Menu

Жаңы технологиялар – Хай Тек

Ысык-Көлдө кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын куруу башталды

5-апрелде Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын курууга капсула салуу иш-чарасы өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Күн нурунан энергия алчу станцияны кыргызстандык “Бишкек Солар” жана орусиялык “Юнигрин энерджи” компаниялары ишке ашырат. Инвестициянын көлөмү 300 млн. доллар болот.

Иш-чарага катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда калк 2022-жылы 15,9 млрд. кВт/саат электр энергиясы колдонсо, быйыл 17 кВт/саат электр жарыгы керектелерин билдирди.

“Жети ири, 20дан ашык чакан ГЭС, эки чоң ЖЭБ өндүргөн электр энергиясы таптакыр эле жетпей калды. Дефицит 2,8 млрд. кВт/саат электр жарыгын түзүүдө. Биз аны импорт кылып сатып алып жатабыз”, – деди Акылбек Жапаров.

Кыргызстан менен Орусия 2023-2024-жылдагы жылуулук сезонунда 875 млн. кВт. саат электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга кол койгон.

Өлкөдө өндүрүлгөн электр жарыгы калктын керектөөсүнө жетпегендиктен Кыргызстан жыл сайын Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркменстандан электр энергиясын сатып алат.

Бүгүн Prosperity CUP Kyrgyzstan инкубациялык программасы башталды

Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун жыйынтыгы менен 70тен ашык стартап тандалып алынган. Белгилей кетсек, 10 күндүн ичинде стартаптар 10 000 доллардан ашык инвестиция үчүн күрөштө өз долбоорун жакшыртуу боюнча жигердүү иштешет.

Ачылышта Accelerate Prosperity программасынын өлкө боюнча директору Индира Узбекова жана Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн программалык менеджери Стефано Коррадо куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Коррадо мырза: “Accelerate Prosperity ASIA долбоору жаштардын ишкердигин колдоо жана өлкөдөгү кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Программа өзүнүн “жашыл” көз карашы менен айлана-чөйрөнү коргоого жана Кыргыз Республикасынын калкынын бакубаттуулугун жогорулатууга мындан ары да салым кошо бермекчи». Ошондой эле тажрыйбалуу ишкерлер жана IT-долбоордун менеджерлери стартаптарга баалуу кеңештери менен бөлүшүштү.

Prosperity CUP алкагында катышуучулар командаларда жана насаатчы менен иштешет, баалуу сунушту аныктай алышат, стартаптын финансылык моделин иштеп чыгышат, аны өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартууну үйрөнүшөт жана башка көптөгөн нерселер. Эки жумага жетпеген убакыттын ичинде сиздин стартапыңыз гүлдөп-өсүү кубогу менен идея пайда болгондон баштап реалдуу инвестицияга чейин өсөт!

Prosperity CUP Kyrgyzstan бул Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келген инновациялык жана санариптик стартаптар үчүн күчтүү түрткү, ал инвестициялык комитеттин алдында эң мыкты стартаптарды көрсөтүү менен аяктайт. Prosperity CUP Kyrgyzstan Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. AP Asia долбоору Евробиримдик жана Ага Хан фонду тарабынан каржыланат. Долбоор ишкердикти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын айыл калкынын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Prosperity CUP Kyrgyzstan - стартаптар үчүн 10 000 доллардан жогору грант алуу мүмкүнчүлүгү

Prosperity CUP Kyrgyzstan – бул он күндүк хакатондо Кыргызстандын бардык аймактарынан келген инновациялык жана санариптик стартаптар үчүн күчтүү түрткү, ал эң мыкты стартаптарды инвестициялык комитетке сунуштайт. Арыздар 21-августка чейин кабыл алынат, ал эми иш-чаранын өзү 2022-жылдын 5-сентябрында ачылат. Prosperity CUP Kyrgyzstan Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. AP Asia долбоору Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланат. Долбоор ишкерликти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги калктын экономикалык жыргылчылыктын жогорулатууга багытталган.

Prosperity CUP алкагында катышуучулар командаларда жана насаатчы менен иштешет, баалуулук сунушун аныктай алышат, өздөрүнүн стартапынын финансылык моделин иштеп чыгышат, аны өнүктүрүү үчүн инвестиция тартууну үйрөнүшөт жана башка көптөгөн нерселер. Эки жумага жетпеген убакытта, сиздин стартапыңыз идея идеясынан баштап гүлдөп өнүгүү кубогу менен реалдуу инвестицияга чейин өсөт!

Prosperity Cup Kyrgyzstan Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген жаштар жана жаштардын инновациялык жана IT стартаптары менен иштөөгө багытталган. Колдонмо аркылуу тандалган хакатондун катышуучулары тренингден өтүшөт жана трекерлердин колдоосу менен бизнес -идеяларын жакшыртуу үчүн иштешет. Ал эми эң ийгиликтүү стартаптар инвестициялык комитеттин алдында сүйлөп, 10 000 доллардан жогору ала алышат! Негизги тандоо критерийлери: жакшы иштелип чыккан идеяга, прототипке жана командада кеминде 2 адамга ээ болуу.

Катышуу үчүн 2022 -жылдын 28 августка чейин https://kg.accelerateprosperity.org/prosperitycupkyrgyzstan шилтемесиндеги веб -сайтка арыз калтырышыңыз керек.

Prosperity CUP Kyrgyzstan  Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында ишке ашырылат. AP Asia долбоору Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланат. Долбоор ишкерликти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги калктын экономикалык жыргылчылыктын жогорулатууга багытталган.

Кыргызстанда компьютерлерди, принтерлерди жана Wi-Fi роутерлерди чыгаруу пландалууда

Кыргызстанда компьютерлерди, принтерлерди жана Wi-Fi роутерлерди чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 29-июнундагы жыйынында билдирди.

Жапаровдун айтымында, “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун колдоосу менен тигүү жана эмерек жасоо тармактары үчүн фурнитуралар менен көмөкчү материалдарды өндүрүү, көп функционалдуу принтерлерди, Wi-Fi роутерлерди, көзөмөл-кассалык аппараттарды, персоналдык компьютерлерди, ошондой эле башка инновациялык элементтерди чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

“Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги тоо-кен, гидроэнергетика, билим берүү, туризм өңдүү тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашырууга ниеттенип жатат. Ошондой эле жакында түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду быйыл 34 долбоорду, анын ичинде 10 инфраструктуралык жана 9 маалыматтык долбоорду ишке ашырууну баштайт”, – деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кара-Балта килем комбинатынын базасында синтетикалык, жарым синтетикалык кездемелерди жана тигүү буюмдарын чыгарууга багытталган текстилдик кластерди ишке киргизүү боюнча да иштер жүрүп жатканын айтты.

“Токтоп турган ишканаларды сатып жибербей, ишке киргизүү саясатына өттүк. Бир мисал: Майлуу-Суу лампа заводун кыргыз мамлекети өзүнө кайтарып алды. Азыр мамлекеттик ишкана болуп калды. Бул завод – шаар түзүүчү (градообразующий) ишкана болот. Модернизацияга 1 млрд. сом карадык. Кара-Балта ремзаводу, Кара-Балта шаарындагы “Даназык” ишканасы мамлекетке кайтарылды”, – деди төрага.

Жапаровдун айтымында, мындан тышкары пахта-текстилдик кластерди түзүү боюнча маселе иштелип жатат. Анын базасында пахта тазалоочу заводду, жип чыгаруу фабрикасын, текстилдик фабриканы жана машина-трактор паркын, ошондой эле май чыгаруучу заводду уюштуруу пландалууда.

Кыргыз Республикасында 2022–2026-жылдарга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди

Кыргыз Республикасында 2022–2026-жылдарга креативдүү  экономиканы  өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кыргыз Республикасында 2022–2026-жылдарга креативдүү  экономиканы  өнүктүрүү концепциясы креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Концепциянын максаты болуп креативдүү индустриянын комплекстүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын көбөйтүү саналат.

Өнөр жай көлөмүндө масштабын кеңейтүүгө жөндөмдүү болгон инновациялык идеялар менен иштеп чыгууларды акчага айландыруу аркылуу Кыргызстандагы креативдүү индустриялардын сектору жогорку кошумча нарктуу жана жогорку экономикалык натыйжалуу ишкердик ишинин акселераторуна айланат, капиталдык салымдарды рационалдаштырат, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет жана жумуш менен камсыз кылуунун өсүшүн шарттайт.

Келечекте креативдүү экономика инновацияларга дем берүүгө, инвестициялык жагымдуулукту арттырууга түрткү берип, улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайы тармагына жана мигранттардын акча которууларына болгон көз карандылыгын азайтат, ошондой эле маданий мурастардын кайра жаралуусу менен глобалдашуу шартында мамлекеттин өзүн-өзү идентификациялоосуна көмөктөшөт.

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитетинин чечимин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

  1. Медицина тармагындагы иштери үчүн төмөнкүлөргө Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылсын жана “Илим жана техника жагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты” деген наам берилсин:
  • «Хирургиялык эндокринологиянын проблемалары»:

– Чынгышпаев Шамиль Мукашевичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

– Ахунбаева Нелли Исаевнага – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

– Бебезов Хакиге – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

– Ахунбаев Стальбек Медеровичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору, медицина илимдеринин кандидаты;

– Шаназаров Алмаз Согомбаевичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин академиялык борборунун директору, медицина илимдеринин доктору;

– Айдаралиев Арсен Асылбековичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси, медицина илимдеринин доктору;

– Казакбаев Айтбай Тургунбаевичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин кандидаты;

– Кочоров Орозали Тайтокуровичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

2) «Заманбап илимий-дүйнө таануу маданиятын түзүү жана өнүктүрүү теориясы»

Ашимов Исабекке – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасы, медицина илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору, профессор.

2021-жыл 29-июль

Видео - Жефф Безос жеке ракетасы менен космоско учту

Дүйнөдөгү эң бай адам, америкалык миллиардер Жефф Безос космосту багындырды. 20-июлда ал иниси Марк Безос, 82 жаштагы америкалык алгачкы аял авиаторлордун бири Уолли Фанк жана 18 жаштагы Оливер Деймен менен космоско учуп барып келди.

Аларды Безос негиздеген Blue Origin компаниясы жасап чыккан New Shepard кемеси “космостун чеги” деп мүнөздөлгөн Карман тилкесине алып чыкты. Бул тилке деңиз деңгээлинен 100 чакырым бийиктикте жайгашкан.

АКШнын Техас штатындагы Ван Хорн шаарчасынын четинен учуп чыккан New Shepard кемесинин Жерден эң бийик көтөрүлгөн чеги 106 чакырым болду. Экипаждын жалпы сапары 10 мүнөт 20 секундага созулду. Жүргүнчүлөр 3-4 мүнөттөй космостук кеменин ичинде калкыган абалды сезе алышты. Андан соң астронавттар отурган капсула АКШнын Техас штатындагы чөлгө ийгиликтүү конду.

Дүйнөдөгү эң бай адам Жефф Безос Blue Origin компаниясын 2000-жылы түптөп, андан бери космос туризмин жүзөгө ашырууну пландап келген. Эми компания космоско учуп барып келүүнү каалагандарга билеттерди сатуу алдында турат. Бирок бир билеттин баасы канча болоору так айтыла элек.

Тогуз күн мурда британиялык миллиардер бизнесмен Ричард Брэнсон Virgin Galactic компаниясы курган аппарат менен космоско учкан.

57 жаштагы Жефф Безос Blue Origin компаниясынан мурда, 1994-жылы электрондук соодага ыңгайлашкан Amazon компаниясын түптөгөн.

Ал Forbes журналынын ааламдагы эң бай адамдардын тизмесинде бир нече жылдан бери сап башында. Анын байлыгы пандемияга карабастан 2020-жылы 64 миллиард долларга көбөйгөн. Учурда америкалык бизнесмендин жалпы байлыгы 200 миллиард доллардан ашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызпатент Өзбекстандын IT паркы жана Электр байланышынын эл аралык союзу менен бирге уюштурган “Venture day” эл аралык форумуна катышты

Бүгүн, 24-июнда Кыргызпатент Өзбекстандын IT паркы жана Электр байланышынын эл аралык союзу менен бирге уюштурган “Venture day” эл аралык форумуна катышты. Бул тууралу Кыргызпатенттин  басма сөз кызматы билдирет.

Аталган форум Startup Central Eurasia региондун стартап экосистемаларынын кызматташтыгын өнүктүрүү  платформасынын алкагында өткөрүлдү.

Форумдун жүрүшүндө  Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Жоодарбек Жумабаев  Кыргыз Республикасындагы стартап-экосистема жөнүндө маалымат берди.

Мындан сырткары,  Кыргызстандын стартапчылары 3 стартап-долбоорду эл аралык инвесторлорго презентациялашты.

Форумдун негизги максаты – регионалдык жана эл аралык венчурдук фонддордун көңүлүн Борбор Азия жана Кавказ аймактарына буруу,   стартап-долбоорлорду колдоо жана инвестициялоо, экосистемалардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү.

“Смарт Бажы” санарип долбоору иштелип чыкты

КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында жаңы «Смарт Бажы» санарип платформасынын долбоорун иштелип чыкты. Бул долбоор менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары К.Шатемиров бүгүн, 3-июнда өткөн маалымат жыйынында тааныштырды.

Санарип платформаны түзүүнүн максаты – тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн ылайыктуу шарттарды камсыздоо, ошондой эле өлкөнүн экономикасына инвестицияларды жогорулаткан бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу.

Алдыга коюлган максаттар төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:

– электрондук декларациялоого толук өтүү;

– товарлардын авточыгаруусун киргизүү;

– товарларды жана транспорт каражаттарын ташып өтүүдө “жашыл коридорлорду” колдонуу (анын ичинде ТЭИ катышуучуларын категориялоонун эсебинен);

– электрондук декларациялоо борборлорун ишке киргизүү;

– бизнес платформалар менен терең интеграция;

– өткөрүү пункттарында контролдук функцияларды жүзөгө ашырууда “Бир аялдама” принцибин толук кандуу киргизүү.

Долбоорду ишке киргизүү 2021-2023-жылдарга этаптарга бөлүнгөн. Ата мекендик экспертизаны өнүктүрүү максатында «Смарт Бажы» платформаны түзүүдө жергиликтүү  IT-компаниялар иштешет.  Ар кандай бажы жол-жоболорун өткөрүүгө убакыт негиздүү кыскартылат, бул КРдин транспортук жана транзиттик дараметин жогорулатат.

Мындан тышкары, кыска мөөнөттүн ичинде, тагыраак айтканда ушул жылдын аягына чейин бажы кызматы электрондук декларациялоону “Бирдиктүү терезе” маалымат системасы  менен интеграциялоо, накталайсыз бажы төлөмдөрүн толук кабыл алуу жана “Кырдаалдык борборду” толук кандуу ишке киргизүү жаатында иш-чараларды пландаган. Бул иштер ведомство тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды жакшыртууну камсыздоого жана жарандардын бажы кызматынын ишмердигине карата ишениминин деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Түндүк Корея тактикалык жаңы ракеталарын сынаганын тастыктады

Түндүк Корея тактикалык башкаруудагы жаңы эки ракетасын сынады. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги билдирди.

Пхеньян эки ракетасын Жапон деңизин көздөй учурганын 25-мартта түштүк Кореялык аскерлер да кабарлашкан. Ракеталар 600 чакырымга учуп, бутага тийген.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын сыноого катышкан эмес.

Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга баллистикалык ракеталар учурулганын ырастап, «бул биздин өлкөгө жана аймактын тынчтыгына коркунуч туудурат. БУУнун резолюцияларын да бузууга жатат», – деп билдирди.

21-мартта Түндүк Корея канаттуу эки ракетасын учурган. Алар Сары деңизге түшкөн.

Бул окуя Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден кызматка киришкен соң биринчи жолу болуп отурат. Вашингтон Пхеньяндын аракетин сындаган. Ошол эле маалда Байден түндүк кореялык сыноолорду чагым деп эсептеген эмес.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню