Menu

БАШКАЛАР

ИИМ: Кыргызстандык Орхан Инандыны ыкчам-изилдөө иши күчөтүлгөн тартипте уланууда

Кыргызстандык Орхан Инандыны ыкчам-издөө иши боюнча  сотко чейинки  өндүрүш иши Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Орхан Инандыны ыкчам издөө иш-чаралары Кыргызстандын бардык аймагында күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, масштабдуу иштер уланууда.
Жогорудагы факт боюнча   ИИМнен, Бишкек ШИИББнен, Октябрь РИИБнен тажырыйбалуу ыкчам кызматкерлери менен тергөөчүлөрүнөн түзүлгөн ыкчам-иликтөө тобу издөө ишине байланыштуу ыкчам түрдө мүмкүн болгон күбөлөрдү аныктап, сурак иштерин жүргүзүүдө.
Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улана Ниязбековдун тапшырмасы боюнча жоголгон жаранды издөө иштери жалпы республика боюнча жүрүп жатат. Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүүдө. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынууда.

 

Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылгандар Алматыдагы Кытай банкына барышты

Шинжаңда калган туугандарын бошотууну талап кылган бир топ киши 6-майда Алматыдагы Кытай банкынын имаратынын алдына барды.

Кытайда мыйзамсыз камалган, дайынсыз жоголгон же Казакстанга өтө албай калган туугандарынын сүрөтүн кармаган ончакты адам банктын алдында “Боштондук”, “Казактар террорист эмес”, “Туугандарыбыз бошотулсун!” деп кыйкырышты. Алар кээ бир талаптарын кытай тилинде да айтышты. Нааразы топтун ичинде балдар да болду.

– Кытай Казакстанды террордук корунуч жараткан 26 мамлекеттин арасына киргизген. Ошондуктан кимден ким Казакстанга барса, террорчу деп эсептешет. Биздин туугандарыбызды ушунтип кармашып, соттошуп, куугунтуктап жатышат. Эгер Казакстанга казактар барып келсе, террорчу деп саналып, кытайлыктар барса, “дос мамлекетке барып келди деп айтылат” экен. Бул эмне деген теңсиздик! Казактар Казакстанга бара албаса, кытайлар да келбей эле койсун. Казакстанда Кытайдын мунай компаниялары, улуттук банктары, мейманканалары бар. Эмне үчүн алар иштеп жатышат? Эгер Кытай консулдугу жооп бербесе, биз күн сайын Казакстандагы Кытай объектилерине барып нааразылык билдиребиз, – деди активист Байболат Күнболатулы.

Кытайда 1,5 миллионго жакын казак жашайт. Алардын көбү өлкөнүн түндүк-батышындагы Шинжаң аймагына отурукташкан. Бул аймакта уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү атайын ”лагерлерде” негизсиз кармалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы «лагерлерде» бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Айрым маалыматтар боюнча камактагылар өз дининен, маданиятынан жана тилинен баш тартууга мажбурланышат.

Кытай бийлиги мындай жайларды экстремизмге, терроризмге каршы күрөштүн алкагындагы “тарбиялоочу, кесипке үйрөтүүчү жайлар” катары сыпаттайт жана куугунтук тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Чек арадагы айылдардан көчүрүлгөн жарандардын саны 800дөн ашты

Бүгүн 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон эки тараптуу кагылышууда 17 кыргызстандык жарат алып, бир жаран каза болду. Жараат алган жарандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.  Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы коопсуз аймакка көчүрүлгөн элдердин саны 848ди түздү. Анын 498 Баткен шаарына, 350 Лейлек районуна көчүрүлдү. Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак аш жана керектүү нерселер менен камсыздап жатат. 

Чек арада абал оор бойдой калууда. Атышуу токтой элек. 

Белгилей кетсек кырдаалды курчутууга Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон, бүгүн 29-апрелде эрте менен саат 4:40тар чамасында алар Кыргызстандын жарандарына жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан. Ошондой эле  аңчылык мылтыктары менен өтүп бара жаткан кыргыз жарандарынын унааларын аткылай баштаган.

Андан соң саат 14:00дө Тажикстан ИИМнин чек ара аскерлери жана атайын кызматы (спецназ) “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоону баштаган. 

Дин жана аймактар аралык кастыкты козутуу айыбы менен Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Гүлзат Аалиева камакка алынды

Дин жана аймактар аралык кастыкты козутуу айыбы менен Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Гүлзат Аалиева камакка алынды. Бул тууралу бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясы билдирет.

Милициянын маалыматы боюнча 1973-жылы төрөлгөн Гүлзат Аалиеванын үстүнөн 19-апрелде Бишкек шаарынын дагы бир тургуну милицияга арыз жазып кайрылып, жоопко тартууну өтүнгөн.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде КР Кылмыш кодексинин 313-расалык, эникалык, улуттук, дин жана аймактар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча катталган.

Азыр камактагы Гүлзат Аалиеванын Facebook социалдык тармагындагы баракчасында жазгандары лингвистикалык экспертизага жөнөтүлдү.

Таласта милиция кызматкерлери студенттер арасында кыз ала качууну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери студенттер арасында кыз ала качууну алдын алуу жана болтурбоо боюнча ар кандай маселелерди камтыган тегерек стол уюштурду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Талас облусу боюнча өкүлү Жакшыгул Узакбаева, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Талас обласундагы өкүлчүлүгү, ички иштер кызматкерлери жана колледждин студенттери катышышты.
Тегерек столдун башталышында атайын даярдалган видеоролик көрсөтүлүп, студенттер аразында кызуу талкуу болду. Студенттердин суроолоруна компетенттүү адамдар жооп берип, кыз ала качуу кылмыш экендиги жөнүндө кенен түшүндүрмө беришти. Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзам боюнча ала качууга кандай жазалар каралганын, укуктук тартип боюнча кандай чара көрүш керек экендиги жөнүндө маалыматтарды берип, студенттердин ар бир суроосу жоопсуз калган жок. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери адам укуктарына каршы жасалган кылмыштар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Тегерек столдо ар кандай маселелер көтөрүлүп, жаштар кылмыштуулукка каршы жана ар бир адам бактылуу болууга акысы бар экендигин билдиришти. Облус аймагында кыз ала качууну алдын алуу жана болтурбоо боюнча профилактикалык иш-чаралар уланууда.

Жаңы конституциянын долбооруна алдын ала маалыматтар боюнча шайлоочулардын 78,96% "макул" деп добуш беришти

Бүгүн, 11-апрелде «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Мыйзамдын долбооруна добуш берүү боюнча референдум аяктады. Кечки саат 20:20га карата алдын ала маалыматтар боюнча өлкөгө президенттик башкаруу формасын киргизген жаңы конституциянын долбооруна берилген 791 091 шайлоочунун добушун автоматтык эсептөөнүн жыйынтыгында 624 618 шайлоочу “макул” деп добуш беришкен. Бул добуш берген шайлоочулардын 78,96%ын түзөт.

Ал эми 107 438 шайлоочу “каршы” деп добуш беришкен, бул шайлоочулардын 13,58%ын түзөт.

Чүй облустук милициясы: Аламүдүндүн Таш-Дөбө айылында жайгашкан №7199 шайлоо комиссиясындагы мыйзам бузуу боюнча арыз иликтенүүгө алынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы № 7199 шайлоо участкасында айрым партиялардын үгүтчүлөрү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш бериши керек талапкерлердин аты-жөнү жазылган тизмелерди таркатып жаткандыгына байланыштуу, төмөнкүлөрдү билдиребиз:

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында жайгашкан №7199 шайлоо комиссиянын  маалыматы боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу чыгышкан. Аталган жерге келгенден кийин, ушул шайлоо участкасынын байкоочулары округдун депутаттыгына бир нече талапкерлердин үгүтчүлөрү кире бериште, добуш бериши керек болгон маалыматтарды камтыган тизмелерди таркатып жатат деген арыз келип түшкөн. Аталган факт Аламүдүн районунун ИИБ катталып.

Учурда тергөө-ыкчам тобу жеринде дагы текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат.

ИИМ: Бир эле шайлоочу бир канча бюллетендерди электрондук кутучага салып жаткан видео боюнча

Бүгүн, 11-апрель күнү саат 13төр чамасында Клооп сайты өзүнүн фейсбук баракчасына референдум жана  жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо №8077 шайлоо участкасынан 1 эле шайлоочу бир канча бюллетендерди электрондук кутучасына салып жаткан видеосу жарыялаган.
Бул факты Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бул видео Баткен районунун Бужум айылындагы №8077 шайлоо участкасында тартылгандыгы, электрондук кутуча шайлоо бюллетенин кабыл албай койгондо, экинчи шайлоочу кабыл алынбаган бюллетенди өзүнүн бюллетенине кошуп электрондук кутучага салып жаткандыгы белгилүү болду.
Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ташкенттеги кыргыз элчилигинде жайгашкан № 9025 шайлоо участкасында добуш берүү башталды

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдумунун (жалпы элдик добуш берүүнүн) алкагында 2021-жылдын 11-апрелинде, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00 дө Ташкент шаары, Ниёзбек юли көчөсү, 30 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин алдындагы № 9025 шайлоо участкасында добуш берүү башталды.

Шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00гө чейин иштейт.

Кыргыз Республикасынын Ташкент шаарындагы шайлоо участкасынын шайлоочулар тизмесинде 2450 Кыргыз Республикасынын жараны бар.

ИИМ: Каракчылык жана тоноо менен алектенген кылмыштуу топтун иштердүүлүгүнө бөгөт коюлду

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери каракчылык жана тоноо менен алектенген кылмыштуу топтун иштердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Бу тууралуу бүгүн, 5-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыгынын биринин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмүнүн  2-пункту (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Бул оор кылмыш иши боюнча  ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жүргүзүшкөн.

2021-жылдын март айынын аягында “Асанбай” кичирайонунда бир нече белгисиз адамдар башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында эки жаранга кол салышкан.

Жабырлануучулардын бири 20 жашта, ал эми экинчиси жашы жете элек өспүрүм болгон. Кылмышкерлер «Hyundai Sonata» үлгүсүндөгү  автоунааны жолдун жээгине кысып барып токтотушкан.  Жабырлануучулардын 25 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Андан сырткары, эки жаранды адамдар жок жерде мыйзамсыз кармашып,  бирөөсүн кылмышкерлерге 2000 АКШ долларын карызмын деп тил кат жаздырууга мажбурлашкан. Андан соң физикалык күч колдонушуп, алардын автоунаасын 2000 АКШ долларына күрөөгө коюуга мажбур кылышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында  ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери комплекстүү ыкчам иш-чараларды жүргүзүшүп, 2021-жылдын 31-март күнү жогорудагы кылмыш ишине тиешеси барлардын өздүгүн такташып кармашты.

Кармалган жарандар шаардагы жаңы конуштардын биринде жашаган 1996-жылы туулган С.И. менен Сокулук районунда жашаган 1998-жылы туулган Э.Б. болуп чыкты.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Меню