Menu

БАШКАЛАР

"Silk Way" индустриалдык паркы Кыргызстандын жеңил өнөр жайы үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзөт?

Кыргызстандын текстилдик жана тигүү тармагы бизнестин экспорттук дарамети олуттуу болгон чөйрөлөрүнүн бири болуп саналат. Бирок продукциялардын сапатынын жетиштүү деңгээлде жогорку эместиги, жаңы рынокторго чыгууда анча белгилүү болбогону, чыгарылган өндүрүмдүн анча көп эмес көлөмү белгилүү бир кыйынчылыктарды түзүүдө. 

Постсоветтик мейкиндикте атаандаштык күч алууда, индустриалдык тармактардын өнүгүү темпи заманбап, жогорку технологиялык кластерлердин зарылдыгын көрсөтүп жатат. 

Ааламдашуу жараянында жүйнө жүзү боюнча ири компаниялар байып, ал эми чакан ишканалар көлөмдүү буйрутмаларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан зыян тартып жаткан тенденция байкалууда.

Азыркы учурда Бишкектин жанында «Silk Way» индустриалдык паркынын курулушу жүрүүдө, ал жеңил өнөр жайынын жогоруда көрсөтүлгөн маселелерин чечүүгө багытталган жана текстилдик жана тигүү өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттарга ээ.

«Silk Way» индустриалдык паркы 70 гектар аянтта жайгашып өз ара байланыштагы бир нече секторго бөлүнгөн. Мында: өндүрүш сектору – «А» класстагы заманбап складдык имараттары бар 75 фабрика; Кеңири складдык имараттары менен даяр продукциянын, фурнитуранын жана кездемелердин соода-экспозициялык сектору жайгашат. Кубаттуулугу саатына 40 унаа өткөргөн бажы-логистикалык борбор индустриалдык парктын резиденттерине экспортко жөнөтүү үчүн товарларды ыкчам тариздөө мүмкүнчүлүгүн берет.

«Silk Way» индустриалдык паркы өзүнүн резиденттери үчүн баалуу болгон убакытты үнөмдөөгө, ири компаниялар менен кызматташтыкты түзүүгө, товарлардын сапатын жогорулатууга жана «Made in Kyrgyzstan» продукцияларын дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жаңы деңгээлге чыгарууга шарт түзөт.

Бул жерден тигүү үчүн керектүү бардык нерсени: кездемелерди, бычуу, фурнитураны табууга болот. Индустриалдык парктын жайгашкан жеринин географиялык ыңгайлуулугу транспорттук чыгымдарды жана ташуу мөөнөттөрүн кыскартат.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрүнүн бир жерде бириктирилиши, индустриалдык парктын терең ойлонуштурулган инфраструктурасы – бул бизнести жайгаштыруу үчүн эң ыңгайлуу жана мыкты жер.

Маанилүү бир учурлардын бири: инвестор парктын аймагынан аянтты бардык документтери менен жеке менчикке сатып алат, келишим Мамлекеттик каттоо кызматында катталат. Бул сиздердин инвестициялардын коопсуздугуна кепилдик берет.

Индустриалдык паркта соода аянтчасынын (бутиктин) жеке менчик ээси болуп туруп, сиз ижара акысы тууралуу ойлонбой эле койсоңуз болот. Сиздин өзүңүздүн өндүрүштүк базаңыз – фабрика болот, ал бизнести ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн зарыл болгон товарлар менен камсыздап турат.

Парктын Бажы-логистикалык борбору документтештирүү, маркалоо жана тастыктоо боюнча кеңири кызматтарды көрсөтмөкчү, ал эми «Silk Way» транспорттук компаниясы өзүнүн автопаркы менен сиздин буйрутмаңыз боюнча жүгүңүздү белгиленген жерине мөөнөтүндө жана толук түрдө кепилдиги менен жеткирет.

Мындан тышкары «Silk Way» индустриалдык паркы резиденттердин ортосундагы келишим түзүүлөрдө кепилдик милдетин аткара алат, донор уюмдардан Кыргыз Республикасында жеңил өнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган гранттарды алууга аракеттешет, чет элдик резиденттер үчүн визалык колдоо көрсөтөт, ошондой эле документтерди бухгалтердик, каржылык жана юридикалык коштоо боюнча кызматтарды сунуштайт. Индустриалдык парктын резиденттери үчүн маданий-тиричилик, социалдык-экономикалык мүнөздөгү башка бир катар артыкчылыктар каралган.

