Menu

Адам өлтүрүү

Москвада кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү кармалды

Москвада кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу 22-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Киши колдуу болгон сөөк табылганына байланыштуу окуя тууралуу кыска маалымат берген мекеме ал адам Кыргызстандын 50 жаштагы жараны экенин, Москвада такси айдоочусу болуп иштеп жүргөнү аныкталганын маалымдады.

Факты боюнча Москванын Кунцево райондор аралык тергөө бөлүмүндө Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен иш козголуп, тергөө жүргүзүлө баштады.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

ТИМдин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга четтен 540 “Жүк-200” келсе, быйыл алгачкы беш айда 292 мигранттын сөөгү мекенине жеткирилди.

Сузакта киши колдуу болгон кыздын жакындары жол тосушту

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сасык-Булак айылында бүгүн 21-ноябрда адам өлтүрүүгө шектелип кармалган жергиликтүү тургунга каршы акция өттү.

Журналисттер жеринен маалымдагандай, акцияга Базар-Коргон районунан барган элүү чакты адам катышты. Коопсуздукка милиция кызматкерлери көз салып турду.

Акциянын катышуучулары шектүүнүн үй-бүлөсү менен чогуу башка жакка көчүп кетүүсүн, аны өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну талап кылып кылышты.

Алар талаптарын аткарууну өтүнүп, маселеге коомчулуктун жана бийликтин көңүлүн бурдуруу максатында Бишкек-Ош жолунун ошол айылдын тушундагы тилкесин тороо аракетин көрүштү. 5-10 мүнөттөн кийин жол кайра ачылды.

Окуя Ноокен районунда 8-ноябрда болгон. Милициянын маалыматына караганда, суу аккан сайдан 19 жаштагы кыздын киши колдуу болгон сөөгү табылган. Кыз Базар-Коргон районунун тургуну болгону аныкталып, аны өлтүрүүгө шек саналган 58 жаштагы адам кармалган жана Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Окуяны иликтөөгө Жалал-Абад, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондук бөлүмдөрдүн кызматкерлери тартылып, шектүү катары кармалган киши буга чейин зордуктоо жана башка иштер үчүн бир нече жолу соттолгону, 2021-жылы баңгизатка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.

Тергөө учурунда шектүү кылмыш жасаганын айтып, окуя кандай болгонун жеринен көрсөтүп бергени да айтылган.

47 жаштагы жаранды бычактап өлтүргөн Чүй районунун 21 жаштагы тургуну кармалды

жылдын 13 ноябрь күнү Чүй районунун аймактык ооруканасына денесине бычак сайылып жаракат алган Кайырма айылынын тургуну 1975-жылы туулган А.Б. жеткизилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткызылган. Бирок доктурлардын көрсөткөн жардамына карабай, алган жаракаты оор болгондуктан, ээсине келбей каза болуп калган.
Аталган окуя боюнча Чүй РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 130-статьясында (денеге оор залал келтирүү, өлүмгө алып келгенде) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаган адам 2001-жылы туулган У.А. болуп такталып, Кыргыз Республикасынын ЖПкнин 96-беренесинин талаптарына ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.
Кылмыш туугандар арасында болгон уруштун айынан болгондугу аныкталды.
Өлгөн адам урушуп жаткан адамдарды арачалайм деп жатып бычак менен жаракат алган. Ал шектүү болуп камалган адамдын жездесинин досу болуп чыкты.
Тергөө уланып жатат.

19 жаштагы кызды өлтүрүп кеткен Сузактын 58 жаштагы тургуну кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрь күнү саат 9:30 чамасында Ноокен районунун аймагынан агып өткөн сайдын ичинен 19 жаштагы кыздын киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси табылган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Ноокен РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган жана кылмыштын бетин тез арада ачуу максатында кесипкөй кызматкерлерден турган атайын топ түзүлүп ыкчам иликтөө иштери башталган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен, Базар-Коргон, Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кечиктирилгис түрдө жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, окуяга шектүү катары буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун тургуну 1964-ж.т. О.А. аныкталып, тергөөгө камсыздалган. 

Тергөө учурунда шектүү жасаган оор кылмышы боюнча кызды Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында Жалал-Абад шаарына кетүү үчүн турган жеринен алып, Сузак районунун аймагында өлтүрүп, жансыз денени Ноокен районунун аймагындагы каналга ыргытып жибергендигин айтып берген жана окуя болгон жерди, жагдайларды жеринде көрсөтүп, ал көрсөтмөлөрү  видеожазуу менен бекитилген.

Мындан сырткары кылмыш иши боюнча шектүүнүн “Тойота-Королла” үлгүсүндөгү автоунаасы  далил зат катары алынып, автоунаага кароо жүргүзүү учурунда автоунаанын  арткы орундугунун оң жак тарабынан  кара-кочкул түстөгү канга окшогон зат аныкталган. Ошондой эле автоунаанын алдыңкы орундугунун астынан кара-күрөң түстөгү болжолдуу салмагы 2-3 граммды түзгөн баңгизатына окшогон өзгөчө кескин жыты бар зат табылып экспертизалык изилдөөлөр үчүн алынган.

2022-жылдын 12-ноябрь күнү шектүү О.А. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасаганга шектелип, Кыргыз Репсубликасынын КЖПКнын 96-97-беренелеринин негизинде Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылыш иши боюнча толук кандуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бүгүн, 4-октябрда Москва районунун Ак-Суу айылындагы ипподромдо болжол менен 45-50 жаштардагы, европа түспөлүндөгү эркек адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн  сөөгү табылган. Бу тууралу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирет.
Аталган факт Москва РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Чүй ОИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Москва РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып 1986-жылы туулган К.К. аттуу
жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Европа өлкөсүнөн экстрадицияланган, адам өлтүрүп эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер Бишкекке алынып келинди

Жакында эле, 2022-жылдын сентябрь айында КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Польшадан экстрадицияланган Кыргызстандын жаранын Бишкекке алып
келишкен.
Буга чейин Польшанын Пшемысль шаарында жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «киши өлтүрүү» беренеси боюнча издөөдө жүргөн 1986-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун туургуну Н.К., кармалган.
Ал, 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөн, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан кылмыш жасады деп айыпталууда. Ошол жылдын февраль айында белгисиз адамдар атуучу курал колдонуу менен чач тарачтын имаратында жергиликтүү тургунду өлтүрүшүп, изин жашырып качып кетишкен. Бир айдан кийин бул оор кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталган.
Буга чейин, кылмышка шериктеш болгон жаран ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган, ал эми Н.К. болсо изин жашырып качып кетүүгө үлгүргөн.
Польшанын аймагында кармалган жарандын экстрадициялоо маселеси Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан чечилди.
Варшава шаарынын аэропортунда Польшанын полиция кызматкерлери аталган жаранды Кыргызстандын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
«Манас» эл аралык аэропортуна учак менен келгенден кийин кармалган жаран тергөө иш-чараларын жүргүзүү жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында, ыкчам кызматкерлеринин коштоосунда Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн.
Сүрөттө кармалган адамга жолдо өзүнө өзү жаракат келтирбеши үчүн башына коргоочу атайын шлем (каска) кийгизилген. Аны Европа өлкөсүнөн ушундай тартипте тапшырышкан. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылында атасы баласын өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп салган

Дайынсыз жоголгон адам киши колдуу болгону аныкталып, шектүү жаран кармалды. 2022-жылдын сентябрында Ысык-Ата РИИБине Ж.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда ушул жылдын 8 сентябрь күнү жолдошу 1987-жылы туулган И.Р. үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Кайрылуунун негизинде жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Чүй облусунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан И.Р.  аттуу жаран Ысык-Ата районунун аймагындагы Чоң-Далы айылындагы ата-энесине барганы белгилүү болуп, андан аркы жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш чараларынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон И.Р. ата-энесинин үйүнүн короосуна көмүлгөнү аныкталып, табылган.
Кылмышка шектүү катары өлтүрүлгөн жарандын атасы 1963-жылы туулган И.А. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш үй-бүлөлүк чырдын жана ата-баланын өз ара урушунун негизинде жасалганы аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Ысык-Көлдүн Даркан айылынын аракташ эки тургуну мушташа кетишип, 31 жаштагысы 45 жаштагысын өлтүрө сабаган

10-сентябрь күнү Жети-Өгүз РИИБне райондук оорукананын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү түшүп, анда ошол эле күнү болжол менен саат 04:25 чамасында Даркан айылынын 45 жаштагы А.Б. аттуу тургуну денесинен оор жаракат алып, эс учу жок акыбалында ооруканага алып келингендиги боюнча маалымдалган. 

Окуя болгон жерге барган райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу териштирүү жүргүзүү учурунда, Даркан айылынын 31-жаштагы тургуну С.К. жана жабырлануучу  спирт ичимдигин ичишип,  түнкү саат 02:00 чамаларында өз  ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкенин аныкташкан. Мушташтын негизинде А.Б. алган жаракатынан эс учун жоготуп, көчөдө жатып калган. Аны көрүп калган айылдаштары тез жардам чакырышып, райондук ооруканансына жеткиришкен. Эртеси, жабырлануучу алган дене жаракатынан эсине келбей каза болуп калган. 

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, кылмыш жаза кодексинин  130-берененин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде   кылмыш иши козголгон. 

11-сентябрь күнү кылмышка шектүү С.Кга карата райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан кылмыш ишинин алкагында айыбы угузулду. Райондук сотунун чечимими менен шектүү жаранга карата тергөө учурунда  2-ай мөөнөткө камака алуу  баш коргоо чарасы кабыл алынды. 

Тергөө амалдары уланууда.

Ысык-Атанын тургуну арак ичип алып, аялын сабап өлтүргөн

Ысык-Ата РИИБке 2022-жылдын 11-сентябрь күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1989-жылы туулган С.З. аттуу жаран денесине келтирилген жаракат менен түшүп, залалдын оордугунан каза болгону жөнүндө маалымат келген.
Аталган окуя боюнча Ысык-Ата РИИБтин тергөө кызматында Кыргыз
Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында окуянын чоо-жайы такталган, өлгөн жарандын күйөсү 1982-жылы туулган К.М. Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы үйдө арак ичип олтуруп, уруш чыгарып аялын сабап, өлүмгө алып келген залал келтирген.
Шектүү жаран К.М. кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Сузакта мыкаачылык менен адам өлтүрүп качып жүргөн кылмышкерди Польшанын Юстиция министрлиги Кыргызстанга өткөрүп берди

Польшанын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Н.К.Д. аттуу жаранды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылды. Ал 2011-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүргөндүгү үчүн айыпталууда.
Белгилеп кетчү жагдай, эл аралык издөөнүн фигуранты 11 жылдан ашуун изин жашырып, жасалма паспортту колдонуп Украинанын жана Түркиянын аймагында качып жүргөн.
2022-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан айыпталуучу Польшадан Кыргызстанга алынып келинди.
Издөөдө жүргөн адамды экстрадициялоо иш-чарасы 6 айдын ичинде жүзөгө ашырылып, Польша Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Интерполдун Кыргыз Республикасындагы Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Польша Республикасындагы Ардактуу консулу Януш Кшивошинскийдин макулдашылган жана ырааттуу иш-аракеттеринин жыйынтыгында мүмкүн болду.
Меню