Menu

ЭКОНОМИКА

"РусГидро" Кыргызстанды сотко бермей болгону кабарланды

Орусиянын “РусГидро” ишканасы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскадына байланыштуу сотко кайрылмай болуп жатканын РИА Новости агенттиги кабарлоодо.

Агенттиктин маалыматына караганда, ишкананын жетекчиси Николай Шульгинов “эл аралык арбитраж боюнча консультант издей баштаганын” айтты.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Орусиянын “РусГидро” компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2016-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Кыргыз тарап жумушчулардын жатаканасынан башка ал жерде эч нерсе курула электигин жүйө келтирип, кеткен чыгымды аныктоо үчүн эл аралык аудит өткөрүүнү сунуштаган. Бирок Орусия тарап андан баш тартып, Кыргызстан 37 миллион доллар бересе болуп калганын айтып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан айыл-чарба өсүмдүктөрүн жайы-кышы өстүрүүгө өтөт

Быйылтан тарта Өзбекстанда түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн жайы-кышы өстүрүү практикасы киргизилүүдө. Бул тууралуу II эл аралык жашылча-жемиш жарманкесинин ачылышында өлкөнүн айыл жана суу чарба министри Зойир Мирзаев билдирди.

Анын айтымында, бул чечим – жашылча-жемиштерди экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү жана өлкө ичинде аларга болгон муктаждыктарды жоюу боюнча өкмөттүн пландарына байланыштуу.

«Президенттин демилгеси менен быйыл буудайдын түшүмү жыйналгандан кийин болжол менен бир миллион гектар жерге жашылча-жемиштин бир катар түрү эгилди. Алардын 40% ашыгы буурчак өсүмдүктөрү. Андан тышкары күзүндө өлкөнүн түштүк аймактарында картошка, сабиз жана кызылча өстүрүүнү пландап жатабыз. Мындай аракеттер Өзбекстанда алгачкы жолу көрүлүүдө. Албетте, биз үчүн бул тобокелчилик, бирок азыр мониторинг кылып, адистер менен окумуштуулардын пикирлерин топтоп жатабыз. Азырынча алардын божомолдору жакшы», – деди Мирзаев.

Ал ошондой эле учурда Өзбекстанда жылына 20 миллион тоннага жакын жашылча-жемиш өстүрүлүп, бир миллион тоннадан ашыгы экспорттолорун кошумчалады. Айтымында, жыл өткөн сайын экспорттун географиясы кеңейүүдө жана бүгүнкү күндө Өзбекстан дүйнөнүн 80 өлкөсү менен экспорттук байланышка ээ.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эсенкул Момункулов назначен советником Премьер-министра Кыргызской Республики

4 сентября 2017 года примерно в 18:22 часов, неустановленный водитель на неустановленной автомашине на пересечении улиц Фрунзе-Манаса г. Бишкек совершил наезд на несовершеннолетнего Э..А., после чего скрылся с места дорожно-транспортного происшествия.
При проведении оперативно-розыскных мероприятий по горячим следам под руководством службы розыска ГУПМ сотрудники отдела розыска УПМ по ГУВД г.Бишкек задержали автомашину марки Lexus RX-300, 2004 года выпуска под управлением М.Н. 1985 года рождения, проживающей в городе Бишкек.

Автомашина водворена на специализированную стоянку, а водитель вместе с собранными материалами переданы в следственный отдел СУ ГУВД г.Бишкек.

ГУПМ МВД Кыргызской Республики благодарит гражданку по имени Жака, за активную помощь при раскрытии данного происшествия!

Пресс-служба ГУПМ МВД Кыргызской Республики

Өзбекстанда сум девальвацияланды

Өзбекстандын Борбордук банкы 1 АКШ долларынын курсун улуттук валютага карата 8100 сум деңгээлинде бекитти. Бул өткөн аптага караганда 3889,65 сумга жогору.

Борбордук банк сумду башка чет өлкөлүк валюталарга карата дагы девальвациялады.

Өзбекстан президенти 2-сентябрда валюта саясатын либералдаштыруу боюнча жарлык чыгаргандан бери сумдун куну кескин төмөндөдү. Өлкөдө улуттук валюта көп жылдан бери алгач ирет девальвация болууда.

