Menu

ЭКОНОМИКА

Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби боюнча жаӊы келишим түзүлдү

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө» макулдашуунун долбоорун жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби боюнча жаӊы келишим түзүлүп жатат. «Анда мүчөлүк акы принциби, мүчөлүк акыны төлөө, бюджетти аткаруу механизмдери жаатында жаӊы түшүнүктөр камтылды», – дейт ал.

Андан тышкары, Шанхай кызматташтык уюмунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишине жумшала турган бюджеттик каражаттар буга чейин 10 пайыз болсо, ал азыр 8,6 пайызга чейин азайтылганы, бирок бюджеттин өзү көбөйгөндүктөн, анын өлчөмү мурдагы бойдон калары белгилүү болду.

Казак өндүрүүчүлөрү кант импортунун чектелишине кабатыр болушууда

Казакстандык кондитерлер ассоциациясы менен Алкоголсуз ичимдиктер ассоциациясы ЕАЭБ аймагында кантты уюмдан тышкаркы өлкөлөрдөн импорттоого тыюу салуу идеасына каршы чыгышты.

Казакстан кондитерлер ассоциациясынын вице-президенти Ерлан Ахметовдун билдиришинче, Орусия менен Беларустун ири кант өндүрүүчлөрү ЕАЭБ аймагында кант импортуна тыюу салуу сунушу менен чыгууга ниеттенишүүдө. Бул демилге 25-октябрда Ереванда өтө турган ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында көтөрүлөт.

Казакстандык өндүрүүчүлөр эгер бул сунуш колдоо тапса, анда чет өлкөдөн импорттолгон кантка 30-40 пайыз көлөмгө чейин бажы салыгы салынарын, канттан жасалган өнүмдөр, анын ичинде кондитердик азыктар менен суусундуктардын баасы да ушундай өлчөмдө кымбатташы мүмкүн экенин айтышууда.

Казакстандык өндүрүүчүлөр учурда ЕАЭБ келишими боюнча тыштан кантты бажы салыгы жок импорттошот.

Ассоциация өкүлдөрү эгер казакстандык өндүрүүчүлөр кантты ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн гана сатып алса, Орусия менен Беларустун кант өндүрүүчүлөрү өз алдынча баа саясатын аныктап калышат деп кооптонушууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Айыл чарба кооперативдеринин ирилештирилишине артыкчылыктар менен женилдиктер каралууга тийиш

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамга) 1-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев мыйзам долбоорунун концепциясы менен тааныштырды.

Бүгүнкү күндө жер тилкелери үлүш-үлүштөргө берилип, бөлүнүп кетиши агрардык сектордун өнүгүүсүн жайлатууга алып келди. Мындай жагдайды чечүүдө айыл жергесинде экономикалык жактан пайдасын түшүндүрүү жолу менен ыктыярдуу негизде кооперацияга өтүү башкы маселе. Кооперацияларга биригүүнүн негизги максаты материалдык жана каражат ресурстарын рационалдуу колдонууга, өндүрүштүк жана башка чыгымдарды азайтууга, рынокто тиешелүү артыкчылыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору айыл чарба кооперативдеринин жана фермердик чарбалардын ортосунда бирдей шарт түзүүдө айыл чарба багытындагы жерлерди менчикке же пайдаланууга берүүдө бирдей укук берүү үчүн, ошондой эле жер үлүштөрүн же жер тилкелерин сатууда айыл чарба кооперативдерин колдоо максатында сунушталган.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Түркмөнстандын көмүскө базарында доллардын курсу өсүүдө

Түркмөнстанда күн өткөн сайын америкалык валютанын расмий эмес (базар) курсу өсүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат каражаттары жазууда.

Эгер 21-октябрда Ашхабадда доллар 8,5 манат турса, кийинки күнү ал 9 манаттан алынып калган. Базарда долларды сатууга гана болот, сатып алуу дээрлик мүмкүн эмес. Анда акча алмаштыруу менен алектенгендер долларды сатуудан баш тартышууда.