Күнү-түнү видеобайкоо, өрт коопсуздугунун заманбап системасы сиздин бизнесиңиздин коопсуздугун жана сакталышын камсыздайт.

Эске сала кетсек, долбоорду ишке ашырууга тартылган каржылык каражаттар – ата мекендик ишкерлердин инвестициялары. Ал эми долбоордун негиздөөчүсү – Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө кыргыз текстилдик жана тигүү продукцияларын экспорттоо боюнча лидер «Alpha Cargo» компаниясы болуп саналат.

Фото - Жалал-Абадда баңгизаттарды сатуу менен алектенген туруктуу каналга бөгөт коюлду

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын
кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды сатуу менен алектенген туруктуу каналын аныктоо жана алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча атайын операциясын ийгиликтүү аякташты. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара баңгизаттарды жасоо жана сатуу менен алектенген топтун бетин ачуу боюнча  жүрүп, 2021-жылдын 25-мартында кечинде  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда БМЖКККнын башкармалыгынын кызматкерлери ИИМдин “Шумкар” АБПнын атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин колдоосу менен  баңги кылмышына шектүү катары жергиликтүү үч жаранды кармашты.

КР Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) белгилери менен каралган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында 1979-жылы туулган К.И. аттуу жарандын жашаган үйүнүн короосунан капка салынган кара-күрөң түстөгү, өзгөчө кендир жытына ээ болгон зат табылып алынган. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык табылып алынган зат 2 кг  080 граммды түзгөн марихуана баңгизаты деп аныкталган.

Мындан тышкары ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган даректен дагы башка эки шектүү кармалган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

 

Аламүдүн районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты

Аламүдүн районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 13-март күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 54 жаштагы В.С. аттуу жшоочу арыз менен кайрылып, Аламүдүн районундагы айылдарынын биринен асфальт жаткырган тракторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 7 миң АКШ долларын түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин соттолгон 34 жаштагы К.М. жана 18 жаштагы Э.Э. аттуу жарандар кармалышкан.  Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Видео - Умар Анарбаев, Апрель баатыры: "2010-жылдагы Текебаев жазган конституция өзүн актабады, ошондуктан мен президенттик башкаруу формасына ылайыктап жазылган жаңы конституцияны колдойм"

Бүгүн, 25-мартта Талас шаарында жаңы конституциянынын долбоорун талкуу боюнча жыйын болуп өттү. Ага шаардык коомчулук менен конституцияны колдоо тобунун өкүлдөрү катышты. Бул тууралу бизге Апрель баатыры Умар Анарбаев өзү билдлирди.

Жыйында чыгып сүйлөгөн Апрель баатыры Умар Анарбаев 2010-жылы кабыл алынган “Текебаевдик” конституция өзүн актабагандыгын белгилеп, 10-январдагы референдумда президенттик башкаруу формасына добуш бергенин жарыя кылган.

Ал эми алдыдагы, 11-апрелдеги референдумда жаңы жазылган конституциянын долбоорун колдоп добуш берерин айтты.

Андан сырткары Японияда парламенттин депутаттыгына негизинен 60 жаштан өткөн, турмушту көргөн, тажрыйбалуу адамдар шайланарын белгилеп, бизде да мындай тажрыйбаны пайдаланууну сунуш кылды.

Акырында өлкөдө түзүлгөн саясый тандем – Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тандемин колдого чакырды.

Орусия Түркиядан Алеппону аткылаган жоочуларды издөөгө жардам берүүнү өтүндү

Орусия Сириянын Алеппо шаарын аткылаган жоочуларды издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен Түркияга кайрылды. Бул тууралуу 24-мартта Сирияда согушуп жаткан тараптарды жараштыруу боюнча борбордун жетекчисинин орун басары, контр-адмирал Александр Карпов билдирди.

Анын айтымында, 21-мартта жоочулар Кафр-Ханни калктуу конушунан Алеппону алты реактивдүү ракеталык система менен аткылаган. Жыйынтыгында эки киши каза болуп, 17 жай тургун жаракат алган.

«Жалпысынан Сириядагы ок атууну токтотуу режими сакталууда. Бирок күн ара «Жебхат ан-Нусра» террордук тобу тараптан аткылоо фактылары катталууда», — деди Карпов.

