Menu

ЭКОНОМИКА

Өлкөдө үрөнчүлүк чарбаларга Өкмөт тарабынан дотация берилет

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөдө үрөнчүлүк чарбаларга Өкмөт тарабынан үрөнчүлүккө көмөк көрсөтүү жана дотация берүү боюнча, Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө токтомго кол койду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Аталган токтомдун негизги максаты республика боюнча үрөнчүлүк чарбаларды колдоо, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттуу сертификацияланган үрөн жана көчөт материалдары менен камсыз кылуу.

Үрөнчүлүк чарбаларга мамлекеттик дотация берүүдөгү жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-2022-жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө мамлекеттик дотация төлөө системасын киргизүүнү караган ченемдик укуктук акт бекитилгенден кийин республиканын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация төлөөгө каражат караштырат.

Мындан сырткары кол коюлган токтомдун негизинде үрөнчүлүк чарбаларын жүргүзүү үчүн жерлер кезексиз берилип, ижара мөөнөтү 20 жылга чейин узартылат.

Аны менен катар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 287, 295-беренелерине толуктоолор киргизилип, натыйжада сырттан келген жашылча, бакча жана май өсүмдүктөрүнө, уруктуу мөмө берүүчү жыгач өсүмдүктөргө, данектүү мөмө берүүчү жыгач өсүмдүктөргө, жемиштерге, жаңгак мөмөлүүлөгө, тоют азык тамырдуу өсүмдүктөргө жана тоют чанактуу өсүмдүктөргө кошумча нарк салыгы алынбайт.

Эми Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашып, 2018-2019-жылдарга тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалын, анын ичинде ыңгайсыз жана пайдаланылбай жаткан жерлерде өстүрүү максатында мөмө питомнигин түзүү боюнча иш-чаралар планын даярдашат.

Финансы министрлиги айрым министрликтер менен ведомстволордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Бюджет кодексине өзгөртүүлөрдү киргизет

“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги айрым министрликтер менен ведомстволордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине өзгөртүүлөрдү киргизет.Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта,  Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында өткөн жыйында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдады” – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

  Өзгөртүүлөр айрым министрликтер менен ведомстволорго тийиштүү жана ведомство алдындагы мекеме-уюмдардын ишинин өзгөчөлүктөрү эске алынды. Мында мамлекеттик органдардын күнүмдүк иш чараларын ыкчам каржылоо тууралуу сөз болууда.

«Бул министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин бюджеттик каражаттарды чыгымдоодо каржылык тартипти жана ачыктыкты сактоодогу жоопкерчилигин алып салбайт», – деп баса белгиледи финансы министри Адылбек Касымалиев.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, министрликтер менен ведомстволор каржылык тартипти жана чыгымдардын ачыктыгын так сактоо керектигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши менен Пакистан Улуттук Ассамблеясынын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду

Кечээ, 13-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Пакистан Ислам Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында, аталган өлкөнүн Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Сардар Аяз Садик менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки мамлекет ортосундагы маданий-гуманитардык, саясий-экономикалык алакалардын азыркы абалы тууралуу баарлашып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу багытында пикир алмашты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков кыргыз парламенттик делегациясынын Пакистанга жасалган алгачкы иш сапары эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына туура келип жаткандыгын белгилеп: “Бул иш сапар парламенттер аралык байланыштарды кеӊейтүүгө жакшы шарт түзүү менен бирге ар тараптуу кызматташтыкты тереӊдетүүгө жасалган чоӊ кадам болоруна ишенем”, – деди.

Ошондой эле Пакистан Азиядагы парламенттик демократиялык багытта өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири экенин баса белгилеген Чыныбай Турсунбеков: “Аталган жолду тандап алган Кыргызстан үчүн Пакистандын тажрыйбасы үлгү. Маселен, парламенттик достук топторунун ишин колдоого алуу аркылуу, Жогорку Кеӊеш менен Улуттук Ассамблея ортосундагы көп тармактуу кызматташтыкты арттыра алабыз”,- деп билдирди.  Айрыкча, парламенттик комитеттердин жана Аппараттын ишин жакшыртуу багытында  тажрыйба алмашуу өнөктүгүн ишке ашыруу зарылчылыгына токтолду.

Андан тышкары, Пакистан, Кытай, Кыргызстан жана Казакстан мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн транзиттик транспорт (QTTA) боюнча келишимге ылайык мерчемделген “Кытай-Пакистан Экономикалык коридор (CPEC)” долбоорун тез арада ишке ашыруу аркылуу эӊ кыска деӊизге чыгуучу жол ачыларын айткан Төрага, Европалык экономикалык алкактагы соода алакалардын кеӊейишине жакшы шарт түзүлөрүн кошумчалады. Ал эми  СASA 1000 долбоорун жакынкы аралыкта бүткөрүлүшү менен көп маселелер чечилерин билдирип: “Ушул сыяктуу ири долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу эки өлкөнүн кызматташтыгын жакшыртууга болот”, – дейт Чыныбай Турсунбеков.

Өз кезегинде Пакистандын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Сардар Аяз Садик бардык жааттагы кызматташтыкты арттыруу керектигин белгилеп: “Парламенттер аралык байланыштар келечектеги мамилелерге пайдубал болуп берет”, – деди. Ошондой эле быйыл Пакистанда өтө турган Экономикалык Кызматташтык боюнча Парламенттик Уюмдун (ПАЭКО) кезектеги жыйынына Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбековду да катышып берүүнү өтүндү. Жооп катары Чыныбай Турсунбеков кесиптешин Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Сапардын алкагында Жогорку Кеӊеш менен Пакистан Улуттук Ассамблеясынын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Мындан сырткары, жолугушуунун урматына карата Исламабаддагы парламенттик имараттын алдына бак тигүү иш-чарасы болуп өттү.

Пакистандын Президенти Мамнун Хуссейн: "Пакистан эки тараптуу алакаларды өнүктүрүүнү колдойт"

Бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Исламабаддагы расмий иш сапарынын алкагында  Пакистан Ислам Республикасынын  Президенти Мамнун Хуссейн менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖЖК Басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын азыркы абалы жана эл аралык уюмдардын алкагындагы алакалар тууралуу баарлашып, соода кызматташтыгын жандантуу маселесине да токтолушту.

Байыркы Улуу Жибек жолунун боюнда орун алган эки мамлекет үчүн экономикалык байланыштардан тышкары, экстремизмге жана терроризмге каршы биргелешип күрөшүү багытында да кызматташуу керектигин айткан Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Кыргыз тарап CASA-1000 жана “Кытай – Пакистан: Экономикалык коридор (CPEC)” долбоорлорун тез арада ишке ашырууга кызыкдар”,- деди.

Ошондой эле Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан акыркы реформалар тууралуу маалымат берген Төрага: “Парламенттик демократияга багыт алган Кыргызстан үчүн Пакистандагы демократиялык жетишкендиктерден үлгү алуу өтө маанилүү. Андыктан, биз биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды уюштуруубуз зарыл”, – деп билдирди.

Андан тышкары, жолугушууда саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланып, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар пакистандык студенттер үчүн билим алууга өтө ыңгайлуу экендиги айтылды.

Өз кезегинде алгачкы кыргыз парламенттик делегациясынын расмий иш сапары эки мамлекет ортосундагы байланыштардын жаӊы барагын ачат деген Пакистан Ислам Республикасынын  Президенти Мамнун Хуссейн: “Пакистан Кыргызстан менен кызматташууга  кызыкдар. Айрыкча парламенттик демократиялык багыттагы жаӊыланууларды колдоого даяр”, – деди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Абдумажит Юсуров, Мухтарбек Айнакулов, Нургазы Нишанов, Кубанычбек Нурматов, Дүйшөн Төрөкулов жана Эмил Токтошев бар

Кытайда 100гө жакын Кыргызстандык жүк ташуучу машинага жүк жүктөтпөй жатышат

4-мартта Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын аймагындагы кыргыз жүк ташуучуларынын айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов катышты. Бул туурасында КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жамшитбек Калилов маалымдагандай, буга чейин министрликке жүк ташуучулардын өкүлдөрү кайрылышып, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук районунда бажы пунктунда 100гө жакын жүк ташуу каражаттары турганын, аларды автоунааларынын чиркегичтери жана жарым чиркегичтери брезент менен жабылганына байланыштуу жүктөөгө тыюу салынганын айтышкан.

Кытай тараптан алдын ала эл аралык ташууну жүзөгө ашырууган чиркегичтер жана жарым чиркегичтер брезент менен жабууга тыюу салуу боюнча расмий билдирүү келип түшкөн эмес. Азыркы учурда министрликтин кытай тарапка жолдогон суроосуна жооп келе элек.

Кеңешменин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басарын кырдаалды иликтөө максатында КЭР жөнөтүү, ошондон кийин гана тийиштүү чаралар көрүлөрү тууралуу чечим кабыл алынды.

Казакстан ЕАЭБге интеграциялануу алкагында Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтмөкчү

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы Жардам берүү жана аны пайдаланууну көзөмөлдөө тартиби жөнүндө протоколго жана Техникалык колдоо көрсөтүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбооруна макулдук берди. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди.

Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдун айтымында, Казакстан Евразия экономикалык бирлигине интеграциялануу алкагында Кыргызстанга 100 млн доллар көлөмүндө каржылык жардам бермек. Казакстан азыр ошол каражаттын эсебинен берилүүчү жардамды 41 млн долларга көбөйтүү чечимине келди. Ошондон улам, мурдагы келишимдерге өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Сайдулла Нышанов баштаган дир топ депутаттар 100 млн доллардын ушул кезге чейин создугуу себептерине кызыгышты. Баяндамачы муну кыргыз тараптын сметаны бере электиги менен түшүндүрдү. «Казак тарап 100 млн доллар каржылык жардамдан эч качан баш тарткан эмес. Биздин мамлекеттик органдар анын сметасын даярдоо ишин кечиктирүүдө», – дейт ал.

Ош, Кара-Суу, Чолпон-Ата шаарларынын суу менен жабдуу тутумдарын калыбына келтирүү үчүн инвестициялык каражат тартылууда

Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитети Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү боюнча насыялык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Ош, Кара-Суу, Чолпон-Ата шаарларынын суу менен жабдуу тутуму өткөн кылымдын орто чененинде эле курулгандыктан, алар алмаштырылууга муктаж. Ошондон улам, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен аталган шаарлардын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоору боюнча насыялык жана гранттык келишимдерге кол коюлган.

Долбоордун алкагында Ош шаарына 10 млн 765 миӊ евро, Кара-Суу шаарына 6 млн 300 миӊ евро, Чолпон-Ата шаарына 6 млн 200 миӊ евро көлөмүндө насыялык жана гранттык каражаттар бөлүнмөкчү.

Келишимде КР Өкмөтү тарабынан кош каржылоо шарты, ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен чыгымдар каралган эмес.

Жыйында жергиликтүү бийлик органдары эл аралык каржы уюмдарынан алынган мындай насыя каражаттарынан өз алынча кутула албасы, жергиликтүү бюджетте карыжылык мүмкүнчүлүктөр аз экени белгилүү болду. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, валюталык тобокелчиликтердин баарын Өкмөт өзүнө алат. Эгерде жергиктүү бийлик насыядан өз маалында кутула албаса, аны бюджеттин эсебинен төлөп берүү шарттары же кайра түзүмдөштүрүү жолдору каралат.

Премьер-министр БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү менен жолукту

Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун  (БУУ ИДП) Дүйнөлүк азык-түлүк саясатын жана программасын  иштеп чыгуу боюнча башкармалыгынын директору Стенлейк Самканджды, Тундүк Африка, Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттери боюнча аймактык директорунун орун басары Карло Скарамеллди жана  БУУнун ИДП Кыргызстандагы өлкөлүк директору Рам Сараванамуттуну кабыл алды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандагы БУУнун ИДП Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ишмердүүлүгү жана 2018-2022-жылдарга БУУнун ИДП өлкөлүк стратегиялык пландарындагы негизги багыттары талкууланды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков БУУнун ИДП  өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу, азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу жана мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоодогу өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр БУУ ИДП  программасы менен Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо боюнча азыркы тапта жүрүгүзүп жаткан иш аракеттеринин келечегин жана эффективдүүлүгүн баса белгиледи.

Долбоор пилоттук этапта элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жакырчылыкты жоюу максатында райондордо көрсөтүлүүдө.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандардын экономикалык абалын көтөрүүдө калктын аярлуу катмарына шарттарды түзүп берүүнү негизги тапшырма катары көрөт»,-деди Сооронбай Жээнбеков. Аны менен катар ал, билим берүү боюнча туруктуу мамлекеттик программаны, айыл чарба тармагын жандандырууда кесиптик-техникалык билим берүү аркылуу айыл чарба өндүрүшүн көтөрүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалады.

Бириккен Улуттар Уюмунун  (БУУ ИДП) Дүйнөлүк азык-түлүк саясатын жана программасын  иштеп чыгуу боюнча башкармалыгынын директору Стенлейк Самкандж акыркы жылдары БУУ ИДП азык-түлүккө жардамдашуу программасынын концепциясы олуттуу жаңыланганын билдирди. Учурда уюмдун жалпы жана Кыргызстандагы ишмердүүлүгү калктын аярлуу катмарын узак мөөнөткө коргоодо аларды канаттандыруу боюнча  комплекстүү чаралар кабыл алынды. БУУнун ИДП Кыргызстанда жалпы бюджети 45 млн. доллардык «Жамааттарды улуттук социалдык жактан коргоо системасын жогорулатууга жана социалдык-экономикалык туруктуулугун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» жана «Мектептердеги тамак-ашты оптимизациялоо» долбоорлорун ишке ашырууда. 2015-2016-жылдары долбоордун алкагында 50 миң аз камсыз болгон үй-бүлөнү өзүнө камтыган 1300 ар түрдүү долбоорлор ишке ашкан.

Меню