмдүктөр карантини лабораториясы жана Ысык-Көл өсүмдүктөр карантини лабораториясы учурда толук кандуу иштеп, карантинге алынган өндүрүмдөрдүн үлгүлөрүн лаборатория аркылуу экспертиза жүргүзүшүп, жыйынтыктары өз учурунда өндүрүм ээлерине берилди.

Эскерте кетсек Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин алкагында ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды курууга кеткен каражаттардын бардыгы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.

Буга чейин Кыргызстан менен Казакстандык ортосундагы экономикалык мамилени бекемдөө максатында 2007-жылы кыргыз-казак өнүктүрүү Фондун түзүү иштери башталган. 2014-жылы Казакстан тарап ЕАЭБдин алкагында инфраструктураны жакшыртууга колдоо көрсөтүү боюнча 100 млн. АКШ долларын берүү тууралуу өлкөлөр аралык келишимге кол коюлган. Бирок 3 жылдан бери белгисиз себептерден улам, бул каражат Кыргызстанга которулган эмес.

Бул арада Россия Федерациясы тарабынан техникалык көмөк көргөзүү үчүн капиталдык ремонт жана жабдуу иштерине, Бишкек шаарындагы Борбордук өсүмдүктөр карантини лабораториясына 190 миң 361 АКШ доллар жана Ош өсүмдүктөр карантини лабораториясына 240 миң АКШ доллар суммадагы акча каражаты бөлүнгөн.

Казакстан тарабынан техникалык көмөк көрсөтүү максатында 3 фитосанитардык лабораторияны (Нарын, Баткен жана Жалал-Абад облустарында) куруу жана жабдуу, ошону менен бирге эле адистерди окутуу, 8 фитосанитардык контролдук пунктту жабдуу үчүн 1 млн. 812 миң АКШ доллары каралганы менен ал иш жүзүнө ашкан эмес.

 

Аксакалы из Таласа требуют извинений от Алмазбека Атамбаева

Делегация аксакалов из Таласской области Кыргызстана сегодня приехала в Бишкек с миротворческой миссией – добиться извинений и урезонить президента страны.

Элиңди эмне мынча кыйнайсың, ыя?!

ЭКОНОМИКАЛЫК БЛОКАДА…

ЧЕК АРА ЭПОПЕЯСЫ…

Кыргызстандагы президенттик шайлоого оро-пара, күтүүсүздөн жарала калган жаңы проблема — ​казак-кыргыз чек-ара постунун өткөрүү тартибинин катаалдап кетиши күзгү дээрлик байкалбай өтүп кеткен сасык тумоодон айырмаланып, кыйла эле көйгөйлүү маселеге айланып кетти. Ал тургай, гриппке байланыштуу, эзелки кыргыздын эриксизден жаралган “жетимге жөтөлдүн кереги эмне?!” деген макалы эске келет…

Чынында эле, Кыргызстан өлкөсү ошол көкжөтөл оорусу торогон жетимдин абалында кайсалап турган чагы. Же каралашар жакын тууганы жок, же дары сатып алып, дарыланайын десе мүмкүнчүлүгү жок!.. Айтор, асманды карап, Кудайдан тилегенден башка арга да жок…

Чек ара маселесин чечүүгө бир катар аракеттер жасалып, ал тургай, коомдук чуулгандуу пикирлерди жаратуу аракети да орун алды. Арийне, алардан эч кандай жарытылуу тыянак чыккан жок. Чыгышы да мүмкүн эмес.

