Menu

ЭКОНОМИКА

Бабановдун "Азия парк" компаниясы Россиялык компанияларга Бишкекте кампа курбасын билдирди

Азия парк” фирмасы Бишкекте орусиялык компаниялар үчүн кампа курбай турганын айтты. “Коммерсантъ” басылмасынын жазганын төгүндөп, ал жайды кыргызстандык компаниялар колдонорун маалымдады.

“Биз кампаны “Азия” жана “Азбука” дүкөндөр түйүндөрү жана бир катар фармацевтикалык компаниялар үчүн Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык салып жатабыз”, – деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында “Коммерсантъ” Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабановдун үй-бүлөсү менен байланышы бар фирма орусиялык компаниялар үчүн Бишкектин жанында ири кампа куруп жатканын жазган. Анда басылма бул долбоордун консультанты NF Group компаниясына шилтеме берген.

“Азия парк” деп аталган комплекстин аянты 28,8 гектар, ал эми кампанын өзү 165 миң чарчы метр болот. Басылманын булактарынан алынган маалыматка ылайык, долбоорду “Траст KG” фирмасы ишке ашырарын белгилеген.

Юстиция министрлигинин маалыматында айтылгандай, бул компаниянын башчысы – Жаныбек Мырзабаев. Ал “Мбанк” коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү.

“Коммерсантъ” макала жазылып жаткан чакта Мырзабаев менен байланыша албаганы, жергиликтүү басылмалар ал Бабановдун жээни экенин жазып жүрүшкөнүнө токтолгон.

Аталган басылманын бажы брокерлери арасындагы булагы Кыргызстан европалык санкция салынган жүктү жөнөтүүгө активдүү колдонулуп жатканын айтып берген.

Бабанов 2021-жылы майда “Кумтөр ишине” байланыштуу айыпталып камалган. Көп өтпөй, эки айдан кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен жана ошол жылы сентябрда Кыргызстанга кайтып келген. Ага Кой-Таш окуяларына байланыштуу дагы айып коюлган жана былтыр августта сот аны актаган.

УКМК: Баткендин тургунунун үйүн тинткенде 2 млн сомдук тамеки акциздик маркасы жок табылып, мамлекетке конфискациялады

Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Баткен райондук соту тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча кылмыш жасоодо, кылмыш ишинин жыйынтыгы боюнча күнөөлүү деп табылган Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Ж.Д.А. 100 миң сом айып салынган, ошондой эле мамлекетке 1 миллион 800 миң сом өлчөмүндөгү тамекилери конфискацияланган.

Маалымат үчүн, 2023-жылдын 9-майында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ж.Д.А. үйүнө уруксат берилген тинтүү иштеринин учурунда акциздик маркасы жок 17 960 куту тамеки табылган.

"Кумтөр" киреше азайганы тууралуу маалыматты четке какты

“Кумтөр” ишканасы кирешеси азайганы тууралуу маалыматтарды четке какты. Компания тараткан билдирүүдө соңку жарым жылда пайда менен чыкканы жазылган.

“Акыркы убакыттарда айрым Жалпыга маалымдоо каражаттары Кумтөр кени тууралуу туура эмес, чындыкка дал келбеген, такталбаган, бир тараптуу маалыматтарды маал-маалы менен таратып жатат. Алар “Кумтөр” ишканасы “2023-жылы мамлекетке пайда алып келбей, тескерисинче артка кетти” дешүүдө. “Кумтөр Голд Компани” бир да кадам артка кеткен жок деп ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү түрдө айта алат. Быйыл алты айда 101,2 миллион доллар таза кирише таап, бир жылдын ичинде үлүштүк кирешесинин көлөмүн (дивиденд) 140 миллион долларга жеткирди. “Кумтөрдүн” 28 жылдык тарыхында мамлекет болгону 100 миллион доллардай гана дивиденд алган”,-деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда ишкананын башчысы Алмаз Барктабасов жарым жылда баасы 341 миллион доллардан ашкан 5,5 тоннага жакын алтын өндүрүлгөнүн билдирген. Буга чейин быйыл компанияга 14 тонна алтын чыгаруу планы коюлганы айтылган.

Экономика жана коммерция министрлиги быйылкы жарым жылдыкта Кумтөр кенинде негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмү кыскарганын, кендин курамында алтындын көлөмү азыраак чыгып жатканын билдирген.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизген 2021-жылы 14,6 тонна алтын алынган. Мунун 4-5 тоннасын кенге ага чейин ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган. Кыргыз бийлиги мындан 323 миллион доллар киреше тапканын маалымдаган. Натыйжада мамлекетке 13,6 миллиард сом салык төгүлгөн.

2022-жылы 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, план 200 килограммга ашыкча аткарылган. Компания мындан 986,5 миллион доллар киреше тапкан. Натыйжада ишкана мамлекетке 32,1 млрд. сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн.

Президент Садыр Жапаров "Жыргалаң" көмүр кени боюнча Эмил Каптагаевдин сынына жооп берди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кыскача маегинде 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилгендигине байланыштуу суроого жооп берди.

— Ысык-Көлдөгү “Жыргалаң” шахтасы он эки жылдан кийин ишке кирди деген маалымат чыккандан кийин айрым адамдар жана айрым ЖМКлар “Бул жалган, “Жыргалаң” эмес, башкасы ишке кирди жана башка…” деп, ар кандай кептерди айтып чыгышты. Ушул көмүр кенинин чоо-жайын айтып берсеңиз?

— Макул. Алгач бул шахтанын тарыхына бир аз токтоло кетейин. Бул шахта союз чачырагандан кийин багы ачылбай калган. 2009-жылы мамлекет бул шахтаны жеке менчикке сатабыз деп аукционго коет. Үч компания катышып, арасында чет өлкөлүк компаниялар дагы болгон. Жыйынтыгында бир компания утуп алат, ал компания менин бир тууган агам Сабыр Жапаровдуку эле. Утуп алгандан кийин өткөрүп алайын деп барса, Өкмөт алдап саткан экен. Аукционго коюп жатканда, 25 миллион сом карызы бар деп айтылат.

Чындыгында, 80 миллион сомго жакын карызы бар экен. Биринчи капиталын төлөп койгондон кийин артка жол жок болуп калгандыктан, айласы жок дагы эки жыл дегенде араң карыздарын жаап бүтөт. 2011-жылдан баштап толук кандуу иштете баштайт. Мен камалып чыгып, чет өлкөгө чыгып кеткенден кийин ошол мезгилдеги бийлик криминалдарды жиберип, 2014-жылы шахтаны криминалдар тартып алышат. Кесипкөй адамдар иштетпегенден кийин бир аз убакыт өтпөй, шахта токтойт, ортодо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки кызматкери каза болот. Ошентип, шахтага суу толуп калат. Ошол бойдон ушул күнгө чейин суу басып жатат. Мен бийлике келгенде, бир тууган агам: “Шахтамды кайра алам” деп чыкты. Мен көнбөй койдум: “Бийликтин күчүнө салып кайра алышты деген сөз калат, кереги жок” деп койдум.

Мурдагы жылы мага бир бизнесмен келип, “мен алып иштетейин” деп сурады. “Эгер иштетип кетериңе көзүң жетсе, ала бер. Мамлекетке иштеп турганы пайда” дедим. Ошентип, азыр Марат деген бизнесмен иштете баштады. Эки жылдан бери даярдоо иштерин жүргүздү. Россия-Кыргыз фондунан 1 миллион 700 миң доллар кредит алып, ал акчанын чыпчыргасын коротпой, Россияга заводго которуп, конвейер сиситемасын алып келди. Кытайдан өз акчасына көмүр казган комбайн жана башка керектүү техникаларды толук алып келди. Эми, Кудай буюрса, мындан ары Жыргалаң шахтасы бери дегенде 20 жыл токтоосуз иштеп кетет. Мурдагы көмүр чыгарган техникасы бир тонналык вагондор болчу, 1960-жылдары коюлган. Алардын ордуна жаңы, заманбап конвейерлер коюлду. Шахта өзүн-өзү актамак түгүл, эбегейсиз зор киреше берет деп ишенем.

Эми “суу басып жатат” деген сөздөргө келели. Ооба, баягы суу баскан ооз жагын суу басып эле турат. Азыр башка жагынан – эки жерден туннель менен кирип көмүр алып жатышат. Суу баскан жактагы көмүрдү дагы алышат. Ал жакка жаңы туннель менен кирип бара жатышат. Кыскасы, шахтада канча көмүр болгон болсо, баары казылып алынат. Азыр лицензия бир эле адамдын колунда. Мурдагыдай башаламан эмес.

Кудай буюрса, Ысык-Көлдөгү калкыбыздын жарымын мындан ары көмүр менен камсыз кылганга жетишет деп үмүт артып олтурам.

Эми ушул учурдан пайдаланып, жалган деп жаткан бир ууч жарандарыбызга кайрылып кетейин. Өзүңөр өлкөнүн өсүшүнө пайда келтирбесеңер дагы, зыяныңарды тийгизбей тургулачы, сураныч. Өлкөбүздө ушундай жакшы иштер жасалып жатканда, тескерисинче, сүйүнүп, колдоп-коштоп ийгилик каалап турсаңар жакшы эмеспи.

Эсиңиздерге сала кетсек, 4-августта  Минкабдын басма сөз кызматы тараткан “12 жылдан кийин “Жыргалаң” көмүр кени иштей баштады” деген маалыматты 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн аппарат башчысы Эмил Каптагаев калпка чыгарып минтип жазган эле “Ири-ири иштер аткарылып жатканда ушундай майда-барат жалган айтылган маалымат элди иренжитип, ишеничти кетирет го дейм. Ишке кирди деп айтылып жаткан кичи-шахта Бакыт Дөргөев ачкан “Дөргө-көмүр” ишканасы, алына жараша иштеп эле келе жаткан, чамасы чакан эле шахта. Ал жерде көп эле болгом. Ал эми айтылуу “Жыргалаң көмүр шахтасы” иштебей калган, ичине суу толуп ошол бойдон турат азыр деле. “12 жыл иштебей калган шахта кайра иштеди” дегенди уккан Аксуу, Жыргалаңдыктар эмне дешет болду экен? Журналисттер маалыматты да тактап, ашыра чаппай, апыртып жибербей бергени туура болот го дейм”.

Камчыбек Ташиев менен жолуккандан кийин нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүүгө макул болушту

Бүгүн, 2023-жылдын 5-августунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы А.К.Абдуваповдун, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д.Тайлаковдун жана ошондой эле күйүүчү май рыногунда баа түзүү маселеси боюнча ата мекендик мунай рейдерлеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ташиев К.К. бүгүнкү күндө нефтетрейдерлер тарабынан май куюучу жайларда жогорулатылган баада дизель майы сатылып жатканын белгиледи.

Буга байланыштуу, өз тарабынан нефтетрейдерлерге социалдык багыттагы баа саясатын кармануу сунушталып жана бааларды төмөндөтүү зарылдыгы ошондой эле калкты арзан баада дизель майы менен камсыз кылуу үчүн бааларды төмөндөтүү жана мындан кийин дизель майынын 1 литри 63-64 сомдон ашпаган бааны белгилөө зарылдыгын белгиленди.

Өз кезегинде нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү макулдашты.

Кытай Сары-Жаз дарыясында ГЭС курууга кызыктар

Учурда, өлкө аймагында ГЭСтердин курулуштары кызуу жүрүүдө. Мамлекет бул үчүн жеңилдетилген шарттарды түздү. Кыргызстан суу ресурсунан электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүгүнүн болгону 10%ын гана пайдаланат.

Сары-Жаз суусуна 1100 МВт кубаттуулукта 6 ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Эгемендик алган жылдары аны ишке ашыруу аракети ушул кезге чейин токтоп турган.

Учурда долбоорду ишке ашыруунун кадамдары башталып, инвестиция тартуу жолдору талкууланууда.

Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрация башчысы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сары-Жазга барып, курула турган ГЭСтердин ордун карап чыкты. МинКаб төрагасы менен бирге Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь барды.

МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы күндөрү Кытайга иш сапары менен барат, анын алкагында Сары-Жаз суусуна курула турган ГЭСтер боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзөт.

 

Жарым жылда Илон Маск $105 миллиард, Алишер Усманов $564 миллион долларга байыды

Дүйнөнүн эң бай адамы катары таанылган Илон Маск алты айда 105 миллиард доллар киреше таап, байлыгы 242 миллиард долларга жетти. Кийинки орундарды Бернард Арно (198 миллиард доллар) жана Жефф Безос (157 миллиард доллар) ээледи.

Муну планетанын эң бай 500 адамын тизмектеген Bloomberg Billionaires Index тастыктайт.

Дүйнөдө миллиардерлер 2023-жылдын биринчи жарымында 852 миллиард долларга байышты. Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча бул ар бир миллиардер күнүнө 14 миллион доллар киреше алып жатканын билдирет.

Эң бай адамдардын тизмесине кирген Алишер Усманов алты айда 564 миллион доллар киреше тапты. Ал 19 миллиард доллар байлыгы менен дүйнөдөгү эң бай адамдарынын арасында 93үнчү жана Орусиядагы эң бай адамдардын арасында алтынчы орунда турат.

Быйыл алты айында орусиялык миллиардерлердин жалпы байлыгы 32 миллиард долларга өстү.

ЛУКОЙЛдун башчысы Вагит Алекперов 2023-жылдын биринчи жарымында эң көп киреше тапкан орусиялык миллиардер болду. Ал байлыгын 5,9 миллиард долларга көбөйтүп, 21,3 миллиард долларга жеткирди. Бирок Орусиянын эң бай адамдарынын тизмесинде биринчи орунда 29,8 миллиард доллар байлыгы менен “Норникель” компаниясынын ээси Владимир Потанин турат. Ал алты айда 1,23 миллиард доллар тапкан.

Министр энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүүнүн себептерин айтты

Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал абалы электр кубатын кошумча иштеп чыгууну ыкчамдатуу, муну менен инвесторлорго тийиштүү шартты жеңилдетүү максатында гана киргизилди деп билдирди 31-июлда интервью берген энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Анын айтымында, ири жана чакан ГЭСтерге, табигый булактардан кубат алуучу долбоорлорго акча салам деген инвесторлор буга чейин мамлекеттик он беш ар кайсы мекемеден уруксат алып келген. Бул болсо өз кезегинде бюрократияны көбөйтүп, ишти кечеңдетүүдө. “Эми болсо мындан ары жерге уруксат баштаган баардык чечимдер бир жерге борборлоштурулуп, бир катар министрлик, ведомстволордун функциялары энергетика министрлигине берилди. Биз мүмкүн болушунча инвесторлорго жеңил шарт түзүп беребиз”, – деди министр Ибраев. Анын кошумчалаганы боюнча, өзгөчө кырдаал абалы энергетика тармагында кризис болду дегенди түшүндүрбөйт жана кышында электр өчүрүүлөрү болбойт.

24-июлда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал киргизилген. Министрлер кабинетинин 20-июлдагы жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев ушундай режим киргизүүнү сунуштап, колдоо тапкан болчу.

Кыргызстан жалпы кубаттуулугу 142 млрд кВт/саат электр өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар экенине карабай, жыл сайын 7 ГЭС жана 2 ЖЭБ 14-15 млрд кВт/саат гана электр кубатын чыгарат. Токтогул суу сактагычына акыркы жылдарда суунун келиши азайып, ошол эле маалда электр кубатын пайдалануу көлөмү өсүүдө, ал эми ортодогу таңкыстык 3-4 млрд кВт/саатты түзөт.

Кыргызстан ири Камбар-Ата-1 ГЭСин Казакстан жана Өзбекстан менен биргелешип курууга ниеттенүүдө. Мындан тышкары Кытайдын айрым компаниялары менен Казарман ГЭСтер каскадын баштоо ниети да бар.

Байсалов санкциялар боюнча Европа, АКШ менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов учурда Кыргызстанда санкция коркунучу бар экенин, бийлик Европанын, АКШнын жетекчилери менен байланышып жатканын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

“Алар деле түшүнүү менен мамиле кылышууда. Анткени Кыргызстанда экономика эркин. Биз бардык фирмаларды тыкыр көзөмөлдөй албай калып жатканыбызды өнөктөштөр деле түшүнүп турат”, – деди Байсалов.

АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган.

Аталган мекеменин маалыматында, “кара тизмеге” илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Ага чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” курган маегинде АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө жүргүзүп жатканын, бул боюнча Кошмо Штаттардын өкүлдөрү менен жолугушуу пландаларын билдирген.

“Кара тизмеге” киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

Казарман ГЭСтер каскадын кытайлык үч компания курат

Чолпон-Ата шаарында “Ысык-Көл-2023” эл аралык форумунда Нарын дарыясына Казарман ГЭСтер каскадын куруу тууралуу инвестициялык келишимге кол коюлду.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, аны кытайлык үч компания курат жана 2030-жылга чейин колдонууга берилет. Анын жалпы кубаттуулугу 1,160 МВт болот.

“Каскад төрт гидроэлектрстанциядан турат. Алар: Ала-Бука ГЭСи (600 МВт), Кара-Булуң-1 ГЭСи (149 МВт), Кара-Булуң-2 (163 МВт) жана Тогуз-Торо ГЭСи (248 МВт). Инвестициянын баштапкы жалпы баасы 2,4-3 миллиард доллар жана деталдуу долбоорлорунун жүрүшүндө так суммасы белгилүү болот. Инвесторлор Кытайдын ири PowerChina Northwest Engineering Corporation Ltd, Green Gold Energy (GGE) жана China Railway 20th Bureau Group Co Ltd. компаниялары”, – деп жазылган маалыматта.
Расмий маалыматка ылайык, бул форумдун алкагында айыл чарба, энергетика, туризм, Асман шаарынын аймагына технопарк куруу өңдүү 11 инвестициялык келишимге кол коюлду. Ага 400дөн ашуун ишкер катышты.
Президент Садыр Жапаров 24-июлда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алдында, 20-июлда энергетика министри Таалайбек Ибраев өкмөттүн жыйынында мындай режим киргизүүнү сунуштаган.
Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Жетишпеген бөлүгү импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.
Эң ири “Токтогул” суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүндүгү айтылган.

Меню