Казакстан өз аймагы аркылуу темир жол менен кыргыз товарларынын өтүүсүнө жолтоо болбойт. Тоскоолдуктар жаралса, тезинен жоюуга милдеттенме алды. Тараптар бул боюнча ЕАЭБдин ички базарындагы товарлардын транзитин талкуулаган видеоконференция маалында макулдашышты.
Кыргызстандын Экономика министрлиги билдиргендей, жыйында тараптар Орусиядагы санкцияларга байланыштуу үчүнчү өлкөлөрдөн Беларус аркылуу Казакстан жана Кыргызстанга келчү айрым товарларга салынган тыюуларды талкуулашты. Мындан тышкары Орусия чек арасындагы ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык көзөмөл жана Казакстан темир жолу аркылуу товарларды алып өтүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө сөз болду.
Казак тарап транзитке тоскоол болбой турганын убада кылып, маселе жаралган учурда дароо билдирүү зарылдыгын белгилешти. Буга байланыштуу бул тоскоолдуктар тизмесинен алынып ташталды.
Жыл башында Казакстан ветеринардык көзөмөлдөн өтчү товарларды бир гана темир жол менен ташуу керектигин эскерткен.
Кийинчерээк кыргыз өкмөтү жүктөрдү Казакстан аркылуу транспорттун бардык түрлөрү менен алып өтөрүн кабарлаган. Бирок Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кыргыз товарларынын экспортуна чектөө коюп жаткан казак тарапка тиешелүү жооп кайтаруу зарылдыгын билдиришкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”