Menu

ЭКОНОМИКА

Бишкек-Ош жолунун Маданият-Бекабад бөлүгүн реаблитациялоо үчүн Европа өнүктүрүү банкы быйыл 60 млн. доллар каражат бөлдү

Бүгүн, 20-мартта КРнын Транспорт министри Жамшитбек Калилов Бишкек – Ош автомагистралынын төртүнчү фазасына кирген Маданият – Бек-Абад автомагистралынын учурдагы абалы менен жеринде таанышты. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма катчысы билдирди. Министрди КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облсундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана облусттук ПЛУАД -6 ишканасынын жетекчиси Камил Абдыкалыков бирге коштоп жүрүштү.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Айбек Бегимкулов КРнын Транспорт министри Жамшитбек Калиловдон Борбордук базардын бет маңдайындагы эки тараптуу жолду асфальтоого жана Базар-Коргон – Арстанбап ички жолун тейлеген ДЭУ ишканасынын техникалык паркын жаңылоого көмөк көрсөтүүсүн жана Бекмамат Осмонов көчөсү менен Бишкек — Ош автомагистралына кошулган жерине светофор орнотуу өтүнүчүн айтты. Акимдин айтуусунда светофордун жоктугунан ушул жерде автоавариялар көп катталып жатат. Министр айтылган маселелер боюнча колдон келген жардамын берээрин айтуу менен светофорду Бишкек – Ош автомагистралынын төртүнчү фазасын бүткөрүүдө эске алынаарын билдирди. Учурда  Бишкек – Ош автомагистралынын Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы участкаларында жолду тейлөө башкармалыктары тарабынан кыштан кийинки пайда болгон жолдогу пайда болгон  чуңкурларды ремонттоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Эркинбек Маматаев жана Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жетекчилери Бишкек – Ош автомагистралынын райондун аймагындагы бузулган жерлерин ремонттоо жана Кочкор-Ата базарынын жанынан өткөн 300 метр.  аралыкты түзгөн жолдун көйгөйүн тезирээк чечүүгө министрден жардам сурашты. КРнын Транспорт министри Жамшитбек Калилов Кочкор-Ата шаарынын базарынын жанынан өтүүчү 300 метр келген аралыктагы жолду асфалттоо жумуштары апрель айында башталаарын ишендирип кетти.

–     Бишкек – Ош автомагистралынын төртүнчү фазасына кирген Маданият – Бек-Абад жолунун 67 км. түзгөн аралыгын толук реаблитациялоо жумуштары быйылкы жылы  башталат. Бул максатта Европа өнүктүрүү банкы тарабынан 60 млн. доллар каражат каралган. Жолду реаблитациялоонун техникалык экономикалык негиздери толугу менен иштелип чыгылган. Учурда жолдун курулушуна кызыктар болгон 5 ири компаниялар тендерге катышып жатышат. Бул аралыктагы жолдун курулушу быйылкы жылы башталып,  толугу менен 3 жылда бүткөрүлөт,- деди КРнын Транспорт министри Жамшитбек Калилов.

Бишкек – Ош автомагистралынын Маданият – Бек-Абад аралыгындагы  67 км. келген  жолдун курулуш иштери  көп жылдардан бери создуктурулуп,  башталбай келүүдө.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

 

Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуусунда Жол картасы тууралуу иш чараларды каржылоого Казакстан тараптан бөлүнө турган сметалык сумма 7 млн АКШ долларынан 41 млн АКШ долларына көбөйдү

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кошулуусунда жол картасы тууралуу иш чараларды каржылоого Казакстан тараптан бөлүнө  турган сметалык сумма 7 млн 526 миң АКШ долларынан 41 млн 038 миң АКШ долларына көбөйдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-декабрындагы жардам берүүнүн тартиби жана анын туура пайдаланылышын текшерүүгө алуу тууралуу Протоколуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2016-жылдын 26-декабрында кол коюлган Протоколго техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу 2017-жылдын 17-мартында Россияны Федерациясынын Москва шаарында кол коюлду.

Жардам берүүнүн тартиби жана анын туура пайдаланылышын текшерүүгө алуу тууралуу Протокол жардам көрсөтүүдөгү процедураларды кыскартат.

Техникалык жардам көрсөтүү тууралуу Протоколго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин,  сметалык сумма 41 млн 038 миң АКШ долларына өстү (буга чейин7 млн 526 миң АКШ долларына кол коюлган)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2016-жылдын 26-декабрында кол коюлган ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу макулдашылды жана Протоколдор Казакстан Республикасы тарабынан, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ курамына кошулуусунан улам Жол картасына байланыштуу иш чараларды каржылоого техникалык көмөк катары 100 млн АКШ долларын бөлүүгө жөнөтүлдү. Ал каражат бажы инфраструктураларынын объектине жана лабораторияларды модернизациялоого ошондой эле ЕАЭБ алкагындагы манилүү иш чараларга багытталган.

Макулдашууларга жана Протоколго ылайык жардам этабы менен көрсөтүлөт.

 

Кыргызстандын Өкмөтүнүн делегациясы КМШ Экономикалык кеңешинин 73-жыйынынын ишине жана КМШ Эл аралык экономикалык форумуна катышты

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн делегациясы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 73-жыйынынын ишине жана «КМШ – келечекке көз караш» Эл аралык экономикалык форумуна катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Аталган эл аралык иш чарада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов жетектеди.

КМШ Экономикалык кеңешинин жыйынында инновациялык кызматташуу, миграция, радионавигация, транспорт жана айыл чарба тармагы боюнча маселелер каралды.

КМШ Экономикалык кеңешинин жыйынынан кийин, КМШ Эл аралык экономикалык форуму өттү.

Форумда сөз сүйлөгөн вице-премьер-министр Олег Панкратов КМШ эң маанилүү маселелерди талкуулаган, элдер арасында тыгыз кызматташтыкты сактап турган, ЖККУ, ЕврАзЭС сыяктуу КМШ жалпы мейкиндик сактап турган аны менен катар Бажы биримдигине жана ЕАЭБ ыңгайлашкан жалпы аянт болуп кала бере турганын баса белгиледи.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов ошондой эле 2017-жылы Кыргыз Республикасы ЕАЭБ төрагалык кылуусунун приоритеттүү багыттарын айтып берди.

КМШ Форумуна Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов, Казакстан Респуликасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Мамин, Аткаруу комитетинин төрагасы – КМШ аткаруучу катчысы Сергей Лебедев, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.

ЕБРР Өзбекстан үчүн инвестиция көлөмүн көбөйтөт

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) Өзбекстан үчүн инвестициянын көлөмүн кескин түрдө көбөйтөрүн жарыялады. Банктын президенти Сума Чакрабарти баш болгон делегация 15-мартта Өзбекстанга келген.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы Өзбекстандагы ишмердүүлүгүн 1993-жылы баштаган. Бирок 2010-жылы банк бул өлкөдөгү бардык операцияларын толугу менен тоңдурган. ЕБРР Борбор Азиядагы эң ири каржы инвестору болуп эсептелет.

«​Биз эч качан Өзбекстанды таштап кеткен эмеспиз. Азыркыга чейин 8 миллион еврого тете долбоорлорубуз бар. Бирок биз инвестициянын көлөмүн көбөйтүүнү каалайбыз», -деп жазган банктын маалымат катчысы Жонатан Чарльз​.

Банк негизинен инвестицияны жеке секторго салууну көздөөдө. Жонатан Чарльздын билдиришинче, чакан жана орто ишканаларга артыкчылык берилет.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы 15 жыл аралыгында Өзбекстан экономкасына 1 миллиард АКШ долларына тете инвестиция салган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Видео - "Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду" карапайым дыйкандарга иштебей, элитага гана иштеп жатат

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев: “Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тар чөйрөгө иштеп турган элиталык бизнес коомуна айланды. Колунда бар адамдарга гана иштеп калды. Мындай боло турган болсо экономикабыз өспөйт. Мисалы Орусия 1 миллион тонна алмага муктаж экен. Эгерде биз 1 миллион алма менен аларды камсыз кылсак, бюджетибизге 1 миллиард доллар түшмөк. Ошондуктан экспорт биздин негизги артыкчылыгыбыз болуш керек. Өлкөдө айыл чарбадан башка эч нерсе жок. Фонд каражатты ушул багытта иштетиши керек”, -деп билдирди. Ошондой эле “Бул фонд эмнеге ачылган? Орусия тарап акчасын бергенде, Евразия экономикалык биримдигинин базарына Кыргызстанды адаптациялоо максаты айтылган. Бирок андай болбоду? Эмне үчүн фонддун каражатына эл аралык деңгээлдеги лабораториялар ачылбай жатат? Эмнеге айыл-чарбасына колдоо көрсөтпөйт? Бизде айыл-чарба гана бар. Ошондуктан Кыргыз-орус өнүгүү фонду ушул багытта иштеш керек”, – деп кошумчалады. Канткен менен калыс сөзүн айтты.

