Menu

ЭКОНОМИКА

Кумтөрдө күйүүчү май ташып бараткан цистерна оодарылып кетти

Кумтөр кенинде күйүүчү май ташып бараткан автоцистерна оодарылып кетти.

“Кумтор Оперейтинг Компани” ишканасынын сайтындагы маалыматка караганда, 9-июлда «Кумтөр» кенине күйүүчү май жеткирүү үчүн бараткан автоцистерналардын бири коопсуздук бермасын сүзүп алган. “Оодарылып кеткен цистерна технологиялык трассадан чыгып, эңкейиш жерге кулап, андагы жети тоннага жакын дизель төгүлгөн”, – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Компаниядан төгүлгөн май эч кандай сууга аралашпаганын, анткени ал чектелген гана аймакка жайылып, булганга жер ошол эле күнү толук тазаланганын кошумчалашты.

Автоцистернанын айдоочусу жеңил жаракат алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Бул боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кабар берилген. Компания окуяны иликтөө боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мухамметкалый Абулгазиев: Биздин өлкө араб дүйнөсүнүн инвесторлору үчүн ачык жана өз ара пайдалуу кызматташууга даяр

«Биздин өлкө араб дүйнөсүнүн инвесторлору үчүн ачык жана биздин өлкөдөгү тиешелүү кепилдиктерди жана жагымдуу укуктук шарттарды камтыган  өз ара пайдалуу  жана ачык кызматташууга даяр», -деп билдирди Кыргыз Республикасынын биринчи  вице-премьер министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 11-июлда, Араб координациялык тобунун катышуусундагы үчүнчү тегерек стол жыйынынын ачылышында. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык кайра түзүмдөрдү ишке ашырууда жагымдуу инвестициялык жагдайды түзүү боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алууда. Берилген  кепилдиктердин жана чет элдик инвесторлорго жеңилдиктердин укуктук базасы иштелип чыкты, экономиканын ачыктыгы, либералдуу соода жана валюталык режим», – деп билдирди Мухамметкалый Абулгазиев.

Биринчи вице-премьер-министр маалымдагандай, өткөн эки жолку тегерек столдун жыйынтыгында Араб координациялык тобу оң жыйытыктарга ээ болгон.

Араб координациялык тобунун катышуусундагы үчүнчү тегерек стол жыйынында өлкөнүн министрликтери жана ведомстволору ирригация, саламаттыкты сактоо жана транспорт инфраструктурасы тармактарындагы 23 долбоорду кароого киргизди жана бет ачарын сунуштайт.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан Араб координациялык тобунун финансылык жана техникалык колдоосун жогору баалайт жана кароого киргизилген инвестициялык долбоорлор  тегерек столдун бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарына жооп берерине ишенимин билдирди.

«Сунушталган долбоорлор биздин республика үчүн  абдан актуалдуу жана маанилүү. Аларды ишке ашыруу менен калктын жашоо деңгээлин жана бакубаттуулугун өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет»,-деп билдирди Мухамметкалый Абулгазиев.

Өз кезегинде Ислам Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти белгилегендей, Кыргызстан болуп өткөн  эки жолку тегерек стол жыйындарын ийгиликтүү улантуучусу болуп саналат.

«Биз бардык иш чаралар өз ара пайдалуу жана Кыргызстандын элинин пайда алып келерине жана алдыдагы өнүгүүгө карата башталган иштерди колдоо көрсөтүлөрүнө  ишенебиз », – деп билдирди.

Өзбекстандыктар этти граммдап сатып ала башташты

Акыркы айларда Өзбекстанда эт 20 пайызга кымбаттады. Бүгүнкү күндө өлкө базарларында уй этинин килограммы 28 миң сумдан (7 доллардан ашык), кой эти 33-38 миң сумдан сатылууда.

Жергиликтүүлөрдүн айтымдарында, Ташкентте эттин баасы өткөн айдан тарта жогорулай баштаган. “Супермаркетте сөөгү бар эттин килограммы 38 миң сумдан сатылууда, эгер сулп эт алам десеңер баасы андан да кымбат. Ошондуктан этти граммдап сатып алууга мажбур болуп жатабыз. Бизде башка жол жок”, – деди ташкенттик пенсионер.

