Menu

ЭКОНОМИКА

Каныбек Иманалиев Сапар Исаковго: “Эмне үчүн президенттин 2013-2017-жылдарга стратегиялык пландары 35%га эле аткарылды?”

“Сапар Жумакадырович, мен сизди кунт коюп уктум, бирок үч суроого жооп алалбадым, эмне үчүн президент Атамбаевдин 2013-2017-жылдарга стратегиясы 35%га эле аткарылды? “, – деп сурады парламенттин депутаты Каныбек Иманалиев  Жогорку Кеңештин жума күнү, 25-августта  өткөн кезексиз сессиясында.

“СССРдин учурунда 11-беш жылдыкты 35%га аткарган Биринчи секретарь Коммунисттик партиянын катарынан кетчи же түрмөгө олтурчу. Эң жакшы документ эле. Экинчи маселе, “Кумтөр” боюнча тарыхый маселенин жоопкерчилигин ким моюнга алат? “Кумтөрдө” Кыргызстандын үлүшү 6%га азайып кетти”, – деди Каныбек Иманалиев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Өмүрбек Бабанов: “Кумтөрдөгү” Кыргызстандын үлүшү 32%дан 26%га түштү, ошол эле учурда кенди иштеткен “Центерра” компаниясы 1,1 млрд долларга бир банкрот компанияны сатып алды”

“Кумтөр” алтын кенинде Кыргызстандын үлүшү 32 пайыздан 26 пайызга түшүп кетти. Ошол эле учурда аны иштеткен Канадалык “Центерра” компаниясы “Томсон Грик” деген Канадалык финансылык абалы кыйындаган компанияны 1 миллиард 100 миллион долларга сатып алды”, – деп билдирди парламенттин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин жума күнү, 25-августта  өткөн кезексиз сессиясында.

“Центеррага” акчанын 80%ы биздин “Кумтөр” алтын кенинен түшөт.  Биздин энергетиканы “Лигласс” деген банкрот компания келип сатып алып жатат, ал эми биздин алтын кениндеги байлыкты ташып кетип жаткан “Центерра” Канададан бир банкрот фирманы сатып алып жатат. Ушул жыргаган ишпи? Биздин фракция сунуш кылат: сентябрь айында депутаттык комиссия түзүп, “Центерра”  банкрот болгон “Томсон Грик” компаниясын кандайча сатып алган, эмне үчүн Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшү 32%дан 26%га түшүп кеткенин изилдешибиз керек”, – деди Бабанов.

Астана шаарында «Евразия жумалыгы» эл аралык форуму өтүүдө

2017-жылдын 24-26-августунда Казакстан Республикасынын Астана шаарында «Евразия жумалыгы» эл аралык форуму өтүп жатат. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты маалымдады.

Казакстан Республикасынын Астана шаарында «Евразия жумалыгы» эл аралык форуму ЭКСПО-2017 аянтчасында өтүүдө. Форумда негизинен Евразия экономикалык биримдигинин (ЕврАзЭС)  экономикасын модернизациялоо жана интеграциялык биримдиктин экпорттук потенциалын көтөрүүгө басым жасалууда.

«Евразия жумалыгы» эл аралык форумунун алкагында биздин өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнө багытталган Кыргыз Республикасынын улуттук экпозициясы уюштурулган.

Мындан сырткары Форумдун жүрүшүндө экономикалык өнүгүү, глобалдык чакыруулар жана ЕврАзЭС алкагында кооперация жана экпортту өнүктүрүү пландары талкууланууда.

Форумдун иштиктүү бөлүгү 28 эксперттик топ иштейт. Форумдун ачылышында атаандаштыкка туруштук берүү, түрдүү маселелерди талкуулоо жана башка багыттар каралууда.

АКШ компаниясы Кыргызстан менен Казакстанда ресторандар түйүнүн ачат

Башкы кеңсеси АКШнын Кентукки штатында жайгашкан Papa John’s эл арарык ресторандар түйүнү Кыргызстан менен Казакстандын базарына кирүүгө мүмкүндүк берген макулдашууга кол коюлганын билдирди.

Макулдашууга ылайык, жакынкы беш жылдын ичинде Казакстанда 16 ресторан ачылса, алгачкысы бир нече айдан кийин Алматыда ишин баштайт. Андан сырткары компаниянын жакынкы үч жылда Бишкекте алты ресторан ачуу планы бар. Биринчиси ушул жылдын аягына чейин кардарларды тейлей баштайт деп күтүлүүдө.

Ошондой эле америкалык компания кийинки жылдан тарта Польшада 23 ресторан ачууну пландап жатканын билдирди. «Биздин Орусиядагы ийгилигибиз Казакстанда, Кыргызстанда жана Польшада дагы кайталанат деп ишенебиз», – деди ресторандарды ачуу менен алектенген PJ Western компаниясынын ээси жана аткаруучу директору Крис Уинн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мухамметкалый Абулгазиев: Финансылык каражаттар чектелүү болгондуктан муктаж болгон объекттерди так аныктап алуу зарыл

Финансылык каражаттар чектелүү болгондуктан, муктаж болгон объекттерди так аныктап алуу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев Түркия Республикасы тарабынан берилген насыянын эсебинен аткарылган иш чаралардын Планын координациялоо боюнча комиссиянын жыйынында билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Келечекте ички жана тышкы милдеттемелерди күчүндө кармап туруу үчүн мамлекеттик бюджетке болгон кысымдын күчөтүлүшү күтүлүүдө. Буга байланыштуу тартылган ички жана тышкы ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө  маани берүү керек»,-деди Премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев.

Комиссиянын жыйынында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев Түркия Республикасы тарабынан берилген насыянын эсебинен ишке ашып жаткан долбоорлорду каржылоо боюнча маалымат берди.

Эскерте кетсек, 2012-жылдан баштап, 2017-жылдын июль айына чейин Туркия Республикасы тарабынан 2012-жылдын 28-июлунда кол коюлган эки мамлекеттин Өкмөттөр аралык келишимине ылайык берилүүчү 100 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттын 97 млн АКШ доллары берилген. Бул каражатка ишке ашып жаткан 9 долбоордун 8 аягына чыкты. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн техникаларды сатып алуу боюнча бир долбоор аягына чыгар алдында турат.

Бул долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков маалымат берип, өрт өчүрүү тармагына техникаларды сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Мындан сырткары Түркия тарабынан берилген каражаттын эсебинен республика боюнча социалдык объекттер анын ичинен мектептердин курулуш иштерин аягына чыгаруу маселеси да каралган.

Премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев тиешелүү министрликтерге долбоорлорду сапатуу аткарып, аягына чыгарууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

“Made in Uzbekistan” бренди тажик рыногун багындырууда

Быйыл апрелде Душанбе шаарында Өзбекстанда өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү болгондон бери тажик колдонуучулары өзбек товарларына көбүрөөк артыкчылык бере башташты.

Өзгөчө суроо-талапка “Artel” өзбек компаниясынын балдар кийимдери ээ болууда.

Жеке ишкер Шамсиддин Турдиевдин айтымында, тажик сатып алуучуларды өзбек товарларынын арзандыгы жана сапаттуулугу кызыктырууда.

Бул арада апрелден кийин Душанбеде ачылган «Ravon» автосалону Өзбекстандан алып келген унаалардын 75% сатты. Компаниянын жетекчиси Фаррух Замонов R2, R4, Gentra, Nexia R3, Damas жана мини-жүк ташуучу Labo машиналарына суроо-талап жогору экенин билдирди.

Тажикстандын соода-өндүрүш палатасынын маалыматы боюнча январдан май айына чейин Өзбекстан Тажикстанга 26 миллион долларга бааланган техника, жабдууларды, буудай, минералдык жер семирткичтерди жана башка товарларды экспорттоду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Олег Панкратов: Евразия экономикалык биримдигинде үчүнчү өлкөлөр үчүн байкоочулар институтун киргизүү маселеси каралууда

Евразия экономикалык биримдигинде үчүнчү өлкөлөр үчүн байкоочулар институтун киргизүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри ЕЭК кеңешинин төрагасы Олег Панкратов бүгүн, 22-августта, Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйынында 20 маселе каралганын билдирди.

«Болуп өткөн жыйындын күн тартибине киргизүү үчүн маанилүү маселелердин бири байкоочулардын статусу жөнүндөгү талкуу болду. Биз КМШ өлкөлөр үчүн ошол эле шартта үчүнчү өлкөлөрдөн байкоочу статусун киргизүүнү сунуштайбыз. Бул эркин соода аймагындагы өлкөлөргө соода көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

ЕЭК төрагасы  Тигран Саркисян ЕЭК кеңешиин жыйыны абдан маңыздуу болуп, көп маселелер талкууланганын билдирди.