Булак: “Фабула”

Видео: Сентябрь ТВ

Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш Өлкөнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө божомолдорунун үч вариантынын бирин жактырды

Сооронбай Жээнбеков Өлкөнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө божомолдору тууралуу маселе боюнча Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Координациялык кеңештин кезектеги жыйынны өткөрдү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөт башчы тиешелүү министрликтер менен ведомстволор тарабынан 2018-2020-жылдарга кыйла мүмкүн болуучу макроэкономикалык сценарий иштелип чыкканын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын эки айында экономиканын өсүү темпи 5,4 %,  түзүп, «Кумтөр»  ишканасынын эсебисиз- 3,6 % болгонун билдирди.

«Биз ушул тенденцияга багыт алышыбыз керек, ошондуктан Өкмөт тарабынан 2017-жылдын планы иштелип чыкты. Аталган пландын негизги багыттары болуп, түз инвестиция тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат», – деди ал.

Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев социалдык-экономикалык өнүгүүнүн божомолдору жалпы факторлорду жана экономикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен, үч вариантта иштелип чыкканын:максаттуу, мүмкүн болгон (базалык), пессимисттик болуп даярдалганынын билдирди.

Социалдык-экономикалык өнүктүрүү  негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдө геоэкономикалык кырдаалдын сакталышы менен, тышкы экономикалык иштин, ошондой эле ЕАЭБ интеграциялык бирикмелердин шартында, тышкы жана ички факторлордун таасири аркылуу өткөрүлөт.

Мындан сырткары өлкөдө айыл чарба жана энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн жаратылыш-климаттык шарртар да негизги ролду ойнойт.

Жыйындын жүрүшүндө Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга социалдык-эконоимикалык жактан максаттуу сценарийин жактырды. Аталган сценарий 2017-2020-жылдарга дүйнөлүк экономикага карай өнүгүүгө жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө суроо-талапты жакшыртуу дегенди билдирет.

Премьер-министр белгилегендей, макулдашылган бир макроэкономикалык сценарий Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү программасын түзүүнүн негизи болуп эсептелет.

Жыйындын соңунда Өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбеков КР Экономика министрлигине жана тиешелүү ведомстволорго, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым  укуктуу өкүлдөрүнө жактырылган сценарийдин негизинде аймактарда социалдык-экономикалык багыттар боюнча сектордук жана аймактык божомолдорду иштеп чыгууга киришүүнү тапшырды. Ошондой эле жактырылган сценарийдин негизинде Кыргызстанда социалдык-экономикалык багыттар боюнча орто мөөнөттү өнүктүрүү программасына божомолдорду көрсөтүлгөн тартипте даярдап Өкмөткөн киргизүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы 2017-жылга экономикалык саясатынын негизги багыттарын аныктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылга экономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндөгү биргелешкен билдирүүсү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Аталган документ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктоо жана аны ишке ашыруу максатында биргелешкен билдирүү долбоору катары даярдалды.

Биргелешкен билдирүүдө 2016-жылдагы жетишкендиктердин негизги жыйынтыктары чыгарылды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономиканы өнүктүрүүдө негизги тобокелчиликтерге басым жасаган, анда 2017-жылга коюлган максаттар, приоритеттүү багыттар белгиленген.

