Menu

ЖУРНАЛИСТТИК ИЛИКТӨӨ

Видео - КТРК Атамбаевдин мыйзамсыз байыган байлыгын жарыялады

«Мурдагы президенттин сырдуу байланыштары» аталышта КТРК Алмазбек Атамбаевдин байлыгы тууралуу иликтөөсүн 25-ноябрда жарыялады. Анда Атамбаевдин кантип мыйзамсыз байыганын журналист баяндап берет. Иликтөөдө Субихи Пархатинин аты аталып, ага жазылган мүлктөргө Атамбаев эле ээлик кылганы айтылат. 28 жаштагы Пархати болсо Атамбаев аны пайдаланып кеткенин айтып берген. Угуп. көрүп. жакаңды кармайсың! Себеби, Атамбаев алты жыл адал акча таап, өзү бутунан туруп, байыганын мактанып келбеди беле… Кантип байыганын төмөндөгү видеодон көрүңүз!

Видеодо аты аталган Субихи Пархати боюнча буга чейин, тагырагы, 27-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат берген. Анда ал 28 жашта экенин, Кара-Балта шаарында туулуп, Үрүмчүдө таятасынын колунда чоңойгонун, улуту казак, жарандыгы кыргызстандык экенин айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Курулуштагы паракорчулук: эмнеге аарынын уюгуна тийишпейт?

Кыргызстанда жыл сайын 650 миң метр кв. турак жай ишке киргизилет. 2018-жылы ИДП (ички дүң продуктунун) структурасында курулуштун үлүшү 8,8%ды түзгөн. 2014-жылдан бери 1,4%га өскөн. Демек, курулуш бизнеси жакшы киреше алып келет, аны менен бирге ичинде коррупциянын жогорку деңгээли бугуп жатканы негедир айтылбай келет.

Бул жерде – бизнес тынчтыкты жакшы көрөт – деген экономикалык мыйзам өкүм сүрөт. Ошондуктан аткаминерлердин акча алганы, тоскоолдуктарды жаратканы жөнүндө эч ким ачык айтып чыкпайт. Эки тарап тең ыраазы: аткаминерлер конверттерин алышат, ал эми курулушчулар өз долбоорлорун жүзөгө ашырышат. Бул тууралуу жана курулуш бизнесиндеги башка көйгөйлөр жөнүндө Мамлекеттик курулуштун мурдагы кызматкери айтып берди. Албетте, ысымын ачыкка чыгарбады.

Генплан

Анын айтымында, курулуш тармагындагы эң алгачкы тосмо – бул тээ Союз учурунан бери келе жаткан шаардын курулуш документациясы.

“Советтик мезгилде шаарлар Генплан менен курула турган. Анда бардыгы каралчу: өнөр жай зонасынан эл жашаган кварталдарга чейин. Азыр план боюнча бала бакча салынышы керек болсо, курулушчулар көп кабаттуу үй курганга уруксатты сатып алышат. Ушул жерден “маселе” жаралат. Анын үстүнө Генпланда калктын санына чейин каралган. Башкалаабыздагы калктын саны көбөйгөн сайын тыгындар пайда болду. Кууш жолдор ал үчүн күнөөлү эмес.

Архитекторлор Генплан азыркы Бишкектин жүзүн өзгөртөт деп ишенишет. Бирок базар мамилесинде аны жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес. Муниципалдык бийлик кантип жер ээсин муну саласың, сыртын мындай кыласың деп мажбурлай алат? Бул башмыйзамды бузганга жатып калат – жеке укукка кол салуу!

Биздин шаарды тоодон келген шамал желдеп тургандай кылып курулган. Бирок өзүнчө курулуштар менен муну бузуп салганбыз. Ошондон улам шаарды түтүн каптап, уулуу туман басып жатат. Советтик доордун курулуш принциптерин карманса болот дечи. Бирок ал үчүн шаардын деталдуу, майда-чүйдөсүнөн бери камтыган план керек болот. Анын иштеп чыгуу абдан көп каражат турат. Ошондуктан бизде деталдуу пландоо бекиген эмес. Ал документ жок болгон соң, мыйзамга ылайык, Бишкекте курулуш кылууга дегеле болбойт. Мунун бардыгына көз жумулуп жатпайбы, кантсе да курулуш компаниялардан киреше кирип, бүджет толуп жатат”, – дейт маектешибиз.

Ким пара сурайт?

Анда эмесе, курулуш башталды дейли. Курулуш жүргөн жерди коммуникацияларга кошууга туура келет. Кээде бир нече квартал алыстагы короолорго кошкон учурлар да бар. Муниципалдык бийлик үй ээлеринин кошуну (ТСЖ) менен маселе чечкенге жардам бербейт.

Долбоордун курулуш планы болот, ага кайсынысы кайда экени көрсөтүлөт. Машинелер кайдан киргенин  Бишкектин жол эрежелер башкармалыгы менен макулдашың керек, алар справканы 20 күн кармайт. Эгерде долбоор өкмөттүк жолдорго чукул жерде болуп калса, анда аны УКМКнын 9-бөлүмү менен макулдашасың.

Курулушчулардан өз үлүшүн атүгүл аскердик прокуратура да алат, анткени алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине басым көрсөтө алат. Өрт коопсуздугун да алар менен чечесиң.

Айтор, курулуш бизнесине бардыгы эле сүлүк курттай жабышып алган. Атүгүл милиция кызматкерлери барып, курулушчулардын катталган даректерин текшеришет. Курулуш – бардыгынын кызыкчылыгын камтыган тармак. Коррупционерге да пайда, курулушчуга да пайда, жапа чеккен тарап – бул батир сатып алуучулар.

Көп батирлүү үйдүн долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн 80 документти макулдашуу керек. Алардын баасы – 100 миң доллар болот. Бул батир баасына кошулуп, аны сатып алгандар төлөйт. Кээде документтердин бардыгын өз ордунда болсо да, кээ бир аткаминерлер өз конвертин алуу үчүн жөн эле кол коюу процессин токтотуп коюшат. Уруксат кагаздарын алуу тартиби 2011-жылдан бери жаңылана элек. А жылына бир жолу жаңыланып турушу керек болчу. Мамкурулушта бардык тараптар менен иштешкен бөлүм бар. Ал бөлүмдө үч эле киши иштейт, анан кайсыл сапаттуу жумуш жөнүндө сөз болсун? Ошондуктан Башкы архитектурага бир чоң келип алып, ар кандай коррупциялык схемаларды түзүп жатат деген болбогон кеп. Ал жакта бир нерсе ойлоп таап да кереги жок, бүтүндөй система өзү коррупциялашкан. Курулушчулар бул көйгөйдү эмнеге ачык айтып чыгышпайт? Анткени өз долбоорун жүзөгө ашыра албай калат. Андан көрө чиновниктерге берип кутулган жакшы. Системанын өзүндө реформа жүрмөйүнчө, уруксат кагаздарын алуу тартипке салынмайынча, чиновниктерге конверттерди жөнөкөй сатып алуучулар төлөй бергени төлөй берген” – дейт мурдагы Мамкурулуш кызматкери.

KyrgyzToday.kg кыргызчылады

Булак: akchabar.kg

 

“Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары” ишканасы 9 млн сом коротуп, эч нерсе кылбады

2019-жылдын январынын соңунда башкалаабыздын мэриясында жаңы структура – “Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары” муниципалдык ишканасы түзүлгөн. Мэрия бул долбоор шаардагы чукул көйгөйлөрдү  чечет: шаардын борборун бошотуп, автотыгындарды азайтат деп убада кылган.

Чындыгында абал мышык ыйлачудай, ал эми ишкана 9 млн сомду коротуп койду. Эмне себептен шаардык каражаты таасирдүү пайдаланбай калган? Жооп издеп көрөлү.

Үзүлгөн үмүт, чылкый чындык

Ишкананын пландары асман чапчып жаткан. Төлөнмө автоунаа токтотуучу жайлардан жылына 80 млн сомдон 100 млн сомго чейин түшүп турат дешкен. Андан түшкөн каражатка башкалаанын инфракструктурасын өнүктүрүүгө кетип, ошондой эле шаардык транспорт сатылып алынмак

Ишкананын мурдагы директору Дамирбек Жумашев автоунаа токтотуучу жайларга заманбап видеокөзөмөлдөр жана акы алуу аппараттары орнотулат деген эле. “Паркоматтар, тийиштүү белгилер, чийиндер, камералар орнотулат. Биз жаңы технологияларды пайдаланышыбыз керек. Ошонун эсебинен борборду бир аз тыгындан бошоткондой болобуз”, – деген Жумашев.

А чындыгында бардыгы башкача болуп калды. Акы төлөнө турган автоунаа токтотуучу жайлардын даректерин ишканадан сурадык. Ишкананын жаңы жайлары жок болуп чыкты – балансында шаардын ар кайсыл жеринде 15 авто токтотуучу жайы бар экен. Ошондой жооп кат алдык.

Ал катта көрсөтүлгөн даректерди кыдырып, 12 жайды гана таба алдык. Суткасына 20-30 сом алынат экен. Кайдагы заманбап технологиялар? Эптеп ар деме менен курчап койгон жайлар. З жайы таптакыр эле жок болуп чыкты.

Белгилүү болгондой, ишкана жеке компаниялар жана жеке ишкерлер менен келишим түзүп, муниципалдык жерлерди ижарага гана берип койгон. Алар ошол ижара акысын гана которушат экен.

Эмнеге абал өзгөрбөдү?

Кептин баары ал автоунаа токтотуучу жайлар бул ишкана түзүлгөнгө чейин эле бар болчу. Ошол бойдон эч нерсе өзгөргөн жок. Анан мэрия эмне максат менен жаңы структура түзгүсү келген – түшүнүксүз.

Дагы кызыктай факт, ишкананын 10 айлык ишмердүүлүгүндө 3 директор алмашкан. Башында Дамирбек Думашев дайындалса, июнда аны Улан Жолдошев алмаштырган, сентябрда Ислам Момоконов жаңы директор болуп олтурат. Мурда ал муниципалдык мүлк башкармалыгынын ижара бөлүмүн башкарган.

Биз “Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары” ишканасынын кирешесине кызыгып кайрылсак, алар маалымат берүүдөн баш тартып коюшту. Мындай мамилесин түшүнө албадык. Биринчи катыбызга ошол замат жооп беришкен эле.

Чыгымдуу ишканабы?

Көптөгөн автоунаа токтотуучу жайлардын кызматкерлери күнүмдүк киреше майда-чүйдө чыгымдарга жана ижарага эптеп жетерин айтышты. Кээ  бирлеринин келишим мөөнөтү бүтүп, ишкана жаңы келишим түзүүдөн баш тартып, өздөрүнүн кароолчуларын айына 7 миң сом айлык менен коюшат экен.

Муниципалдык менчик, жер маселеси, курулуш жана архитектура боюнча комиссиянын жыйынында ишкана тогуз айдын аралыгында 850 миң сом тапканы айтылган.

Ижарага алгандардын айтымында, күнүгө ишкананын эсебине 400 сомдон которуп турушат экен. Эми эсептеп көрөлү.  15 жайдын 12син тапкан элек. Мейли ал табылбаган үчөөнү да бар деп коелу, ошондо айына 15 жайдан айына 180 миң сом түшөт. Анда жылына 2,1 млн сом болушу кажет. Бирок бул акча да шаар бүджетинен бөлүнгөн 9 млн 860 миң сом субсидияны жаба албайт.

Демек, бөлүнгөн акчалар жөн эле шамалга чачылган. Биринчиден, ишкана 9 айдын ичинде токтотуучу жайларда эч кандай иш кылган эмес. Экинчиден, түшкөн каражат киреше алып келбеди. Үчүнчүдөн, бүджет каржаттары туура пайдаланбады, ишкана өзүн-өзү актабай калды.

Ишкана болгону 15 автоунаа токтотуучу жайлардан алынган төлөмдөргө ортомчу гана болуп алган, андай болсо, мурда – бул ишкана жокто – ижара акылары кандайча чогултулуп келген?

Аталган жыйында вице-мэр Азиз Алымкулов мамлекет менен жеке өнөктөштөрдүн биргелешкен долбоору болмоюнча, бул жүзөгө ашпай тургандыгын белгиледи. “Ишкана нөлдөн түзүлгөн. Чыгым айлыкка гана кетет. Бирок августтан бери кызматкерлер айлык да албай келишет”, – деди ал.

Анда мэрия эмнеге ойлонбой туруп бул долбоорду баштап алган? Башында баарын кыйратабыз деген убадаларына эмне болду? Ал эми башкалаабыз автоунаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги менен тыгындардын айынан азап чегип келет.

KyrgyzToday.kg кыргызчалады

Булак: bars.media

Ататүрк паркынын түштүк бөлүгү чиновниктер менен алардын үй-бүлөлөрүнө тиешелүү

Бишкектеги Ататүрк паркындагы жер тилкелерге салынган үйлөр менен объектилерден тышкары, түштүк бөлүгүндөгү бош жерлер да жеке менчикке өтүп кеткен. Масалиев көчөсү тарабындагы (Түштүк магистраль) жеке менчик жерлер мамчиновниктерге, саясатчыларга, белгисиз тараптарга тиешелүү, жалпы жонунан 57 жер тилке. 2007-жылы Ататүрк паркынын айланасында чоң чуу чыгып, бирок менчик ээлеринин ысымдары аталган эмес.

Бул жерлер боюнча териштирүүлөр көп жылдардан бери болуп келет. Республикалык маанидеги өзгөчө кайтарылган объектиден жер алгандар жөнүндө канча айтылды, канчалаган макалалар жарык көрдү?

ММКлардын изилдөөлөрү жана Каттоо мамкызматы менен мэриянын расмий маалыматтарына ылайык, бул жер тилкелер 2000-жылдан 2006-жылга чейин берилген. Алгачкы үйлөр Малдыбаев көчөсүнүн жээгинде пайда боло баштаган. Кийин Токталиев көчөсүндө кабаттуу үйлөр курулган, бирөөсү – парктын чок ортосунда.

15 жылдын аралыгында парктын аянты эки эсе кыскарган. Бул өзгөрүүлөр 2005-2019-жылдар аралыгында болуп жатат.

Мэриянын маалыматына ылайык, акыркы жер тилкеси жеке менчикке 2006-жылы берилген. Кийин жерлер улам башка кишиге сатылып жүрүп олтурган.

Биз парктын түштүк бөлүгүнөн бөлүнгөн 57 жер тилкеси жөнүндө маалымат таба алдык. Буларды Октябрь райондук администрациясы бөлүп берген. Мэрия аларды азырынча расмий тастыктаган эмес.

2006-жылдын 3-ноябрындагы №412 токтом бар. Бизди дал ушул жер тилкеси кызыктырды. Токтомду агездеги Бишкек мэри Арстанбек Ногоев жана Октябрь районунун акими Жумабек Исаев бекиткен. Бул жерди мэрия шаарга кайтарууга аракет кылган иш кагазында минтип жазылган:

“Токтомго акимдин орун басары Кайрат Борбуков кол койгон, бирок анын укук жок болчу, райондун акими менен биринчи орун басары өз кызмат ордунда болушкан, Борбуковго андай милдет беришкен эмес. Башкача айтканда, укугу жок тарап кол койгон”.

Андай болсо, 2006-жылы 57 жер тилкеге ким ээлик кылып олтурат? Тизмектей кетели:

Суранчиев Суюнчбек Абдыкасымович ( 2009-жылдан баштап ушул эле жер тилкеси Алишер Махмудович Искаковго таандык – “Түндүк Курулуш” ЖЧКсынын директору. Мурда “Хеопс” ЖЧКсынын (ишмердүүлүгүн токтоткон) ээси болгон. 2018-жылы баягы Караколдогу чатырын шамал жулуп кеткен мектепти курган компания);

Абдукадыров Рустам Эркинович – Business Partnerдин ( коммерциялык ишмердүүлүк менен башкаруу маселелери боюнча консалтинг) ээси жана директору, “Эмгек резерви” спорт клубунун директору, “МКС” ЖЧКсынын кош ээси (дүң соода кылат), “Effect show” уюмдун директору (театралдык жана концерттик залдар боюнча ишмердүүлүк);

Каимов Нурбек Узгенович – 2018-жылы Свердлов районунун прокурорунун орун басары болгон;

Болотбеков Бейшенбек – Талас облусунун мурдагы губернатору;

Бокоев Жаныбек Абдраевич – 2014-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридикалык институтунун директору болуп эмгектенген, ю.и.к., профессор. 2017-жылдан тарта – ошол эле университеттин юридикалык факультетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;

Эшимбеков Эркин Эшимбекович – Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген энергетиги;

Абакунов Эрмек Акылбекович – “ИНТЕРГЛАССтын” жетекчиси, 2010-жылы “СССР” саясый партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон;

Тагаев Рашид Бакирович – ЖКнын IV чакырылышындагы депутат;

Абжалиев Алиярбек – ЖК депутаты;

Тагаев Айтибай Султанович – ЖКнын III, IV чакырылышындагы депутат. Спикер 2008-2009-жылдардагы парламент спикери. 2010-жылдын апрелине чейин Баткен облусунун губернатору болгон;

Нышанов Сайдилла Канболотович – ЖКнын депутаты

Турсунбаев Азизбек Атакозуевич – ЖКнын депутаты

Бурканов Арзыбек Орозматович – ЖКнын III чакырылышындагы депутат. Баткен облусунун губернаторуи (2011-2012). 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынын төрага орун басары болуп шайланган;

Марипов Асамидин – ЖКнын экс-депутаты, Ноокат раойндук оорукананын башкы врачы;

Жороев Канатбек Сангимаматович – Спорт мамагенттигинде классикалык күрөш боюнча спорт чебери катары катталган. “Сосновая роща” ЖЧКсынын кош ээси (Чолпон-Ата шаарында катталган);

Гаипкулов Искандер Торобаевич – ЖКнын III жана VI чакырылышындагы депутат. Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы;

Худайбергенова Бермет Мерлисовна – Кыргызстандын эл аралык университетинин экс-ректору;

Ырсалиев Жакыпбек Самарбекович – бир тууганы биргеликте “Умар-Тренинг” АБсына кош ээлик кылат. “ЭМАРА” ЖЧК курулуш компаниясынын кош ээси. Эки мекемеде тең Ырсалиевдин өнөктөштөрү араб өлкөлөрүндөгү чет элдиктер. Анын бир тууганы Ырсалиев Жамалбек Самарбекович Бишкек шаардык кеңешине “Жаңы Доор” партиясынан талапкерлигин койгон, бирок өтпөй калган;

Рыскулов Мирлан Абдулазизович – “Mont Blanc”, “МИЛАН KГ” компаниялардын кош ээси, 2016-жылдагы шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын мүчөсү болгон;

Камчыбеков Кудайберген Мамбеталиевич – 2012-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка талапкер болгон;

Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна – экс-вице-премьер-министр;

Исаев Карим Маматович – “таза коом” саясый партиясынын финансы маселеелри боюнча мүчө болгон. Анын уулу Тилектеш Исаев VI чакырылштагы КСДП фракциясынан депутат. 2017-жылы мандатын өткөрүп берип койгон.

Саралинов Мурат Насарбекович – мамлекеттик жана коомдук ишмер, КРнын Улуттук олимпиадалык комитетинин мурдагы президенти. Каза болуп калган;

Кабылов Сагынбек Төрөбекович – акушер-гинеколог, “ТриА-Мед” москвалык клиниканын генералдык директору;

Маматаипова Айзада; Акматбеков Сулкарнай; Жумабеков Теңизбай Төлөмүшевич; Акманова Гүлсара Керималиевна; Кадырдин уулу Ташали; Кыргызбаева Бактыгүл Асанакуновна; Осмоналиева Шамсинур; Бокоев Исак Мукамжанович; Аджиев Улан Темирбекович; Абдыралиев Түлөберди; Жумакеев Сыдык; Омаралиев Нурланбек Эргашевич; Соорбеков Куван Оморбекович; Мамакеева Гүлзат Бейшенбаевна; Байсеркеев Жакшылык Муратбекович; Асанакунова Мира Докдурбековна; Ахматбеков Болот Базылбекович; Чолоева Асель Нурлановна; Байсалова Назгүл Акылбековна; Ибраева Махабат Дүйшөковна; Эсенова Рахат Акимовна; Асанкадыр кызы Нуриза; Базаралиева Самара Керималиевна; Осмоналиев Мурат; Акматов Самат Арыстанович; Жакыпова Гүлнура Мустафаевна; Сатиев Фархад Ашымканович;

Мурзаева Тургуниса жер тилкесин 2011-жыдын 3-ноябрында сатып алган.

Калган жер ээлери менчикке мурда же 2006-жылдан кийин алышкан. Ошондуктан 5 жер тилкесин алгандарды тактоо мүмкүн болбоду.

Жер ресурстары боюнча мамагенттик азыр бул 57 жер тилкеси кимге катталганы жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартты. Бул маселе азыр жакында эле түзүлгөн КР өкмөтү алдындагы жер ресурстары боюнча мамагенттикте деп коюшту.

Ал жактан сурасак, жооп иретинде жер ээлерине, сот жана укук коргоо органдарына, салык органдарына гана берилерин айтышып, жергиликтүү каттто органына кайрылууну сунуш кылышты.

Демек, ал Бишкек мамкаттоо кызматы, ал болсо жанагыл Өкмөт алдындагы агенттикке карайт. Кыскасы, айлампага салып коюшкандай.

Ал 57 жер тилкесинде эмнелер болушу керек эле? Ататүрк паркынын түштүк бөлүгүнө Эгемен күнү расмий ачылган “Ынтымак” паркынын уландысы салынышы керек. Бишкек башкы архитектура долбоорун даярдап коюптур. Ошентип парк Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейин созулмак., бирок ал жерде сатылып кеткен 57 жер тилкеси жатат. Жөн эле бош жатат, бирок ар бир квадрат метринин өз кожоюну бар.

Ататүрк паркында канда жер тилкесине курулуш түшкөнү белгисиз, 57 жердин 47 бош, үч үй салынган, калганына дубал тургузулуп, пайдубалдар куюлган.

Эки жума мурун жер пайдалануу жана курулуш куруу башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз курулган 40 сотка жерлерди тазалашты. Уруксаты жок үйлөрдү бузуп, дубал-коргондорду уратып дегендей.

Бирок сатылып кеткен жерлерди эч ким мэрияга кайтара албайт. Мэрия жер тилкелерин кайтаруу үчүн кантип күрөшкөн?

Ошол салынган үйлөрдүн биринин кожоюну менен сүйлөшүп көрдүк. Ал биринчилерден болуп эки кабат үй салган экен. Жерди 2006-жылга чейин сатып алыптыр. 15 жылдан бери ага эч ким доо коюп келген эмес, эч ким сотко да чакырбаган.

“Алардын эч кандай укугу жок. Менде бардыгы мыйзамдуу, курулушка уруксат алгам, үй салып койгом. Анан аны кантип талашат эле? Мэрия өзү электр менен газ өткөрүп берген. Борбордук жыллулуук түйүнүнө кошконун күтүп жатабыз, газ кымбат түшөт экен”, – дейт ал.

Ар бир жер тилкенин ээсинин колунда мамекеттик акт (кызыл китеп) бар, ошондуктан сот аркылуу ээлигин талашууга мүмкүн эмес.

Октябрь райондук администрациясы бир нече ирет сотко кайрылган экен, Бирок иш Жогорку Сотко жетери менен жер ээлеринин пайдасына чечилген. Мэрияга каршы арызды Андарбекова З., Алтымышова К., Мамбетомурова В., Мурзалымбеков Т., Тентиева Ч., Акматов М., Абдыраимов М., Алымбаев Н., Ниязов Т.Д., Асанакунов А., Мокушев Т. Аттуу жарандар жазган. Алардын бири Сатарова Айнура Мелисовна өзү Биринчи май районунун соту.

Жер тилке ээлеринин пайдасына чечкен соттор:

Азыр мэрияда бир эле мүмкүнчүлүк бар. Жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Октябрь райадминистрациясынын токтомун жокко чыгаруу боюнча кайрадан сотко кайрылууга туура келет. Доону эми “Шаардык парктар” муниципалдык ишканасы берүүгө тийиш. Ушул ишкана гана инвентаризация өткөрүп, өзүнө тишелүү жерлерди ала алмакчы. Анын үстүнө жаңы кодекстерди күчүнө кириши менен мөөнөтү өтүп кеткен деген шылтоо жокко чыгарылган.

KyrgyzToday.kg тарабынан кыргызчаланды

Булак: kaktus.media

Паспорт кризиси кайталанбашы үчүн аракетти бүгүн көрүш керек

Өткөн санда кабарлаганыбыздай, азыркы учурда Кыргызстан паспорт боюнча оор кризистин коркунучунда турат. Анткени, күзүндө өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында жеңилип калганына нааразы фирмалар чырлашууда. Бул боюнча бир канча комиссия текшерүү жүргүзүп, баардыгы “Гарсу Пасаулис” компаниясына келишим ыйгарылганын туура деп табышкан. Тилекке каршы, жеңишке жеткен литвалык компанияга жеңилген тараптын адамдары каршы туура эмес маалымат гана таркатпастан, атайын кызматты да жеке кызыкчылыкка пайдаланып, мамлекетке чоң зыян келтиргени турушат. “Гарсу Пасаулис” фирмасынын жетекчилиги азыркы учурда анын дарегине жалган маалымат таркаткандарды бизнес репутациясына шек келтиргени үчүн ири сумма доолап сот арыздарын даярдап жатыптыр. Көрсө, тендерде жеңилип калган немис фирмасынын өкүлү өткөндө “Гарсу” компаниясында иштептир. Тендер жыйынтыгы “Гарсу” фирмасынын пайдасына чечилгенде, ал жигит эбегейсиз он миллиондогон сомду талап кылып, болбосо баардык массалык маалымат каражаттарына кайрылып, каралап, тендерди бузганга жетишээрин билдириптир. Мындай аракет кылмыш жаза кодексинде “вымогательство” жана “шантаж” деп аталып, өзүнчө берене менен жаза каралганын ал балакай билбептир. Бирок, доолаган акчасын ала албаганда, ишин аткарып, ар кандай прессаларга калп ушактарды таркатып, атайын кызматка дагы жалган экенин билип турса дагы ушакты чын кылып көрсөтүп, калп айтыптыр. Койгон максаты кандай гана жол менен болбосун “Гарсу Пасаулис” фирмасына зыян келтирүү менен өч алуу экен да. Муну биздин атайын кызматтар билип турса дагы, ушул жигиттин сөзүн туура деп айтып аткандары түшүнүксүз. Анткени, эртең сотто бир дагы факт тастыкталбашы айдан ачык болуп турат.

Баса белгилеп кетчү бир жагдай, баардык жерде чала маалымат алган сынчылар эмне үчүн 686 млн сом сунушун тапшырган “Mühlbauer” фирмасына утуш ыйгарылбай, 940 млн сом сураган “Garsu Pasaulis” фирмасына келишим берилди деп айтышууда. “Мюльбауэр” ал акчанын баардыгын алдын ала талап кылганын биз жазып чыкканбыз. Андай каражат бюджетте жок. Бирок мындан тышкары, бизге түшкөн маалыматтар боюнча бул каражатты “Мюльбауэр” фирмасы евро менен эсептеген. Контракт мөөнөтүндө сом менен евронун ортосунда курс өзгөрүп кетсе, алар келишимде көрсөтүлгөн суммадан керек болсо эки эсе кымбат талап кылышары мүмкүн экенин эч ким азыркы учурда эске албай жатпайбы. Бул өкүндүрө турчу маселе.Ошондуктан, бул кырдаал ырбап кеткиче Өкмөт жетекчилиги чукул арада кийлигишүүсү мезгилиндин талабы болуп турат. “Garsu Pasaulis” фирмасы соттон утуп алса, өлкөбүздүн эл аралык кадыр-баркына доо кетерин эч ким ойлогон жок. Кеч боло электе бул кырдаалга чекит коюш керек. Биз чет элдик фирманы жактаганыбыз жок, Кыргызстан мыйзамды сыйлаган өлкө болуп таанылышын гана каалап жатабыз. Иштешебиз деп келген чет элдик фирмаларды баса кала берсек, эртең бизге ким келет деги?

Булак: «Жаңы Ордо»

“Кыргызстанды” талкалаган, адамдарды алдап акчасыз калтырган Маймендеевага чара көрүлөбү?

Ысык-Атанын кызы, Маймендеева Венера Сагынтаевна деген бар. Жогорку билимдүү, мединститутту бүтүргөн. Медицина илимдеринин кандидаты! Акыркы иш кызматы — ​30.12.2013-жылдан 28.11.2017-жылга чейин Кыргызстан профсоюздар Федерациясына (мындан ары — ​КПФ) караштуу «Кыргызстан» санаторийинин директору болуп турган. Анын өмүр-таржымалын саймедиреген, чубалжыган кириш сөздүн кереги жоктур! Ток этээри, «отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн» неме. Биздин каарман алдамчылыктын “академиги” десек да болот.

Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн бул айым 2005-жылдын мартында Свердлов райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 169-статьясы боюнча (өзгөчө ири өлчөмдө уурдап-жок кылуу) соттолгон. Неге дегенде, ал жакын туугандарынын бирине Англияга оп-оңой виза ачтырып бермекчи болуп алдап, 7000 АКШ долларын алып кеткен.

Күтүп-күтүп, акырында алданганын билген тууганы акчаны кайтарып берүүсүн талап кыла баштаганда, “Сен ким элең, кайдан көрүштүк эле” дегенсип, Венера айым каратып туруп таанып кетет. Айласы кеткен жабырлануучу тууганы арыз менен милицияга кайрылганда, кылмышы далилденип, кылтакка илинет.

Алдамчылык талантынын запкысын көп тарткан доктор Венера жеке адамдарды алдоо ары келечексиз, ары майда бизнес экендигин түшүнгөнбү, айтоор, модага айланган казынага кол салуу багытына да кызыга баштайт. 2013-жылы Кыргызстан профсоюздар федерациясы “Кыргызстан” санаторийинин директорлугуна конкурс жарыялагандыктан, Венера айым өз аты-жөнүндөгү айрым тамгаларды өзгөртө салып, тагыраагы соттолгондугун жашыруу максатында атасынын атын «Сагинтайга» өзгөртүп, КПФнын Конкурстук комиссиясына документтерин тапшырып, «Кыргызстан» санаторийинин директорлугуна дайындалган. Айлакерден амал качып кутулбайт деген ушул да…

Аталган санаторийге мүдүрлүк кылган 4 жыл ичинде Маймендееванын үстүнөн түшкөн жабырлануучулардын арыздарынын негизинде текшерүү басат да, жегичтик кылмыштары ашкерелене баштайт.

2018-жылдын декабрында Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (тилди сындырып албоо үчүн мындан ары “финпол” деп атап койсок ыңгайлуу болчудай) тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн токтомунун негизинде “СТ Аудит-консалт” ЖЧКсынын курамына 4 аудитор кирген топ тарабынан текшерүүчүлөр Венера айымдын көп былыктарын четинен казып чыгат.

Мисалы, КПФынын токтому менен 2015-жылдын январында бекитилген баага ылайык 1 путёвканын баасы 20 миң 400 сом болсо, Венера сулуунун 1-а сандуу буйругу менен 24000 сомдон 29000 сомго жогорулатылып, аталган мыйзамсыз буйруктун 2-п. менен санаторийдин администраторуна путёвкаларды жогорудагы баалар боюнча гана сатуу милдеттендирилип, аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө башбухгалтердин милдетин аткаруучу Э. Чоновага жүктөлөт.

Аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө 2015-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 1-сентябрына чейин эс алуучулардан 599 740 сом акча мыйзамсыз алынгандыгы — ​санаторийдин жетекчиси В. Маймендеева тарабынан кызматтык укугунан аша чаап кеткендиги ашкереленген. Бул жерде доктор Венера жогорудагы ири өлчөмдөгү сумманы өзү жетектеген мекеменин гана кызыкчылыгы үчүн камсыз кылган бекен деген суроо туулбай койбойт.

Аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө “Кыргызстан” санаторийинин аймагындагы 80 сотых жерди сатып алган адамдын өкүлү болуп эсептелген А. Калыковадан арыз түшкөн. Неге дегенде А. Абдижапарова деген жаран жогорудагы өлчөмдөгү жер тилкесин аукцион аркылуу 2 миллион 400 миң сомго сатып алган. Ага карабастан, санаторийдин ошол кездеги мүдүрү В. С. Маймендеева жер тилкесинин зарыл болгон документтерин учурунда даярдап берүүнүн ордуна, бардык иштерди чаташтырып, анысы аз келгенсип, бул ишти бүткөрүүнү атайылап создуктуруп жүрүп отурган. Майиендееванын анык жүзү ушул жерди сатууда анык көрүнөт.

Санаторийден алынган документтерге караганда, Кыргызстандын ФПК Кеңеши (мындан ары ФПРК) өзүнүн 2012-жылдын 19-мартындагы токтому (№ 151) менен аталган мекеменин аймагындагы 80 сотых жер тилкесин сатуу чечимин кабыл алган. 2014-жылдын 7-августунда өткөрүлгөн аукциондо А. А. Абдижапарова сатып алуучу деп табылгандыгына карабастан, 5 жылдан бери аталган жерди ала албай, В. Маймендеева документтерди атайын бурмалап, туура эмес даярдагандыгынын айынан азап тартып келүүдө.

Текшерүү учурунда аудиторлордун колуна түшкөн документтер боюнча, жогоруда аталган 80 сотых жер кыймылсыз мүлктүн өзүнчө бирдиги катарында документтештирилген эмес. “Кыргызстан” санаторийинин ошол кездеги директору В. Маймендеева УККТынын начальниги Ч. А. Токобаеванын 2014-жылдын 3-июлундагы 68-көрсөтмөсү бар экендигине карабастан, аукцион аркылуу сатууга коюлуп жаткан 80 сотых жер тилкеси деп аталган кыймылсыз мүлктүн тийиштүү документтерин атайылап даярдаган эмес.

Аукцион өткөрүүнүн алдынан А. Абдижапарова менен В. Маймендееванын ортосунда болгон оозеки келишим боюнча сатыкка Аламүдүн районундагы Малиновка айлындагы бак-дарактуу жана сатып алуучунун үйүнө жанаша турган жер тилкеси коюлууга тийиш эле. “Кыргыз Туусу” гезитине жарыяланган (14.07.2014. № 56) кулактандырууда да сатууга коюлуп жаткан жер тилкеси Малиновка айлында деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле В. Маймендееванын аталган жер тилкесине баа коюп берүү тууралуу “La-Sphere” ЖЧКсына жазган кайрылуусунда болсо, аталган 80 сотых жердин кайда жайгашкандыгы атайылап көрсөтүлгөн эмес.

Жогорудагы баа коюп берчү компания менен санаторий мүдүрү 2014-жылдын 22-апрелинде түзгөн келишимде Малиновкадагы 80 сотых жерди баалоо боюнча эмес, Кашка-Суу айлындагы башка бир баасы төмөн, ыңгайсыз жер тилкесин баалоо боюнча тапшырма берилет. Анын үстүнө Кашка-Суу айылындагы 80 сотых жер тилкесинде эч кандай бак-дарак жок болуп чыгат. Бетон тосмолор менен курчалган ал жерде аймактагы 3 айыл жана бул аймактагы дачалар менен санаторийди ичер суу менен камсыз кыла турган, сатууга мүмкүн болбой турган суу кампасы жайгашкан. Мунун өзү баалана турган объект В. Маймендеева жана ал ишенген табакташтары тарабынан атайылап алмаштырылып коюлгандыгын ырастайт.

Анын үстүнө гезитке жарыяланган кулактандырууда сатыкка коюлчу жер кардарды алдоо үчүн көп кабаттуу үй салууга боло турган жер деп көрсөтүлгөн. Демек, сатып алуучуну Венера сулуу атайылап алдаган. Анын үстүнө мекеменин директору жогорудагы ЖЧК тарабынан баасы коюлган 80 сотых жер тилкесине сатып алуучу ал жерге көп квартиралуу үй салууга болбостугун атайылап көрсөтпөгөн.

Азыркы учурда А. А. Абдижапарованын колунда жогорудагы жер тилкесине ээлик кылууга укук берүүчү эч кандай документ жок. Жер тилкеси өлчөнүп, ажыратылып, казык кагылып, сатып алуучуга берилген эмес. Ошону менен бирге алданган кардар аялга Венера сулуунун айынан ал кассага төккөн 2 миллион 400 миң сом акчасы кайтарылып берилбеген. Ал акчанын кайда сарпталгандыгы тууралуу түрдүү сөздөр ушул күнгө чейин басылбай келет…

Ал аз келгенсип, санаторий жайгашкан жер медициналык мекеме жайгашкан өзгөчө кайтаруудагы табигый аймак болгондуктан, А. А. Абдижапарова Венера сулууга алданбай, чындап эле келишимде көрсөтүлгөн жер тилкесине ээ болгон күндө да, жогоруда аталган жер тилкесине үй сала алмак эмес.

Буюрбай калган А. А. Абдижапарованын 2 миллион 400 миң өлчөмүндөгү акчасы “Кыргызстан” санаторийинин эсебине түшкөнү менен ФПК Кеңешинин 2014-жылдын 19-мартындагы 51–1 сандуу токтомунун негизинде ал каражат туура максаттагы зарыл болгон иштерге сарпталбастан, Маймендееванын өзүмбилемдиги менен суу түтүктөрүн оңдоого иштетилген. Тактап айтканда, ал каражат суу түтүктөрүн жана суу кампасын оңдоо чыгымдардын эсептеп чыгаруу максатында Мухарлямова деген сметачы немеге кайрылышкандыктан, ал иштин баасы 2 миллион 160 миң 643 сом болуп чыга келген. Ага карабастан, мынчалык чоң чыгымга “Кыргызкурорттуризм” башкармалыгы тарабынан уруксат берилген эмес.

Жогорудагы ири суммадагы акча каражатын талап кылган көлөмдүү ишти аткарууну Венера сулуу адистештирилген курулуш уюму менен келишим түзүүнүн ордуна, кээде ашарчылар тартылса, кээде көчөдө жумуш издегендерди иштетишкен. Бул багытта аткарылган иштердин бирине да акт түзүлүп, кабыл алынбаган.

Суу түтүктөрү боюнча аткарылган иштердин баасы түзүлгөн “отчетторго” караганда 1 миллион 20 миң 100 сомду түзгөн. Инженер-куруучу Т. С. Мамбеталиевдин өлчөп-эсептөөсүнө (сертификат СМ‑1.1 № 025700) караганда жогорудагы суу түтүктөрү тармагын ремонттоого иш жүзүндө 500 миң 119 сом сарпталган. Көбүртүп-жабыртып көрсөтүлгөн суммадагы калган 519 миң 981 сомдун кайда кеткендигине Маймендеева эмне деп жооп бере алат?!

Маймендеева “Кыргызстанды” башкарып турган учурда каржылык документтерде ири өлчөмдөгү акча каражаттары боюнча бурмалоо орун алган. Тактап айтканда, тигил же бул кызматкердин атына кириш же чыгыш кассалык ордерлери толтурулганы менен ал документтер боюнча эч кимден акча алынган да, эч кимге акча берилген да эмес. Мындай мекеменин акча каражаттарын уурдап-тоноого байланышкан көптөгөн теңирден тескери учурлар Венера сулуунун акылман жетекчилиги астында “Кыргызстан” санаторийинде салтка айланып калган. Бул нерселер тууралуу мурдагы башбухгалтер А. Рахманов, башбухгалтердин милдетин аткаруучу Э. Р. Чонова аудиторлорго жазган түшүнүк каттарында көрсөтүшкөн. Ушул кызматкер алды деп документ толтурулуп, иш жүзүндө ал акча ошол кызматкердин колуна тийбеген мисалдар толтура. Мындай болгон эмес деп Маймендеева актана турган болсо, текшерүүчүлөрдүн жазган актысына эмне деп жооп айта алат?

“Кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын начальниги Ч. Токбаеванын жетекчиликке жазган маалымат катында да санаторийдин жетекчиси Маймендееванын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында А. Абдижапаровадан алынган 2 миллион 400 миң сом башаламан жана туура эмес сарпталгандыгы айтылган.

2017.23.06. 137 сандуу чыгыш ордеринин негизинде Э. Кудашевге жер түпкүрүнөн суу тарта турган насостор үчүн кабель алууга деп, 67536 сом берилет. Бирок, текшерүү учурунда ал бул акчаны албагандыгын көрсөткөн. 19.09.2018. Венера Маймендеева санаторийдин бухгалтериясына С. Мамыркановдун жогорудагы 67536 сомго толтурулган авансалык отчетун тапшырат. Ал отчетко караганда С. Мамырканов жеке ишкер А. Кумаров дегенден 293 метр кабель сатып алган имиш. Бул сатып алуу боюнча бухгалтердик документтер “туура” толтурулганы менен, Кумаров кат жүзүндө берген көрсөтмөсүндө 67536 сомду албагандыгын билдирген… Аудиторлордун корутундусуна караганда Венера айымдын акылман жетекчилиги астында жасалган бул авансалык отчет да жасалма. Бул Маймендееванын “Кыргызстан” санаториясында эле жасаган амалдуу аракеттери.

Учурда амалдуу Венеранын торуна илинип, акчасын алдаткан Садыбакунова, Экеев, Васильева деген жарандар айлакер айымдын үстүнөн Башкы прокуратурага арыз тапшырышыптыр. Буга чейин ири суммадагы акча каражаттарын мойсоого байланышкан Маймендееванын кылмыштарына финполициянын “раиси” Таиров же тергөөчүлөрү жетишерлик көңүл бурбаганы да таң калыштуу.

Маймендеева адамдарды бал тилге салып ишендиргенде, СДПК саясий партиясынын активдүү мүчөсү экендигин, президенттик мөөнөтү бүтө элек кезде эле Атамбаев менен бетме-бет жолугуп сүйлөшүп турганын, КСДПнын Жогорку Кеңештеги депутаттык фракциясынын жетекчиси болгон Чыныбай Турсунбеков, депутат Иса Өмүркуловдор менен шилекейлешкен достук мамиледе болгондугун айтып олтурса адам үмүтү жанбай койбойт да… Туурабы?
Бул макалада Маймендеева тарабынан жасалган чуулгандуу иштердин бир четин гана жарыя кылууну чечтик. Бирок, муну менен сөз бүтпөйт.

Финполдун жетекчилиги биринчи кезекте мамлекеттин, доктор Маймендеевага окшогон амалдууларга алданган адамдардын кызыкчылыгын, укуктарын ойлоого тийиш эле. Мындай кылмыштардын баарына эле кийгилишип же көзөмөлгө ала бергидей президент Сооронбай Жээнбеков бекерчи эмес да!..

Эмне үчүн Таиров жетектеген финполиция Президенттин коррупцияга каршы келишкис күрөш жүргүзүү чакырыгын жакшы “укпай” келатат?!

Номанжан Аркабаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Видео - Эмил Үмөталиев, экс-министр: "2015-жылы Кыргызстан Бажы союзуна кирип жатканда биздин бийлик Россиянын буйруктарын гана аткарып, ага жагынып, биздин кызыкчылыктарды коргой алган эмес"

“2015-жылы Кыргызстан Бажы союзуна кирип жатканда биздин бийлик Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргой алган эмес. Казакстан, Белорусия, Армения өз өлкөлөрүнүн Бажы союзуна кирүү шарттарын жакшылап коргошкон. Ал эми биздин жетекчилер Россияга жагынуу, тышкы күчтөрдүн буйругун аткаруу, анан ал үчүн погон тагына тургансып жанталашып, шашып чуркашкан”, – деп билдирди мурунку Экономика министри Эмил Үмөталиев журналист иликтөөчүлөр Адил Турдукулов менен Булат Сатаркуловго.

 

 

Видео - Журналисттик иликтөө Кыргызстанды Евразиялык биримдикке киргизүү алдында Атамбаев менен Темир Сариев берген убадалардын баары калп болуп чыкканын далилдеди

Бүгүн, 2-декабрда жаш журналисттер Адил Турдукулов менен Булат Сатаркулов Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери 4 жылда эмне тапты жана эмне жоготту деген журналисттик иликтөөсүнүн биринчи бөлүгүн аяктап, коомчулукка тартуулашты. Ал иликтөө “Кыргызстандын автобазары: Бажы биримдигине киргенден кийинки 4 жылда” деп аталат. Анда журналисттер цифралар жана фактылар менен ошол кездеги президент Алмаз Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариевдин Кыргызстан бажы биримдигине кирер алдында берген убадаларынын баары калп болуп чыкканын далилдешкен. Ал эми башкы каарман Темир Сариев асмандап сүйлөп, баягыдай эле актанып олтурат.

Ал эми экс-экономика министри Эмил Үмөталиев экс-экономика министри Темир Сариевдин кабинетинин ал чечимин “Марионеттик өкмөттүн чечими” деп сындады.

Видеотасма орус тилинде:

 

Видео - Экс-президент Аскар Акаевдин кыргыз тойлорунун биринде бийлеп жаткан тасмасы тарады

Бүгүн, 2-декабрда социалдык тармактарда экс-президент Аскар Акаевдин кыргыз тойлорунун биринде бир белгисиз кыргыз келин менен вальс бийлеп жаткан видеотасмасы тарады. Анда Аскар Акаев россиялык “Фристайл” тобунун “Ах, какая женщина!” аттуу ырынын коштоосунда вальс тээп, чимирилип, көңүлү куунак, маанайы шат болуп бийлеп жүргөнүн көрөсүз. Алардын артында да бийлеп чимирилишкен кыргыз жуптарын байкоого болот. Бирок видео качан жана кайсы жерде тартылганы айтылган эмес.

“Росинбанктагы” башаламандык же анын башында кимдер турган? Нурсулуу Ахметованын мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгү

Элибизде “кайсы бирин айтасың” деген сөз айтылат. Ушул сөздү улап, Убактылуу өкмөт Кыргызстандын башына келип бийлей баштагандан берки ишмердүүлүгүн кайсы бирин албайлы дээрлик баары эле пайдасыз, ал эмес зыяндуу болгонун көрөбүз.

Жакында эле Атамбаев, мен бийлик жүргүзүп турганда башталган баардык долбоорлор Кыргызстанга пайдалуу болгон, коомчулук ошону туура түшүнгөнгө деңгээли жетпей эле мени күнөөлөп жатышат, экономикадан сабаты бар киши мындайча эсептейт маанисинде өзүнүн билдирүүсүн таратканы эсибизде…

Апрель окуялары башталаары менен банк уячалары таланып-тонолот, анан эле “Мегаком”, “Залкар” банкы, Кумтөр, Жерүй, “Манас” аба майданындагы АКШынын транзиттик борборун чыгаруу, Бишкек ЖЭБ (ТЭЦ), Улуттук тарых музейиндеги ремонт, Нарын дарыясына жаңы ГЭСтерди куруу, Датка-Кемин, Балыкчы-Корумду, Түндүк-Түштүк авто жолдору сыяктуу иштердин кандай максатта башталып, “төбө чачты тик тургузган” каржы-экономикалык кылмыштар кандай жүргөндүгү эми гана аз-аздан ачылып жатпайбы.

Анда эмесе биз ошол экс-ажобуздун экономика тармагын бийлеп турган көздөй кадры Нурсулуу Ахметова (азыр деле президент аппаратында каржы, экономикалык бөлүмдү жетектеп келет) айымдын мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Нурсулуу айым эл аралык уюмдагы жумушунан 2010-жылы кантип мамлекеттик кызматка келип калгандыгын, “Новые Лица” басылмасына 2015-жылдын 25-майында берген интервьюсунда, апрель окуяларындагы мародерчулукту өз көзү менен көрүп, өмүрүндө биринчи жолу өлкөбүздүн келечегине кабатырланып, корккондугун, анын эртеси 8-апрелде Алмазбек Атамбаев Нурсулуу айымга телефон чалып, иштешүүгө сунуш кылгандыгын, анан жолукканда “Хватит сидеть там, в проектах, кто-то должен работать, поднимать страну” деп шыктандырганын, ошентип мамлекеттик кызматка өткөндүгүн айткан экен.

Атамбаев командасынын Бишкек ТЭЦиндеги жаңылоо, оңдоо иштерине укуктук баа бериле баштаганда Сапар Исаков менен бир катарда биздин каарманыбыздын аты да кытайлык ТВЕА компаниясына байланыштуу документтерден чыгып, уу-дуу сөздөр болгон. Негедир Нурсулуу Ахметованын бул иштер боюнча кийин тиешелүү органдарга жок дегенде күбө катары чакырылып көрсөтмө бербегендиги тушүнүксүз…

Сөзүбүздө кичине чегинүү жасап, Убактылуу өкмөт бийликке келгенден кийин улутташтырган Азияуниверсалбанк (АУБ) жана ушул банктын проблемасыз активдеринин негизинде түзүлгөн “Залкар” банктын кийинкиси жөнүндө уласак…

Ошентип, 2011-жылы жаңыдан түзүлгөн “Залкар” банкына 100% ДЕБРА (Банктарды кайра түзүү жана карыздарды жоюу агентствосу — ​Агентства по реорганизации банков и реструктуризации долгов) кожоюндук кылып калат. Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарын камтыган 36 филиалы бар “Залкар” банк түзүлгөн күндөн тартып чет өлкөлүк тышкы донорлор (инвесторлор) банкты менчиктештирүү (б. а. сатуу) сунуштарын коюшат. Талапка жараша сатуу боюнча иштерди ошол кездеги банктын жалгыз кожоюну катары ДЕБРА жүргүзөт.

Эл аралык адистердин (оценщиктердин) чыгарган тыянагына ылайык “Залкар” банкы 1 миллиард 200 миллион сомго бааланган. Ошол кездеги АКШ долларынын куну орточо 47 сомдун тегерегинде болсо, Банктын баасы 25 миллион АКШ долларына барабар болгон. Өзгөчө тактап койчу жагдай, ​банктын ошол кездеги балансындагы негизги каражаттары (основные средства- же банк мүлктөрүнүн баасы) эле 670 миллион сомго барабар болгон.

Бирок, ар кандай себептерди негиздеп отурушуп, “Залкар” банктын баасын 2013-жылы 293 миллион сомго (б. а. 6 млн 200 мин АКШ доллары) чейин түшүрүп, Россиялык «Инвестторгхолдинг» сатып алат. Ошентип, “Залкар” банк эми россиялык «Росинбанк» болуп аталып калды. Жаңы пайда болгон Орусиянын банкына Кыргыз Республикасы 620 миң доллар же 29 млн 140 миң сом кошуп, 10% дык үлүшкө ээ болот (аталган банктагы — ​10% дык үлүшү үчүн Кыргызстан 5 жылдан бери 50 сом дивиденд алганы да күмөн).

Ошол кезде банктын сатылышын КР Президентинин аппаратынын экономика бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова түздөн-түз көзөмөлдөп турганын баары эле билишчү. Буга далил катары, банкты сатып алган орусиялык «Инвестторгхолдингдин» кожоюну В. В. Гудковду Н. Ахметова бир канча жолу кабыл алып, Президент А. Атамбаевге чейин жолугуштурганын айтсак болот. Н. Ахметова В. Гудковду бардык жерде орусиянын «Эң мыкты банкири» наамынын ээси деп тааныштырып жүрдү. Кыскасы Н. Ахметова «Залкарбанкты» сатуу боюнча чечимдерди кабыл алуу борбору болуп калганы чындык. Н. Ахметова жактап-мактап алып келген В. Гудков, 2017- жылы РФнын расмий органдары тарабынан кылмышкер катары таанылып, Монако княжествосунда качып жүргөн жеринен кармалат. «Инвестторгбанктын» лицензиясы шылуундук иштери (отмывание средств) үчүн РФнын Борбордук банкы тарабынан тартып алынды. В. Гудковго таандык РФдагы облустук маанидеги өтө чоң эмес дагы бир банктын лицензиясы да алынган. Ушундай кылмыштуу иштерге байланышы бар деген доомат менен 2018-жылы КР Финансы полициясы «Росинбанктын» Төрагасынын биринчи орун басары А. Гойхманды камады (Андрей Гойхман — ​В. Гудковдун жээни).

2013-жылдын июнь айынан тартып иштей баштаган “Росинбанктын” 2018-жылдын июнь айында 36 филиалынан 12си гана калды. Кардарларга жакын, ыңгайлуу жайларда жайгашкан бир топ филиалдарынын кеңселерин жаап, имараттарын чекесинен чыркыратып сатты (“Росинбанктын” расмий интернет сайтында дагы 12 филиалынын имараттарын сатуу боюнча жарыя илинип турат).

“Росинбанк” Бишкектин Москва көчөсүндөгү борбордук кеңсесин РСК банка 2 млн. АКШ долларына сатканы тууралуу маалыматтар айтылып келет. Ал эми “Росинбанк” өзү чон акча төлөп, ижарада отурганы түшүнүксүз-шектенүүнү жаратат.

Кыргызстандагы региондордун эң маанилүү проблемасы — ​бул аймактарда банк кызматынын жетишпегендиги. Муну Н. Ахметова беш колдой билет. Бирок, Н. Ахметова колдоп келген “Росинбанк” аймактардагы филиалдарын жаап, имараттарын чекесинен сатып жатканда ал жана Улуттук банк кайда карап отурганы түшүнүксүз.

Жакында эле КР Президенти С. Жээнбеков ишкерлер менен жолукканда аймактарды көтөрүү, аларга каржылык колдоо тууралуу сөз кылган. Ушул жерде суроо туулат Атамбаевдин каржы-экономикалык саясатын жүргүзүп келген Н. Ахметова атайын эле азыркы Президенттин саясатына каршы иштеп жатканыбы? Же ал киши экономиканын мыйзамдарын жана бүгүнкү кырдаалды Атамбаевдин көзү менен гана көрөбү? Президент Жээнбеков банк тармагындагы, жалпы эле каржы-экономикалык жааттагы ушундай кырдаалды билеби же кабары жокпу? Анда кайсы күчкө, кайсы ресурска таянып, региондорду көтөрөбүз деген ураан чакырабыз? “Залкарбанк” сатылганда сырттан келген инвесторго ушундай маселе коюлган эмес беле, же койгонду билген эмеспи же эптеп эле сатып, өз кызыкчылыктарын канааттандырууну көздөшкөнбү?

“Залкар” банктын сатылышынын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын банк системасындагы «Кумтору» жана «ТЭЦи» болду.

“Росинбанк” Кыргызстанга инвестиция алып келбей эле кесепет алып келди. Жергиликтүү ишкерлерге кредит берүүнүн ордуна, атайын эле орусиялык ишкерлерге кайтарымы күмөн болгон кредиттерди бергендей (муну банктын расмий сайтындагы сатууга коюлган орусиялыктардын кредит алүү үчүн койгон күрөөлөрү (залогдор) тастыктоодо — ​себеби, ал жерде күрөөгө коюлган мүлктөрдү сатып, берилген кредиттин суммасын кайтарууга эмес, дегеле сатууга мүмкүн эмес мүлктөр коюлган, м: трассалардан алыстагы кичинекей айылдардагы 3 май куюучу жайлар банктын сайтында сатуу үчүн жарыяланган). 5 жылдан бери чет элдиктерге кредитти бергенде коюлган күрөөлөрдү КР Улуттук банкы көрбөдүбү? Улуттук банктын бул жерде жоопкерчилигин ким аныктайт? (“Росинбанктын” кожоюну баш болуп, жетекчилери четинен камалып жатканын жогоруда жаздык). Инвестиция алып келүүнүн ордуна, болгон акчаны кожоюндары чыгарып кетип жаткандыктан аталган банкта ушундай проблемалар пайда болду. “Росинбанкта” ликвидность деген коэффициент ушунчалык жапайылык менен бузулгандыктан, аргасыздан КР Улуттук банкынан 810 млн сом карыз алды. Демек, Улуттук банк дагы бир проблемалуу банктын пайда болгонун көрүп туруп ушундай иштерге барып жаткандай.

“Росинбанктын “ ушундай алешем ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү айланып келип, жүз миңдеген кыргызстандык аманатчыларга проблема жаратып, экономикабыздын стабилдүүлүгүнө доо кетирип жатат. Мына ушунун баарына, өлкө келечегине 7-апрелдеги мародерлорду көрүп биринчи жолу кооптонгон Ахметова айым, баш болгон Атамбаевдин кадрлары жооп бере турган мезгил келди деп ойлойбуз.

Жаныбек Атамбеков

Булак: “Жаңы ордо

Меню