Соодагерлер эттин кымбатташына тоют баасынын жогорулашы да себеп болуп жатканын айтышууда. «Быйыл чөп жетишсиздиги байкалууда. Эгер түштүк аймактардан бодо мал алып келүүнү кыскартышса, анда эт мында да кымбатташы мүмкүн», – деди соодагерлердин бири.

Айрым маалыматтарга караганда, эттин кымбатташына улуттук валютанын долларга карата кунун жоготкондугу да таасир этүүдө. «Азыр көмүскө базарда 1 америкалык доллар 8,5 миң сум турат. Эгер доллар көтөрүлсө эттин баасы да жогорулайт. Этти Казакстан менен Кыргызстандан алып келгенде биздин валюта менен алар өтө кымбат болот», – деди анжияндык ишкер.

Мурдараак жергиликтүү бийлик эттин баасын турукташтыруу аракетин көргөн. Анда борбордогу жана өлкө аймактарындагы базарларда арзаныраак баада эт саткан күркөлөр ачылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Жогорку Нарын каскадын чех компаниясы курат

Чехиянын компаниясы Кыргызстанда Жогорку Нарын каскадын жана бир катар чакан ГЭСтерди курат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимге бүгүн, 10-июлда кыргыз тараптан Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, чех тараптан Liglass Trading CZ. SRO ишканасынын директору Михаел Смелик кол коюшту.

Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев да катышып, бул келишим башка европалык инвесторлордун Кыргызстанга келишине түрткү болорун билдирди.

Келишимге ылайык, чех компаниясы 2020-жылга чейин Жогорку Нарын каскадын, Акбулуң ГЭСин жана дагы он чакан ГЭС курат. Зилалиевдин ырасташынча Liglass Trading CZ. SRO компаниясы орусиялык “Русгидро” ишканасы Жогорку Нарын каскадынын башталгыч курулушуна сарптадык деген 37 миллион долларды да кайтарып берүүнү мойнуна алат.

Жогорку Нарын каскадын Орусия кура баштаган, бирок кийин баш тарткан. Долбоор 727 миллион долларга бааланган эле. Чех тарап болсо бул каскадды бүткөрүүгө 500 миллион доллар кетерин болжолдоп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстанда 2017-2020-жылдарга карата айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу Концепциясы бекитилди

Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын 2017-2020-жылдарга карата айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу Концепциясын бекитүү жөнүндө” Өкмөттүн токтомуна кол койду. Аталган Концепция Кыргыз Республикасынын айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча алдыңкы багыттарын ишке ашырууга багытталган. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Концепциянын негизги максаты – айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн тынымсыз көбөйтүү, жердеги азык заттардын балансын жакшыртуу жана туруктуу түшүмгө ээ болуу. Концепциянын алдыңкы багыттары – жагымдуу экологиялык шартты сактап калуу, интенсивдүү жер иштетүүнү ишке ашыруу үчүн жер үлүштөрүн кеңейтүү. Концепцияны ишке ашырууну каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, бул Концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы аркылуу аныкталган булактардан каржыланарын белгилей кетүү зарыл.

Каржылоонун кайсы бир бөлүгү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жер үлүштөрүнүн ээлеринин жана башка кызыкдар тараптардын эсебинен аткарылат. Концепцияны ишке ашыруу 2020-жылга карата айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүүсүнүн туруктуулугу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн 15-20% өсүшүн, калктын социалдык-экономикалык жана экологиялык шарттарынын жакшырышы, агрохимиялык, гидромелиоративдик, агротокоймелиоративдик жумуштардын аркасы менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө алып келет.

Мындан тышкары, бул Концепцияны ишке ашыруу атамекендик экологиялык жактан коопсуз минералдык семирткичтер жана мелиоранттардын өндүрүшү менен ар түрдүүлүгүн камсыз кылат. Концепцияны ишке ашырууну көзөмөлдөөнү айыл чарба тармагында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүп жаткан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткарат.

«Искра Азия» агроөнөржай парк долбоорун ишке ашыруу менен 30миңге чейин жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачылат

«Искра Азия» агроөнөржай парк долбоорун ишке ашыруу менен 30миңге чейин  жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгында 1млрд АКШ долларына чейин инвестиция түшүүсү күтүлүүдө». Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын  биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 7-июлда,  Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг менен Чүй облусундагы «Искра Азия» айыл чарба кызматташтык аймагына барган учурунда билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Инвесторлор «Искра Азия» айыл чарба кызматташтык аймагы долбоорунун бет ачаарын тартуулап, долбоорду адистештирүү жана ишке киргизүү тууралуу маалыматтарды беришти.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев айыл чарба  кызматташтык аймагын куруу макети менен таанышып, аталган долбоор Борбор Азиядагы ири долбоорлордун бири болоорун билдирди.