Айрым коомдук ишмерлердин жана саясатчылардын бир тобу (арасында кечээ эле жалпы элдик-президенттик шайлоодо бир пайызга жетпеген добуш алгандары да бар!) Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге (айрымдары массалык маалымат каражаттары аркылуу) түз кайрылууга да далалат жасап көрүштү. Эч кандай реакция болбоду. Нурсултан Абишевич аларга “быш” деп да койгон жок, чымын чаккандай да көрбөдү…

Абдан энергиялуу иштеп жатканын далилдөөгө аракет кылып жаткан жаңы премьер-министр Сапар Исаков дал эми ал өзүнүн иш жөндөмдүүлүктөрүн чындап көрсөтүүчү момент пайда болгондугун сезген окшойт, адегенде, массалык-маалымат каражаттарында Казакстан жана Кыргызстандын премьер-министрлеринин чек ара маселесине байланышкан сүйлөшүүлөрү болгондугу жарыяланса, эртеси эле кыргыз премьер-министри күтүүсүздөн эле өзүнүн казак коллегасына жолугушууга жөнөп кетти. Сыягы, казак премьери Сагинтаев кечээ күнкү кечки телефондук сүйлөшүүдө “Бул энди телефондык суйлесуу эмес гой?!” — ​деп койсо керек…

Кыргыз чөйрөсүндө айтылып жүргөндөй, “өңдү көрсө жүз тайды” болот деп үмүттөндүбү, же башка дагы көрүнбөгөн козырлары колунда бар беле, ким билет, Сапар Исаков, сапары кандай аяктаган күндө да, чечкиндүүлүк менен татаал проблеманы жөнгө салууга жөнөп кеткени маалым болду. Тилекке каршы, бул ирет да ал фиаского учурады. Башкача айтканда, дагы эле кыргыздын көөнө сөзү менен айта турган болсок, аны казак коллегасы жөн эле тил эмизип, “иттен чыгарып койгон” сыяктанып калды… Көрсө, эки тараптуу сүйлөшүү, жөө адамдар жана жүксүз машиналар жөнөкөй эле тартипте, демейдегидей эле калыпта өтө беришсин, ал эми калган өтүүчүлөр үчүн бир жуманын ичинде “жол картасын” эки тарап тең биргелешип даярдоосу керек деген жыйынтык менен аяктаптыр!

Кызык, жөө жана жүксүз адамдар жөн эле, күйүп жаткан иштери болбосо деле, ары-бери каттай беришкидей, алар эмне, башка кыларга иштери жок болуп, зеригип калды беле? Же Кыргызстандыктар абдан эле байып, жыргап жашап калышса, алар саякаттаганга Казакстандын чек ара өтмөгүнөн башка жер калбай калганбы?!

Эми мына, Арменияда ЕврАзЕстин премьер-министрлеринин деңгээлинде үч тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө. Катышуучулары — ​баягы эле Кыргызстан жана Казакстандын премьер-министрлери жана бул уюмга төрагалык кылуучу Армения премьер-министри… Ал эми Россия “Казакстан менен Кыргызстанды ким жараштыра алат?” деп коюп, мыйыгынан жылмайып, четтен байкап карап турат… Анткени, чек ара жана экономикалык блокада көйгөйлөрү боюнча, азыркы Россиядай кыйынчылыктарга кабылган өлкө дүйнө жүзүндө али боло элек.

Тээ мурдагы АКШ президенти Барак Обаманын учурунда башталган эмбарго, экономикалык санкциялар маселеси жаңы президент Дональд Трамп келген соң чечилет деген үмүттөрү таш каап, кайра ого бетер күчөтүлдү. Ушундан улам, АКШдагы либералдык топтун Трампка асылышып, анын Россиянын атайын кызматтарынын жардамы менен президенттик шайлоодо утуп чыккан деп жатышканында аз да болсо чындык бардыр деген ой жаралышы ыктымал. Себеби, түздөн-түз кийлигише албаса да, күйөрмандык жана агитация иретинде колдоо болсо болгон чыгар… Дегеле, күчтүү мамлекеттер — ​ал эми АКШ жана Россия сыяктуу супердержавалар ого бетер! — ​өз кызыкчылыктарын өз өлкөсүндө гана эмес, башка өлкөлөрдүн аймактарында да активдүү түрдө коргоону улантыша берет эмеспи… Ал эми биздин бечел бийлик өзүбүздүн эле чек ара постубузда өз кызыкчылыктарыбызды коргой албай, ал гана эмес, ал проблемаларды жок жерден баш оорудай кылып жаратып алып олтурбайбы?..