Белгилеп кетчү жагдай, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жетишкендиктерге, сапаттуу жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү колдоого, кабыл алынган чараларды натыйжалуу ишке ашырууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдар аралыгында Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында камтылган негизги багыттарга жана милдеттерге ылайык экономикалык потенциялды кайра түзүү жана күчөтүү боюнча саясатты жигердүү ишке ашыруу иштерин улантат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы стратегиялык экеономикалык кызыкчылыктарды көздөп, тобокелчилик факторлорун минималдаштыруу, банк тармагынын атаандаштыкка жөндөмүн кайра түзүү үчүн биргеликте активдүү иш чараларды кабыл алат. Банк тармагынын туруктуу иштөөсү, ошондой эле насыялоонун активдешүүсү экономикалык өнүгүүгө дем берүүгө жана экономика тармагындагы насыялоону кеңейтүүгө жол ачат.

Кабыл алынган документ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылга багытталган иштери коюлган максаттары тууралуу декларация, өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсү үчүн негизги базалык шарттары болуп саналат.

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Чыгым тартуу менен байланыштуу мамлекеттик ишканаларды жоюу жана кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кечээ, 14-мартта, мамлекеттин үлүшү бар ишканаларды жана акционердик коомдорду оптимизациялоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, анын тапшырмасы менен 2016-жылдын августунда Өкмөттүн Аппараты  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду менен биргеликте мамлекеттик ишканаларды жана акционердик коомдорду оптимизациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Өкмөт башчы маалымдагандай, «Электрондук соода аянтчаны түзүү жөнүндө» токтом долбоору даярдалып, ага ылайык мамлекеттик мүлктү сатуу жана ижарага берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду жүргүзбөй тургандыгын, он-лайн режиминде соода аянтчасы болорун билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, бүгүнкү күндө көпчүлүк мамлекеттик ишканалар чыгашалуу, өздөрүнүн уставдук милдеттерин аткарышпайт, алар коррупциялык уюмдун же башка бирөөнүн кызыкчылыгын көздөгөн схемалардын куралы катары иштеп жатышат.

Мамлекеттик ишкананын башкы максаты бул –  пайда алып келүү, бирок ошого карабастан  жыл сайын республикалык бюджеттен өлкө мыйзамдарын бузуу менен  каржыланган ишканалар бар.

«Бүгүнкү күндө жылдык ишинин пайда жыйынтыгы көп эмес болгон ишканалар бар, ушундай эле жеке сектордогу ишканалардын пайдасы  мамлекеттик компаниялардын көрсөткүчтөрүнө салыштыруу бир кыйла көп. Азыркы тапта иштеп жаткан мамлектетик компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча өткөрүлгөн анализдин жыйынтыгы көрсөткөндөй,  мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын санын кыскартуу керек, көп эле мамлекеттик ишканалар кайрадан түптөлүүгө, менчиктештирүүгө же жоюлууга муктаж», – деп эсептейт ал.

Болсунбек Казаков маалымдагандай, 33 мамлекеттик ишкананын 2016-жылдагы кирешеси 42,8 млрд сомду түздү, бул республикалык бюджеттин 35% түзөт же Социалдык фонддун жылдык бюджети менен салыштырган аталган компаниялардын чыгашалары 41,9 млрд сомду түздү.

Өлкө бюджетине болгону 364 млн сом түшкөн. Ал мындай ишканалардын чыгашалары, өлкө бюджетине көп суммадагы каражат түшүрүүгө жол бербей турганын кошумчалады.

Жыйындын соңунда  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков министрликтерге, ведомстволорго жана мамлекеттик органдарга 2017-жылдын 31-мартына чейин ММБФ тарабынан сунушталган мамлекеттик ишканаларды кайра түзүү боюнча анализди карап чыгып сунуш киргизүүнү тапшырды. Ал мамлекеттик тармактарды буга чейинки оптимизациялоо иштери өз жыйынтыгын бербей, анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке жана жарандык коомго түшкөн каражаттар сезилээрлик болгонн эместигин кошумчалады. Мамлекеттик мүлк боюнча Өкмөттүн жасаган иштери эффективдүү байкалууда, кийинки этап боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча жаңы ыкмаларды киргизүү өзөштүрүлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тендерсиз сатып алуу көлөмү 1 млн сомго көтөрүлөт

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр каралып, экинчи окууда жактырылды. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Мыйзам долбооруна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир жыл аралыгында бир миллион сомго чейинки сатып алууларды  тендерсиз өткөрүү сунушу келтирилген. Ал эми учурда колдонулуп жаткан Өкмөттүн бул жааттагы токтомунда бир жыл ичинде 800 миӊ сомго чейин бир жолу гана тендерсиз сатып алуу ишин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Демилгечи депутаттардын бири Улукбек Ормонов белгилегендей, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күнүмдүк муктаждыгына зарыл болгон нерселерди жана кызматтарды тендерсиз сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Ошондой эле демилгечилер интернет кызматтарынын жана башка техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам, айыл өкмөттөрдөгү сатып алууларда бир катар көйгөйлөр жаралып жаткандыгын жүйө келтиришкен.

