Menu

БАШКАЛАР

Улуу Үркүн окуясын эскерген жүрүш башталды

Бүгүн, 5-августта “Эсимде” изилдөө аянтчасы 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшүн Бишкектен баштады.

Жүрүшкө катышууга аттанган 30дай жаран 1916-жылдагы трагедияларга байланышкан эс тутум жайларына таазим кылууга кылууга жөнөп кетишти. Жүрүш 5-14-август күндөрү уланмакчы.

Иш-чараны уюштуруучулардын бири Гүлзат Алагөз кызынын журналисттерге берген маалыматы боюнча, жүрүштүн максаты – “эс тутум саясаты” деген терминди мамлекет Үркүн темасында кандай колдонуп жатканын, Үркүндүн 90 жылдыгы, 100 жылдыгы, “Өмүр көчү” жөө жүрүштөрүнө мамлекет кандай баа берип жатканын, 1916-жылкы улуттук жоготуу кандай деңгээлде эс тутумда жашап жатканына жооп табуу. Жүрүштүн алкагындагы иш-чаралардын катарында Орусия империясынан совет дооруна чейинки колониалдык саясатты, андан кийинки эс тутум саясатын жана жайларын изилдөө да бар.

Бишкектин түштүк дарбазасындагы эскерүү ташынан башталган жүрүш Токмок, Боом, Көк-Мойнок, Балыкчы аркылуу Ысык-Көлдүн күңгөйүнө жетип, андан көлдүн тескей бетине жол тартат.

Катышуучулар 13-14-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Тосор айылынан беш чакырым аралыктагы Кыргын-Сай деген жерге барып, ошол жердеги 1916-жылдагы кыргындын курмандыктарын эскеришет.

Демилгечилер тарыхчылардын изилдөөлөрүнө таянып тараткан маалыматтарга ылайык, 1916-жылы кеч күздө дал ушул Кыргын-Сай деген жерде орус падышачылыгынын жазалоочу аскерлери алардан жашынып кетип бараткан бүтүндөй бир айыл элди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Айрым маалыматтарда 150, айрымдарында 300-500 адам жок кылынганы айтылат.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.

 

Акылбек Жапаров: Борбору Жалал-Абад шаарында жайгашкан өнүгүүнүн таяныч пунктун – экинчи экономикалык түйүндү түзүү боюнча иш жүрүүдө

Биз токтоп турган ишканаларды сатуу саясатынан алыспыз. Майлуу-Суудагы лампа заводун кайтарып, аны реанимациялоо боюнча 1 млрд сомго бизнес-долбоорду бекиттик. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле батыштан чыгышка цивилизациялык жылышуу болуп жатканын, экономикалык борбор Азия континентине өтүп жатканын кошумчалады.

“Эгерде Европага терезе жабылса, биз Азиянын дарбазасын ачууга даярбыз. Кыргызстан 3 кубаттуу цивилизациянын: Россия аркылуу Европанын, миңдеген калкы бар Кытайдын жана Ислам өлкөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан өлкө. Биз батыш цивилизациясын эстен чыгарбашыбыз керек, ал бизди узак убакыт бою молчулук, мыйзамдуулук жана тартип аркылуу кызыктырып келет. Биз өзүбүздүн саясатыбызды улуттук кызыкчылыкка негиздейбиз», – деди Акылбек Жапаров жана борбору Жалал-Абад шаарында жайгашкан өнүгүүнүн таяныч пунктун – экинчи экономикалык түйүндү түзүү боюнча иш жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

“Электр энергиясын иштеп чыгуунун үчтөн эки бөлүгү Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу жана темир жол түйүнү (Балыкчы – Кара Кече – Жалал-Абад) өткөн Жалал-Абад облусуна туура келет”, – деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.