Бул үч тараптуу жолугушуудан кандай жыйынтыкты күтүүгө болот? Албетте, Армения тарап бул уюмдун ишин өзү төрагалык кылып жаткан учурда кризиске батышын каалабайт жана маселени колунан келишинче, мүмкүн болушунча оң чечүүгө далалат кылары түшүнүктүү. Башкача айтканда, ал кыргыздар тарапты колдоого алышы мүмкүн. Ошол эле учурда, бул сүйлөшүүлөрдүн ошол деңгээлге чыгышына чейин жеткирген казакстандык тарап да куру кол барбасы анык. Аларда да, демек, жетишерлик жүйөлүү контраргументтери бар окшойт.

Андай болбогон учурда, мурдараак эле азыркы мөөнөтү аяктап, кызматтан кетип бара жаткан президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн чек ара, бажы боюнча ЕврАзЕстин кезексиз жыйынын чакыруу укугунан пайдаланамын деген жарыясынан кийин эле бул маселеде оң жылыштар өзүнөн-өзү эле башталмак… Казак тарап бул жарыяны тек гана көңүлкош кабыл алып, кулагынын сыртынан кетиргендей болду.

Чек ара өтмөгүндө күтүүсүздөн эле түзүлүп, тез аранын ичинде катаалдашып кеткен маселе аргасыздан өз алдынча тарыхый иллюстрациянын призмасы аркылуу кароого да мажбурлагансыйт. Бир кездеги “Ормон опузадан” коркуп кетип, акыры аягында ушунчалык катуу корккондуктан, кайсалап калып, буктурмага кабылып, туткунга түшүп, башы кесилип, кесилген башы чайырга чыланып, кыргыз уруусунун биринин бийи Жантай тарабынан Орус империясынын төбөлдөрүнө тартууга жөнөтүлгөн кичүү жүздүн ханы Кененсарыдан айырмаланып, азыркы казак бийлиги эч кандай “ормон-опузаны” түшүнбөй тургандай, ал эмес, кыргыздар тараптан ачык эле айтылып жаткан блеф-слефиңди да уруп ойнобойм дегендей, такыр эч нерсени, эч кандай куру сөздөрдү тоотпогондой таасир калтырды.

Кыскасы, кыргызстандыктар жакынкы арада жана оңой чечилбей турган татаал маселеге кабылганы талашсыз. Бул маселенин эң эле жаман жана эл турмушуна эң оор терс таасир этүүчү тарабы — ​экономикалык жагдай экени түшүнүктүү. Саясий-идеологиялык ажырым же дискуссиядан айырмаланып, мунун зыяны дароо эле ачык сезиле баштайт. Болгондо да, карапайым эл турмушунан. Ал болсо, — ​чынжыр реакциясы сымал — ​эл нааразычылыгын күчөтөт.

Ансыз деле өз жандарын эбактан бери эле өздөрү багышып, мамлекет тарабынан, өкмөттөн эч кандай колдоо күтүүдөн биротоло үмүт үзүп калышкан жарандар, эми минтип маңдай-тери менен таап жатышкан эмгегинин да үзүрүн көрө алышпай, зыянга учурап жатышса, албетте, алар нааразы болбогондо, дагы кандай реакция жаралмак эле?! Анын үстүнө, өндүрүш (оор индустрия жөнүндө ооз ачпай эле коёлук!), өнөр жай тармагы эбак эле өлгөн өлкөдө азыркы тапта агрардык тармак жана мал чарбачылыгы гана жеке ишкерлер, жергиликтүү дыйкандар тарабынан аздыр-көптүр кыймылдап, эл турмушунун белгилүү бир чектен түшүп кетпей, жашоо деңгээлине керектүү минимумду камсыз кылып турат.