Буга чейин Түркиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Сириянын Идлиб провинциясы менен түрк аскерлери жайгашкан райондору аткыланып жатканына байланыштуу Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Ерховго тынчсыздануусун билдирген. Түрк тарап бул чабуулдар түрк-орус сүйлөшүүсүндө деэскалация аймагы катары аныкталган райондордун коопсуздугуна коркунуч жарата турганын белгилеген.

Апта башында батыш маалымат каражаттары Сириянын куралдуу оппозициясындагы өз булактарына шилтеме кылып, Идлиб жана Алеппо провинцияларындагы соккуларды Сирия өкмөтү менен Орусиянын авиациясы жасаганын кабарлашкан. Маалыматка ылайык, алардын Алепподогу Аль-Атареб ооруканасына багытталган артиллериялык аткылоосунан бир нече бейтап каза болуп, ондон ашык медицина кызматкери жаракат алган. Мындан тышкары Орусия авиациясы Идлибдеги Баб Эль-Хав чек ара өтмөгүнө сокку уруп, гуманитардык жүк жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратуу коркунучу жаралган.

Александр Карпов 22-марттагы брифингде Алепподогу жай тургундар жоочулардын реактивдүү снаряддар менен аткылоосунан жабыркаганын билдирген.

Сириядагы согушта Түркия менен Орусия эки башка тарапты колдошот. Москва президент Башар Асадды өнөктөш деп эсептеп, ага террордук топторго каршы күрөшүүгө жардам берип жатканын билдирип келет. Анкара болсо Асаддын отставкасын талап кылып жүргөн оппозициянын бир бөлүгүн колдойт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстанда биринчи жолу Европа кинотасмаларынын фестивалы онлайн өткөрүлөт

Европа тасмаларыны фестивалы кайтып келди! Бүгүн, 22-мартта Европа Бирлигинин (ЕБ) Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган салттуу Европа кинотасмаларынын фестивалы старт алат.

Иш-чара 22-28-март аралыгында онлайн тартибинде өтөт. Бул убакыттын ичинде www.euin.kg платформасында кыргызстандыктар ЕБ өлкөлөрүнүн 11 тасмасын жана айлана-чөйрөнү коргоо темасындагы 8 кыска метраждуу тасмаларды акысыз жана каттоосуз көрө алышат. Бардык фильмдер ЕвроБиримдикке мүчө мамлекеттердин эне тилдеринде орусча же англисче субтитрлер менен коштолуп көрсөтүлөт.

Фестивалдын көпчүлүк тасмалары кадыр-барктуу эл аралык кинофестивалдардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү: Венециядагы “Ыйык Георгий” кинофестивалынын лауреаты, “Sawah” Флоренция кинофестивалынын лауреаты, Амстердам жана Мадрид эл аралык даректүү тасмалар фестивалынын жеңүүчүсү ” Бейиштеги бейтааныш” жана башкалар.

«Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясынын айынан 2020-жылы салтка айланган Европа тасмаларынын фестивалы өткөрүлбөй калды. Быйыл аны кайрадан жандандыруу ниетибиз бар, бирок коронавирус коркунучу сакталып тургандыктан кинотеатрда аны уюштуруу көйгөй жаратууда. Ошондуктан, биз бул фестивалды виртуалдык форматта өткөрүүнү туура таптык, – деп алдыдагы ишчараны жарыялап жатып Европа Бирлигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр билдирди. – Бир жагынан, майрамдык маанайдын жоктугу өкүнүчтүү – чоң кинозал, жаркыраган жарыктар, көрүүчүлөр ж.б. Бирок онлайн форматтын дагы жакшы жактары бар – тасмаларды үйүңүздөн чыкпай эле көрө аласыз. Иш-чара сөзсүз кызыктуу болот”, – дейт  элчи.

Фильмдерден тышкары эксклюзивдүү талкуулар, чеберлер-классы жана европалык киноишкерлер менен жолугушуулар болот. 22-24-мартта Бишкекте сценарий жазуунун техникасы боюнча бельгиялык адис Доменико Ла Портанын үч күндүк чеберлер-классы өтөт, 25-мартта италиялык эксперт Андреа Рокко кино комиссиялардын иши жана кино искусствону каржылоо жөнүндө айтып берет, 26-мартта Италиялык спикер Карло Д’Урси нөлдөн баштап кино тартуу боюнча онлайн семинар өткөрөт.

Кинофестивалдын бардык иш-чаралары жөнүндө кулактандыруулар Европа Бирлигинин Кыргызстандагы баракчасынын Facebook платформасында жарыяланат.

Тажикстандык спортчу Дилшод Назаров Токиодогу Олимп оюндарына катышуу укугунан ажыратылды

Белгилүү тажик спортчусу, 2016-жылдагы Олимпиаданын салмоор таш ыргытуу боюнча чемпиону Дилшод Назаров Токиодогу Олимп оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Жеңил атлетикадагы терс көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча көз карандысыз The Athletics Integrity Unit (AIU) органы допинг колдонгону үчүн Дилшод Назаровду эки жылга мелдештерден четтетти. Жаза мөөнөтү 2019-жылдын 24-сентябрынан эсептелет. Натыйжада Дилшод спорттук карьерасын быйыл октябрдан кийин гана уланта алат.

AIU сайты кабарлагандай, тажик спортчусу 2011-жылдагы дүйнө чемпионаты учурундагы допинг-үлгүлөр кайра текшерүүдөн өткөндөн кийин жаза алды. Спортчунун канынан тыюу салынган metabolite of oral turinabol заты табылган. Анын 2011-жылдан 29-августунан 2013-жылдын 29-августка чейинки сыйлыктары жокко чыгарылат.

38 жаштагы Дилшод Назаров 18-мартта Инстаграмга бир жарым жыл бою кызытма колдонбогонун тастыктоого аракет жасаганын, бирок бул иштен майнап чыкпаганын жазды.

Дилшод Назаров Тажикстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Анын жеке рекорду: 80,71 метр.

2015-жылы Бээжинде өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль утуп алган. Азия оюндарынын үч жолку чемпиону, Олимпиада оюндарынын төрт жолку катышуучусу.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

УКМК: Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондорундагы МСКБ жогорку кызмат адамдары пара алуу фактысы боюнча кармалышты

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан фискалдык органдардын ишиндеги коррупциялык фактыларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, ишкердик субъекттеринин салыктык чегерүүлөрүн мыйзамсыз төмөндөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 18-мартында салык төлөөдөн баш тартууга жардамы үчүн сыйлык катары 240 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Свердлов райондук МСКБ башчысынын орун басары «К.У.К» жана Бишкек шаарынын Ленин району боюнча МСКБ инспектору «У.А.А.» кармалышты.

Такталгандай, аталган жогору кызмат адамдар жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлошүп алышып, жасалма документтерди колдонушуп, Кыргыз Республикасына импорттолуучу элге керектлүүчү товарларга салыктык салыктык чегерүү алынып салынгандыгы аныкталды.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда МСК органдарында ушул сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттердин фактыларын аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өмүрбек Суваналиевге “Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” деген класстык чин ыйгарылды

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы эле дайындалган генерал-майор Өмүрбек Суваналиевге КР Президенти Садыр Жапаровдун указы менен “Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” деген класстык чин ыйгарылды. Бул тууралу бизге Өкмөт үйүндөгү жеке булактарыбыз билдирди.

“Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” деген класстык чин аскердик генерал-полковник наамы менен тете бааланат. Указга 22-февралда кол коюлган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Өмүрбек Суваналиев 2021-жылдын 15-февралында КР Премьер-министри Улукбек Мариповдун буйругу менен КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Белгилүү болгондой, Баткен облусу өлкөдөгү эң оор аймактардын бири болуп эсептелет: кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек араларында ар кандай кагылышуулар болуп, алигиче чек ара көйгөйлөрү чечилген эмес.  Ооган-Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Европа наркотрафиги дүйнөнүн тынчын алып турат. Жер, суу тартыштыгы курч бойдон калууда. Жумушсуздук өсүп, жергиликтүү тургундар Бишкекке, андан ары Россия менен Казакстанга жумуш издеп агылып, чек аралар ачык бойдон калууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Кыргызстанда дагы 43 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, ал эми илдеттен каза болгондор катталган жок

Бүгүн, 27-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 43 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 18, Чүй облусунан – 11, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 6 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 185 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 66 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 127ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 18, Чүй облусунан – 35, Ош облусунан – 3, Талас облусунан – 4, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 3.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Буга чейин илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1463кө жеткен.

Меню