Menu

ЭКОНОМИКА

Өзбекстан менен Орусия 16 миллиард долларлык келишим түзөт

Келишимдин 3,5 миллиард долларга тете биринчи бөлүгүнө 3-апрелде Москвадагы Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө, Мирзиёевдин сапары алдында кол коюлду. Мындай маалыматты Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары Ачилбай Раматов билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Орусия президенти Владимир Путин жана премьер-министри Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жогорку дэңгээлдеги жолугушуу бүгүн, 5-апрелде болору күтүлүүдө.

Мирзиёевдин сапарынын алдында Москвадагы өзбек элчилигинде эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 3,5 миллиард долларлык эки тараптуу 16 келишимге кол коюшту. Документтер соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарды камтыйт.

Мындан тышкары Орусияга 612 миллион долларлык жаңы жана кайра иштетилген жашылча-жемиш продукцияларын жеткирүүгө, Өзбекстанга мунай экспорттоо меморандумуна, экскаватордук техника жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Калган документтерге жогорку деңгээлдеги өзбек-орус сүйлөшүүлөрүнөн кийин Кремлде кол коюлат.

Орусиянын Федералдык бажы кызматы билдиргендей, Орусия менен Өзбекстандын товар жүгүртүүсү былтыр дээрлик 3 миллиард долларды түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сооронбай Жээнбеков: "Бизнес менен мамлекеттин ортосундагы диалогдун маанилүүлүгүн эске алуу менен, бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү Кеңештери өлкөнүн бардык облустарында түзүлүшү керек"

Бизнес менен мамлекеттин ортосундагы диалогдун маанилүүлүгүн эске алуу менен, бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү Кеңештери өлкөнүн бардык облустарында түзүлүшү керек, — деди Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы инвестиция жана бизнести өнүктүрүү Кеңешинин жыйынында. Бу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Жыйында Ысык-Көл облустук аймактык инвестициялык Кеңештин ишмердүүлүгү угулду.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири орто жана чакан бизнес үчүн максималдуу шарттарды түзүү экенин билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, өлкөдө укук коргоо органдарын реформалоо, аны менен катар мамлекеттик органдар тарабынан чарбалык субъекттерди текшерүүнү кыскартуу иштери жүргүзүлдү.

«Мындай укуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экономикалык кылмаштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынан башка бардык органдар ажырады. Мындай чаралар өлкөдө инвестициялык активдүүлүктүн күч алышына жана аны тартууга жакшы жол ачарына ишенем. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындан ары да бизнес менен иштөөдө бюрократиялык тоскоолдуктарды максималдуу кыскартууга, жөнсүз текшерүүлөрдүн санын кыскартууга жана мамлекеттик жөнгө салуудагы рыноктук эмес ыкмаларды жоюу багытында тыгыз иш алып барат. Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан өлкөдө бизнеске максималдуу жагымдуу шарт түзүү боюнча тапшырма коюлган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындан ары да бул аракеттерди ишке ашыруунун үстүнөн иш алып барат», — деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Аны менен бирге ал республикалык деңгээлде керектүү мыйзамдар кабыл алынып, бизнести колдоо багытында башка да укуктук нормативдик актылар кабыл алынып жатканын кошумчалады.

«Анткен менен айрым мамлекеттик түзүмдөрдө бул багытта иштердин пассивдүүлүгү байкалууда. Аймактарда ишкерлер азыркыга чейин мамлекет тарабынан колдоону сезише элек. «Айыл чарба тармагын каржылоо-5» долбоорунун алкагында бүгүнкү күндө, жалпы суммасы 800 млн сом болгон 2100 насыя берилди. Мындай ылдыйкы көрсөткүч, биринчи кезекте алардын насыя  алуу жолдору тууралуу жетиштүү маалыматынын жоктугунан улам болууда. Муну эске алуу менен мамлекеттик органдардын жетекчилери жер жерлерде ар кандай  даражадагы ишкерлер менен тыгыз байланышта болушу керек», — деди Өкмөт башчы.

Ал аймактарда ишкерлерге бизнес-план, орто жана чакан бизнес тууралуу дайыма семинарларды өткөрүп турууну тапшырды. Аны менен катар Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фонду айыл чарба ишкерлерин колдой турганын билдирди. Премьер-министр  ошондой эле Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө мамлекеттик жеке өнөктөштүк тууралуу мыйзамды аквтидештирүүнүн үстүнөн иш алып барууну, аны менен бирге бизнесте чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуунун үстүнөн иш алып барууну тапшырды.