«Кытай делегациясынын сапары өндүрүлгөн продукцияларды жаңы рынокко чыгарууну камсыз кылууга багытталат. Кыргыз Республикасындагы «Искра Азия» агроөнөржай паркы боюнча кызматташтык борбору Борбор Азия аймагындагы мамлекеттер ортосунда «Бир алкак-бир жол» Улуу Жибек жолу» долбоору менен заманбап байланыштыруучу өндүрүш болот.

Ал баса белгилегендей, агроөнөржай паркы  этти кайра иштетүү, уй жана жылкы этин өндүрүү багытында, балык, бал аарычылык жана башка айыл чарба тармактары боюнча иш алып барат. Агропаркта өндүрүлгөн бардык азык-түлүктөр Кытайга экспорттолот.

«Искра Азия» канаттуулардын фабрикасынын базасынын аймагында аянты 560 гектар агроөнөржай парк комплексин куруу пландаштырылууда. Көп тармактуу долбоорду ишке ашыруунун баштапкы этабында КЭР көлөмү  250 млн АКШ долларынан кем эмес инвестиция тартылат жана 5 миңге жакын жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле үйлөр жана атайын объектилер курулат »,- деп белгиледи биринчи  вице-премьер-министр.

«Искра Азия» агроөнөржай паркы узундугу 7,8 км болуп, инфраструктурасы мыкты өнүгүүсү каралган, түштүктөн жана түндүк тарабынан башкы жол салынат. Анда заманбап мониторинг системасы жана уюлдук байланыш орнотулат,  аймак толугу менен жарыктандырылат.

Кыргызстандын Кытайга болгон карызы күн сайын 470 миң долларга өсүүдө. Кантип төлөш керек?

Кыргызстандын Кытайдын Экспорт-импорт банкына болгон карызы күн сайын 469,5 миң долларга өсүүдө. Мындай жыйынтыкка финансы министрлигинин сырткы карыздар боюнча 2017-жылдын 31-майындагы маалыматын анализдеп келсе болот.

Болгону бир жылдын ичинде, 2016-жылдын 31-майынан ушул жылдын 31-майына чейин Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 171 млн. долларга өсүп, жалпы республикалык сырткы карыздын 40,5%ын түзгөн.

Долг Кыргызстана перед Китаем ежедневно растет на $470 тысяч. Чем отдавать?

Кыргызстандын сырткы карызы үстөктөрүнүн эсебинен жыл сайын болжолдуу 150-200 млн долларга өсүүдө. Акыркы 11 жыл ичинде өлкөнүн сырткы карызы 2 эсе көбөйгөн.

Долг Кыргызстана перед Китаем ежедневно растет на $470 тысяч. Чем отдавать?

Акыркы жылда Кыргызстандын карызы Кытайдын Экспорт-импорт банкынан кийин эле эң көп суммага Ислам өнүктүрүү банкында, Азия өнүктүрүү банкында жана Айыл-чарбачылыкты өнүктүрүү эл аралык фондунда өскөн.

КРнын Финансы министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан туруктуу мамлекеттик карызы бар мамлекет катары классификацияланат.

Долг Кыргызстана перед Китаем ежедневно растет на $470 тысяч. Чем отдавать?

Эске салсак,кредиторлорго болгон ички жана сырткы мамлекеттик жалпы карыз 4,243 млрд. долларды түзөт.

zanoza.kg сайтынан кыргызчаланды

Кыргызстан Өзбекстанга электр кубатын экспорттой баштады

Кыргызстан жай мезгилинде электр энергиясын экспорттоо боюнча Өзбекстан менен макулдашты. Улуттук энергетикалык холдинг 16-июндан 4-июлга чейин коңшу өлкөгө 192,5 миллион киловатт-саат электр кубатын жеткирди. Келишим боюнча октябрга чейин 1,25 миллиард киловатт-саат экспорттоо пландалууда.

Холдингдин маалыматы боюнча, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу үчүн аны экспорттоо маселеси быйыл февралда талкууланган. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6-июлда 18,78 миллиард куб метрге жетти. 22-июлга карата ал максималдык көрсөткүчтү – 19,5 миллиард куб метрди түзүшү ыктымал. Эгер суу ашыкча топтолсо, плотинадан сууну коё берүүгө туура келет.

Өзбекстан үчүн электр тарифи киловатт-саатына эки центти түзүүдө. Электр кубатын экспортоо боюнча келишимге октябрга чейин кол коюлган.

Чет өлкөлүк насыялардын эсебинен өлкөдө “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы линиясы курулуп, Токтогул ГЭСи, Бишкек Жылуулук электр борбору жаңыланууда. 2018-жылы январдан тарта өкмөт CASA-1000 долбоорун ишке ашырып, электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга экспорттоону көздөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Билим берүүгө 17 млрд. сом жумшалды

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен билим берүү тармагына кеткен чыгым 6 айдын жыйынтыгында 17 млрд. 351,96 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, билим берүү тармагына жумшалган каражат өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,6 пайызга аз. Аталган тармакка жумшалган каражаттын бир бөлүгү республикалык бюджеттен 16 млрд. 336.05 млн. сом каралган. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 3 млрд. 15.89 млн. сом жумшалган. Бөлүнгөн каражаттын негизги бөлүгү 11 млрд. 363 млн. сом билим берүү тармагында эмгектен-гендердин айлык акыларына багытталган.

Булак: “Фабула”

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан Кытайга эт, сүт, балык жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоого даяр

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июлда, Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул туурасында маалыматты Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Кыргызстан Кытай менен толугу менен айыл чарба, анын ичинде ветеринария жана фитосанитария тармагында эки тараптуу кызматташтыкты колдойт. Кытай делегациясынын сапары кызматташтыкты биргеликте өнүктүрүүдөгү кызыкчылыктарды тастыктайт. Кытай биздин өлкөнүн бирден -бир негизги соода өнөктөшү экендигине карабастан, акыркы жылдары кыргыз товарларын Кытайга экспорттоо дээрлик өскөн жок. Мындан улам Кыргызстанда айыл чарба продукцияларынын колдонулбаган ири потенциалы бар.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытай менен айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, мал чарбасын өнүктүрүү жана экспортту өстүрүү менен байланышкан биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча кызматташтыкты күчөтүүнүн сунуштады.

Аталган милдеттерди ишке ашыруунун тездетүү үчүн Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына эт, сүт балык жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоо жөнүндөгү протоколго кол коюну тездетүү, ошондой эле биздин өлкөнүн аймагында агроөнөр жай технопарктарын жана айыл чарба өндүрүш парктарын түзүүгө киришүү маанилүү.

Сооронбай Жээнбеков айыл чарба продукцияларына фитосанитардык уруксат берүү маселесин тез арада чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул өз кезегинде Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын сатууга мүмкүнчүлүк берерин билдирди.

Бул үчүн кытай тарап Кыргызстанда товарлардын сапатын текшерүү жана сертификат берүү боюнча лабороторияны куруу процессин тездетүүсү зарыл. Аталган чаралардын кабыл алынышы менен экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө сезилээрлик мүмкүнчүлүк берет.

Мындан улам Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары Жибек жолунун экономикалык алкагы – Кытай стратегиялык соода долбоорун түзүү идеясын колдой тургандыгын өзүнчө белгиледи. Жибек жолу экономикалык алкагы жана Евразиялык экономикалык биримдиги өз ара бири-бири менен атаандаш эмес, өз ара альтернатива болуп саналбайт, тескерисинче толугу менен бири-бирине дал келет жана толуктап турат.

Мындан улам кытай тарап менен бүгүн биздин алдыбызда турган тапшырмаларды чечүүдө кызматташууга өз ара пикир алышууга жана жемиштүү иштешүүгө ачыкпыз», -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өз кезегинде КЭР товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг Сооронбай Жээнбековго жолугушуусу үчүн ыраазычылыгын билдирип, КЭР Мамлекеттик кеңешини Премьери Ли Кэцяндын салымын айтты.

Ал Кытай Өкмөтү Кыргызстан менен эки тараптуу, анын ичинде айыл чарба тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин өзгөчө белгиледи.

«Кыргызстан биз үчүн ынтымактуу кошуна жана боордош өлкө. Биздин достугубуздун көп жылдык тарыхын жогору баалайбыз», – деп баса белгиледи Чжи Шупинг.

 

Меню