Menu

ЭКОНОМИКА

Кыргызстанга сырттан акча которуулар азайды

Улуттук банктын маалыматына караганда, быйыл майда Кыргызстанга тыштан акча которуулардын көлөмү 17 миллион долларга төмөндөп, 138,6 миллион долларды түздү. Апрелде өлкөгө 170,7 миллион доллар, мартта 191 миллион доллар которулган. Жыл башынан бери мигранттар жиберген акча 615 миллион доллардан ашкан. Ал эми Кыргызстандан башка өлкөлөргө которулган каражат быйыл 119,5 миллион доллар болду. Кыргызстанга тыштан которулган акчанын 90 пайыздайы Орусиядан келет.

Булак: “Фабула”

Тажикстан трактор чыгарууну токтотту

“ТожИрон” тажик-иран биргелешкен ишканасы трактор чыгарууну токтотту. Бул маалыматты өлкөнүн Өндүрүш жана технологиялар министрлиги тастыктады.

Тажик-иран биргелешкен ишканасы 2006-жылы Дүйшөмбүдөгү “Хумо” жана Тебриздеги трактор заводдорунун базасында ачылган. Макулдашууга ылайык, акциялардын 51% иран тарапка таандык болгон. “Тожирон” жылына 2 миң трактор чогултуп турган.

Маалыматка караганда, иран тарап бир жылдан бери ишкананы тетик менен камсыздабай калган. “Биз базардагы күчтүү атаандаштыкка байланыштуу трактор чыгарууну токтоттук. Тажикстанга Минсктен баасы 8 миң долларлык “Беларус” таркторлору келет. Биз болсо бир тракторду чогултуу үчүн эле 10 миң доллар жумшайбыз”,-деди “Тожирондун” башкы директору Самад Дагипур.

Тажикстанга жыл сайын “Беларус” маркасындагы 250дөй трактор келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кичине ченеп жебейсиңерби? Кара-Балта - Бишкек жолунун ар бир чакырымын оңдоого 2 миллион доллар сарпталат имиш

Транспорт жана коммуникация министрлиги Кара-Балта – Бишкек жолунун 52,2 км. чакырымын оңдоо үчүн 120 миллион 800 миң доллар жумшалаарын билдирди.

Жол куруу иштерине байланыштуу үч миңден ашык дарак кыйылып, 4 300 көчөт отургузулат. Ошондой эле жол жээгиндеги 200дөн ашык кафе, үй, дүкөн сүрдүрүлөт.

Алардын ээлерине компенсация төлөөгө 2 миллион доллар сарпталат. Ошондо бул жол эң кымбат турган жол болот. Бир километр жолго 2 миллион доллардан ашык каражат жумшалат. Бул оңбогондой чоң каражат. Адистер бир километр жол кыйын болсо 500-700 миң доллар болмоктугун айтып келишет. Демек алкы бузуктар такыр эле кулкундарын тыя албай калышкан. Министр Жамшидбек Калилов күптүү болбогон неме көрүнөт. Мамлекет жол салууга ири көлөмдө карыз алып жатса, анын теңинен көбү «кузгундардын» кулкунуна кирип кетип жатса жакшы эмес го. Тиешелүү органдар жол тармагындагы коррупцияны аныктап, кустурчуларын кустуруп камабаса, эл ырыскысына кол салгандардын ыйбаа кыла турган түрлөрү жок.

Булак: “Фабула”

"Бербестин ашы бышпас" болуп, эки жылдан бери казактар бербей келаткан 100 млн доллар жардам бериле турган болду

Казак мажилиси Кыргызстанга бериле турган 100 миллион доллар боюнча келишимди колдоду. Бул тууралуу «Уласть» порталы маалымдайт. Эскерте кетсек, бул акчаны Казакстан Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигине кошулгандыгы үчүн техникалык жардам катары берет. Казакстандын финансы министри Бахыт Султановдун айтымында, жардам акчалай, жабдуу, товар жана кызмат түрүндө болот.

Акчанын ар бир бөлүгүн которууда, өзүнчө келишим түзүлөт. Каражат ЕАЭБдин жол картасын ишке ашыруу жаатындагы чараларга гана жумшалышы керек. “Бербестин ашы бышпас” болуп, эки жылдан бери берилбей создугуп келе жаткан каражат кеч болсо да бериле турган болду. Мунусуна да шүгүр дейли.

Булак: “Фабула”

Кыргызстан Канада сотунда түрк компанияларын утуп алды

Кыргызстан Канаданын Жогорку сотунда “Систем Мүхендислик” жана “Энтес” түрк компанияларын утуп алды. “Кыргызалтын” ААКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 15-июнда Канаданын Жогорку Соту түрк компанияларынын доо арызын канааттандыруудан баш тарткан.

Буга чейин 2016-жылы 29-декабрда Онтариа соту “Кыргызалтындын” Centerra Gold Inc. компаниясындагы акцияларын кыргыз өкмөтүнө дооматы бар башка тараптар, маселен, “Систем Мүхендислик” тартып ала албайт деген чечим чыгарган.

15-июнда Канаданын жогорку соттук инстанциясы Онтарио сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Буга ылайык, жакын арада “Кыргызалтындын” Канададагы 11 миллион 867 миллион доллар эскроу-эсеби бошотулат.

“Кыргызалтын” ААК менен түрк компанияларынын соту алты жылга созулган. 15-июнда чыккан чечимдин натыйжасында “Кыргызалтын” 165 миллион долларга бааланган акцияларын жоготуу тобокелчилигинен кутулду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Инфляциянын деңгээли боюнча ЕАЭБде Казакстан алдыда

Казакстанда инфляциянын темпи жайлай баштаганы менен Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында эң жогорку бойдон калууда. Бул тууралуу Finprom сайты кабарлады. Ушул жылдын апрелиндеги жыйынтык боюнча Казакстанда жылдык инфляциянын көлөмү 7,5 пайызды түзгөн.

Сайттын иликтөөсү Улуттук экономика министрлигинин статистикасына таянат. Ага ылайык, 2015-жылдын октябрына чейин Казакстандагы инфляциянын жылдык деңгээли 4,4 пайызды түзүп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн болуп турган. Бирок 2015-жылдын августундагы девальвациядан кийин инфляция көрсөткүчү 9,4 пайызга чейин жогорулаган.

Finprom.kz сайтынын маалыматына караганда, Казакстан былтыркы инфляциянын деңгээли боюнча Беларустан (6,3 пайыз) дагы ашкан. Ал өлкө 2016-жылы кайрадан улуттук валютаны деноминация кылган.

Иликтөөдө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен инфляциянын эң төмөнкү көрсөткүчү Кыргызстан (3,8 пайыз) менен Арменияда (1,2 пайыз) экендиги айтылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов: "Өткөн жылы 2,6 млрд сомдук каржы тартибин бузуу аныкталды"

Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчёту угулууда. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Эсептөө палатасынын Улукбек Мариповдун айтымында, 2016-жылы Эсептөө палатасын тарабынан 3051 аудиттик объектиге текшерүү жүргүзүлгөн. Анын ичинде 2263 бюджеттик мекеме, 399 чарба жүргүзүүчү субъект, 355 жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме-уюм бар. Ал эми өткөн жылдагы текшерүүлөрдүн натыйжасында, жалпы суммасы 2,6 млрд сомду түзгөн каржы тартибин бузуулар аныкталып, анын 1,1 млрд сому калыбына келтирилген.

«Мамлекеттик бюджеттин резервддери жана жоготуулары өткөн жылы 13,2 млрд сомду түзсө, анын 1,9 млрд сому кайра кайтарылган. Андан тышкары, натыйжасыз пайдануунун натыйжасында 868 млн сом өлчөмүндө чыгаша аныкталды. Алардын 82 пайызы бюджеттик каражаттарга тиелешүү болуп, жоготуунун 151 млн сому калыбына келтирилди», – дейт Эсептөө палатасынын башчысы.

Орусиянын МТС компаниясы Түркмөнстан базарынан кетиши мүмкүн

Орусиянын МТС уюлдук байланыш операторунун Түркмөнстан аймагында кызмат көрсөтүү лицензиясынын мөөнөтү аяктоодо. Өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча өкмөт менен компаниянын ортосундагы келишим 2012-жылы беш жылга түзүлгөн.

Жергиликтүү ММКлар лицензияны узартуу боюнча сүйлөшүүлөр майдын ортосунан бери уланып келатканын билдиришүүдө. Маалыматка караганда, 1-июлга чейин жаңы келишим түзүлбөсө, байланыш операторунун лицензиясы жараксыз болуп калат.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын өкмөттөгү өз булагы кабарлагандай, түркмөн тарап учурда МТС компаниясына карата кошумча киреше салыгын киргизүүнү көздөп, бул боюнча кызуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Орусиялык оператор буга чейин да Түркмөнстандын аймагында кызмат көрсөтүү келишиминин мөөнөтү аяктагандыгына байланышкан көйгөйлөргө кабылган. МТС 2011-жылы Түркмөнстандагы ишинин токтогондугунан улам келтирилген чыгымдарды 600 миллион АКШ долларына баалап, бул сумманы түркмөн өкмөтүнөн өндүрүп алуу талабы менен эл аралык сотторго кайрыла турганын билдирген. Бирок түркмөн бийлиги компенсация тууралуу талаптарды аткаруудан баш тарткан.

Орусиялык оператордун Түркмөнстандагы ишмердүүлүгү 2012-жылы октябрда калыбына келтирилген. Жаңы макулдашууларга ылайык, МТС «ТүркмөнТелекомго» ар айлык таза кирешесинин 30% төлөп туруу милдеттенмесин алып, ага чейинки дооматтарынан баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолунун курулушуна Сауд өнүктүрүү фондунан 20 млн доллар насыя алынууда

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети КР Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолунун курулушун каржылоо боюнча насыялык келишимди жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү Азимкан Жусубалиевдин айтымында, Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолундагы 24 чакырым жолдун курулушун каржылоо максатында, Сауд өнүктүрүү фондунан 20 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя алынууда. Насыяны төлөө мөөнөтү – 25 жыл, пайыздык үстөгү – 1 пайыз. Бул участок 2-категориядагы жол болуп саналат.

Эске салсак, Түндүк – Түштүк автожолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Ушу тапта 74 чакырым жолдун курулушунун каржысы табыла элек. Жол 2020-жылы ишке киргизилет, ал эми 2022-жылы толугу менен кабыл алынмакчы. Жолдун начар бөлүктөрү подрядчиктердин эсебинен калыбына келтирилүүгө тийиш.

Жапон грантына Бишек – Ош автожолунда кар көчкүдөн коргой турган узундугу 460 метр тоннель курулмакчы

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Бишкек – Ош авто жолундагы көчкүдөн коргоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, Жпониянын гранттык каражатына Бишкек – Ош авто жолунун 246-чакырымындагы кар көчкүдөн коргой турган узундугу 460 метр тоннелдин курулушуна жумшалат. Мындай тоннель жолду көчкүдөн толук коргойт. Бул багытта 38,2 млн доллар көлөмүндө грант бөлүнүүдө.

Андан сырткары, тармактык комитет «Жол техникаларын тейлөө мастерскойлорун өркүндөтүү» долбоору боюнча 4 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык каражат боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясында да жактырды. Ал 20 жылдан бери колдонулуп келаткан жол куруу техникаларын оӊдоого мүмкүнчүлүк берет.

Меню