2018-2022-жылдарга аймактык саясат Концепциясы аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын сунуштайт

“Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин Өкмөттүн 2017-жылдын 31-мартындагы №194  токтому менен кабыл алынган «2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактык саясаты Концепциясынын негизги максаты жана милдеттери» тууралу маалымат жыйынында билдирди”- деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Данияр Иманалиев Концепциянын алкагында өнүгүү точкасы катары 20 пилоттук шаар тандалып алынганын, айтып, азыркы күндө өлкөдө 70% ИДП Бишкек шаарында жана Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында экенин билдирип, кирешелерди теңдөө саясаты аймактарды өзүн өзү өнүктүрүүгө алып келерин кошумчалады.

Мындан улам, Концепцияда аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы ыкмалары сунушталууда. Анын негизги милдеттерине: калктын экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында, өнүгүү точкаларында экономикалык борборлорду түзүү, аймактарда атайын адистештирүүнү өздөштүрүү жана аны өнүктүрүү, кластерлерди түзүү, аймактарда сапаттуу мамлекеттик тейлөө көрсөтүү үчүн бардык шарттарды түзүү, ар бир регионду өнүктүрүүгө өзүнчө шарт түзүү пландары кирет.

“Өкмөттүк комиссия тарабынан өнүгүү точкасына пилоттук аймак катары төмөнкү аймактар тандалып алынды: географиялык потенциал, ресурстук потенциал, урбанистикалык потенцияал жана саясий потенциал. 20 өнүгүү точкасына— Бишкек, Токмок, Кара-Балта, Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Талас, Ош, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Баткен, Исфана, Кадамжай, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кербен  жана  Кочкор-Ата кирди. Негизги өндүрүш көлөмү аталган өнүгүү точкаларынын аймагында болушу керек. Аны менен бирге өндүрүш жана кайра иштетүү негизинен жергиликтүү чийки заттарга жана айыл чарба азыктарына багытталышы керек”— деди министрдин орун басары.

Ал азыркы абалды иликтөө менен өнүктүрүү кластерине Бишкек билим берүү тармагы боюнча Чүй жана Ош облустары курулуш тармагында, Ысык-Көл туристтик, Жалал-Абад нефтехимиялык, Чүй, Нарын облустары транспорт жана коммуникациялык, Нарын, Ош, Чүй облустары жана Бишкек шаары медико-фармацевтикалык тармак катары өнүгүүгө болору аныкталды. Ар бир аймак өз багытына жараша адистештирилип, орто жана чакан бизнеске кепилдик фонддор ачылат.

Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн болжолдуу анализдердин жыйынтыгы боюнча Ош жана Жалал-Абад облустарында малдын башы  көптүгү байкалды.

Баштапкы этабында жакынкы райондорду толук камтыган 10 мобилдик мал союучу цехтерди куруу пландалууда. Бул үчүн приоритеттүү аймак катары Кадамжай району, Жалал-Абад шаары, Жети-Өгүз району, Ош шаары, Өзгөн району,  Ат-Башы району, Сокулук району, Талас жана Нарын шаарлары аныкталды.

Ошондой эле жүргүзүлгөн анализдин негизинде республика боюнча айрым аймактарда айыл чарба тармагында кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги аныкталды.

Данияр Иманалиев билдиргендей, тандалып алынган 20 долбоордун ичинен Жалал-Абад жана Каракол шаарлары өнүктүрүү аймактарын тандады. Жалал-Абад шаарынын мэри жалпы болуп 17 млн АКШ доллар турган 10 долбоорду даярдады. Аталган долбоорлор мунициаплык транспорт, курулуш, көчөлөрдү жарыктандыруу жана арыктарды тазалоого багытталган. Мындан сырткары Жалал-Абад шаарында 500 миң АКШ долларына коомдук дааратканаларды куруу пландалууда.

Каракол шаары жалпы суммасы 8 млн АКШ долларын түзгөн социалдык-экономикалык пландагы 7 долбоордун программасын сунуштады.

2016-жылы укук коргоо органдары тарабынан 3 млрд 495 миӊ сом мамлекетке кайтарылды

“Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде 2016-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу КР Башкы прокурорунун отчету угулуп жатканда белгилүү болду” – деп маалымдады КР ЖК Басма сөз кызматы.

Башкы прокурордун отчетунда айтылгандай, укук коргоо органдары 2016-жылы 3 млрд 495 миӊ сомду мамлекетке кайтарды. Буга Бажы кызматы тарабынан кайтарылган 31 млн 880 миӊ сом өлчөмүндөгү каражат камтылган жок. Анын ичинде прокуратура органдары тарабынан 340 млн 369 миӊ сом, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан 1 млрд 786 миӊ сом, УКМК тарабынан 1 млрд 291 миӊ сом, ИИМ тарабынан 77 млн 48 миӊ сом кайтарылган.

2016-жылы 842 балдарга карата жасалган кылмыш катталган, анын ичинде 9 өлтүрүү, 33 зордуктоо, дагы башка 556 кылмыш түрү болгон. Ал эми сотко чейин жеткирилген экономикалык кылмыштардын саны 385 ишке жетип, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 25 пайызга өстү.

Кыргызстандын карызы 4 млрд. 153, 19 млн. болду.

2017-жылдын февраль айына карата мамлекеттик ички жана тышкы карыздын өлчөмү 4 млрд. 153,19 млн. АКШ долларын же 287 млрд. 109,40 млн. сом түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, анын ичинен мамлекеттик тышкы карыз 3 млрд. 804.07 млн. АКШ доллары кыргыз сому менен алганда 262 млрд. 974.60 млн. сом. Ал эми мамлекеттик ички карыз – 349.12 млн. АКШ доллары же 24 млрд. 134.80 млн. сом.

Расмий маалымат боюнча, 1992-жылдан бери тыштан алынган карыздан Транспорт министрлиги жол оңдоого 2 млрд. 88 млн. сом акча каражат сарптаган. Ал эми бюджетти кармап туруш үчүн 1 млрд. 395 млн. сом, Энергетика тармагына 1 млрд. 595 млн. сом, айыл чарбага 573 млн. сом жумшалган.

Белгилей кетсек, быйыл өлкөнүн карызын жабуу үчүн бюджеттен 20 млрд. 156 млн. сом каражат каралган. Анын ичинен тышкы карызга 11 млрд, сом, ички карыз үчүн 9 млрд, сом бөлүнөт.

Булак: “Фабула”

Орусия менен Беларус газ жаңжалы жөнгө салынарын жарыялашты

Орусия менен Беларус мунай менен газды жеткирүүдө жаралган чыр-чатакты жөнгө салышарын билдиришти. Мындай макулдашууга Орусия президенти Владимир Путин менен Беларус президенти Александр Лукашенконун 3-апрелде Санкт-Петербургдагы жолугушуусу маалында жетишилди.

Путиндин айтымында, келишим толугу менен 10 күндүн ичинде иштелип чыгат. Мындан тышкары тараптар 2020-жылга чейинки энергетикалык кызматташуу стратегиясын карап чыгышты.

Орусиялык маалымат агенттиктеринин маалыматына караганда, Орусиянын вице-премьери Аркадий Дворкович Беларус мунай жана газ үчүн 726 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды акырындык менен төлөп бериши керек. Бул учурда мунайды экспорттоо калыбына келтирилет.

Акыркы айларда Лукашенко бир нече ирет Орусияны сынга алган. Ал Москваны келишимдерди бузууга жана Беларусту “муунту” үчүн энергоресурстарды пайдаланууга айыптаган. Минсктин 2015-жылдын декабрындагы билдирүүлөрүнө караганда, Евразиялык экономикалык биримдикти түзүү боюнча келишим күчүнө киргенден кийин Орусия газдын баасын эки эсеге жогорулаткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

2017-жылдын 1 кварталына карата бажы салыгынан түшкөн каражат 2016-жылга салыштырмалуу 1,9 млрд. сомго көбөйдү

Кыргызстанда 2017-жылдын 1 кварталына карата бажы салыгынан түшкөн каражат  2016-жылга салыштырмалуу 1,9 млрд. сомго көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн мамлекеттик бюджеттин аткарылышы тууралуу жыйында белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

«Бажы салыгын чогултуу 2017-жылдын биринчи кварталында 105,7 % аткарылып, 6 286 миллион сомго жети. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 523,8 миллион сомго көп. Салыктын чогулушу 16 567 миллион сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 451 миллион сомго көп чогулуп, план 100% аткарылды. Аны менен катар жыл башында өткөрүлө турган иш чаралардын бардыгы өз убагында каржыланды», – деди 2017-жылдын биринчи кварталына карата мамлекеттик бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берген Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бюджеттин киреше бөлүгүндөгү теңделбеген тобокелдиктердин санын азайтуу жана биринчи кезектеги каржыланбай калган иш чаралардын санын азайтуу максатында, мамлекеттик органдар мурда белгиленген мөөнөттө 2017-жылдын Планын аткарууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик бюджетке кошумча келип түшүүлөрдү камсыз кылуусу зарыл экендигин билдирди.

Финансы министрлигине 2017-жылдын 10-майына чейин бюджеттин чыгалашарын оптимизациялоо боюнча деталдык анализ жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Мамлекеттик салык жана Мамлекеттик бажы кызматтарына 2017-жылдын экинчи кварталына бажы жана салык төлөмдөрүн чогултуу боюнча планды толук аткаруу милдети коюлду.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бюджеттин киреше бөлүгүн аткара албай калган мамлекеттик органдардын жетекчилеорине катуу чаралар колдонулаарын эскертти.

Видео - Жазаларды аткаруу мамкызматы Садыр Жапаров

Кыргызстанда 2017-жылдын 1 кварталына карата бажы салыгынан түшкөн каражат  2016-жылга салыштырмалуу 1,9 млрд. сомго көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн мамлекеттик бюджеттин аткарылышы тууралуу жыйында белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

«Бажы салыгын чогултуу 2017-жылдын биринчи кварталында 105,7 % аткарылып, 6 286 миллион сомго жети. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 523,8 миллион сомго көп. Салыктын чогулушу 16 567 миллион сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 451 миллион сомго көп чогулуп, план 100% аткарылды. Аны менен катар жыл башында өткөрүлө турган иш чаралардын бардыгы өз убагында каржыланды», – деди 2017-жылдын биринчи кварталына карата мамлекеттик бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берген Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бюджеттин киреше бөлүгүндөгү теңделбеген тобокелдиктердин санын азайтуу жана биринчи кезектеги каржыланбай калган иш чаралардын санын азайтуу максатында, мамлекеттик органдар мурда белгиленген мөөнөттө 2017-жылдын Планын аткарууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик бюджетке кошумча келип түшүүлөрдү камсыз кылуусу зарыл экендигин билдирди.

Финансы министрлигине 2017-жылдын 10-майына чейин бюджеттин чыгалашарын оптимизациялоо боюнча деталдык анализ жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Мамлекеттик салык жана Мамлекеттик бажы кызматтарына 2017-жылдын экинчи кварталына бажы жана салык төлөмдөрүн чогултуу боюнча планды толук аткаруу милдети коюлду.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бюджеттин киреше бөлүгүн аткара албай калган мамлекеттик органдардын жетекчилеорине катуу чаралар колдонулаарын эскертти.

Өкмөт Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасын бекитти

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасын бекитүү тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Мындай чечим 2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясын аткаруу максатында, ошондой эле тамак-аш кайра иштетүү тармагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Программанын негизги максаты – азык-түлүк жана сырьелук ресурстардын ички булактарын туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү менен тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн калкын сапаттуу жана коопсуз тамак-аш азыктары менен кепилдүү жана туруктуу камсыздоо болуп саналат.

Программа өнөр жайды модернизациялоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, финансылык-экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, республиканы 2021-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө арналган.

Аталган программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлдү.

Министрликтер менен ведомстволорго жана Өкмөттүк облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жарым жылдыктын жана бир жылдыктын жыйынтыктары боюнча  Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Программасын ишке ашыруу тууралуу маалымат берүү тапшырылды.

 

Түркмөнстанда Гарлык тоо-кен комбинаты ачылды

Түркмөнстан жана Беларус президенттери Гурбангулы Бердымухамедов менен Александр Лукашенконун катышуусунда Гарлык тоо-кен байытуучу комбинатынын ачылыш аземи өттү. Комбинат эки өлкө ортосундагы келишимдин негизинде беларус адистери тарабынан салынган.

Тоо-кен байытуучу коминаттын пайдубалы 2009-жылы түптөлгөн. Курулушту жүргүзгөн “Белгорхимпром” беларус компаниясы ишти 2015-жылы бүткөрүүнү пландаган.

Долбоордун жалпы наркы 1 миллиард долларга бааланууда. Комбинат жылына 1 миллион 400 миң тонна калий жер семирткичин чыгарууга кудуреттүү.

Эки тараптуу жолугушуу маалында Лукашенко Беларус Түркмөнстан үчүн Европа борборундагы “ишенимдүү тирек” экенин билдирди. Ал Бердымухамедовго кайсы бир маселелерди чечүүдө Түркмөнстан Беларуска ишенсе боло турганын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню