Menu

ЭКОНОМИКА

Эмомали Рахмон CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн сынга алды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон CASA-1000 долбоорунун катышуучуларынын саммитинде Борбордук Азиядан Түштүк Азияга электр энергиясын экспорттоого багытталган аймактык долбоорду ишке ашыруу аракеттерин сынга алды. Жыйынга Ооганстандын президенти жана Пакистан менен Кыргызстандын өкмөт башчылары катышууда.

Мамлекет башчы долбоорду ишке ашыруу белгиленген мөөнөттөрдөн артта калып жатканын айтты. Рахмондун билдиришинче, айрым эсептөөлөр боюнча долбоордун кечеңдешинен улам ага мүчө өлкөлөр жыл сайын 500 миллион АКШ долларын жоготуп жатышат.

Буга байланыштуу Эмомали Рахмон чечим кабыл алууга укуктуу расмий адамдардын жыйынын тез-тез өткөрүп турууну сунуштады.

Тажик президенти электр өткөрүү линияларынын негизги бөлүгү Ооганстандын аймагында жайгашканын эске алып, андагы курулуш иштерин баштоо боюнча Кабулдун аракеттерин колдоону сунуштады.

CASA-1000 долбоорунун башталышына арналган расмий салтанат былтыр майда Тажикстанда өткөн. Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүн бириктире турган жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу долбоорунун жалпы баасы 1,17 млрд долларга жакын каражатты түзөт. Ал бир катар донорлор жана европалык банктар тарабынан каржыланууда. Долбоор ишке ашса Түштүк Азия өлкөлөрү Тажикстан менен Кыргызстандан жыл сайын 5 миллиард киловатт саат электр энергиясын алып турат деп күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Аштан, көчтөн калгандар талапкерлерди бириктирет

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон CASA-1000 долбоорунун катышуучуларынын саммитинде Борбордук Азиядан Түштүк Азияга электр энергиясын экспорттоого багытталган аймактык долбоорду ишке ашыруу аракеттерин сынга алды. Жыйынга Ооганстандын президенти жана Пакистан менен Кыргызстандын өкмөт башчылары катышууда.

Мамлекет башчы долбоорду ишке ашыруу белгиленген мөөнөттөрдөн артта калып жатканын айтты. Рахмондун билдиришинче, айрым эсептөөлөр боюнча долбоордун кечеңдешинен улам ага мүчө өлкөлөр жыл сайын 500 миллион АКШ долларын жоготуп жатышат.

Буга байланыштуу Эмомали Рахмон чечим кабыл алууга укуктуу расмий адамдардын жыйынын тез-тез өткөрүп турууну сунуштады.

Тажик президенти электр өткөрүү линияларынын негизги бөлүгү Ооганстандын аймагында жайгашканын эске алып, андагы курулуш иштерин баштоо боюнча Кабулдун аракеттерин колдоону сунуштады.

CASA-1000 долбоорунун башталышына арналган расмий салтанат былтыр майда Тажикстанда өткөн. Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүн бириктире турган жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу долбоорунун жалпы баасы 1,17 млрд долларга жакын каражатты түзөт. Ал бир катар донорлор жана европалык банктар тарабынан каржыланууда. Долбоор ишке ашса Түштүк Азия өлкөлөрү Тажикстан менен Кыргызстандан жыл сайын 5 миллиард киловатт саат электр энергиясын алып турат деп күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Аксы районунун Ак Суу айылындагы алтын чыры

Ак-Суулуктар камакка алынган жана алтын кени боюнча талашты чагылдырып берүү өтүнүчу менен “NEXT TV” каналына кайрылышкан. Чыгармачыл топ Ак-Сууга барганда көптөгөн түшүнүксүз жагдайларга туш болду. Ар бир тараптын өз чындыгы бар. Айылдыктар жана айыл-өкмөтүнө суроо узатып жооп алган соң алтын казды делген компаниянын жетекчисине байланышка чыкканыбызда төмөндөгүдөй жооп алдык.