Мындан тышкары, комитет жыйында “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөгү” жана “Мамлекеттик ипотекалык турак-жай насыясы жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору да колдоого ээ болду.

 

Жогорку Кеңеш Төрагасы Ч.Турсунбеков Пакистандын Суу жана энергетика министри Х. Мухаммад Асиф менен экономикалык кызматташууну талкуулады

Чыныбай Турсунбеков кечээ, 14-мартта Пакистан Ислам Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында Пакистандын Суу жана энергетика боюнча федералдык министри, Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Хавадж Мухаммад Асиф менен жолугушту. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар саясый, парламенттер аралык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

“Жогорку Кеңеш баардык чөйрөдөгү жана багыттагы мамилелерибизди жандандырууну кубаттайт. Келечекте мындай алакаларды өркүндөтүүгө биз өз тарабыбыздан болгон күч-аракетибизди жумшоого даярбыз”,- дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы. Ал эки өлкөнүн саясый диалогуна токтолуп, Кыргызстан менен Пакистан ортосунда кандайдыр бир келишпеген көз караштар, эки өлкөнүн эки тараптуу мамилелерин арттырууга тоскоолдуктар жоктугуна көңүл бурду. Ошону менен катар мамлекеттер ортосундагы мамилелердин экономикалык блогу тууралуу ой бөлүшкөн Чыныбай Трусунбеков эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын жетишсиз деңгээлде болуп жаткандыгын белгиледи. Буга байланыштуу, эки жактуу кызматташуунун экономикалык мазмунун толуктоо үчүн күч-аракеттерди топтоштуруу зарылдыгы айтылды. Алып айта турган болсок, Жогорку Кеңеш Төрагасы Ч.Турсунбеков тарабынан кен байлыктарды иштетүү, энергиянын кайра жаралуу булактары, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү, “адал” индустриясы, жеңил өнөржай, фармацевтика менен медициналык жабдуулар жана ошондой эле экологиялык туризм өңдүү тармактарда эки жакка тең пайдалуу шарттарда өнөктөш экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү сунушу берилди.

Кыргызстанда өнүгүү темпи тездей баштаган текстиль жана тигүү тармактарына токтолгон Ч.Турсунбеков кыргыз тараптын пахта буласы менен жүндү кайра иштетүү боюнча ишканаларды түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди. “Кыргыз Республикасынын тигүү тармагынын продукциялары жогорку сапатка ээ, ага жараша суроо-талап күч”,- деп кошумчалады ал. “Ар тармактуу багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жаңы сапаттуу деңгээлге чыгууда өлкөлөр ортосундагы регионалдык кызматташтыкка өбөлгө түзөт. Мындан улам регионубуздун өнүгүп-өсүшүнө көмөкчү болот”,- дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы. Ал бул жолугушуунун жыйынтыгы келечекте эки өлкө ортосундагы эки жактуу мамилелердин өнүгүшүн шарттай тургандыгына үмүт артарын билдирди.

Өз кезегинде Пакистандын Суу жана энергетика боюнча федералдык министриХавадж Мухаммад Асиф Кыргызстан менен Пакистандын өз деңгээлине жетишилген достук мамилелерин сактоодо пакистан тараптын көз карашын айтты. Ошону менен катар келечектеги экономикалык кызматташууну күчөтүү жөнүндөгү ниетин билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков башында турган парламенттик делегация Пакистанда расмий иш сапар менен жүрөт. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Абдумажит Юсуров, Мухтарбек Айнакулов, Абдимуктар Маматов, Кубанычбек Нурматов, Дүйшөн Төрөкулов, Эмил Токтошев бар.

 

Меню