Баса, өкмөт жана бийликтин бардык деңгээлдеги отчетторунда ошол жеке ишкерлердин көрсөткүчтөрү да камтылып, өзгөчө чоң орунду ээлеп турат. Мезгил- мезгили менен (адатта, ар бир квартал сайын!) “баланча даана жумуртка, баланча тонна эт-сүт ж. б.” өндүрүлдү деген жана да “баланча чарчы метр турак-жайлар салынды” деген сыяктуу отчеттор, көбүнесе, дал ошол жеке жарандардын аракеттеринен улам гана жаралып жаткан цифралар.

Рационалдуу ой жүгүрткөн адамга парадоксалдуу абал жаралбай койбойт: деги он беш-жыйырма жылдан берки расмий отчетторду хронологиялык тартипте көз жүгүртүп көрсөң, дээрлик бардык тармактарда ай сайын болбосо да, квартал сайын — ​ал эми жылына сөзсүз түрдө! — ​кандайдыр бир өсүү темпи бар экендиги такай белгиленип келе жатат. А бирок, реалдуу турмушту карай келсек — ​көрүнүш такыр башка!..

Мунун себеби, өлкө экономикасы жедеп кургуйга түшүп, андан ары түшүп кетүүгө такыр чек калбай калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Мындай кырдаалда болор-болбос, бир аз гана жандануулар деле салыштырмалуу алганда “өсүш” сыяктуу сезиле берери шексиз.

Эми болсо, ошол дыйкандардын жыл бою эмгектенип, жыйып алган түшүмү коромжу болуп, банкрот болуу коркунучу жаралды. Бул чын-чынына келгенде бир кездеги Өзбекстан тараптан көрсөтүлгөн энергетикалык кысымдан да жаман жана кесепети оор. Анткени, эл бир нече күн, бир жама-эки жума отсуз-газсыз чыдап, ал кыйынчылыктан чыгып кетүү айлаларын таап калышкан. Ал эми чирип, сактоого мүмкүн болбой калган түшүмдү кайра калыбына келтирүүгө эч мүмкүн эмес!

Күчтүү жана эл аралык деңгээлде аброю бар мамлекеттер мындай экономикалык блокада абалына кабылышканда, демейде, башка региондордон жылчык-бош орун издешип, убактылуу болсо да кыйынчылыктардан чыгуу аракетин көрүшөт. Мисалга, алыска барбай эле коёлук. Мындан эки жылча мурда, Сирия менен Турция чек арасынын ортосунда атып түшүрүлгөн орус самолетуна байланыштуу, Россия Федерациясы менен Турция кырды бычак абалына жетишип, дипломатиялык мамилелерин да мына-мына үзө турган болуп калган чакта, Россиянын экономикалык блокадага кабылышы күчөшү бул саясий абалды өзүнөн-өзү оңдоп кеткен. Европадан алынуучу жер-жемиштер Турциядан келе баштап, мурдатан жыйырма жылдан ашуун жалдыратып, евросоюзга ар кайсыл шылтоолорду айтып, кабыл алынбай жүргөн Турциянын да көктөн тилегени жерден табылгандай болгон. Жаман айтпай жакшы жок демекчи, ал өз продукцияларын чыгаруучу жаңы рынок таап алып, НАТО боюнча аскердик өнөктөшү АКШнын ар кандай эскертүүлөрүнө карабастан, Россия менен тыгыз кызматташууга бара баштаган.

Кыргызстанга келсек, азыр башка багытты издеп, кыйынчылыктан чыгып кетүүчү жол таап кетүү мүмкүнчүлүгү да жок. Эбегейсиз чоң рынок болгон Кытай өзү чакан Кыргызстанды товарлары менен көөмп жатат. Ал эми Тажикстан менен Өзбекистан өздөрүнүн жер-жемиштерин батыра албай жатышат.

Демек, Кыргызстан алдында бир гана реалдуу жол калат. Ал жол — ​чек ара маселесин жок дегенде мурдагы калыбына келтирүү. Ансыз бул кырдаалда карапайым калк гана жабыр тартып, кыйнала берет. Ал эми мамлекетке келип түшүүчү чыгымдар деле анчалык сезилерлик болбосу анык. Себеби, биздин экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө эле чектелүү (дал ошондуктан улам, Казакстан тараптан “өзүңөргө кереги жок болуп калган темир-тезектериңерди бизге бербейсиңерби?” — ​деп уялбай, жалдырап суранып жүрөбүз да!?). Ал эми импорт жайына келсек — ​убактылуу токтоп калуу деле көп таасир эте албайт. Ички рынок чет өлкөлүк товарларга ансыз деле толуп кеткен даана керектөөгө караганда алда канча ашып түшкөндүктөн, алардын баалары мурдагыларга салыштырмалуу байкаларлык арзандоодо…

Жыйынтыктап айтканда, күтүлүп жаткан ЕврАзЕс жыйынындагы карала турган жалгыз гана маселе — ​Казакстан менен Кыргызстандын өз ара чек ара мамилелерин кароо — ​бир гана Кыргызстан жана Кыргызстандык карапайым калк үчүн аба менен суудай зарыл маселе. Аны оң тарабына чечүүгө кыргыз өкмөтүнүн жана жаш премьер-министрдин шаасы жетеби, же жокпу, — ​азыркы өкмөттүн жана өкмөт башчынын келечеги дал ушул суроо менен тыгыз байланышып турат.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: “Жаңы Ордо”

Каримованын Швейцариядагы тоңдурулган каражатын бир нече өлкө алууга ниеттенүүдө

Швейцариянын федералдык прокуратурасы Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримованын 2012-жылы тоңдурулган активдери боюнча беш жылга созулган тергөө ишин аягына чыгарууда. Кеп 800 миллион АКШ доллары жөнүндө болуп жатат. Иш сотко өтө элек, бирок бир катар өлкөлөр бул акчаларга ээлик кылуу үчүн олуттуу аракет көрө башташты.

“2012-жылы июлда алты кишиге, анын ичинде Гүлнара Каримовага карата тергөө жараяны башталган. Алар коррупция жана арам акчаны адалдоого шектелишүүдө. Швейцариянын федералдык прокуратурасы 800 миллион франкты (784 млн. доллардын тегереги) камакка алган”,– деп айтылат Швейцариянын федералдык прокуратурасынын билдирүүсүндө.

“Берн декларациясы” коммерциялык көз карандысыз уюмунун салык жана каржы коопсуздугу боюнча талдоочучу Оливье Лонгшан Гүлнара Каримованын ишин эл аралык юриспруденциядагы эң эле чиеленишкен иш деп атады:

–Тоңдурулган каражаттардын жана башка байлыктардын жалпы наркы 1 миллиард долларды түзөт. Экинчиден бул иште он тогуз өлкөнүн юриспруденциясы каралууда. Бул учурда жаңжалдан качуу мүмкүн эмес, – деген Оливье Лонгшан.

Ал Швейцариянын федералдык соту бул өлкөлөр ортосунда ири жаңжал жарала электе ишти тезинен сотко өткөрүүгө кызыктар экенин кошумчалады.

Le Temps гезити маалымдагандай, Каримованын активдерине ээлик кылууга негизинен Өзбекстан, АКШ жана Голландия талапкер болууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Орусия Сауд Арабиядагы Ниом шаарына миллиарддаган доллар инвестиция салат

Сауд Арабия кура турган “келечектин шаары” Ниом (Neom) үчүн Орусия миллиарддаган доллар инвестиция салат. Бул тууралуу Эр-Рияддагы форумда Орус түз инвестициялар фондунун башкы директору Кирилл Дмитриев билдирди.

ТАСС маалымдагандай, Орус түз инвестиция фонду башка эл аралык корлор менен биргеликте иштөөгө жана Ниомдун курулушу үчүн белгилүү орусиялык компанияларды да тартууга ниеттенүүдө. Дмитриев агенттикке кеп бир нече миллиард доллар көлөмүндөгү инвестиция жөнүндө болуп жатканын айткан.

Ниом “келечектин шаары” долбоорунун бюджети – 500 млрд доллар, Сауд Арабиянын көз карандысыз экономикалык аймагында курулат. Королдук Ниомду Азия жана Африка үчүн ири технологиялык хабга айлантууну көздөөдө. Шаар толугу менен күн энегриясы жана шамаал менен камсыздалат.

Ниом долбоору 2017-жылдын 24-октябрында сунушталган.

Шаардын аянты – 26 500 чарчы чакырым, Кызыл деңиз менен Акаба булуңунда, Шарм-эль-Шейхке жакын жерде курулат.

Ниом шаарын куруу боюнча долбоорду Alcoa компаниясынын мурдагы башчысы Клаус Кляйнфельд жетектөөдө.

Орус түз инвестициялар фонду 10 млрд доллар капиталга ээлик кылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Исаков: «Кыргыз Республикасы атайын мыкты өлкөнүн стратегиялык экономикалык талаптарына жооп берген бирдиктүү коргоо жолун тандап алган»

«Кыргыз Республикасы атайын мыкты өлкөнүн стратегиялык экономикалык талаптарына жооп берген бирдиктүү коргоо жолун тандап алган.  Бул узак мөөнөттүү улуттук артыкчылыктарды ишке ашырган Кыргыз Республикасынын чечими болду», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүп жаткан Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы ЕАЭБ – бул заманбап  мезгилдин реалдуулугуна жооп берген долбоор экенин билдирди.  Анын айтымында бүгүнкү күндө экономикалык өнүгүүнүн аймактык деңгээли бекемделүүдө.

«Толук кандуу аймактык экономикалык биримдиктин түзүлүшү – глобалдуу мейкиндиктеги туруктуу өнүгүүнү камсыз кыла турган бир бөлүк болуп саналат», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, ЕАЭБдин Бажы кодекси бул тармактагы эл аралык тажрыйбаны камтыган бизнес үчүн олуттуу пайдаларды алып келе турган көпчүлүк бирдиктүү жана шайкеш мыйзамдардын бири болуп эсептелет.

Мындан сырткары жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалга да токтолду.

«Биз Премьер-министрлердин деңгээлинде өзүбүздүн өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жургүзүп жатабыз. Ортодо айрым маселелер болгонуна жана алардын кээ бирлери чечилгенине сиздер баарыңыздар күбө болдуңздар. Бул үчүн биз казак тарапка ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бирок маселе ушундай көйгөйлөр жаралышы керек беле, бул биздин өнөктөштүгүбүзгө дал келеби дегенде турат», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр 2017-жылдын 10-октябрында Казакстан Республикасы кыргыз-казак жана орус-казак чек араларында транспорт каражаттарынын, жүргүнчүлөрдүн жана товарлардын өтүүсүнө күчөтүлгөн тартип киргизгенин маалымдады.

«Бүгүнкү күндө бул маселе чечилбей жатат. Бирок биз казак тараптын бул маселени чечерине ишеним арткыбыз келет. Анткени биздин ортодогу түзүлгөн келишимдерге ылайык  бардык жүк ташуучу жана жеңил унаалар, жүргүнчүлөр жана товарлар эч кандай тоскоолдуксуз чек арадан өтүшү керек», – деп баса белгиледи Сапар Исаков.

Өкмөт башчы ЕАЭБдин буюмдар, капиталдык тейлөө кызматтарынын жана жумушчу күчтөрүн эркин чыгаруу боюнча принциптери бар экенин айтып,  Казакстан бардык болуп жаткан көйгөйлөрдү чечерине терең ишенерин билдирди.

Өкмөт башчы Кыргызстан  үчүн  уюмдун  эрежелерин аныктоо жана экономика, соода системасында чечимдерди кабыл алууга катышууга жакшы мүмкүндүк бергенин баса белгиледи.