Жергиликтүү байкоочулар доллардын учурдагы курсу чек эмес экенин, октябрдын аягына жакын ал 10 манаттан ашышы мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

Банк курсу болсо 2015-жылдан бери өзгөрбөй, бир доллар 3,5 манат деген көрсөткүчтө кармалып келет. Бирок банктарда валютаны сатууга гана мүмкүн, сатып алууга болбойт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Россиянын 240 млн долларлык Кыргызстандын карызын кечүүсү, мамлекеттик тышкы карыздын денгээлин 3.8% кыскартат

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Мурда берилген насыялар боюнча Кыргызстандын Россияга карызын жөнгө салуу тууралуу макулдашууга карата протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Эске салсак, 2012-жылдын 20-сентябрындагы макулдашуу менен Кыргызстандын 488,9 млн доллар көлөмүндөгү карызы эсептен чыгаруу аркылуу жөнгө салынган. Ал эми 2013-жылдын 22-майында Россия 188,9 млн доллар өлчөмүндөгү карызды иш жүзүндө эсептен чыгарган.

Макулдашууга ылайык, эсептен чыгарылган карыздын калган 300 млн доллары 10 жылдын ичинде, башкача айтканда, 2016-2025-жылдар аралыгында жыл сайын 30 млн доллардан эсептен чыгарылууга тийиш болгон. Ошондон улам, 2016-2017-жылдарда 60 млн доллар эсептен чыгарылган. Демек, 2017-жылдын 30-апрелине карата карыздын калдыгы 240 млн долларды түзөт.

КР Президентинин ушул жылдагы мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө мурда берилген насыялар боюнча карыздарды жөнгө салуу тууралуу макулдашуу боюнча протоколго кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстандын карызын мөөнөтүнөн мурда жана бир жолу кыскартууга мүмкүндүк берип, карыздарды толугу менен жокко чыгарылат.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, 240 млн доллар өлчөмүндөгү карызды бир жолу эсептен чыгаруу ички дүӊ өнүмгө карата мамлекеттик тышкы карыздын деӊгээлин 3,8 пайызга кыскартып, ал жалпысынан Кыргызстандын мамлекеттик карызынын өлчөмүнө туура келет. Эгерде бул протокол ратификацияланса, Кыргызстандын Россияга карыздары толугу менен жоюлат.

Депутаттар Кыргызстандын башка өлкөлөрдүн алдындагы тышкы карыздарын жоюу жаатында да аркеттерди көрүү зарылдыгын белгилешти.

 

 

Индия 2 миң тоннадан ашык өзбек уранын сатып алууга ниеттенүүдө

Астанада өткөн ШКУ саммитинде Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жолугуп, Индияга өзбек уранын жеткирүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Индиянын The Economic Times гезити жазды.

«Уран экспорттоо боюнча дүйнөдө жетинчи орунда турган Өзбекстан уран резервин түзүү жаатында Индиянын башкы оюнчусуна айланат. Нью-Дели өз реакторлоруна урандын 5 жылдык запасын топтоп алуунун үстүндө иштеп жатат», – деп айтылат басылманын макаласында.

Индия-өзбек мамилелеринин өнүгүшү менен жакындан тааныш булактын айтымында, бул жолугушууда өзбек президенти байланышты жаңы деңгээлге алып чыгууну чечти. «Астанадагы сүйлөшүүлөр эки тараптуу мамиленин бурулуш учуру болду десем болот. Анда Өзбекстан Индиядан көбүрөөк инвестиция тартууну каалай тургандыгын көрсөткөн кызматташтыктын жаңы барагы ачылды», – деди ал.

Өзбекстандын делегациясы бул маселени кеңири талкуулоо жана уран жеткирүү шарттарын сүйлөшүү үчүн Индияга августта барып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан менен Казакстан эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын көбөйтөт

«Өзбекстан аба жолдору» жана «Эйр Астана» компаниялары эки өлкө шаарларынын ортосундагы аба каттамдарынын санын көбөйтүү боюнча макулдашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар туристтик агымды көбөйтүү максатында Ташкенттен Алматы, Астана шаарларына, жана Алматы менен Астанадан Ташкентке аткарылчу туруктуу аба каттамдардын санын көбөйтүү, ошондой эле Казакстандын шаарларынан Өзбекстандын Ургенч, Бухара жана Самарканд өңдүү тарыхый шаарларына жаңы каттамдарды ачуу боюнча макулдашууга келишти.

Андан сырткары тараптар «Эйр Астана» компаниясынын учактарына Uzbekistan airways technics ишканасынын базасында техникалык кызматтарды көрсөтүү жана оңдоо иштерин өткөрүү, ошондой эле казак учкучтарынын «Өзбекстан аба жолдорунун» машыгуу комплексинде даярдыктан өтүүсү боюнча кызматташтыктын багыттары тууралуу сүйлөштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки авиакомпаниянын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюшту. Учурда «Өзбекстан аба жолдору» менен «Эйр Астана» өнөктөштүк негизде Ташкенттен Алматыга жумасына алты жолу, Астанага эки жолудан каттамдарды аткарып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өндүрүштү колго алып, өнөр-жайды өнүктүрөлү

“Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Төрага Чыныбай Турсунбеков билдирди”, – деп маалымдайт Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Ошондой эле, 26 жылда тыштан алынган 9 млрд. доллардан ашык өлчөмдөгү каржынын 117 млн. доллары гана өлкөнүн өнөр-жай тармагына жумшалганын эске салган Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Кайсы мамлекеттин экономикасы болбосун, өнөр-жай тармагы өнүгүүнүн баштапкы тиреги болуп эсептелет. Бирок бизде тыштан алынган акчанын бир пайызы гана өнөр-жайды өнүктүрүүгө жумшалганын натыйжасында өзүбүздүн өндүрүшүбүз аксап келет. Өлкөбүз чет жерден ташылган товарларга муктаж болуп, ишкерлерибиздин иши оор. Андыктан, бул маселеге Өкмөт өзгөчө көңүл буруп, өнөр-жай тармагын өнүктүрүүнү колго алышы зарыл” – деди.

Андан тышкары, ЕАЭБ алкагында да өнөр-жайды күчтөндүрүү аркылуу, атаандаштыкка карата туруктуулукту жогорулатууга болорун айткан Жогорку Кеңеш Төрагасы, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алуудан тышкары, аны жүзөгө ашырууга карата жигердүү аракеттерди көрүү керектигин кошумчалады.

Кыргызстандын БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмуна карызы кайрадан жөнгө салынууда

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму менен КР Өкмөтүнүн ортосундагы төлөмдөр планына ылайык төлөнбөгөн төгүмдөр боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Баяндамачынын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (мындан ары – ЮНИДО) менен мындай макулдашууга 2017-жылы кол коюлган. Анда КР Өкмөтү тарабынан төлөнө турган салымдар боюнча карызы катары 385087 евро (1993-2016-жылдардагы карыздар – 383 041 евро жана 2017-жылга салым – 2046 евро) камтылган.

Бирок, туруктуу өнөр жай өнүгүүсүнө жетүү максатында, Өнөктөш-өлкө статусун алуу үчүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитет 75287, 03 еврону карызды жабуу эсебине төлөгөн. Азыр ЮНИДОго болгон карыз 307754 еврону түзөт. Ошондон улам, аны макулдашуунун долбоору түзүлгөн күндөн тарта 5 жылдын ичинде этап менен төлөө каралат.

ЮНИДО 1994-жылдан 2014-жылга чейин өнөр жайды өнүктүрүү жана кызматташуу алкагында инвестицияларды тартуу, энергиянын жаңыланма булактарын өнүктүрүү, агробизнес тармактарында 1,5 млн доллар суммасындагы 11 долбоор ишке ашырылган. Азыркы учурда ЮНИДО Кыргызстанда жалпы бюджети 4 млн доллар болгон курулуш материалдарын өндүрүү жана туризм тармагы менен өндүрүштүк ишмерлик ортосундагы байланыштарды чыңдоо боюнча долбоорду ишке ашырууда.

Депутат Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлиги менен Каржы министрлигинен тармактык комитетке кыргыз тарап канча эл аралык уюмдар менен кызматташып жатканы, алардын натыйжалуулугу, ишке ашырылган долбоорлор боюнча так маалымат берүүнү талап кылды.

Жанар Акаев: "Шамбесай" кенинин экономикалык жактан дагы, экологиялык жактан дагы пайдасы жок

Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев Кадамжайдагы Майдан айыл өкмөтүнұн эли менен жолугуп алардын көйгөйлөрү туралуу Парламенттин жыйынында айтып берди. Депутаттын айтымында ал жерде Шамбесай деген алтын кен иштетилет экен. Анын экономикалык жактан пайдасы жок, тескеринче экологиялык жактан зыяны абадн чон экен.

 

“Кадамжайдагы тургундар менен жолугушуудагы маселени бүгүн парламентте тиешелүү жетекчилерге айттым жана айыл элинин талабы биздин такай көзөмөлдө болоорун эскерттим.- деп жазды өзүнүн Facebook тагы жеке баракчасында.

https://www.facebook.com/janar.akaev.9/videos/1451800978190355/

Булак: Kyrgyztoday.kg

Меню