“Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүн, 27-мартта Каржы министрлигинде өткөн көчмө жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду” – деп маалымдады КР ЖК Басма сөз кызматы.
Каржы министри Адылбек Касымалиев 2017-жылдын башынан тарта жаӊы Салык кодекси ишке киргизилгенин эске салып, ошондон улам каржылык пландаштыруу усулунан баш тартып, кассалык пландаштыруу усулу киргизилип жатканын билдирди. «Мындайча айтканда, биз азыр «каржыӊа жараша жаша» принцибине өттүк. Казынада канча каражат топтолсо, ошол каражатты гана жумшайбыз. Бул мурда боло келген каржы бөлүштүрүү жаатындагы коррупциялык жосундардан арылууга жол ачат», – дейт ал.
Ал эми депутаттарды бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби менен тааныштырган каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев азыр иштеп жаткан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгиледи. «Казыналык эсеп киршелер жана чыгашалар бөлүгүнөн турат. Эсеп мурдагыдай коммерциялык банктар аркылуу эмес, казыналыктын өзү аркылуу жүргүзүлө баштады. Ошондон улам, бир топ каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү», – дейт ал.
Мындай демилгени хаккерлерден колдогон депутат Таалайбек Масабиров топтолгон каражаттын коопсуздугун камсыз кыла турган атайын электрондук программа иштеп чыгуу керектигин айтты. Анын пикиринде, ансыз Каржы министрлиги топтолгон каражатты уурдатуу тобокелдигинен кутула албайт.
Белгилей кетсек, министрдин айтымында, ушу тапта Каржы министрлигине караштуу мекемелерде ишти оптималдаштыруу чаралары көрүлүп, 200 кызмат орду кыскартылды.