«Келечек  жөнүндө айта турган болсок, биздин интеграциялык биримдик жаш. Биз баарыбыз рынокту тереңдетүү жана бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү боюнча көп иштерди аткарышыбыз керек. Бул багытта бекем пайдубал түптөлгөнү менен бир форматта товарларды эркин жүгүртүү жана жумушчу күчтөр тууралуу алдыга жылышыбыз зарыл. Башка негизги тармактар боюнча да жалпы рынокту түзүү үчүн болгон аракетибизди жумшайлы», – деди Сапар Исаков.

Бул демилгелердин бардыгы  Премьер-министрдин айтымында өнүгүүнүн инновациялык моделине өтүүгө, анын жаңы жолдоруна шарт түзүүгө багытталган.

Сапар Исаков белгилегендей, бүгүн ЕАЭБдин санариптик күн тартибиндеги маанилүү  документтердин бири кабыл алынды.

Өкмөт башчы санариптик трансформациянын дүйнөлүк тенденциядагы ордун анализдөө менен, санариптик экономика инновациянын негизги кыймылдаткычы  деген бүтүм чыгарууга болорун билдирди.

Премьер-министр өлкөдө «Таза Коом» улуттук санариптик долбоору ишке ашырыла баштаганын, бул жарандардын жашоосундагы бардык тармактар боюнча ачык жана динамикалуу өнүгүүнү камсыз кыларын баса белгиледи.

Сапар Исаков ошондой эле 2017-жылы Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге төрагалык кылуусунун алкагында  бизнеске жакшы шарт түзүү жылы деп жарыялаганын кошумчалады.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге төрагалык кылуусунун алкагында  бизнеске жакшы шарт түзүү жылы деп жарыялоо чечими узак мөөнөттүү келечекте биримдиктеги өлкөлөрдө  бизнестеги атаандаштыкка туруктуу берүүсүн шарттайт.

Мындан сырткары Сапар Исаков белгилегендей, ЕАЭБге кирген мамлекеттер тар улуттук кызыкчылыктарга жана биримдик үчүн пайдасыз болгон долбоорлорго убакыт коротпошу керек.

«Баарыбыз бирге болгондо гана  биз учурдагы салмаксыздыктан арыла алабыз. Бирге болгон учурда гана  биздин өлкөлөрдүн келечеги үчүн жол ача турган өнүгүүнүн жаңы моделине чыга алабыз», – деди Сапар Исаков.

Өзбекстан Орусия менен Казакстанга жүргүнчү вагондорун экспорттой баштады

«Жүргүнчү вагондорду куруу жана оңдоо боюнча Ташкент заводу» акционердик коому дүйнөлүк базарга чыгып, Мade in Uzbekistan фирмалык белгиси менен поезддер үчүн жүргүнчү вагондорду өндүрө баштады. Бул тууралуу «Өзбекстан темир жолдору» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жүргүнчү вагондорду өндүрүү менен алектенген Борбор Азиядагы жалгыз заводдун плацкарта жана купе тибиндеги вагондору 2016-жылы Орусия менен Казакстандын кызыгуусун жараткан. Ортодо түзүлгөн келишимдерге ылайык, быйыл заманбап вагондордун өндүрүшү башталып, 2017-жылдын аягына чейин буйрутма берген тарапка плацкарта жана купе тибиндеги бештен вагон жөнөтүү пландалууда. Завод чыгарган пордуктусунун эл аралык стандарттарга дал келе тургандыгы боюнча сертификатты быйыл июнда алган.

Экспорттоло турган вагондордо суу тазалоочу, желдетүүчү жана жарык берүүчү заманбап системалар орнотулган. Андан тышкары рельстер аркылуу тегиз жана аз чайпалуу менен жүрүүгө мүмкүндүк берчү атайын жабдуулар менен жабдылган. Сырткы дизайны буйрутма берүүчүлөрдүн талабына ылайык жасалгаланган. Вагондордун өндүрүшү аталган заводдо 2011-жылы башталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню