Menu

АВТОРДУК БУРЧ

Япон-Кыргыз биримдигине кошуласызбы?! - Караш Насерден бийликке жана коомчулукка кайрылуу

Кайрылуу

Урматтуу Президент Сооронбай мырза! 

Жогорку Кеңештин депутаттары!

Өкмөт башчылары!

Мекендештер!

Жүрөгүмдү өйүп-эзип келе жаткан бир орчундуу маселе ойумдан кетпей койду. Ушул ойумду сиздер менен кеңешип көрүүнү туура таптым.

Себеби: бизди ороп турган коңшу мамлекеттер, суубузга, жайлообузга, жер байлыктарыбызга жана жаратылышыбыздын сулуулугуна көздөрүн кызартып, кызыгып келе жатышкандыктарын күндөп-айлап, жылдап эле көрүп-билип келе жатабыз. Кээ бир чет элдик кара ойлуу саясатчылар, Кыргызстан келечекте жок болуп, кыргыз эли башка улуттарга сиңип кетет деп жооруп да жүрүшпөйбү, “ооздоруна таш тыгылып, тилдери тешилгилер десе…”

Жайлообузду кошпогондо да, кен-байлыктарыбызды талап жатышкандыктары жалганбы? Же суубузга, башка өлкөө үчүн бант болуп жаткан жерлерибизге акы төлөшсөчү?.. Тим эле “жетим балабыз”. Бизди өссүн-өнсүн дешпейт.

Өзүбүздүн күчкө толгон жаш жигиттерибиз менен бойго жеткен кыздарыбыз кор болуп, чет мамлекеттерде кул болуп жүрүшсө, а чет элдик жарандар биздин Кыргызстанда иштеп, байып жатышкандыктан, бизде күмөндүү ойлор жаралууда.

Кээ бир мамлекеттер жерибизге кыйладан бери өз уруктарын сээп келатышат… Ал үрөндөр келечекте өнүп-өсүп, жетилип, көбөйүп кетсе, эмне болоорубузду элестетип көрүү өтө эле опурталдуу. “жылан баласын баксаң, өзүңдү чагат” болбойбузбу?

Ушул кооптуу байкоолорго байланыштуу: Мекендештер! Сиздер туура көрсөңүздөр, эсен-сообузда ичинде кири жок, кыйналгандарга жардамын аябаган, жасаган жардам-жакшылыктарын милдет кылбаган бир туугандарыбыз Япон эли макул болуп, биздин сунушубузду кабыл алса, жүз жылга келишим тузуп, мамлекеттерибизди бириктирип, кен- байлыктарыбызды биргелешип иштетип, тапкан пайдабызды ортодон тең бөлүп иштетсек, кандай болоор эле?

“Ат айланып казыгын табат” дейт, Япондор менен Кыргыздар бир ата, бир энеден тараганбыз, түбүбүз бир. Ошондуктан, түбүбүздү таап, бирибизге-бирибиз жөлөк болуубуз керек. Жүз жылдан кийин кайра бөлүнүп, өз-өзүбүзчө оокатыбызды кылууга макулдашып, кол койсок.

Асел аарыдай өжөр, чыдамкай, таза эмгектенген Япон эли маданыят менен экономиканы заматта өнүктүргөнүн кошпогондо да, эки жылдын ичинде эле Кыргызстандын кыштактарынан бери жалтыраган асфальт жолдор пайда болуп, чет жерде бозуп жүргөн кыргыздар мекенибизге келип, жумуш менен камсыз болушаар эле.

Өмүр бою ылай кечип, чалынып-мүдүрүлүп жүргөндөн көрө, жалтыраган жолдордо рахат алып басып жүрүү өмүргө да берекесин берээр элего.

Андан тышкары, Япон “акалар, укалар, браттар” менен биригип, завод-фабрикаларды куруп, жеңил өнөржайларды иштетип, дүңгүрөтүп өнүп-өсүп, дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекеттердин катарына кошулсак жаманбы?!

Кара ниэттердин ооздоруна таш капталып, кийинки урпактарга, небере-чеберелерге жаңы доор түптөп кетээр элек.

Биргелешүү жөрөлгөсү дүйнөлүк практикада дагы бар. Бир мисал -Ангилия менен Гонконгдун мамлеси. Англия мамлекети 1898-жылы түзүлгөн жүз жылдык мөөнөттөгү келишимдин негизинде Гонконг менен биргелешип иштеди. Анын натыйжасында Гонконг укмуштуудай өнүгүп-өсүп, дүйнөдөгү алдыңкы экономикага ээ болду. Ал эми 1997- жылы, келишим мөөнөтү бүткөн соң жапжакшынакай эле өз-өзүнчө бөлүнүп кетишти.

15 улуттук республиканын башын бириктирген СССРдин тагдырыда буга мисал кылса болот. СССРдин 70 жылдан ашыгыраак жашаган коомунда мурда жок эсептуүү, артта калган элдер- майда республикалар социалдык- экономикалык, маданий өнүгүштүн белгилүү бийиктигине чыга алды. Ошентип, СССР өз милдеттин өтөп болгондон кийин, 1991-жылы АЛЛА ТААЛАнын амири менен бир эле күндүн ичинде тыптынч тарап кетти да, ар улуттук өз-өзүнчө жашап калышты.

Европа Биримдигин түзгөн Европа өлкөөлөрүнүн учурдагы өрнөгү да ушуга үндөш. Европанын өнүккөн мамлекеттери азыр чегараларын ачып, бирдиктүү валютага өтүп, социалдык-экономикалык маселелерин биргелешип чечип, Биримдиктин кучагында мамыр-жумур, ынтымакта жашап жатышпайбы.

Демек, Япон мамлекети менен жакындашуудан кооптонбо керек. Келечектин күмүш дооруна кадам шилтөөнү каалаган мекендештер! Сиздер да ой- пикирлериңиздерди билдирип, жооп жазууңуздарды суранабыз. Япондор да макул дейби же жокпу, ал да чоң суроо.

Коңшуларыбыз, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана казандаш Россиялар менен да кыяматтык достукта жашоого милдеттүүбүз!

Бүткүл дүйнө жүзүндө тынчтык орносун!

Эгерде менден катачылык кетсе, баардыгыңыздардан кечирим сурайбыз.

Караш Насер, коомдук ишмер

Бишкек шаары. 24.01.2019- жыл.

Окуу-курстары, борборлору курсак тойгузабы?

Акыркы маалыматтар боюнча Бишкекте өзүн-өзү өнүктүрүүгө арналган билим берүү борборлорунун саны өстү. Инсандык өнүгүү үчүн акчасын аябай, байма-бай тренинг, курстарга  катышып жүргөндөр арбын. Мындай курстар чын эле адамды өнүктүрүүгө багытталганбы же акча табуунун жолуна айланганбы?

Мээрим Жээнбаева студент болгонуна карабай акчасын топтоп, өзүн өнүктүрүүгө жумшайт. Ал  мындай  борборлордон  окуу жай бербеген билимди алаарын айтат: “Тренинг, курстардын пайдасы абдан көп. Андай жерлерде университетте окутулбаган нерселер берилет. Мен команда менен иштөөнү, убакытты туура пайдаланууну жана башка пайдалуу нерселерди алып жатам.” Жыйырма-отуз жылдык тажрыйбасы бар адистерден сабак алып жаткан Жээнбаева, алардын туура жол көрсөтөөрүнө ишенет.

Мындай интервьюсунан кийин биз да кызыгып, ал билим алып жаткан “Нур” академиясына бет алдык. Мында  ай сайын жыйырмага жакын адам окуйт.  Негиздөөчүсү  Нурзат  Токтосунованын  айтымында,  академия билим берүү министрлигинин уруксаты менен ачылып,  алты жылдан бери иштеп келет. “Биздин окуу жайда эл алдында эркин сүйлөөнү, үндү туура колдонууну, коомдо өзүн  алып жүрүүнү үйрөтөбүз жана психалогиялык жардамдарды көрсөтөбүз. Мугалимдер студенттердин добуш берүүсү менен тандалып алынат. Мындан сырткары тил курстарыбыз дагы бар. Ар шаршемби сайын окуучуларды ийгиликтүү адамдар менен жолугуштуруп турабыз.  Курстун мөөнөтү 2 ай, акысы 3 миң сомду түзөт.” Эң негизги максаты таланты бар адамдарды ачуу экенин толуктады алып баруучу. Ошондуктан чымыны бар студенттерди көрүп калса аларды академиясына чыкырып, скитка кылып берет.

Академияда  Мээрим  өңдүү студенттер  эле эмес, ар кайсы  кесипте иштеп калган адистерди да көрүүгө болот. Көпчүлүгү тандаган ишин жактырбайт.  Алып баруучулук  өнөрү менен акча тапкысы келет же эл алдында уялбай, эркин сүйлөгүлөрү келет. Ушундай эле ой менен ар тармактагы билим берүү  курстарына катышкандар көп.

Ушундай курстардын катарын “Само” өзүн-өзү өнүктүрүү борбору толуктайт. Ал 2007-жылдан бери иштеп келет.  Борбордо бир нече тармактар боюнча тренингдер өткөрүлөт. Негизги  тармак  финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, аны жөнгө салуу жана башкаруу.  Бир тренинг орто эсеп менен миң сом. “Самонун”  тренери  Эгемберди Кубатов буларга токтолду: ”Жеке ишкерлер, ата-энелер, мектеп окуучулары жана студенттер үчүн ар кандай тренингдер өткөрүлүп турат. Жаштардын  табигый жөндөмдөрүн таап берүүгө, убакытты туура пайдаланууга, өзүн-өзү өнүктүрүүгө  үйрөтөбүз. Университетти бүтүргөн студенттердин кандай кесипте болбосун ишмердик менен алектенип кетүүсүнө жардам беребиз”.  Муну менен чет өлкөгө кетип жаткандардын санын азайтууга аракет жасап жаткандыгын белгилеген Кубатов,бул окуудан өткөндөрдүн 10-15 пайызы дароо жыйынтык берээрин айтты.

Деген менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Нурай Намазбекова курстардын пайдалуулугуна ишене бербейт. “Тренинг, курстарга барганда жалпыбызга сабак өтөт, өздөрүнүн башынан өткөн окуяларын айтып, шык берет. Бирок, ал дем бат эле жоголуп кетиши мүмкүн. Ал эми психологдор менен иштешсең алар жалгыз сага көңүл бурат, колдоо көрсөтөт. Максаттарыңа жетүүчү пландарды түзүп алып, тоодой болгон каршылыкка да туруштук берип, жолуңду улайсың”. Студент өлкөбүздө психология тармагынын анча өнүкпөй жатканын, батыш өлкөлөрү психологияга озгөчө көңүл бургандыктан көптөгөн ийгиликтерге жетишип жатканын кошумчалады.

Жогоруда айтылган окуу жайдын жатаканасында психология бөлүмү бар. Ар аптада бир жолу тренинг өткөрүп турат. Кандайдыр бир көйгөйү бар аталган университеттин студенти каалаган учурунда психологдун жардамын акысыз ала алат.

Студенттин мындай оюнан соң психологко кайрылдык. Психолог  Назира Кубанычбектин айтымында, тренигдердин айрымдары адамды өнүктүрүү эмес, каржат табуу жолуна айланган. ”Учурда мындай борборлордун саны абдан көбөйдү. Анча-мынча атактуу болуп калган адамдар эптеп бир окуу борборлорун ачып алышкан. Белгилүү бир  инсанды алып келип сүйлөтүп, өмүр баянын айттырып койуп тренинг деп атап алып жатышат. Албетте, таптакыр пайда бербейт деп айта албайм. Кандайдыр бир деңгээлде өнүгүүгө жардам бериши мүмкүн, бирок бул үстүртөн, жеңил-желпи болуп калат. Түбүнө чейин терең казуу үчүн психологдордун жардамы керек болот.”

Бишкекте  билим берүү борборлору чачтан көп. Андан сырткары дээрлик ар ай сайын чет өлкөлүк спикерлер түрдүү темаларда тренингдерди уюуштурушат. Алардын орточо баасы миң сомду түзөт.

Демек, психологдон жардам алыңыз же курстарга барыңыз дей албайбыз. Анткени адам табияты ар түрдүү. Кээ бирөөлөрүнө курс, тренинг пайдалуу болсо, башкаларына психологдун жардамы тасирлүү. Эң негизгиси жашоодо өзүбүздү өнүктүргөндү, окуганды токтотпойлу. Анткени жашоо бизди окутканын токтотпойт. Билимдүү, өнүккөн адамдар өлкөнүн түркүгү.

Раатбек кызы Фатима, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүн студенти.

Казакстанда пара алган судья 4,5 жылга түрмөгө кесилди

13-июнда Шымкент соту Мактарал райондук сотунун судьясы Абай Ниязбековду жергиликтүү мектептин директорунан 500 миң теңге пара алды деп айтыптап, төрт жарым жылга түрмөгө кесилди.

Абай Ниязбеков өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Өкүмдү угуу үчүн ал адвокаты менен келген.

Судья быйыл 30-январда Мактарал облустук сотунда өз бөлмөсүндө “пара алып жаткан жеринен” кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча ага акча ортомчу аркылуу берилген.

Мектеп директору Жанар Мамырова талаштуу маселени чечүүдө сот андан жарым миллион теңге талап кылганын билдирген. Абай Ниязбеков айыптоолорду четке кагып, тергөөчүлөр тарабынан сейфте табылган акча өзүнө таандык экенин, пара албаганын айткан.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Видео - Рамзан Кадыров юморист Слепаковдун ырына ыр менен жооп кайтарды

Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыров юморист Семен Слепаковдун ырына ыр менен жооп кайтарды. Слепаков Кадыровго Орусиянын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу болууну сунуштаган.

Слепаковдун “Олé-Олé-Олé!” ырын эки күндө 3,5 миллион көрүүчү көргөн. Ырда орусиялык футболчулардын ыкшоолугу, аларды Кадыров дагы жеңишке сүрөй албай турганды айтылат.

Чеченстан башчысы Слепаковдон кечирим суроону талап кылган жок. Кадыров Инстаграмдагы баракчасына “чын дилинен күлгөнүн” жазып, юмористти Грозныйга чакырган жана ага ыр менен жооп кайтарган:

Студент окуу учурунда иштеш керекпи?

Студенттик күндөрдү ар ким ар кандай өткөрөт. Айрымдары окууга берилип, университеттен ар тараптуу билим алып, өзүн өнүктүрүп жатса, кээ бир студенттер окуу мезгилинде ар түрдүү тармактарда иштеп, өзүлөрүн каражат менен камсыздай да алышат . Окуу мезгилинде билим алыш керекпи же иштөө андан дагы маанилүүбү?

21  кылым замандын өнүгүү мезгили болгонуна байланыштуу жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттер окуу мезгилин иштөө заманына алмаштырып койгондой. Себеби дегенде бүгүнкү күндө  окууга эмес, ишке көбүрөөк көңүл бурган студенттерди кездештирүүгө болот. Нурзада Турусбек кызы Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш университетинин студенти. 4 жылдан бери окуп да, иштеп да келе жаткан чагы. Анын айтымында, студент өзүнө ылайык график түзүп алып иштесе, окуусун таштабай жумушту да чогуу бирге алып кетсе болот:

“Студенттин бир убакта иштеп, окушуна туура эле көз караштамын. Албетте, өзүнө ылайык график менен иштесе. Курдаштарыңдан, группалаштарыңдан айырмаланып каласың. Алардын көбүрөөк убактысы болот мага караганда. А мен убакытты ар дайым ченем менен колдоном. Жумушка да, окууга да бөлүүгө туура келет. Тыныгуу учурунда үй-тапшырмаларымды жасайм”,- Нурзада.

Деген менен азыр студенттердин баарын окубай, иштеп кетти деген да болбойт. Анткени, билимдин изине түшүп, ар түрдүү өзүн-өзү өнүктүрүү иш-чараларына катышып жаткан студенттер да жок эмес. Себеби студенттин эң биринчи милдети билим алуу эмеспи. Студенттин иштөө көз карашына кошулбаган Айдана Топчубаева, учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 3-курсунда окуйт. Анын айтымында, чоң ишке аттаанардан мурун студент өзүн-өзү өнүктүрүп, окутуучулардан билим алганы жакшы.

“Буга чейин сабак учурунда айлык алып, эч бир жерде иштей албадым. Мүмкүнчүлүгүм болгон жок, жетише алган жокмун. Көбүнчө сабак учуру болуп, сабактан кийин кечки жумуштарда иштегенде сабакка сергек келүүгө шарт жок болуп калат. Менин оюмча, ата-энесинин шарты болсо студенттик күндөрүн сабак окуу менен өткөрсө жакшы болот. Себеби дегенде, бизге 4 жыл кесип боюнча өзүбүздү өнүктүрүүгө берилген мезгил. Ушул убакта ар тараптан билимибизди күчтүүлөп алышыбыз керек.”

Бирок, бир эле учурда иштеп, окуусунан да өксүбөгөн студенттер да бар. Кандай гана болбосун, студенттин иштеген иши сабактарына терс таасирин тийгизет. Айрым учурда сабакка болгон кызыгуусу да жоголуп кетиши толук ыктымал.

Окуу менен ишти биргеликте, чогуу алып кетүүдө кыйынчылыктарды башынан өткөргөн студент Аида Кененбаева, студенттин иштеген иши окуусуна баары бир таасир этээрин, сабак учурунда ар түрдүү кыйынчылыктар болоорун айтып өттү:

“Студент бир убакта окуп да, иштесе да болот, бирок баары бир окуусунан өксүп калат, артта калып калат. Өзгөчө сынак учурунда кыйналышы мүмкүн. Окууга болгон кызыгуу жоголуп, иштегенде акчага болгон кызыгуу арта баштайт. Уйкудан калып, ден соолукка да терс таасирин тийгизет. Бирок, ошого карабастан окуумду жакшы окуганга да жетишип жаттым”,- дейт студент.

Ал каражат жетишпегендигинен улам иштегендигин жана анын натыйжасында ар турдүү ийримдерге, конкурстарга катыша албай калгандыгын кошумчалады. Ошондой эле окуу мезгилинде иштөө туура эместигин, ага карабастан ата-энеге да жардам бериш керектигин баса белгилеп өттү.

Ал эми айрым мугалимдер студенттердин сабак учурунан тышкаркы убакта иштөөсүнө каршы эмес. Укук сабагынын окутуучусу Чолпонбай Карыновдун пикиринде студент сабактан тышкаркы учурда иштегенге болот. Бирок сабак учурунда иштеген туура эмес. Иштесин же иштебесин деген нерсе жок. Бош убагында иштесе, албетте болот. Мен туура эле көз караштамын. Бирок, сабактан качып же сабак учурунда уктап калып иштеген студенттердики такыр туура эмес.

Ар бир нерсе студенттен көз каранды. Окуусуна да жетишип, ишти да чогуу бирге алып кетиши анын колунда. Ал эми бир эле учурда окуп, иштешине эч ким каршы эмес. Анткени глобалдашуу заманында студенттин окуп, өзүн-өзүн камсыздандырышы коомчулук тараптан күтүлө  турган нерсе.

Акматов Замир, 6 баланын атасы. Ал студенттин иштөөсү боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди: “Студент деген окуп, толук кандуу билим алышы керек. Эгерде бардык жактан жетишип, мүмкүнчүлүгү болсо, иштөөсүнө каршы эмесмин. Жеңилирээк жумушта иштеши керек, иштесе дагы. Окуусунан үзгүлтүк болбой тургандай болуп, окуусуна жетише алса иштей берсе болот. Жетишпесе, жумушту токтотуп, окуш керек. Студенттик толук билим алгандан кийин деле иштеп жетишет”,- дейт Замир мырза.

Чындыгында, студент өзүнө бөлгөн убакытты туура колдоно алса, анда окуганга да, эс алганга да ошондой эле иштегенге да мүмкүнчүлүгү болот эмеспи. Эң маанилүүсү жалкоолукка берилбей, эки нерсени кошо алып кетүүсү. “Эгер студент өзүнүн аракети менен иштесе, өз ак эмгеги менен иштеп акча тапса, эч кимге көз каранды болбостон өз окуусун, өз жашоосун улантып жатса, анда бул анын эң чоң жетишкендиги жана ишеними. Жашоодо өз бутуна тура билген, эч кимге муктаж болбостон студенттик күндөрүн текке кетирбей, окуп да иштеген студенттерге баа берем жана сыйлайм”,- дейт педогогика-психология сабагынын мугалими Хасан Йылмаз.

Анын айтымына караганда, ата-энесинен алган акчаны колдонуп жашаган студенттер менен өзүлөрү иштеп акча тапкан студенттердин айырмасы бар. Алардын баскан-турганында, жашоого, окууга болгон көз-караштарында айырмачылыктар бар. Ошондой эле Хасан Йылмаз, жумуштун жаман-жакшы болбостугун, студенттин жумуш иштегени анын окууга да, жумушка да болгон жоопкерчилигин  арттыраарын баса белгиледи.

Иштөө бир гана акча табуу дегендик эмес. Иштөө ар адамга өзүнүн ишке жарамдуулугун, ошондой эле айланасындагы адамдарга пайда кыла билүүсүн арттыруусудур. Эң башкысы, студенттер өзүнө бөлүнгөн убакытты туура колдонуп, билим алууга да, иштей билүүгө да жетишсе болгону..

Автор: Динаркан Замирова, Кыргыз-Түрк “Манас” университетин студенти

(ред.автордун орфография жана стилистикасы сакталууда)

 

Бел оорутпаган бизнестин көлөкөсү

Үй ээлери батирин ижарага берип, пайда көрүп жаткандыгы үчүн ыктыярдуу патент алуусу кажет. Мындай талап Салык кодексинде көрсөтүлгөн. Тилекке каршы бул мыйзам ойдогудай аткарылбай жатканын бюджетке түшкөн каражаттын суммасынан эле байкоого болот.

Үйүн ижарага берип, киреше тапкан ар бир жаран эң кеминде айына 1500 сом төлөшү зарыл. Бул маалыматты мамлекеттик салык кызматынын атайын салык боюнча башкы инспектору Мирлан Рахманов тастыктады:

“Салык кодексине ылайык Бишкек шаарында жайгашкан бир бөлмөлүү батир үчүн 1500 сом өлчөмүндө салык төлөнүшү керек. Ал эми ар бир кийинки бөлмөсү үчүн 500 сомдон кошулат. Бул көрсөтүлгөн тарифтер батирдин жайгашкан жеринен да көз каранды. Салыкты жарандар ыктыярдуу турдө төлөшү зарыл. Муну ар бир райондук салык кызматынын инспекторлору көзөмөлдөп турушат.”

Өткөн жылы 9676 ыктыярдуу патент төлөнүп, салыктын бул түрүнөн бюджетке 16 миллион сомдун тегерегинде сумма түшкөнүн салык инспектору Мирлан Рахманов кошумчалады. Бул орто эсеп менен ай сайын 800 киши батирин ижарага берет дегенге барабар.

Салыктын бул түрүн чогултуу иштери оңой эмес. Анткени жарандардын көпчүлүк бөлүгү ыктыярдуу патент албай эле, оозеки келишим түзүп ижарага берет. Же болбосо үйкомитеттерге үй ээсинин тууганы болобуз, ижара төлөбөйбүз деп коюшат. Бул сыяктуу көйгөйлөр бар экенин Биринчи май райондук салык кызматынын инспектору Амантур Молдоташев айтып берди:

“Биз айына 3-4 жолу рейд өткөрүп турабыз. Уруксатыбыз болгонуна карабай үйкомитеттери, кароолчулар үйлөргө киргизбей койгон учурлар көп. Мындан сырткары жарыяга берген квартира ээлерине чалып да көзөмөлдөөгө аракет кылабыз. Аларга патент алуусу керектигин эскертебиз. Эгер ижарага берген үй ээлери бул үчүн ыктыярдуу патент төлөбөсө, алар үчүн административдик жаза каралган.”

Айбек Жакшыбаев – бул милдетин мыйзам чегинде аткарган жарандардын бири. Анын ою боюнча салык төлөө өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот:

“Өнүккөн өлкөлөрдү карасак, ар бир жаран салыктарды убагында төлөп турат. Мен батиримди эрежеге ылайык ижарага берем. Качан ар бирибиз аң-сезимдүү милдеттерибизди аткарсак гана, бизде алга жылуу болот. Ошондуктан мындай бизнес менен алектенгендерди салык төлөөдөн качпаганга үндөйт элем.”

Бирок мындай бизнес кылгандардын катарында бул милдети тууралуу билбеген же төлөгүсү келбеген жарандар да арбын. Алардын бири С.Т. борбордо бир бөлмөлүү батирин ижарага берип, андан түшкөн каражат аркылуу үй-бүлөсүн багып келээрин айтат:

“Өзү бир бөлмөдөн 12-13миң сом тапсак, анын 1500 сомун эле салыкка берип койсок, бизге бул оор болуп калат. Төрттөн, бештен квартиралары барлар бар. Алар эмнеге төлөшпөйт? Баарына бирдей милдеттендирип, салыктан түшкөн каражаттар ортодо жок болуп кетпей, кайра бизге жумшалса, анда баарыбыз төлөмөкпүз.”

Өкмөттүн эң чоң багыты көмүскө экономиканы көзөмөлдөө экенин ЖК депутаты Жанар Акаев белгиледи:

“Кыргызстандыктардын эң чоң көйгөйү бул –  квартира. Көбүнүн квартирасы жок. Канчалаган чет өлкөлүк, аймактан келген студенттер жүрөт. Алардын баары борбордо квартирада турушат. Бишкекте 15тен квартира алып койгондор бар. Алар кирешесин мамлекет менен бөлүшүшпөйт. Буларды ачыкка чыгарса, бюджетте чоң өзгөрүү болот. Адамдардын артынан түшүп, жазаларды катуулатыш керек. Бирок адамдар айласын таап, кутулуп кетип жатышат. Бул боюнча чет өлкөнүн тажрыйбасын үйрөнүп көрүү керек экен.”

Түркияда бул көйгөй колго алынган. Батирди ижарага берүү сөзсүз түрдө нотариус аркылуу бекитилген келишимдин артында ишке ашат. Келишим жазуу түрундө 6 же 12 айга түзүлөт. Бул жөнүндө учурда борбор калаабыздын ЖОЖдорунун биринде билим алып жаткан Фуркан Акчам маалымат берди:

“Бул жакта жарнама аркылуу таап , ээси менен оозеки сүйлөшүп эле квартирага киргенде таң калгам. Анткени бизде мындай оңой эмес. Салык төлөп же төлөбөгөнүн текшерген кишини көрө элекмин.”

 

Автор: Айдана Топчубаева, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

(ред.автордук орфография жана стилистика сакталууда)

 

Ийгиликтин жынысы барбы?

Кыргызстанда атагы алты континентке чейин таанылып, кыргыз элинин сыймыгы болгон айымдар жокко эсе. Айланага көз жүгүртсөк, ийгиликтүү инсандардын көбү эркектер экенине күбө болобуз. Ийгиликтүүлөрдүн арасында эмне үчүн айымдар аз, Же кыздардын мээси кемби? Анда эмесе, ушул суроолорго жооп издеп көрсөк.

Каарманыбыз Айпери Дооронова (аты алмаштырылган) чет жактарда  медицина боюнча билим алууну кыялданып, Кыргызстанга белгилүү дарыгерлерден бири болууну каалаган. Ал кыялы орундалбашына кыргыз элинин каада-салтын күнөөлөйт.

“Үй-бүлөдө эң туңгучумун. Мектепти бүтүрүшүмө бир ай калганда алып качышты. Ата-энеме  чоң апалар “азыр кызыңарды алып кетсеңер, кызыңар бактысыз болуп калат, кийин эч ким албай коет,”-деп айтор ата-энемди көндүрүшүптүр. Ошентип жолдошум менен жашап калдым. Эч жакты көрбөй, айылдан чыкпай, өзүм жакшы көрбөгөн адам менен жашап келе жатам.”-деди Айпери.

“Кыз алып качуу” салтына каршы мыйзамдар киргизилсе да, бул салт өзгөчө  айыл жергелеринде популярдуулугун жогото элек.  Бишкек Гуманитардык университетинин студенти Жумагүл Абдырахманова бул маселеде кыргыз менталитетин күнөөлөп, төмөндөгүлөрдү айтты:

“Мамлекетибизде айымдардын окуусуна, билим алуусуна, өнүгүп өсүшүнө бардык шарттар түзүлгөн. Бирок кеп мамлекетте эмес, маселе менталитетибизде деп ойлойм. Бойго жеткен кыздар карьрасын бүтө элегинде, турмушка чыгууга мажбур болушат, анткени кийин күйөөгө тийбей калуу коркунучу бар. Күйөөгө тийгенден кийин карьерасы жарым жартылай кала берет. Мага да ата-энем турмушка чыгуу жөнүндө айта баштады. Эмне кыларымды билбей жатам. Окуумду бүтүрүп, дагы да билимимди жогорулаткым келет.”-дейт Жумагүл айым.

Статистикага караганда Кыргызстанда кыздар окуй турган маалында, көбүнчө 20-25 жаштарда турмушка чыгышат. Чет өлкөлөрдө бул көрсөткүч жогору. Мисалы, Германияда 28-35 жаштарда карьерасын бүтүрүп алып, турмушка чыгышат.

Жалал-Абад облусундагы Саты айылынын тургуну 65 жаштагы Алмакан Осмонова кыздардын эрте турмушка чыгуусун колдойт. Алмакан апанын ою боюнча кыздар бойго жеткенде дароо эле турмушка чыкканы оң. Окуп эмне болмок эле, кыз башы менен?!  Окуу, күчтүү болуу, өлкөнү өнүктүрүү ал балдардын иши. Кыздар турмушка чыгып, балдарына жакшы тарбия берип, үйдө олтурушу керек.

Дагы бир каарманыбыз Элмира Тойгомбаева Кыргызстанда белгилүү айымдар аз дегенге кошулбайт, анын айтымына караганда күчтүү айымдардын көбү чет жактарда эмгектенип жүрүшөт. “Бул проблеманын бир канча себеби бар. Балдар акылдуу, кыздар акылдуу эмес дегенге жатпайт. Эмнеге ийгиликтүүлөрдүн арасында эркектер көбүрөк, анткени аялдар бала-чакасы менен үйдө олтурушат. Ошондой эле Кыргызстанда ийгиликтүү адамдардын баары акылдуу деген нерсе жок. Ийгиликтүү адамдар-булар көбүнчө бай адамдар.”-дейт Эльмира.

Ошондой эле ал “Кыргыздын тырышчаак кыздары жокчулуктун айынан башка өлкөлөргө чыгып кетишти, ошондуктан ийгиликтүү айымдарыбыз көрүнбөй жатат. Анткени Кыргызстанда аялды баалашпайт. Аял канчалык акылдуу билимдүү болсо да, биздин менталитет аларды баалабайт. Мисалы, мен Кыргызстанга барсам менин илимимди эч ким баалабайт, “ии байкуш 30га чыгып калыптыр, отуруп калыптыр”-деп жакшы сөз айтышпайт. Ошондуктан кыздар “Ийгиликке умтулгандын ордуна жашым өтө электе турмушка чыгып алайын”-дейт. Эрге тийгенден кийин бала-чака, тиричилик башталат. Жарым калган окууларын акча берип, бүтүрүшөт. Ал эми эркектерге андай чектөө жок, каалаганында үйлөнсө болот, билимдүү эрекетерди сыйлашат. Деги койчу бунун себептери толтура.”-деди чет өлкөдө көптөн бери мугалим болуп иштеп жүргөн Эльмира.

Психологдор буга таптакыр башкача көз караш менен карашат. Психолог Гулайым Бахтиярова бул маселе боюнча илимий пикирин айтты: “Эркектер бир ишке көңүл коюп кылса, майын чыгарып кылышат. Анткени алар бир учурда бир эле нерсени ойлонушат. Ал эми аялдар эмоционалдуу болушат жана бир учурда бир-нече нерсени ойлонуп, кылып жаткан иши анча жакшы болбой калышы мүмкүн. Мындан тышкары кыргыз элинде кыздарга басынтуу кичинекей кезинде эле башталат. Мисалы,  “Кыз башың менен кыласыңбы,” “ал эркек бала, ага боло берет”, “балдарга жарашат” ж.б.у.с сөздөрдү айтып кичинекей кезинде эле кыздардын мээсине алар алсыз, балдар биринчи планда экенин куюп коюшат. Буларды угуп чоңойгон кыз өзүн өзү чегаралай баштайт жана колунан келген нерсени деле кылбай коюшу мүмкүн.”-дейт

Бул маселе боюнча эркектердин оюн билүү максатында, илимий ишкер Аман Бактыбековдун оюн уктук. “Аялдардын эмоционалдуулугу алардын ийгиликке жетүүсүнө тоскоол болот деп ойлойм. Мисалы, алар сүйүп калышса, окуусуна маани бербей кетишет. Мен ушундай кыздарды көп жолуктурдум.”-деди Аман мырза.

Ошонлдой эле “Манас” университетинин студенти Арген Надыркуловдун оюу боюнча эркектер аялдарга караганда акылдуу, ошондуктан алар ийгиликтүүрөөк. “Менин оюмча эркектер акылдуурак, ошондуктан алар ийгиликтүү. Тарыхты карай турган болсок, миллионерлердин илимий ачылыштарды жасагандардын  көпчүлүгү эркектер. Аялдар ашыкча эмоционалдуу. Бизнесте, дегеле бир тармакта ийгиликтүү болуш үчүн эмоционалдуулук жолтоо болот. Ал эми эркектер көбүнчо акыл менен ойлонуп, бир нерсеге гана концентрация болушат. Аялдар бир убакта көп нерсени жасай алышы мүмкун, бирок ошолордун бирине да толугу менен көңүлүн бура албайт.”-дейт Арген.

Кайсы жыныс ээси акылдуураак деген суроонун тегерегинде Канадалык окумуштуу, психолок Филипп Раш 100 000 студенттин катышуусунда изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында эркектердин IQ коэффициенти кыздардыкына караганда 3.06 балга көбүрөөк болуп чыккан.

Ал эми Америкалык окумуштуу Дэниел Амендин изилдөөсүнүн жыйынтыгында аялдардын мээси эркектердикине караганда активдүү экени аныкталган. Ошондой эле “Эрекетердин мээсинин чоң болушу, бул анын акылдуу экенин аныктабайт”-дейт ал.

Үй кожойкеси Айзат Токтосунова аялдар акылдуу ошондуктан эркектер ийгиликтүү деп эсептейт. “Ар бир ийгиликтүү эркектин аркасында акылдуу аял бар экенине ишенем. Ал аял же анын апасы, же жубайы. Кыргызда бекеринен айтышпаса керек “Аял жакшы, эр жакшы”деп. Эркекти адам кылган да аял, жок кылган да аял”-деди Айзат.

Автор: Нурзида Тойгомбаева, Кыргыз-Түрк “Манас” университети

(ред.автордук орфография жана ститистика сакталууда)

Каада-салттардын күңгөй-тескейи

Кыргыз эли байыртан каада-салтка, ырым-жырымдарга, жөрөлгөлөргө бай келет. Алардын катарында адам акыркы сапарга узап жаткан учурда жасалып келген өзгөчө жөрөлгөлөр бар. Бирок акыркы мезгилдерде бул жөрөлгөлөрдүн жасалышы боюнча коомдо ар кандай кайчы пикирлер жаралууда. Айрымдары бул каадалар дүйнө салган адамга көрсөтүлөн сый-урмат десе, айрымдары текке чачылган ысырапкорчулук дешет.

“Атамдын кадыры үчүн дагы деле жасай беребиз”

Адам көз жумган күнү кабар айтуу менен катар эле мал союлуп кан чыгарылып маркумду акыркы сапарга узатууга камылгалар башталат. Дасторкон жайылат, мал союлат. Жыртыш жыртуу, чачыла чачуу, келген конокторго баштык жасоо, ээк бүтөө жөрөлгөлөрү менен коштолот. Үчүлүк, жетилигин берүү менен аяктайт. Албетте мунун баары эле оңой эмес каражатты талап кылаары шексиз. Анткен менен каарманыбыз Токмок шаарынын тургуну Элзада Намазбаева алты ай мурун атасынан ажыраган, анын үй-бүлөсү жакын адамын жайына берүү үчүн бир топ эле чыгымга учураганын, бирок атасынын кадыр-баркы, урматы үчүн дагы деле чыгашасына карабай өз каадасын кыла бере тургандыктарын айтат.

Атамдын сөөгүн кичи мекени Тоң районунун Орто-Арык айылына алып барып койдук. Биз борбордон айылга жеткенче эле боорсок жасалып, кан чыгарылган экен. Келген конокторго деп эки жылкы, андан тышкары майда жандыктар да союлду. Жыртыш жыртуу жөрөлгөсү жасалды. Дасторконго абдан көңүл бурулат, ошондуктан кадимкидей эле дасторкон даярдалды. Жетилигин чыгардык. Ага өзүнчө мал союлду. Атам жана анын аталары кадыр-барктуу адамдар болгон. Ошондуктан анын абройу, урматы үчүн бул нерселердин бардыгын жакшы деңгээлде жасаганга аракет кылдык. “Убагында ушундай киши эле, балдары минтип койду” деген сөзгө калбайлы, эртеңки күнү башыбызды бийик көтөрүп жүргөндөй бололу деп колубуздан келгенин жасадык. Өзүбүз көп жылдан бери Токмокто тургандыктан, кийин ал жактагы тааныштарды чакырып кафеде куран окуттук. Жалпысынан жүздөй киши болду. Бирок эч ким “мынча кетип калды, ысырап болуп калды” деген жок. Бизге эң негизгиси келген коноктор ыраазы болуп, жакшы тилектерин айтып, дуба кылып кетсе эле болгону.

Элзада ошондой эле убагында гана өз каадасын кылып тим болбой, учурда соопчулук иштерин да жасашарын билдирди. Алар Токмоктогу борбордук мечитте атасына багыштап мал союшат. Мечиттен эттерди бөлүштүрүп балдар үйүнө таркатышат.

Дин буга эмне дейт?

Динде адам өлгөндө жасалуучу жөрөлгөлөр боюнча эмнелер каралгандыгын билүү үчүн дин таануучу Сабыр Мураталиевге кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду:

  • Шариятта бир жерде бирөө каза болсо ал үйдөн үч күн тамак-аш чыкпашы керек. Алыстан келген коноктор үчүн жамандык болгон үйдүн кошуналары тамак-ашын камсыздап, ошолор тейлеши керек. Негизи эле үй ээлеринин мал союусуна тыюу салынат, “макрух” деп коет. Ал эми сый-урматын кийин деле кыла берсе болот. Себеби, сый-урмат менен кайгы бир жерде болбойт. Каза болгон адамга эң негизги урмат куран окутуу, жакшы тилектерди айтуу, күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн дуба кылуу. Ал эми мал сойгонуң түккө татыбайт. Тескерисинче күнөө болушу мүмкүн. Эгерде күчү жетип атса, колунда болсо “бул ушунун атынан” деп колунда жокторго садага түрүндө берип койсо болот. Алардын дубасы, сообу деле жетет.

Мындан тышкары дин өкүлү шариятта жетилик, үчүлүк деген түшүнүктөр жок экендигин, дүйнөдөн өткөн адамды сөзсүз эле жети, үч күндө эмес, башка убактарда деле эскерип, куран окутуп турса болорун кошумчалады.

“Өлүмдө атаандаштык болбосун”

Динде жогорудагыдай сын-көз караш менен каралган маркумдун кара ашын өткөрүү жөрөлгөлөрү кыргыз элинде илгертен бери эле жасалып келе жатканын, болгону акыркы учурдарда ашкере ысырапкорчулукка жол берилип жатканын, айрыкча бул жатта атаандашуу күчөп, “казга теңелем деп карганын буту сынган” учурлар көп болуп жатканын айтат тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Амантур Жапаров.

  • Каза болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча мурдатан жасалып келген ритуалдар бар. Жакын адамын жайына берип жатканда кыргыздар илгертен жылкы союп, кара ашын өткөргөн. Мунун мааниси көз жумган адамдын атынан садага чабуу болуп саналат. Себеби, түрк доорлорунда жылкыны өлгөн киши менен кошо көмүү салты болгон. Бара-бара ал трансформация болуп, жылкынын терисин же башка бөлүгүн коюп калышкан. Кийинчерээк жылкыны союп, топурак салганы келген элге берилип, куран окутула баштаган.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатында келген элге жыртыш айруу делген кездемени бөлүп (акыркы учурдарда жүз аарчы ) таратуу, акча чачуу, улгайган адам көз жумса чачыла чачуу деген ырымдар бар. Булардын ичинде арты жакшы болсун деген ой камтылган. Дасторконду жайнатып жаюунун кажети жок, Ритуалдык тамак болгон боорсокту жасап, чай берип, табагын тартса жетиштүү. Мелдеш кылып жиберүүнүн зарылчылыгы жок. Үчүлүк, жетилик мурдатан болуп келген  милдеттүү жөрөлгөлөр. Эскерип куран окутуу максатында жасалат.

Этнографтын ою боюнча, бул жөрөлгөлөрдү жасоодо атаандаштыктын кереги жок. Максат “Ала-Тоодой эт кылып, Ысык-Көлдөй чык кылып” тойго айландырып жиберүү эмес. Тек гана акыркы сапарга узап жаткан кишиге куран окутуп, дуба кылуу.  Бардыгын орду менен, өзүнүн материалдык абалына жараша жасашы керек. Артында калгандардын эртең жашоосу уланаарын эстен чыгарбоосу зарыл.

“Эл туура жолго баратат”

Ислам дининин таасиринен улам, коомдун динден түшүнүгү кеңейип жаткандыгынын натыйжасында айрым аймактарда адам дүйнөдөн кайтканда жасалуучу ырым-жырымдарды, жөрөлгөлөрдү ысырапкорчулук катары карап, аларга кетчү чыгымдарды азайтып башташты. Мындай айылдардын бири Ноокат районунун Үч-Бай айылы. Үч-Бай айылынын имамы Арапбай Эргешов элдер акырындап бул нерсенин ысырапкорчулук экендигин түшүнүп келе жатканын, аталган айылда беш жыл мурункуга салыштырмалуу чыгымдардын эки эсеге азайгандыгын билдирди.

  • Мурда адам өлгөн күнү эле чоң мал союлуп, каадасы жасалчу. Кыркылыгына чейин ар бир бейшемби күнү “бейшембилик” деп куран окутулчу. Ошондо жалпысынан беш жолу бейшембилик өткөрүлчү. Ар бир бейшембиликке эле 20 миң сом кетиши мүмкүн. Ал эми азыр шарты болуп калса музоо, болбосо кой эле союлат. Бейшембиликтердин да саны кыскарды. Эки гана жолу өткөрүлөт.

Бул чечимге эл өзү келди. Аларды эч ким тескеп-көзөмөлдөбөйт. Болгону имамдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Белгилей кетсек, аш-тойлордогу ысырапкорчулукка мыйзам деңгээлинде чектөө киргизүү маселеси Жогорку Кеңеште 2014 жана 2016- жылдары, өкмөттө 2015-жылы көтөрүлгөн. Бирок бардыгы тең жактырылган эмес. 2016-жылы депутат Аида Салянова тарабынан  “ салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыккан. Бирок бул мыйзам долбоору да колдоо тапкан эмес. “Спутник” маалымат агенттигиндеги маалыматтарга караганда, мыйзамга ылайык жаназага туруучу адамдардын саны чектелбейт, бирок маркумду узатуу зыйнатына жылкы, бодо мал жана кой-эчки союуга тыюу салынмак. Адам дүйнө салгандан кийинки үчүлүгүн, жетилигин, кыркылыгын, жылдыгын белгилөөдө жылкы жана бодо мал союуга тыюу салынып, ал жүздөн ашпаган адамды чакыруу менен чектелмек.

Автор: Чынаргүл Жумабекова, Кыргыз-Түрк “Манас” университети

(ред.автордук орфография жана стилистикасы сакталууда)

 

Эрнис Кызов, журналист: Тышкы саясат тууралуу...

Бүт баардык шайлоочулардын болбосо да, көпчүлүк элдин добушу, үмүтү менен шайланган Сооронбай Жээнбеков тууралуу президенттик мөөнөтүнө киришкенден бери алгачкы жолу көз карашымды жазып жатканым ушул. Анын ички саясаттагы кадамдары тууралуу мыкты же начар деп жыйынтыктап айтуу менимче азырынча бир аз эртелик кылат. А тышкы саясатынын контурлары, кандай жол менен кетээри эмитен эле көрүнө баштады. Жеке субьективдүү баамымда, сыягы, тышкы саясат өңүтүбүз ырааттуулукка түшүп бараткансыйт. Өлкө лидерлери менен менен жолукканда Сооронбай Жээнбековдун: кайсы бир өлкөнүн башчысын шылып жамандабаганы;  тарыхта кыргыз кыйын, укмуш эл болгонун, “кутузбай-эсенбай-тургунбайлардын” тек-түгүн, илгери Энесай да..башкасы да кыргыздыкы болуп турганын, керек болсо кыргыз кагандарына башка элдер салык төлөп келишкенин обу жок козгоп өзүн да, жанындагы лидерди да кызыктай абалга калтырбаганы;  күлөт десе эле башкалардан башкача карсылдап күлүп, кучактайм деп барып өбөктөп асылып калбаганы;  олуттуу эле сүйлөп баратып ар кайсыны айтып баш-аягы жок талаалап кетпегени;  бөтөн элде, бөтөн өлкөдө жолугушууда жүргөндө өз мамлекетинин ички проблемаларын, ички мамилелерин, журналисттерге жайып тиги-буларды жамандабаганы; а түгүл:  имиджмейкеринин айтканына чыкпай, чачын тара деген жагына тарап, кий деген кастим-шымын кийип шөлбүрөбөй, болбурабай – өзүн журттун, элдин атасындай оор басырыктуу , тың алып жүргөнү кубаттоого татырлык ушул жүрүш менен кетсе, тышкы саясатыбыздагы ийгиликтер ого бетер оожалып, баары жакшы болот деген үмүт бар, азырынча.
P.S. Тышкы саясат албетте – түз басып, түз жүрүп, бөтөн элдин лидери менен жолукканда ашыкча сүйлөбөй койкоюп олуттуу болуп коюу менен; же жарашыктуу чач жасалга, зынкыйган жарашыктуу кастим-шымды кийип жүрүү менен эле өлчөнбөйт. Мамлекеттин акчасына самалетко май куйдуруп, делегациянын курамындагы ар кишиге чыгым кетирип тигил же бул мамлекетке сапарга барып келип жаткан соң, ошол тышкы байланыштан, ошол өлкөлөрдөн Кыргызстандын экономикасына, жарандарына эмне утуш же утулуш болуп жатканы өтө маанилүү. Эми аны карап, тиктеп, байкап турган эл бар эмеспи, кыйшайса түзөп, бузулса оңдоп, бизге окшогон “жаман” журналисттер сайрап тураар..

Автор: Эрнис Кыязов, журналист

(ред.автордун грамматика жана стилистикасы сакталууда)

Сулайман Кайыпов: “Өлүп баратса да өз атын жашырбаган, өктөм мүнөз кыргызды ушул абалга алып келген төбөлдөрүбүзгө наалат”

Өз өкүмүн сүрүп турган кара суук көп адамды имараттан сыртка чыкпай отурууга мажбурлады. Анын үстүнө, аптанын акыркы күндөрү эмеспи… Жылуу жерге отуруп алып, интернетти эрмектеп, кабарларды окуп-талдап, комментарийлер жазуу менен алек болуп жатышкандай сыягы.

Мен да ошолордун бири катары, суукка анчалык байымым жок, үйдө отурам. Дүйнөдө болгон нерсенин баарын аңтарып-теңтерип окуганга, аларды акыл калчап талдаганга мүмкүнчүлүк берген Кычыроон “мырзага” да    рахмат. Ал болбосо, көр тириглик менен алпурушуп жүрүп, көп нерсени укпай да, көрбөй да калмак экемин. Карабайсызбы, карп-курп кирип келген бул Кычыроон суук далай жерди өзүнүн муз чеңгелинен чыгарбай тутуп туру; жаратылыш мыйзамына каяша кылгандардын сазайын берип жатыры.

Көчөдө тоңуп турган иттерди, мышыктарды айт… Жупжука байпак менен чыгып алып, шыйрактарын суук алган ойсоке кыздарды айт. Башынан аягына чейин чүмкөнүп алып, беш тыйын таап аламбы деген илгери үмүт менен кардардан көзү өтүп, базарларда тоңуп отурган бечара кыргыз айалдарын айт. Дагы, дагы нелер бар, нелер, нелер! Кээ бирөөнүн акылга сыйбас кылыгын көрүп ачууң келсе, кээ бирөөнүн абалын көрүп жүрөгүң сыздайт.

Бирок, табият деген айкөл да, бүгүн мынтип турганы менен, эртең эле мемиреп, өткөндөгү каар-казабын унутуп, жаркырап-жайнап, жакшыга да, жаманга да мээримин төгүп берет. Адам деген табияттын бир бөлүгү болсо дагы, табиятка мунасип айкөлдүктөн кол жууп бүткөн окшобойбу.

Ушул бүгүнкү ызгаардуу күндүн жыйынтыгы мен үчүн өзгөчө болду — ”Эй, Жараткан, табияттын эмес, адамдардын дилиндеги кычыроон кыштан сакта” деп дуба кылуу керек тура деген ойго келип токтодум. Айрыкча, “Кыргыз инсанынын рухун ээлеп алган Кычыроон кыштын ызгаарынан сакта-а-а” дей турган заман келгенби деп, өкүндүм, ичимди ит талады.

Дегеним, бүгүн окуп-билген таң каларлык адиселердин ичинен мени бир окуянын баяны өзгөчө бейпайга салды. Терезенин ары жагындагы кычыраган кыш чилденин аязы шоонешпес болду. Анткени ал, жөн гана кайдыгер окуп койчу же, жактырбай жаап салып кутулчу катардагы бир кабар эмес. Анда айтылган окуя — улут үчүн, өлкө үчүн боло турган көп жагымсыз нерселердин кабарчысы, оор илдеттин симптому. Ал — өткөн жылдардагы өйдө-ылдый окуяларды, кыргыз адамынын бири-бирине кылып келген жапайыча мамилелерин эске салган, ошол обу жок жоруктардын мындан ары деле эселеп улана бере тургандыгын каңкуулап турган, түбүң түшкүр окуя.

Үстүрттөн бир караган кишиге таңданчу эч нерсе жоктой көрүнөт: УКМК бирөөлөрдү чакырып суракка алыптыр… КУУнун ректору К. Садыков белгилүү окумуштуу Ү. Култаеваны кызматтан кетириптир… “Ии, суракка алса эмне экен, суракка албай жүрдү беле? Култаева директорлуктан түшсө эмне экен, ордуна бирөө болот да” дегендер да болор. Жок, андай эмес!

Бул жөн гана күндөлүк боло жүрчү окуялардан болсо, мен деле көңүл бурмак эмесмин. Бул окуяда, барып-келип, кыргыз интеллигенциясынын, илиминин, билим берүү системасынын, керек болсо, кыргыз жетекчилеринин кыргыз адамына жасаган мамилесинин бүгүнкү абалы бар; анын мындан ары кандай болорун көрсөтүп турган сокуртоом, элес-булас издер да бар. Бул окуя — көп аспекттүү, көп катмардуу, саясат менен да чырмалышкан, чалкеш окуя.

Мындайда, кимдир бирөөгө жакпай калбайын деп, пысып отурган киши киши эмес; андай неме жаран болуп жарытпайт. Ооба, өз оюн жашырбай айтсам, туура жолго түшсөк деп талпынгандар да арбын экен. Электрондук мейкиндик тим эле талкуу аренасына айлангандай болду. Айрым жалданмалар эле болбосо, баары эле чынын чындай, калпын калптай көрүп турат, ашкере айтып турат. Бирок, аттарын жашырып, же лакап ат коюп алып жазып жаткандарын көргөндө, бир чети, боорум ооруду. Сурак берип калбайын деп сактанып жатышканы го деп калдым.

Анан мен, өлүп баратса да өз атын жашырбаган, өктөм мүнөз кыргызды ушул абалга алып келген кийинки 25 жыл ичиндеги төбөлдөрүбүзгө наалат айттым. Айттым да, өз атымды кашкайта коюп туруп, өзүм билген чындыктардын баарын эмес, чет-жакасын, жекече пикиримди ачык-айкын жазайын деген чечимге келдим. Тууралыкты табууга, акыйкатты таанууга ушул менин жазгандарым бир огожо болоор бекен деген илгери үмүт менен чиймелөөгө кириштим. Айтпасам, ичимде калса, менин илимпоздугум кайсы дедим. Объективдүү чындыкты туу туткан кесипти алтымыш жыл бою аркалап жүргөнүм кайсы деп ойлодум. Ооба, маселенин түпкүрүндө так талаштан чыккан чыр турат. Астырттан жасалып жаткан жагымпоздук бар… Ак жерден күйгөн адистин тагдыры бар… Ирети менен иргеп айтсам, момундай:

Маселенин чордону баягы эле, Кудай жалгап тынч өтсө да, алиге чейин деми сууй элек Президенттик шайлоодо жатат. Алгач, шайлоо деген компаниянын табиятын эстен чыгарбоо керек ко дейм. Шайлоо деген — жарыш, ага чыккан киши атаандаштарын утам деп чыгат. Атаандашынан озуп чыгуу үчүн бардык күчүн, айла-амалын, акылын колдонот. Мыйзам чегинде бардык нерселер жасалат. Мыйзамда жок деген менен, жолун таап бирин-бири каралоого да өтүшөт. Кээде апачык эле, беттен алмай ыкмасы орун алат. Бири бир нерсе жасаса, экинчиси ага андан бетер кылып жооп берет. Бүткүл дүйнөдө ошондой болуп келе жатпайбы. Таймаштын табияты ошол, талабы ошол тура.

Акырында күчтүүсү жеңип кетет да, анын жеңгендигин жеңилгендери кабыл алат. Жеңгени, эгерде акылы балык жан болсо, жеңилгендин да мыкты жактарын эске алат. Өзү менен теңтайлашкан, бой ченешкен күчтү эч кордобойт. Мына ошондой эл өнүгөт. Орто Азияда мына ушундай айкөлдүккө эң жакын эл — биз, кыргыздарбыз. Биздин эстутумубузда Манас менен Алмамбеттин достугу бар. Аны бабаларыбыз бекерден кылымдап айтып келген эмес да. Алмамбет шайлоодогу атаандаш мындай турсун, ал элиңди кырып-жоём, жоготом деген сөөк өчтү душманынын канынан бүткөн баласы эмеспи. Айкөлдүктүн бир өрнөгү мына ушул. Сөз болуп жаткан окуяга келчү болсок, бул жерде, шайлоого катышкандар, уткан жана утулган кишилер босогонун ары жагында калып эле, ортодогу жасакерлер, жагымпоздор, так төргө өтүп алышып, адаттарынча, жан тарткандай көрүнөлү деп, өздөрү билген саясаттарын жүргүзүп жатышабы дейм. Комментарийлердин ичинде Президенттин өзүн түздөн-түз күнөөлөгөндөр да болуп жатат. Бирок, ал кишинин УКМКга ушинткиле деп тапшырма берээрине ким ишенет? Мен эч качан ишенбейм. Ушунун баары жөн эле, жагымпоздордун ыпылас иши экени көп узабай билинет ко деп ойлойм.

Окуянын Ө. Бабановдун аты менен байланыштырылып жатканы да өзүнчө кызык. Адегенде анын Отуз-Адырдагы сөзүнө келсек, мен башка өлкөдө жашагандыгым үчүн, ал жөнүндө бир нерселер уксам да, өз кулагым менен тыңдап, туура-натуура жактарын таразалаганга мүмкүнчүлүгүм болгон эмес. Технология деген керемет-oв, бүгүн атайын издеп таап, дыкаттык менен тыңдадым. Электрондук талаада анын сөзүнүн эки варианты кыдырып жүрүптүр. Бирөөнү толук, кандай болсо, ошондой тартылып алынган варианты десе болот. Экинчиси бир жарандын комментарийлери менен коштолуп, белгилүү максатка ылайык түзүлгөн цитаталар тизмеги экен. Менин колума алгач, ошол кыскартылган варианты тийди. Угуп бүткөнүмдө, заманам куурулбай койгон жок. Каргашалуу Ош окуялары ар бир кыргыздын жүрөгүндөгү бүтпөс жараат эмеспи. Далай жаман сөздөр тилимдин учуна келип турду. Толук вариантын угайын деген ниетим да калбады. Бирок, монтаж деп жаткандары ушу бейм, адилеттик үчүн толугун да тыңшап коёюн деп чечтим. Угуп отурсам, чынында эле, сөздүн контексти башка экен. Президент болом деген киши, анчалык кайраштырууга бармак беле — кайраштырбаптыр. Көбүрөөк добуш алам деп жатып, напис-балээ, ошол кездеги президенттин сүйлөгөн сөздөрүнөн эсинде калган бир туруктуу сөз айкашын келегейирээк бычында колдонуптур. Ошол экен.

Бирок, акыйкаттык үчүн айтып коюш керек, Бабанов сүттөн акпы десеңиз, албетте, жок деп жооп берем. Анткени, ал атайылап, карасанатайлык менен кайраштырбаптыр, бирок саясатчы катары, кынтыксыз, буруп кетүүгө мүмкүн болбогон, накта лидердин сөзүн сүйлөй албаптыр. Каалаган киши анын айрым айткан сөздөрүн контексттен ажыратып алып, кайра өзүнө каршы колдонуусуна мүмкүнчүлүк берип коюптур. Мындай мүмкүнчүлүктү берүүгө эч акысы жок эле. Ал трибунага чыккан киши, болгондо да, эртең өлкө башкарам деген саясатчы, кайсы жерде, кайсы сөздү колдонуп, кайсы сөздү колдонбоо керектигин билиши керек болучу. Президент болом деген кишинин бир сөздү эмес, бир тыбышты да артыкбаш же кем чыгарууга акысы жок экенин билиши керек эле. Импровизациялап, оозуна келгенди сүйлөй берген биздин саясатчылардын ар биринен мындан жаман мисалдарды каалаганча тапса болот дечи, бирок ал өзүнчө сөз.

Азыркы күндү айтсак, так талаш, таймаш бүттү — эң күчтүүсү утуп чыкты. Башка талапкерлерди сүрөгөндөр да, ошол талапкерлердин өздөрү да баш болуп, уткан кишинин алдын торобошу керек кo. Цивилизациялуу дүйнөдө ошондой эмеспи. Бул жагынан алганда, Бабановдун саясый этикага шайкеш кадам таштаган жерлери да бар экен — ал жеңилгенин мойнуна алып, ал турсун куттук сөзүн айткан тура. Бизде, демейде, кадимки эле алгачкы коомдогудай: утканы утулганын жектей берет, утулганы утканды кантип чалып чыксам деген планын түзүп жүрө берет эмеспи. Бул илдеттен кутулмайынча, биздин коом артка кетсе кетет, эгерим алга жылбайт. Бизге окшогон сан жагынан анча көп эмес эл үчүн бул бир апаат экенин түшүнчү мезгил келди.

Канат Садыковдун ишмердиги боюнча да пикиримди ачык-айкын айта кетейин. Бул окуянын негизги эки каарманынын бири ошол болуп жатпайбы. Ал экөөбүз кесиптешпиз. Экөөбүздүн тең кандидаттык диссертацияларыбыз “Эр Төштүк” эпосу жөнүндө жазылган. Бирок ал, кийин фольклорчулук кесибин уланткан жок, сыягы. “Мата даңкы менен бөз өтөт, Ата даңкы менен кыз өтөт” дегендей, жакшы атанын баласы жаман болбойт деген пикир аны кыйла эле жерге көкөлөтүп алып барды. Бакиевге жакты бейм, министр болду; кийин Отунбаева, Атамбаевдерге деле жакты көрүнөт — министрлигин улантты. Эми да Ак үйдүн кишиси деген зоболо менен КУУнин ректору болуп отурат.

Ачыгын айтайын, Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын азыркыдай кыйрап турушуна К. Садыковдун кошкон “салымы” ат көтөргүс. Демейде, кайсы бир кишинин келинчегинин, кайсы бир жылдардын бир жылдарында, кайсы бир фирмага саткан кайсы бир машинасынын кайсы бир жолдор менен күйөөсү иштеген мекемеге сатылып алынганын таап чыккан көрөгөч прокурорлор К. Садыковго калганда эле төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок болуп калышат. Таянган тоосу бийиктерге тиштери өтпөйбү же… Бирок, азыркысы азыркы, айтылчу кептин баары кийин сөзсүз айтылат. Айрымдары күнү-күнү келгенде сот залында талкууга түшөт. Бул маселелер эч эскирбейт. Ошондо мен күбө катары болсо да катышам го деп ойлойм. Калган сөздү ошондо толугу менен айтып берейин деген ниетим бар.

СДПК бул жигитти кайсы жыргаткан ишмердиги үчүн тайраңдатып, ал креслодон бул креслого отургузуп жүрөт, анысын таптакыр түшүнө албадым. Баягы эле, мындан 25 жыл мурда бир былжыраган неменин орнотуп кеткен “наш человек, не наш человек” деген схемасы кынтыксыз иштеп жата бейм. Башка себеп болушу мүмкүн эмес. Ак үйгө артын таяп алган соң, каалаганын кыла берсе болот деп ойлоп жатса керек. Ушул сөздөрдү жазыш үчүн ар кайсы материалдарды карап жатып, анын азыркы күндөгү кадрдык, финансылык жактан жасап жаткан ыпыластыктары жөнүндөгү маалыматтарды окуп таң калдым. Мамлекеттик көзөмөл деген бизде калбай калган турбайбы деген да ойго кеттим.

Үмүт Култаева боюнча да пикиримди билдирип койгонум дурус болор. Кытмырлык-интригандык-жасакерлик саясаттын көрүнүктүү курманы Үмүт айым болуп жатпайбы. Ү. Култаеваны мен 1991-жылдан бери тааныйм. Адабият, тил, педагогика — үч илимди айкалыштыра алып жүргөн, 6 томдук эмгек жазган, кыргыздын күжүрмөн окумуштуу кызы. Көп жаштарды тарбиялап өстүргөн тарбиячы, таанымал лектор, илимдин доктору. Кафедра башчылыгынан тартып, директор, декен, проректорлукка чейинки жетекчилик кызматтарды аркалаган тажрыйбалуу жетекчи, уюштуруучу. Эл аралык аренада да таанымал, барган жеринде кыргыз өлкөсүн уятка калтырбаган, ар-намыстуу жаран. Эми ушундай адистин эмне иштеп, эмне коёорун кандай неме аныктап жатат? Өзүңүздөр менсиз эле жыйынтык чыгарып аласыздар го деп ойлойм.

Кыргызстан тез аранын ичинде бул жаңылыш жолдон чыгышы керек. Татыксыз немелер Ак үйдүн колдоосу менен жетекчиликке келип алып, татыктуу адистерди кор тутуп, мазактап турганы кандай? Айдакталган бирөөлөр Култаеванын жашына да асылып жатат. АКШнын Презденттигине ат салышкан Клинтон айым канча жашта эле? Бакиевдин карындашы деп жатат, чындыгында, кайнаса каны кошулбайт. Кошулса да эмне экен, анын кандай тийешеси бар бул ишке, биле албадым. Баары саясатташып бүтүп, уят-сыйыт деген калбай бара жаткан экен деп калдым.

Сөзүмдүн акырында, жыйынтык катары айтарым, КУУин баш кылып, өлкөнүн кыйратылган билим берүү системасын бала бакчалардан тартып, университеттерге чейин кайрадан карап, жараганын сактоо, жарабаганын жаңылоо жолу менен тез аранын ичинде туура жолго коюп чыгуу эң зарыл. Өлкөбүздүн билим берүү жана илимди өнүктүрүү жагынан иштелип чыгылган, узак мөөнөткө эсептелген, Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайык чыныгы стратегиясы али жок. Бар дебегиле, жок! Билим берүүнүн кыйраганы — өлкөнүн кыйраганы деген кеп.

Билим берүү системасын, биринчи иретте, жанбакты, мите, жагымпоз, компетентсиз жетекчилерден арылтуу кажет. Принциптүү, коррупциядан алыс, билим берүү системасын жакшы билген жана аны саясатташтырбаган, кесипкөй, мекенчил адамдардын жолун ачуу зарыл. Андай адистерден Кыргызстандын колу куру эмес. Билимсиз адамдар, арабөк университеттер, алардын жагымпоз жетекчилери менен “Таза коом” кура албайсыз, Сапар мырза! Жер-жерлерди өнүктүрүүнүн “жети багыты” мындай турсун, бир багытын да сактап калууга мүмкүн болбой калат, Урматтуу Президент!

Сөздүн ачыгы ушул. Бетке айткан сөздөн заар издебешиңерди өтүнөм. УКМКга сурак берейин деген ниетим жок.

Сулайман Кайыпов, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жагынан Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Эл аралык Сократ сыйлыгынын лауреаты, Европа Ректорлор Клубунун мүчөсү, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, профессор.

Булак: Майдан.kg

Меню