«Жыйындын жүрүшүндө биз бир нече актуалдуу маселелерди талкуулаганга, анын ичинен биздин интеграциялык биримдиктин сырткы багыттары боюнча да сүйлөшкөнгө жетиштик. Биз жыйындын катышуучуларына сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу толук маалымат бердик. Ички багыттар боюнча айта турган болсок, акциздик саят тууралуу сүйлөштүк, бардык товарларда бирдей саясат болушун талкууладык. Бул биринчи кезектеги спирт ичимдиктери менен тамеки. Биз этабы менен акциздик чогултууларды жакындаштырып, көмүскө тармактан чыгышыбыз керек. Мындан сырткары маркировкаларды көзөмөлдөө боюнча да сөз болду. Биз бардык товарларда бирдиктүү саясат болгон деңгээлге жетишибиз керек. Аны менен бирге технологиялык аянтча болушу шарт», — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар соода, экономика, финансы тышкы саясат, бажылык жөнгө салуу, энергетика, маалыматтык-технология, коммуникация тармагындагы кеңири маселелерди талкуулашты.

Мындан сырткары жыйындын катышуучулары 2018-2020-жылдарга  «Евразия жумалыгы» форумун кайсы жерде өткөрүү чечимин кабыл алышты.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынына Армения, Беларусь,  Казахстан, Россия мамлекеттеринин өкүлдөрү жана ЕЭК төргасы  Тигран Саркисян, Коллегиянын мүчөлөрү ЕЭК (министрлер) катышты.

Генерал Патрушевдин визитинен кийин премьер-министрликке Сапар Исаков эмес, Албек Ибраимов көрсөтүлөбү?

Бүгүн, 23-августта Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы, генерал Николай Патрушев күтүлбөгөн жерден Бишкекте пайда болуп, дароо эле Алмаз Атамбаев менен жолугушуу өткөрдү. Россия Коопсуздук кеңешинин расмий сайтында Патрушевдин Кыргызстанга келүүсүнүн себебин орус-кыргыз консультацияларын өткөрүү үчүн деп гана кыскача түшүндүрүшкөн.

Биздин Ак үйдөгү жеке булактардын айтымында, Николай Патрушев Кремлдин өзгөчө тапшырмасы менен Кыргызстанга шашылыш келген. Анткени кыргыз бийлиги 25-августка Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырып, анда эл чарбасын башкарууда бир күндүк да тажрыйбасы жок Сапар Исаковду премьер-министрликке шайлоо маселеси каралганы турат. Россия бул маселеде Сапар Исаковдун талапкердигин колдобойт. Анткени Исаков тууралу жыйналган маалыматтарда, ал “Викиликс” долбоорунда Американын Кыргызстандагы өтө баалуу тыңчысы катары тастыкталган. Ошондой эле Россия былтыр Евразиялык союзга кирип жатканда Кыргызстанга берген 200 миллион доллардык жардамдын 136 миллион доллары орус-азербайжан олигархы Агаларовдун казынасына өтүп кетиши Сапар Исаковдун жардамы менен болгону билинип калган. Бул акча боюнча Россия тараптан жооптуу болгон РФ Бажы кызматынын экс-төрагасы Андрей Бельянинов дароо кызматынан алынып, ага каршы кылмыш иши козголгон. Бишкек болсо бул ишти укмаксан, көрмөксөн болуп келатат.

Бүгүн Бишкекке келген Патрушев Атамбаев менен жолугуп, ага нааразычылыгын билдиргенден кийин Россиянын Кыргызстандагы элчилигине олтуруп алып, кыргыздын  бир нече саясатчысын бир-бирден чакырып, “Сапар Исаковду премьер-министрликке өткөрбөө керек” деп “такалаган”.

Айласы кеткен кыргыз бийлиги Сапар Исаковдун ордуна, премьер-министрлик кызматка тездик менен мурунку Атамбаевдин завхозу, азыркы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду даярдап киришиптир. Эми 25-август күнү парламенттин кезексиз жыйынында Сапар Исаков премьер-министрлик кызматтан өз каалоосу боюнча баш тартып, талапкердигин артка чакырып алат экен да анын ордуна Албек Ибраимов түртүлө баштайт.

Албетте, Россия “Викиликсте” американын баалуу тыңчысы аталган Сапар Исаковду колдомок беле?

Булак: Кyrgyztoday.kg

Меню