Эрбол Султанбаев, Президенттин пресс-катчысы: "Теңгиз Бөлтүрүк “Учкундагы” офисинен башка кеңсеге көчөрдө Министрлер Кабинети же Президент менен макулдашкан эмес"

Азыр “Кумтөр” алтын кенин мыкчып турган Теңгиз Бөлтүрүк “Учкундагы” офисинен башка кеңсеге көчөрдө Министрлер Кабинети же Президент менен макулдашкан эмес. Бул тууралу КР Президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди:
““Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк “Учкундагы” офисинен башка кеңсеге көчөрдө Министрлер Кабинети же Президент менен макулдашкан эмес. Ал башка офиске көчкөн себебин “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги түзүлгөндүгүнө байланыштуу кызматкерлер эски кеңсеге батпай калгандыгы менен түшүндүргөн.
Бир ай мурда бул окуя боюнча Президент Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү жүрүп, Теңгиз Бөлтүрүккө макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген.
Ошону менен бирге “Кумтөрдүн” гаражы жеке жактан мамлекеттик гаражга (мурдагы ЖК гаражына) көчүрүлдү. Эми мындан ары ижара акысы мамлекетке түшүп турат. Мурда ижара акысын жеке жактар алып турган.
Ал эми азыркы офисинде убактылуу иштешет. Анткени холдингге жаңы офис курууга Бишкектен жер берилди (борбордун түштүк тарабынан). Бир жылдын ичинде жаңы офисин куруп бүтүп, ал жакка көчүп кирүү тапшырмасы коюлду,” – деп жазат Э.Султанбаев.

УКМК: Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде баасы 1 млн сомдук 6000 даана энергетикалык суусундукту аткезчилик менен ташып бараткандар кармалды

КР УКМК аткезчилике каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 2022-жылдын 8-майында Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын аймагында, Сох анклавына жакын жерде, КР УКМК ЧК кызматкерлери менен биргеликте жалпы баасы 1 миллион сомдон ашык болгон 6060 банка энергетикалык суусундуктарды ташып бара жаткан “Мерседес Бенц Спринтер” жана “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү  автоуналардын айдоочулары Б.Н. жана С.М. менен кармалган.

Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Кыргызстан менен Казакстан чек арада жүк ташуучу унаалардын кезегин болтурбоо макулдашылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов эки өлкөнүн чек арасынын жүктөрдү өткөрүүнүн абалын талкуулашты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, видео байланыш аркылуу сүйлөшүүдө быйыл январдагы эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу тобу кабыл алган протоколдун аткарылышы талкууланды. Анын жыйынтыгында кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезегин болтурбоо макулдашылды.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл бекетинде Казакстандын аймагына кирүү үчүн кезек күткөн автоунаалар топтолгон учурлар буга чейин бир нече жолу болгон эле. Расмий бийлик мунун себеби катары айрым айдоочулар тийиштүү уруксат кагаздарын даярдабай барганын аташса, жүк ташыгандар казак тараптан бут тосуу бар экенин билдирген эле.

Акылбек Жапаров кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ата мекендик кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана антикризистик чараларды иштеп чыгуу жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун 9 кластер боюнча, анын ичинде эт продукциясы (бодо мал жана кой-эчки, канаттуулар, балык), сүт продукциясы, ун, кант, өсүмдүк майы, жашылча-жемиштер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

«Биз жеңилдетилген кредиттерди берүү жана каржылоо, лизинг аркылуу кластерлерди өнүктүрүү жолу менен агроөнөр жай комплексине зарыл колдоо көрсөтүүгө умтулуудабыз. Мамлекеттик банктар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, «Кепилдик фонд» ачык акционердик коому өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана өлкөнүн тамак-аш азыктарынын негизги түрлөрүнө болгон муктаждыктарын камсыздоо максатында тийиштүү каржылоону сунуштайт. Мен жума сайын азык-түлүк коопсуздугу маселелерин чечүү иретинде жумушчу жолугушууларды өткөрүүгө даярмын», – деди Акылбек Жапаров.

Белгиленгендей, Министрлер Кабинетинин чечими менен «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоору бекитилген, ага ылайык, жеңилдетилген кредиттерди берүү жана каржылоо, анын ичинде каражатты ислам принциптерине ылайык сунуштоо үчүн «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ачык акционердик коомдоруна 10 млрд сом бөлүнгөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга агрардык секторго мындан ары мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылын өткөрүү боюнча Жол картасы бекитилди

Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылын өткөрүү боюнча Жол картасы бекитилди. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылын өткөрүү боюнча Жол картасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы № 17 «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана жактырылган.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 16-декабрындагы демилгеси колдоого алынып, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары тарабынан 2022-жылды «Тоолорду туруктуу ɵнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюциясы бир добуштан жактырылган.

Кыргыз Республикасы 2019-жылы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясын ишке ашыруу боюнча Париж макулдашуусуна кол койгон жана климаттык милдеттенмелерди өзүнө алган. Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери 2021-жылы климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери менен күрөшүү жана парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча глобалдык аракеттер иретинде, Кыргыз Республикасынын “Улуттук деңгээлде жаңыланган салым” планы катары таризделген.

Жаңыланган климаттык милдеттенмелерге ылайык, Кыргыз Республикасы 2030-жылга карата парник газдарынын эмиссиясын “адаттагыдай эле бизнес” сценарийи боюнча – 15,97 %га жана эл аралык колдоо менен 43,62 %га кыскартуу милдетин алат.

Тоолордун экосистемасын коргоо боюнча жол картасы парник газдарын бөлүп чыгарууну азайтуу, тоолордун экосистемасын сактоо, Бишкек шаарындагы абанын булганышын азайтуу, климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, климаттык каржылоону тартуу жана илимий практикалык конференцияларды, эл аралык иш-чараларды өткөрүүнү көздөйт.

Алматыда каза болгон кыргыз жараны Азиз Мусаевдин сөөгү туугандарына берилди

Казакстандагы тополоң учурунда Алматы шаарында каза болгон кыргызстандык жаран Азиз Мусаевдин сөөгүн апасы менен агасы Кыргызстанга алып кетти. Бул тууралуу Алматыдагы Кыргызстандын Башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Алматыда каза болгон дагы бир кыргызстандык Бахтияр Базарбаевдин сөөгүн алып кетүүгө дагы уруксат берилди. Консулдун айтымында, Базарбаевдин жакын туугандары келгенден кийин сөөгү берилет.

Алматыдагы башкы консул камакта жаткан төрт кыргызстандыкты бошотуу боюнча иштер жүрүп жатканын, 14-январда дагы тийиштүү органдын адамдары менен жолуга турганын билдирди.

33 жаштагы Азис Мусаев Алматынын борбордук аянтында жараат алгандардын бирине көмөк көрсөтүп жатып окко учканы маалымдалган. Ал 2016-жылдан бери коңшу өлкөдө фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жаткан. Ал эми Бактияр Базарбаев боюнча маалымат жокко эсе. Анын Казакстанда жүргүнчү ташып иштеп жүргөнү айтылып жатат.

Мындан тышкары казак бийлиги тополоңдорго шек санап 1990-жылкы Закир Юбуров, 1991-жылкы Адан Хуров, 1987-жылкы Ильяс Мачо жана 2001-жылкы Абду-Рахим Жиншанлону камаганы белгилүү. Алар азыркы учурда Алматынын убактылуу кармоочу жайында камакта.

Буга чейин Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыргыз бийлигинин кийлигишүүсүнөн кийин бошотулуп, Кыргызстанга кайтарылган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда тополоңго байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңге чамалады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алардын арасында дагы кыргыз жарандарынын бар же жогун текшерип жатат.

КР ТИМи РФ полициясы белгисиз жаранга карата күч колдонгону тууралуу видеоматериал боюнча билдирүү таратты

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги социалдык тармактарда Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин белгисиз жаранга карата күч колдонгону тууралуу видеоматериал боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди.
Учурда Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Ошондой эле Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан социалдык түйүндөрдө деструктивдүү мүнөздөгү такталбаган маалыматтарды жана комментарийлерди таркатпоого чакырат.
Ошол эле учурда бул иш боюнча кошумча маалымат берилерин белгилейбиз.

Эдил Байсалов: Жаңы Министрлер Кабинети жогорку квалификациялуу адистерди ишке тартат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасындагы JICA Туруктуу өкүлү Немото Наоюки менен жолугушту.

Эдил Байсалов Япония Өкмөтүнө эки өлкө ортосундагы кызматташтык алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен иш күчөтүлөөрүн белгиледи.

Тараптар мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселесин талкуулады. Тактап айтканда, кеп Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар программасы (JDS) тууралуу жүрдү.

Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, жаңы Министрлер Кабинети жогорку квалификациялуу адистерди ишке тартууга умтулууда.

«Сиздерге белгилүү болгондой, реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн күчтүү кадрлар керек. JDS програмасы боюнча билим алган мамлекеттик кызматкерлердин жумушчу орду гана сакталбастан, алар окуусун аяктаган соң карьералык өсүүсү камсыздалат. Биз аталган программа жана башка өнүктүрүү долбоорлору алкагында кызматташтыгыбызды күчтөндүрөбүз», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Меню