Ушул эле жарлыкка ылайык, 5-сентябрдан тарта өлкө жарандары акча алмаштыруу жайларында чет өлкөлүк валюталарды тоскоолдуксуз сатуу-алуу укугуна ээ болушат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

2018-жылдын январынан тартып Кыргызстан жылына 160 млн доллар карызын төлөй башташы керек

Кыргыз мамлекетинин эң ири өлчөмдөгү тышкы карыздарды төлөөчү мезгилдеринин бири 2018-жылга туура келет. Жыл жаңыргандан кийин Кыргызстан тышкы карызды жабууга 11 миллиард сом же 160 миллион доллар жумшайт. Ал эми тышкы карыздарды төлөөнүн туу чокусу 2021-жылга туш келет. Ал учурда жылына 300 миллион доллар өлчөмүндө каражат сарптоого аргасыз болобуз. Буга чейин мынчалык ири суммадагы карызды төлөп көрө элек болчубуз.

Булак: “Фабула”

Онкология борборун оңдоо үчүн 70 миллион сом бөлүндү

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун имаратын оңдоону бүткөрүү үчүн 70 миллион сом бөлдү. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү каражат өлкө башчысынын фондунан бөлүнмөкчү. Улуттук онкология борборунун имараттары 50 жыл мурда курулган. Учурда анын имаратынын эскилиги жетип, заманбап медициналык жабдыктар жок экени айтылып келген. Былтыртан баштап бул борбордун имаратын оңдоо иштери башталган.

Кыргызстанда 25 миңден ашууң адам түрдүү онкологиялык оорулар менен дарыгерлердин каттоосунда турат.

Булак: “Фабула”

Патрульная милиция по ГУВД Чуйской области ищет очевидцев смертельного наезда на пешехода

4 сентября 2017 года примерно в 18:22 часов, неустановленный водитель на неустановленной автомашине на пересечении улиц Фрунзе-Манаса г. Бишкек совершил наезд на несовершеннолетнего Э..А., после чего скрылся с места дорожно-транспортного происшествия.
При проведении оперативно-розыскных мероприятий по горячим следам под руководством службы розыска ГУПМ сотрудники отдела розыска УПМ по ГУВД г.Бишкек задержали автомашину марки Lexus RX-300, 2004 года выпуска под управлением М.Н. 1985 года рождения, проживающей в городе Бишкек.

Автомашина водворена на специализированную стоянку, а водитель вместе с собранными материалами переданы в следственный отдел СУ ГУВД г.Бишкек.

ГУПМ МВД Кыргызской Республики благодарит гражданку по имени Жака, за активную помощь при раскрытии данного происшествия!

Пресс-служба ГУПМ МВД Кыргызской Республики

Сапар Исаков: Мурдагы жылдарга салыштырмалуу газдын баасы инфляцияны эске алганда да бир нече эсе арзан

«Мурдагы жылдарга салыштырмалуу газдын баасы инфляцияны эске алганда да бир нече эсе арзан. Бул биздин Россия Федерациясы менен болгон стратегиялык мамилебиздин бекемдигинен кабар берет», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-августта, «Газпром Кыргызстан» ЖЧК жаңы административдик имаратынын ачылышын аземинде. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы компаниянын кызматкрелерин белгилүү дата менен куттуктап, 10 жылдан бери Кыргызстандын рыногуна кирген «Газпром» компаниясы өлкөнүн бюджетине 1 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө каражат төлөгөнүн билдирди.

Премьер-министр бул көрсөткүчтүн уникалдуу экенин айтуу менен, өлкөнүн экономикасына кошкон салымы үчүн «Газпром» ЖЧК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерге ыраазычылыгын билдирди.

«Компаниянын социалдык жоопкерчилиги тууралуу өзүнчө айтып кетким келет. «Газпром» компаниясы биздин өлкөдө абдан көп долбоорлорду ишке ашырды. Бул жетишкендиктерди биз реалдуу колдонуп келе жатабыз. Компаниянын программасына ылайык өлкөнүн бардык аймактары көгүлтүр от менен камсыз болот», – деди Сапар Исаков.

Мындан сырткары иш чаранын алкагында Өкмөт башчы «Бухара – Ташкент-Бишкек-Алма-Ата» магистралдык газ түтүгүнүн, «Сокулук» газ бөлүштүрүү станциясынын ишке берилиши жана Ала-Тоо жаңы конушуна газ берүү иш чарасына теле көпүрө аркылуу катышты.

«Бухара — Ташкент — Бишкек — Алма-Ата» газ өткөрүү түйүнү— Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин газ менен камсыз кылуу долбоорунун алкагында иштелип чыгып, ишке ашып жаткан Башкы схеманын алгачкы долбоору болуп саналат. Курулган участокту ишке киргизүү менен, өлкөдөгү газ түйүндөрүн колдонуу эки эсеге жогорулап, ишенимдүүлүгү артат.

«Сокулук» газ бөлүштүрүүчү жаңы станциянын ишке кириши Чүй облусундагы ишканаларга жана жалпы колдонуучуларга газды ташып келүүдө жогорку сапаттуулукту камсыз кылат. Анын пландык кубаттуулугу суткасына 240 миң м3 түзөт.

Ал эми «Ала-Тоо» жаңы конушундагы газ түтүктөрүнүн ишке берилиши ал жердеги 6000 жаранды көгүлтүр от менен камсыз кыла алат.

Мындан сырткары Премьер-министр Сапар Исаков «Газпром» активдүү эмгектенген кызматкерлерине Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

“Бухара – Ташкент – Бишкек – Алма-Ата” долбоорун ишке ашырууда жана аны аягына чыгарууда мыкты кызмат көрсөткөндүгү үчүн төмөнкү кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды:

– Аникеев Станислав – «Стройгазконсалтинг» ЖЧК башкы директору;

– Варламов Николай – Долбоорлоо боюнча Москва филиалынын директорунун орун басары – «Газпром долбоорлоо» ЖЧК башкы инженери;

– Куликов Антон – «Газпром трансгаз Москва» ЖЧК башкы директорунун жардамчысы;

– Спектор Юрий – «Газпром долбоорлоо» ЖЧК башкы директорунун биринчи орун басары.

Ошондой эле дене-тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен «Газпром Кыргызстан» ЖЧК башкы директорунун орун басары Сабырбек Акимбаев сыйланды.

Өзбекстанда доллардын расмий курсу «көмүскө базардын» курсуна теңелет

Жакынкы күндөрү Өзбекстандын Борбордук банкы доллардын расмий курсун девальвация кылып, чет өлкөлүк валютанын расмий курсун унификациялайт. Бул тууралуу өлкөнүн банк системасында эмгектенген кызматкерлер билдиришти.

Маалыматка караганда, Борбордук банктын бул аракетинен кийин америкалык доллардын бирдиктүү курсу болжол менен 8 миң сумду түзөт деп күтүлүүдө.

Ташкенттеги коммерциялык банктар жарандардан чет өлкөлүк валюталарды сатып алууга даярданышууда.

– Бизге Борбордук банктын тиешелүү жобосу келгенден кийин даярдана баштадык. Бирок азырынча жарандардан чет өлкөлүк валютаны базар баасы менен сатып алууну баштай элекпиз. Анткени Борбордук банк бул боюнча чечим кабыл ала элек. Мекеме тарабынан бирдиктүү курс бекитилгенден кийин жеке жактардан чет өлкөлүк валютаны сатып ала баштайбыз, – деп билдирди коммерциялык банктын кызматкерлеринин бири.

Борбордук банктын бул кадамы расмий курстун кескин девальвация болушуна алып келет.

– Борбордук банк тарабынан 29-августка карата белгиленген доллардын расмий курсу 4200 сумду түзсө, «көмүскө базарда» ал 7800 сумга бааланууда. Эми Борбордук банк расмий курсту девальвация кылып, аны көмүскө базардын курсуна теңеши керек. Мында чет өлкөлүк валютанын курсу бир түргө келип, эркин конвертацияга жол ачылат. Андан соң валюта курстары күн сайын базардагы суроо-талапка жана сунушка жараша өзгөрүп турат, – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинен пайда көрүү өстү

Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигин ыктуу пайдалануу аркылуу жергиликтүү бюджетке келип түшүүлөр көлөмү быйылкы жети ай ичинде 332,7 миң сомго артты. Бул тууралуу шаар мэриясынын аткаруу комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Шаар мэриясынын аткаруу комитетинин жыйынында шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин быйылкы 7 ай ичинде аткарган иши каралып, аткаруу комитетинин мүчөлөрү тарабынан жалпы иштин абалы канааттандырарлык деп табылды.

Атап айтканда, комитеттин максаттуу жүргүзүп жаткан ишинин негизинде шаардык казынага 2017-жылдын 7 айы ичинде 7 миллион 909,5 миң сом түшкөн. Жыл башында бекитилген план боюнча бул мзегил ичинде 7 миллион 576,8 миң сом келип түшүшү керек болчу. Демек, пландын аткарылышы 104,4 пайызды түзүп, 332,7 миң сом каражат көп түшкөн.

Муниципалдык жер аянттарын ижарага берүүдөн келип түшүүлөр көлөмү да арткан. Мисалы, жыл башынан бери муниципалдык жер аянттынан ижарага берүүдөн 4 миллион 47,8 миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн. Белгиленген план 3 миллион 930 миң сом болсо, планды аткаруу 103 пайызга жеткен жана шаардык казынага 117,8 миң сом акча каражаты көп түшкөн.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин башкаруусунда 22 кызматтык батирлер, 191 даана жашоого ыңгайлашпаган имараттар, 812 миң 139,6 чарчы метр муниципалдык жер аянты турат.

Меню