https://www.youtube.com/watch?v=jg93dvPznu4

Булак: NEXT TV Kyrgyzstan

Кыргызстанда 2018-жылдын январында “CASA-1000″ долбоорунун алкагында жаңы электр өткөрүү линиясынын курулушу башталат

Кыргызстанда 2018-жылдын январында “CASA-1000″ долбоорунун алкагында жаңы электр өткөрүү линиясынын курулушу башталат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан  «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитинде билдирди. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Саммитке  бардык кызыктар тараптардын өкүлдөрү катышууда. Булар – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри  Наваз Шариф, Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани. Мындан тышкары эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү сүйлөшүүлөргө катышууда.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өз  сөзүндө белгилегендей, Кыргызстан менен  Тажикистан жай мезгилинде  ашыкча электр энергияга ээ болот, ошол эле учурда Пакистан менен  Афганистанда  тескерисинче тартыштык жаралат. Мындан улам жылдын бул мезгилинде электр энергиясын экспорттоо долбоордун бардык катышуучулары үчүн өз ара пайдалуу. Буга байланыштуу бир жыл мурда Дүйшөмбү шаарында болуп өткөн долбоорду ишке киргизүүнүн расмий аземинен тартып, Кыргызстан сезилээрлик маанилүү иштерди жүргүздү –деп маалымдады Сооронбай Жээнбеков. Анын ичинде электр энергиясына,  курулушка чыгымдалган тарифтин  баасы коюлду, жергиликтүү коомчулукту колдоо механизмдери аныкталды, негизги долбоордук макулдашууга кол коюлду.

“CASA-1000″долбоорунун бардык объектилери боюнча сатып алуу жараяны жүргүзүлүүдө » – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков. Анын сөзүнө караганда Кыргызстандын аймагында узундугу 450 чакырымды түзгөн 500кВТ электр өткөрүү линиясын куруу пландалууда. Курулушту 2018-жылдын январында баштоо сунушталууда. Узундугу 125 километр болгон биринчи тилке боюнча конкурстук кайрылууларды баалоо жүргүзүлүүдө. Аны ишке ашырууга Ислам Өнүктүрүү  Банкынын каражаты сунушталды.

325 километр экинчи тилке боюнча сатып алуулар процессин баштоо күтүлүүдө. Каржылоо Бүткүл Дүйнөлүк банктын жана Европа Инвестициялык банктын каражатынан жүргүзүлөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган долбоордун алкагында тендерлер ийгиликтүү жүргүзүлөрүнө жана  келерки жылдын январь айында электр өткөрүү линиясынын курулушу башталарына ишенимин билдирди.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, Кыргызстанда курулушка көзөмөл жүргүзүүгө компания тандалып алынды. Ошондой эле экологиялык экспертиза жана социалдык чөйрөгө таасирин баалоо жүргүзүлүүдө.

Сооронбай Жээнбеков дагы бир маанилүү жагдай, келечекте электр өткөрүү линиясынын  боюнда жашаган жергиликтүү коомчулуктун колдоосун атады. Бул максатта Кыргызстанда  программа иштеп чыкты  жана аны ишке  киргизүүнүн механизмдери дыкат каралууда. Ошондой эле Кыргызстандын  Өкмөт башчысы самиттин катышуучуларын  ”CASA-1000″ долбоорун жакынкы аралыкта  ишке ашырууга киришүүдө бардык зарыл болгон аракеттерди тездетүүгө чакырды.

Сооронбай Жээнбеков “CASA-1000″ долбоору жыйынтыгында Афганистандын гана  дүйнөлүк өнүгүүсүнө эмес, бардык катышуучу өлкөлөрдүн экономикалык туруктуу өнүгүүсүнүн жагымдуу фактору катары кызмат кыларына өзгөчө басым жасады.

Кыргызстан менен Тажикистан энергетикалык өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Өз кезегинде  Афганистан жана  Пакистан өтө муктаж болгон электр энергиясына болгон тартыштыкты жабат.

Сөзүнүн аягында  Сооронбай Жээнбеков “CASA-1000″ долбооруна  колдоо көрсөткөндүгү  үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр: Дүйнөлүк банк, Ислам Өнүктүрүү банкы, Европа  Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы, Европа Инвестициялык банкы, АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттигине жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча департаментине ыраазычылыгын билдирди.

Сузактагы көмөк чордон капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүп жатат

Сузак районунун “Атчапар” участкасында жайгашкан Жалал-Абаддагы жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасына караштуу  220/110/10 чыңалуусундагы «Төрөбаев” көмөк чордону 41 жылдан кийин биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлүп жатат. Жакынкы күндөрдө бул оңдоп-түзөө иштери аяктап, бир катар аймактарга электр кубатын үзгүлтүксүз берүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт, деп билдирди Жалал-абад мериясынын пресс-борбору.

Аталган көмөк чордон биздин областтын Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо райондорунун жана Ош областынын Кара-Суу, Өзгөн райондорун электр энергиясы менен камсыздайт. Ошондой эле Өзбекстандын “Лочин” көмөк чордону менен транзитке туташкан.

Эгер көмөк чордондун таржымалына кайрылсак, 1978-жылы кубаттуулугу 125.000 КВА келген АТ-1 автотрансформатору орнотулуп, ишке киргизилген болчу. Өлкөдө электр энергиясынын колдонуучуларынын саны өскөндүгүнө байланыштуу 1985-жылы кошумча дагы АТ-2 жана 2006-жылы АТ-3 автотрансформатору орнотулуп, колдонууга берилген.

Керектөөчүлөрдү сапатуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында бул көмөк чордондо акыркы жылдары бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. “Улуттук электр тармактары” акционердик коому менен макулдашып, 41 жылдан бери АТ-1 автотрансформатору биринчи жолу алдын ала даярдалган бизнес-план боюнча капиталдык оңдоп-түзөөгө чыкты. Капиталдык оңдоого кетүүчү бүт кошумча бөлүктөр жана материалдар бөлүнүп берилди. Автотрансформаторду иштеп чыккан Украинадагы Запорожье трансформатор заводунан, “Улуттук электр тармактары” акционердик коомунан жана Чүйдөгү жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынан атайын жогорку квалификациялуу адистер чакырылган. “Нарын ГЭС” ишканасынын 100 тонналык автокрану да кошо чакырылды.

Ошондой эле Жалал-Абаддагы жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматынын 3 бригадасы ага жетекчилик кылган Кыргызалиев Дөөлөтбектин жана анын орун басары Эралиев Мараттын иш-тажрыйбасынын алдында иш алып барышууда. Мындан сырткары, ишкананын релелик коргоо кызматы, изоляция кызматы, механизация жана транспорт кызматынын кызматкерлери да бул маанилүү ишке өз салымдарын кошуп жатышат.

Капиталдык оңдоо күнү-түнү үзгүлтүккө учурабай 10 күндө толук бүткөрүлмөкчү. Бул оңдоп-түзөө иштеринин аки-чүкүсү бүтүндөй атайын программада алдын ала каралган, анда көрсөтүлгөндөй, иш процессиндеги ар бир иш-чара саат-сааты менен тастыкталган. Негизинен жумушчулар, адистер автотрансформатордун майын төгүп, салмагы 90 тонна болгон активдүү бөлүгүн чыгарып, изоляциясын текшерип, чырмалган жабдуусун (обмоткасын) пресстеп, изоляциялык төшөлмөлөрүн алмаштырып, майын куюп, вакуумдап, дегазациялоо иштерин аткаруусу керек. Бул өтө жоопту жана түйшүктүү иш.

Ошентип, энергетиктер областыбыздын жана кошуна областтын бир катар аймактарын электр кубаты менен үзгүлтүк сүз камсыз кылуу, күзгү-кышкы мезгилдеги өтө жооптуу өнөктүккө жакшылап даярдануу үчүн жакшы аракеттерди көрүп жатышат. Албетте, азыртан көрүлгөн аракеттин үзүрү эртең жаман болбойт деген ишеним бар. Буюрса, оңдоп-түзөөдөн өткөн бул көмөк чордон аркылуу суткасына 10.000 киловатт-саат электр энергиясы өткөрүлүп турат.

 

 

Чаткалда жергиликтүү эл алтын казгандардын техникасын токтотту

Чаткалдын Чандалаш айылынын 30дай тургуну кечээ айылга жакын жерде кен казуу иштерин жүргүзүп жаткан “Консалидит Аврум” компаниясына тиешелүү техниканын ишин токтотуп салышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна жергиликтүү тургун Шербет Өскөнбаева билдирди.

– 40 түтүн эл жашаган айылга жакын жердеги дарыянын нугун буруп, токой аянттарын талкалап жатканын көрүп карап тура алган жокпуз. Дарыянын суусу айылды каптаса эмне болот? Ошол себептүү нааразылыгыбызды билдирип, техниканын иштөөсүнө каршылык көрсөттүк, – деди Өскөнбаева.

Чогулгандар менен Чаткал районунун акиминин орун басары Жуманалы Накетаев жолугушуп, алардын талаптарын укту.

Накетаевдин билдирүүсүндө, Геология жана минералдык ресурстар мекемесинен лицензия алган компаниянын жери бир аз токой аянттарын камтып калган, алар суунун нугуп бурууга аракет көрүп жаткан.

Компания өкүлдөрү менен өткөн жолугушуунун натыйжасында маселенин баары чечилгени, алар башка жактан казуу иштерин жүргүзмөй болгону айтылды.

“Консалидит Аврум” компаниясы былтыркы жылы 28,5 гектар жерге лицензия алып, казуу иштерин быйыл жаз айларында баштаган.

Чаткал районунун аймагында алтын казууга учурда 101 лицензия берилген болсо, алардын ичинен 8 компания гана иштеп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

2017-жылдын 12-августунан тартып Кыргызстанда ЕАЭБ 18 техникалык регламенти күчүнө кирет

2017-жылдын 12-августунан тартып Кыргызстанда Еразиялык экономикалык биримдиктин  18 техникалык регалменти күчүнө кирет. Аталган техникалык регламенттер интеграциялык биримдиктеги бардык өлкөлөрдүн аймагында түздөн-түз иштейт жана тоскоолдуксуз ишке ашырылат. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров кечээ, 4-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Эльдар Абакиров белгилегендей, муну менен азык-түлүктөрдү рынокко чыгаруунун бирдиктүү системасы түзүлөт,  ЕАЭБ рыногуна продукцияларды чыгарууда бирдиктүү документтер жана бирдиктүү кайрылуу белгилери колдонулат.

«Булардын баары техникалык жана административдик тоскоолдуктарды азайтуунун элементтери болуп саналат. Башкача айтканда негизги максат – ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн аймагында товарларды тоскоолдуксуз алып өтүүнү камсыз кылуу болуп саналат», – деп баса белгиледи Эльдар Абакиров.

Экономика министринин орун басары маалымдагандай, 2017-жылдын 24-апрелине карата дээрлик бардык иштеп жаткан техникалык регламенттер  улуттук мыйзамдардын нормаларына ылайык ишке ашырылууда.

«Анын ичинде 18 техрегламент тамак-аш коопсуздугун жөнгө салат. Буга байланыштуу тамак-аш продукцияларын өндүргөн ишканаларга ХАССП менеджмент системасынын техрегламенттерин ишке киргизүү маанилүү шарт болуп саналат. Сунушталган система азык-түлүк сырьелорунун кооптуу факторлоруна, технологиялык продукцияларды жана даяр продукцияларды  баалоону жана көзөмөлдөөнү камтыйт», – деди Эльдар Абакиров.

Ал буга байланыштуу өлкөнүн бул тармактагы мыйзамдык-укуктук базасына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыккандыгын белгиледи.

«Ар бир техникалык регламентке жооптууу мамлекеттик орган аныкталган. Аталган техрегламенттердин күчүнө кириши менен үчүнчү өлкөлөрдүн мыйзамсыз продукцияларынан  жана азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бирдиктүү укуктук талааны түзүүгө мүмкүнчүлүк берет», – деп баса белгиледи  Эльдар Абакиров.

Ташкенттен Ысык-Көлдүн Тамчы аба майданына түз аба каттамы ачылды

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды. Бүгүн ичинде 190 жүргүнчүсү бар өзбекстандык учак Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун аймагындагы Тамчы айылында жайгашкан “Ысык-Көл” аба майданына келип конду.

Diplomatic VIP and Travel Service компаниясы мурда маалымдагандай, “Өзбекстан аба жолдору” компаниясы ар шейшемби сайын 190 орундуу Боинг–757-231 учагы менен Ташкент–Тамчы–Ташкент каттамын аткарат.

Учуу убактысы – бир саат 20 мүнөт. Бул рейстер жайкы туристтик сезон маалында – август айынын аягына чейин аткарылып турат. Көл аймагынын туристтик чарбалары бул кабарды жылуу тосуп алышты.

Жаңы каттамдын ачылышы Өзбекстандагы жаңы президенттин шайланышынан кийинки Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелеринин чыңдала башташынын дагы бир ишаарасы катары кабыл алынууда.

2003-жылы 9-августта ачылган Тамчы эл аралык аба майданы буга чейин да бир катар эл аралык аба каттамдарын кабыл алып келген.

Ысык-Көл аймагына туристтер негизинен автоунаа жана поезд менен келишүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Орусияда капиталдын өлкөдөн чыгуусу рекорддук көрсөткүчкө жетти

Февралдын аягынан бери чет өлкөлүк инвесторлор орусиялык акциялардан 1 миллиард 600 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кетишкен. Бул тууралуу “Коммерсантъ” гезити Emerging Portfolio Fund Research уюмунун маалыматтарына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, бул акыркы үч жарым жылдан берки эң чоң көрсөткүч болуп эсептелет. Ошол эле маалда башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн активдерине салынган инвестициялар көбөйүп жатат. Алсак, 26-июндан 2-июлга чейин эле аларга тартылган каражаттын суммасы эки миллиард долларга жетсе, төрт айдын ичинде ал дээрлик 28 миллиард долларды түзгөн.

“Коммерсанттын” билдирүүсүнө ылайык, өлкөдөн инвесторлордун кетип жатышы – Орусия менен АКШ мамилесинин күтүлгөндөй жакшырбагандыгына, мунайга болгон баанын төмөндөшүнө жана «Роснефть» менен АФК “Система” ишканаларынын ортосундагы жаңжалдарга байланыштуу.

Инвесторлордун орусиялык фонддордогу активдерин сатуусу мындан ары дагы уланышы мүмкүндүгү айтылууда. Июлда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Орусиянын өткөн жылкы шайлоого ыктымал кийлигишүүсүнө жана анын Украина менен Сириядагы аракеттерине байланыштуу Москвага карата жаңы санкцияларды киргизүү маселесин карап башташы мүмкүн. Буга чейин Орусияга каршы санкцияларды катаалдаштырууну Сенат жактырган болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Башар Асаддын сүрөтү улуттук банкнотко басылды

Сириянын президенти Башар Асаддын сүрөтү алгачкы жолу улуттук акчада пайда болду. Борбордук банктын төрагасы Дураид Дургхам 2000 фунттук (3,9 доллардын тегереги) банкнот бир жыл мурун эле басылып чыкканын, бирок аны жүгүртүүгө киргизүү согуштан улам кийинкиге калтырылганын айтты.

Буга чейин улуттук валютада тарыхый инсандардын жана мурдагы президент, Башардын атасы маркум Хафез Асаддын сүрөтү гана басылып келген.

Жарандык согуш алты жылдан бери токтобой келаткан Сирияда валютанын куну өтө төмөндөдү. Жаңы акча басылып чыкканга чейин өлкөдө эң чоң валюта 1000 фунт болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню