Menu

Шоу-бизнес

Манижа «Eurovision-2021» сынагынын финалдык бөлүгүнө өттү

Нидерландынын Роттердам шаарында башталган «Eurovision-2021» ыр сынагына Орусиянын атынан катышып жаткан ырчы Манижа сынактын финалдык бөлүгүнө өттү.

Жарым финалда Манижа Russian Woman (“Орус аялы”) аттуу ырды аткарды. Ал сахнага Орусиянын түрдүү аймактарындагы ар улуттагы аялдар жөнөткөн кездемеден тигилген көйнөк кийип чыгып, ырдын ортосунда анысын башка көйнөккө алмаштырды.

Манижа РИА «Новости» агенттигине берген маегинде көйнөк — аялдарга «бошонууга» мүмкүндүк бербей келген көп кылымдык салттардын символу экенин билдирди.

«Eurovision» сынагынын 22-майда өтө турган финалдык бөлүгүнө Орусиядан тышкары Норвегиянын, Израилдин, Азербайжандын, Мальтанын, Литванын, Кипрдин, Швециянын, Бельгиянын жана Украинанын өкүлдөрү да чыгышты.

Манижа — тажик тектүү орусиялык ырчы. Ал «Биринчи канал» уюштурган көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүндө жеңүүчү деп аталгандан кийин интернетте ырчы тууралуу ксенофобиялык билдирүүлөр пайда боло баштаган. Буга байланыштуу Орусиянын Тергөө комитети жек көрүүчүлүктү же душмандыкты козутуунун белгилери бар-жоктугу боюнча ырдын текстин текшергени кабарланган.

Манижа 1991-жылы Тажикстанда туулуп, кийин үй-бүлөсү менен Москвага көчүп кеткен. Ал 12 жашынан баштап музыка менен алектенет. 2020-жылы Орусиянын атынан биринчи жолу БУУнун Качкындар иши боюнча агенттигинин ыктыярдуу элчиси болгон. Мындан тышкары Орусиядагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы өнөктүктөргө катышып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Анжелика, ырчы: "Мага азыр ашын берсе ийилип алып, ташын ыргытса, андан жол курчу болдум"

“Бриллиант шакегине, үйүнө , унаасына мактанган жашоо болуп калыптыр” деп асмандан түшкөнсүп кээ бирлер сөз кылышат. Түздөн-түз көрө албастык. Ийгилике өз кучү менен жеткендер антип айтпайт! Жетпей туруп, сасык дегендер ошондой болот. Шылтоо айтып, “бай күүйөө тааптыр” деп. Ар кимдин табити, жашоосу ар башка! Кээ бирлер жакшы жашоого умтулуп, кыялданып, ден-соолугуна карабай талпынып, жалкоолуктан арылса, кээ бирлер космоско учсам дейт. Анын эмнеси бар?”, – деп жазды ырчы Анжелика Кайратовна Instagram социалдык тармагындагы баракчасына.

“Буйруса, абдан белгилүү болуп, оорусаңар дагы жылмайып иштеп, тобоколдике барып, өзүңөргө күч берип, тытынып иштесеңер – баарын сатып деле аласыңар! Жашоо силердики болот. Бир нерсени түшүнбөй, же бирөөдөн көз каранды болсоңор – ӨСКҮЛӨ! Жаман эле сүйлөп, шылтоо айтып бир орунда турбагыла! Акыл сынгандардын теориясына эмес, басып өткөн жолун карап, практикасына басым жасай байкалы. Мага азыр ашын берсе ийилип алып, ташын ыргытса, андан жол курчу болдум. Кудайым мага пандемияда элиме болгон сүйүүмдү – өзүм үчүн гана текшерип алууга мүмкүнчүлүк берди. Миллиондогон акчаларга кесипкөйлөр – байлардын үйүндө кызмат кылып, алардын гана үй-бүлөсүн даарылап, карапайым элди ыктыярчыларга калтырган. Анда бул акылдуулар кайда эле? Эгемдүүлүктү билбегенден акыл сурап калдынарбы деген имиш. Билип туруп керек болсо балдарыңдын атын алмаштырып айтып аласың кээде. Андай хайптар үчүн кечирим сурашып бүткөнбүз. Мынча чапташып эле калышты билбейм. Башкаларды дагы сүйүндүрүп талкуулап турсанар )) Күнөөлөрүн азайтып. Мен эми башка Анжеликамын”, – деди ал.

“Үйрөнгөнүм өзүм үчүн, кылганым сиздер үчүн!!! Чалынсам, үйрөнөм!!! Күндө аракеттенем! Айтам, жазам. Өзүмө-өзүм колдоо көрсөтүп , катталуучуларымдын оюн түздөйм. Аман болсом. Себеби, акылсынгандар кооз гана сүйлөшөт. Өздөрүнүн башындагы чөптү карап коюшса. Мен силер жөнүндө эмне деген сөздөр айтылып жатканын айтчу болсом, майдаланып, анда сынасыңар! Оттобой, ойлонгула биринчи”, – деп эскертти.

Ырчы Кайрат Примбердиев "КР эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратылбай турган болду

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ырчы Кайрат Примбердиевди  “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча сунушун четке какты. Бул тууралуу министр Нуржигит Кадырбековдун атына жазылган катта айтылат.

Комиссия белгилегендей, Жазык кодексинин 64-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик сыйлыктар, аскердик наамдар, класстык чиндер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганда же оор кылмыш жасаган учурда жокко чыгарылат. Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратууга мыйзамдуу негиз жок.

Звание Кайрата Примбердиева сохранили. В Комиссии по госнаградам отказали Минкультуры
Белгилей кетсек, ырчылардын чуу жараткан долбоорунан кийин Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдары кайтарып алына турганын маалымдалган.

Анжелика, ырчы: "Курал менен Кайратка сени кошуп көмүп салабыз" деген билдирүүлөр келип жатат"

“Курал менен Кайратка сени кошуп көмүп салабыз” деген билдирүүлөр келип жатат. Эми, эмне дейм. Кандай нотада мен бул жашоо менен коштошом, аны Аллах гана билет. Менин бир сөзүм – чоң талкууга дароо түшөт экен да …”, – деп жазды ырчы айым Instagram социалдык тармагындагы баракчасына.

“Ар ким өзү-өзү менен, сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм деп жашаш керек экен. Адамдык сапаттар көптөрдө жоюлуп бара жатат. Мага эч качан , эч ким болушуп, жаңылсам, же сөзгө калсам колдогон эмес. Балким, ырчылар ынтымака, биримдике келип, наамдарын бердиртпей алып калабыз дегем. Кесиптештерим ватсап группаларда гана талкууга кошулушуп, элге келгенде кээ бирлери гана үн катат тура”, – деди ал.

Нет описания.

Белгилей кетсек, ырчылардын чуу жараткан долбоорунан кийин Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдары кайтарып алына турганын маалымдалган.

Ырчы айым кесиптештерин колдоп, министрликке өзүнүн сыйлыктарын тапшырып берүүгө даяр экенин билдирген.

Анжелика: "Эркин Рыскулбековго кошулуп мен да сыйлыктарымды тапшырып берүүгө даярмын"

Эркин Рыскулбековго кошулуп мен да сыйлыктарымды тапшырып берүүгө даярмын. Мындай пикирин ырчы Анжелика бүгүн, 15-январда Инстаграм баракчасында билдирди.

“Мен дагы башында ыплас сөздөр менен коштолгон көрсөтүүнү атактуулардын оозунан чыгып жатканын көрүп, демек, булар бизге күндө сөгүнүп жазган комментаторлордун катарын толуктагандардан турбайбы деп, ойлонуп калгам. Себеби, бизге күндө укмуш сөздөрдү жазган адамдар -жан кейите капаландырат .

Көрсөтүүнүн мазмуну: бир алып баруучу алдын ала каарманга жазылган кептерди окуйт экен. Жалаң – болгон тешик жана дене органдары тууралуу, адамдын жыныстык ориентациясына асылуу, шылдыңдоо. Кайрат жөн жерден илинип калды. Ал дагы каарман болуп барып, айла жок, чычалабастан кошо күлүп кутулган. Куралдын мындан мурун дагы катталуучуларына колун көрсөтүп “мына силерге” деп пост менен хейтерлерге кайрылган. Мен катталуучу катары ортончу кызым менен инста карап жатып, аны көрүп калдым.

Демек, бизди жаштардан баштап улуу муун, менталитет башка экенин эсибизге тутушубуз керек. Эл чучугуңа тийген сөздү жазса дагы, бир ойлонуп, сабырдуулук менен ишке алаксып жеңиш керек экен. Ал эми сыйлыктар боюнча – алса ала берсин! Эртеңки күн дагы бар. Чыгармачылыгыңарды курчутуп, альбом чыгарып, концерт берип, элдин силерге болгон сүйүүсүн көрсөткүлө. Эмгек сиңиргенди эки-үч ыры бар ырчылар деле алып, өмүрүн маданиятка арнагандар четте калып кетип жатпайбы.

Америкада мындай сыйлыктары жок эле ырчылар дүйнө жүзүн багындырып келе жатышпайбы. Жеңилдик жаратпаган “маданият кызматери” деген төш белгини мен 12 жыл мурун алгам, Эркинге кошулуп, аны тапшырып берүүгө даярмын. Күнөөнүн баары – маданият министрлигинде. Биринчи, бизге көңул бөлүп, жолугуу уюштуруп, таанышып, алдыга пландарды жазып, кайрымдуулук, мамлекеттик концерттерди, иштерди чогуу жасайлы деп, келгиле минтели деп туура жолго салуу, маданиятка чакыруу болуш керек болчу.

Андан дагы чоң проблема – бул фейктер. Фейк баракча менен сайт ачып, журналисттин терисин жамынып, ар кайсы ушактарды жазып элди жинди кылып кырылыштыргандар. Биздин атыбызды сатып карапайым элди тоногондорду кармап, жазасын бериш керек. Азыр сен жаман, мен жаман деген заман эмес. Реалдуу болуңуздар. Улутубузду, тилибизди кор кылбайлы. Суранам, жаман сөз жазбайлы эч бир баракчадагы сасык маалыматтарга”, – деп жазган Анжелика.

Видео - Алып баруучу Урмат Борченов ырчылар Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев менен болгон ызы-чуу боюнча үн катты

Алып баруучу Урмат Борченов өзүнүн Instagram баракчасында ырчы Курал Чокоевдни “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин жана Кайрат Примбердиевдин “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча өз оюн билдирди.

“Маданият кызматкери биринчи кезекте адам. Демек, милдети менен кошо өз эрки, укугу, эркиндиги бар. Ошол эле маалда пенде. Кимде күнөө жок, ким таптаза? Ырчыга чыгарып күчүбүздү, ажыратабыз дейбиз сыйлыкты. Ооба, кылыптыр алар былыкты. Тыйып коюу парз, бирок жазалоо биздин колдо эмес. Мыйзам бузса сот, күнөө кетирсе кудай алдында жооп берет. Демек, сөгүнөбү, урушабы – өз эрки”, – деп билдирди ал.

Борченов ошол эле учурда, паракорлор, зөөкүрлөр, уурулар, педофилдер эркиндикте жүргөнүн кошумчалады.

 

Белгилей кетсек, ырчылардын чуу жараткан долбоорунан кийин Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдары кайтарып алына турганын маалымдалган.

Маданият министрлиги: Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдары кайтарып алынат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду.

Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына расмий жөнөтүлдү.

Ошону менен бирге, министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды.

Акмат Алагушев, юрист: "Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевди наамдарынан ажырата албайт"

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевди сыйлыктарынан жана наамдарынан ажырата албайт. Бул тууралуу 13-январда “Медиа Полиси” институтунун юристи Акмат Алагушев Facebook баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, адамды сыйлыктардан, наамдардан же башка айырмалоочу белгилерден жана артыкчылыктардан ажыратуу соттун чечими менен жүргүзүлүшү керек.

“Бул үчүн бул сыйлыктарга ээ болгон адам биринчи кезекте жоопко тартылып, кандайдыр бир кылмыш үчүн соттолушу керек. Күнөөлүү өкүм чыгышы керек жана кошумча жаза катары сыйлыктардан жана наамдардан ажыратуу соттун чечими менен аныкталат”, – деди ал.

“Бул учурда, менин оюмча, Маданият министринин субъективдүү чечими сотко даттанылышы мүмкүн жана керек, анткени ал өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкан. Адеп-ахлак жана этика маселелери өтө татаал жана карама-каршылыктуу категориялар, аларды бир кызмат адамы же ведомство чече албайт. “Маданият министрлиги” деген аттын өзү эле мындай чечимдерди кабыл алууга укук бербейт ”, – деди ал.

Белгилей кетсек, ырчылардын чуу жараткан долбоорунан кийин Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдары кайтарып алына турганын маалымдады.

Курал Чокоев, ырчы: "Мага "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белги эч кандай маани бербейт"

“Мага “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белги эч кандай маани бербейт”, – деп билдирди бүгүн, 13-январда ырчы Курал Чокоев өзүнө карата Маданият министрлигинин чечими боюнча комментарий берип жатып.

“Эгерде каалашса, мен төш белгини, күбөлүгү алып барып берем. Бул министрликтин жана министрдин компетентсиздиги. Анткен, биз демократиялуу мамлекетте жашайбыз. Мен Ютуб каналымда каалаган нерсемди жасасам болот. Мага эң маанилүү болгон – бул коомчулуктун ою, элдин пикири. Ошондуктан, мен видеону өчүрдүм, долбоорду уланткан жокмун. Министрликтин наамдарды кайтарабыз, чектөө коёбуз дегени аша чапкандык деп ойлойм. Бул менин эле эмес, жалпы коомчулуктун ссөз эркиндигине болгон чабуулу деп эсептейм. Бул жакшылыкка алып барбайт”, – деди ырчы.

Белгилей кетсек, ырчылардын чуу жараткан долбоорунан кийин Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдары кайтарып алына турганын маалымдады.

Видео - Чуу жараткан ырчы Курал Чокоевдин долбоору жабылды

Ырчы Курал Чокоев чуулгандуу долбоорун жапты. Бул тууралуу ал социалдык тармакта жарыялады.

Ал көптөгөн сын-пикирлерди кабыл алгандыгын белгиледи.

«Колдоо сөздөр дагы болду, бирок негизинен терс сын-пикирлер көбүрөөк болду. Буга байланыштуу мен долбоорду жабууну чечип, мындан ары улантпоону туура көрдүм. Ошондой эле, бардык видеолорду өчүрдүм. Сиздердин ой-пикириңиздер мен үчүн өтө маанилүү. Эгерде биздин видеолор сиздерге катуу тийген болсо, албетте, кечирим сурайбыз», – деди ал.

Эскерте кетсек, социалдык тармактын колдонуучулары ырчылар Курал Чокоевдин жана Кайрат Примбердиевдин Ютуб каналындагы видеолорун талкууга алып, терс сын-пикирлерди айтып, нааразы болушкан. Чуулгандуу долбоордон кийин “Марал” радиосу Курал Чокоев менен кызматташууну токтотуп, бойкот жарыяланарын расмий баракчасына жарыялаган.

Ошондой эле, Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ырчыларга чара көрүлөрүн билдирген.

 

Меню