Menu

Адам өлтүрүү

Президент Садыр Жапаров Кадамжайдагы 14 жашар кыздын муунтуп өлүтүрүлүшү боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров Кадамжайда өспүрүм кыздын киши колдуу болгону тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пикирин билдирип, бул иш жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катыштыгы барлар жазасын аларын айтты.

“Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкерчилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы. Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам. Кадамжайда жасалган мыкаачылык – кечиримсиз. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот”, – деп жазган президент Жапаров.

Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын облустук милиция билдирген. Алдын ала маалыматтарда, кыздын колу аркасына жип менен байланып, мойнунан жип менен муунтулган абалда табылган.

Маркум Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экени аныкталды. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалды. Бул үрөй учурган окуя коомдун курч реакциясын пайда кылды. Бир ай мурун дагы бир жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чара көрүүнү талап кылган. Расмий маалыматка ылайык, былтыр зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган.

Ноокендин 33 жаштагы тургуну өзүнүн 24 жаштагы мурунку аялын 17 жолу бычактап өлтүрүп кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 26-августунан 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында, Ноокен районунун  Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринин короосунда Ноокен районунун тургуну жашы 25-30 чамалардагы аялдын киши колдуу болуп жансыз денеси жаткандыгы боюнча Ноокен милициясына кабар келип түшкөн.

       Аталган факты боюнча маалымат 2022-жылдын 27-август күнү Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Окуя болгон жерге Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана  тергөө-ыкчам тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп ишке керектүү тиешелүү материалдар чогултулуп алынган. 

Ошондой эле каза болгон аял Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну М.Г. экендиги такталып, анын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык изилдөөгө берилген. Анын денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы аныкталган.

Ноокен РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмыштын изин суутпай, шектүү катары, каза болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1989-жылы туулган А. И. кармалып, райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иштин алкагында жана соттун кароосуна жиберүү үчүн  тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Орусияда Украина тууралуу талаштан кийин офицер такси айдоочусун атып өлтүрдү

Ростов-на-Дону шаарынын гарнизондук аскер соту такси айдоочусун өлтүрүүгө шектелип жаткан офицерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу орус басылмалары соттун басма сөз кызматына шилтеме кылып кабарлашты.

Astra жана “Информбюро-ЮФО” басылмаларынын маалыматына караганда, шектүү 82717 аскер бөлүгүнүн 33 жаштагы командири, капитан Алексей Крылов. Каза болгон такси айдоочусу — 51 жаштагы Роман Говасари. 161.ru басылмасы Крылов ракеталык бөлүктө кызмат өтөгөнүн жана бир нече жолу “согуштарга” катышканын жазды.

Тергөөнүн болжолдуу версиясына ылайык, 15-августта аскер кызматкери такси айдоочусу менен Украинадагы согуш боюнча талашып кеткен. Жыйынтыгында офицер Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен айдоочуну төрт жолу атып, ал дарыгерлер келгенче каза болуп калган.

“Коммерсанттын” маалыматына караганда, Орусиянын Тергөө комитети аскер кызматкерине каршы “Кокустан адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. 161.RU басылмасы “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча иш козголуп, айыпталуучу 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин жазды.

ИИМ: Кара-Сууда 39 жаштагы жаранды атып өлтүрүп, изин жашырып качып кеткендер кармалды

Үстүбуздөгү жылдын 25-июндан 26-июнга караган түнү саат болжол менен 00:30 чамасында, Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну А.А., аттуу жаранды белгисиз жарандар тарабынан ок атуучу курал менен  атып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкендигин тууралуу маалымат келип түшкөн.
Натыйжада, А.А., денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Аталган факт Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.
Аталган факты боюнча 2022-жылдын 26-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Мындан сырткары кылмышка колдонулган курал далил буюм катары документи жок бир даана, сайсыз ИЖ-17 үлгүсүндөгү ок атуучу курал алынып, ага соттук-баллистикалык ж.б тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери табарынын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын жашоочулары 1972-жылы туулган М. А. жана 1964-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалышып, Тергөө кызматына өткөзүлүп бериди.
Кылмышка шектүүлөр 2022-жылдын 26-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодекстин 96-берененин  негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кармалган шектүүлөргө карата 2022-жылдын 28-июнь күнү бөгөт коюу чарасы каралып, эки айга камакка алынды.

Кемин районунда чыр-чатактан улам аялы күйөөсүн бычактап өлтүргөн

Кечээ, 27-июнда Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө үйлөрдүн биринин короосунан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Алынган маалыматтын негизинде, ыкчам-тергөө тобу дароо барып, ал жерден 1984-жылы туулган Н.А. аттуу жарандын күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилери бар  жансыз денеси  табышкан.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган А.С. аттуу аялы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш жубайлардын ортосундагы чыр-чатактан улам  аялы күйөөсүн бычак менен сайып алаганы белгилүү болгон.
Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Кызганычтан улам бирге жашаган аялын бычактап, башын кесип ыргыткан жаран кармалды

21-июнь күнү Жайыл районунун милициясына Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги арыкта аялдын башы жок жансыз денеси жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Окуя болгон жерге жетип барган милициянын ыкчам иликтөө тобу зомбулук менен өлтүрүлүп, башы кесилген аялдын сөөгүн табышкан. Андан аркы иликтөө маркум 1975-жылы туулган А.А. аттуу аял экендиги аныкталган. Ал эми аны өлтүрүүгө  маркумдун бирге жашаган жарандык күйөөсү, 1976-жылы туулган  К.Н. аттуу жаран  шектелип издөөгө алынган.

Иликтөөлөрдүн натыйжасында шектүү К.Н. Жалал-Абад облусуна качып кеткени такталып, ал жакка издөө жарыяланган. Жалал-Абад облустук милициясы шектүү К.Н. кармап, Жайыл райондук милициясына өткөрүп берген.

Колго түшкөн шектүүнүн айтымында, ал бирге жашаган аялын башка бир эркекке кызганып, ага 10 жолу бычак сайып, кылмыштын изин жашыруу максатында башын кесип алып жерге көмүп салган да калган денесин андан 200 метр ары, Кара-Балта шаарындагы арыктардын бирине таштап салган.

Шектүү К.Н. азыр Жайыл райондук милициясынын абагына жеткирилип, кылган күнөөсүн толук мойнуна алып, аялдын башын каякка көмгөнүн көрсөтүп берди.  Экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

9 жашар Сумаяны кыйнап өлтүргөн 48 жаштагы У.А. аттуу жаран мурун жин оорусунан дарыланганы аныкталды, эми ага соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды

2021-жылдын 22-декабрь күнү Сузак РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну 1973-жылы туулган У.А. аттуу жаран аныкталган. Бул тууралу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

У.А. аттуу жаран суракка алынып, ал иш боюнча күнөөсүн мойнуна алып иштин жагдайын көрсөткөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө У.А. аттуу жаран Жалал-Абад областтык ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарылангандыгы аныкталды.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 186-бер. (Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу) негизинде У.А. аттуу жаранга карата 2021-жылдын 23-декабрында соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр  шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын эксперттерине тапшырылды.

ИИМ: Сузакта 9 жаштагы Сумаяны өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун тургуну 1984-жылы туулган С.У. ошол эле күнү саат 12:40 чамаларында кызы 2012-жылы туулган Сумая Хосилжанова үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Дайынсыз болуп жаткан Сумаяны издөө иштерине жалпысынан 63 милиция кызматкери, 250 элдик кошуун жана коомчулуктан 150 ыктыярчы тартылып, Сузак айылынын 8540 кожолук, курулуп бүтпөй кароосуз калган 14 имарат, кароосуз калган 25 гараж, Жалал-Абад-Сузак каттамында каттаган 6 маршруттук таксилер жана 78 жеке таксилер текшерүүгө алынган. Атчан ыктыярчылар менен биргеликте эгин талааларында да издөө иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, 29 видеокамералар текшерилген. Бирок Сумая бир дагы видеокамерага түшкөн жери такталбаган.

Сумаяны издөө иштери Жалал-Абад шаарынын аймагында да улантылган. Сузак РИИБдин жана элдик кошуундар тарабынан курулушу бүтө элек, кароосуз калган 19 имарат жана 22 гараж текшерилген. Анын сүрөтү менен изделип жаткандыгы тууралуу маалыматтар башка аймактарга да илинген.

Ал эми, 2021-жылдын 27-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында Сузак РИИБге, балык уулап жүргөн Сузак районунун тургуну 1967-жылы туулган А.Р. телефон аркылуу чалып, ал Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинде жаш кыздын жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган. Айтылган дарекке Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу, Сузак РИИБдин начальниги жана орун басарлары, райондун прокурору жана РИИБдин ыкчам-тергөө топтору барышкан жана суунун жээгинен 3-4 метр аралыкта жаткан болжолу 8-12 жаштагы кыз кишинин жансыз денеси үстүндө кийимдери жок абалда табылган.

Окуя болгон жерде жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, оор жаракаттар жана дене мүчөлөрүнүн сынуусу байкалбаган. Ошондой эле жансыз дене дайынсыз болуп изделип жаткан Сумая Хосилжанова экендиги аныкталган.

Алгач бул факты Сузак РИИБинде табылган өлүк болуп катталган. Текшерүү, иликтөө иштеринин натыйжасында бул факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү бардык соттук-медицианлык экспертизалар дайындалган.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелип Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1973-жылы туулган У. А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда  азгырып үйүнө ээрчитип кеткендигин, аны үч-төрт күн үйүнүн жер төлөөдө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, анын денеси муздап, өлүп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып салгандыгын жана анын кийим-кечектерин толугу менен өрттөп салгандыгын билдирген. Учурда толугу менен тергөө, иликтөө амалдары амалдары жүрүүдө.

Аталган кылмышка шектүү 1973-жылы туулган У. А. Сузак районундагы айылдардын биринде жашап жүргөн.  Он жыл мурда үй-бүлөсү кетип калгандыгы жана ал үйүндө жалгыз жашап жүргөндүгү такталды. .

ТИМ: 30 жаштагы кыргыз жаранын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, Түркиянын жараны Ф.А. кармалды

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 13-октябрында каза болгон, 1991-жылы туулган Кыргызстандын жараны М.А.нын өлүмү туурасында кеңири маалымат алуу максатында, Министрликтин тапшырмасы боюнча, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова жана консулдук кызматкер Текирдаг провинциясынын Черкезкөй районуна барып, жергиликтүү коопсуздук бөлүмүнүн башчысы менен жолугушкандыгын кошумча маалымдайт.
Башкы консул Л. Сыдыкова иликтөө процессин тездетүүнү сурануу менен бирге, бул иш кыргыз тарабынын тыкыр көзөмөлүндө болорун баса белгиледи.
Алынган маалыматка ылайык, учурда Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын жараны М.А.ны өлтүрүүгө шектүү, Түркиянын жараны Ф.А. кармалып, “өзгөчө мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталууда.
Башкы консулдук маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына консулдук-укуктук көмөк көрсөтүүдө.
Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө.

Молдовановкадагы түрмөнүн "жолугушуу бөлмөсүнүн" көзөмөлчүсү, УКТнын мүчөсү Ж. уулу Т. абакта кишини өрттөп, асып койгону аныкталды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин биринин аймагында жасалган өзгөчө оор кылмыштын бетин ачышты.

2019-жылдын 1-декабрында Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан ЖАМКтын 1-мекемесинин аймагында күйүп жана асылып турган маркумдун денеси табылган, анын өздүгү аныкталып, ал соттолгон 1996-жылы туулган У. уулу Э. болуп чыккан.

Аталган факты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү (Киши өлтүрүү) менен катталган.

Дээрлик эки жыл мурда  болгон бул оор кылмыштын бетин  ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын кызматкерлери   биргеликте ачышты.

Бул иш коомдук резонанс жараткан жана оор кылмыш болгондугуна байланыштуу аны иликтөөнү ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери колго алышкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда бул оор кылмышка Чүй облусунда 1994-жылы туулган Ж. уулу Т.нын тиешеси бар экендиги аныкталган, ал учурда ар кандай оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолуп жазасын өтөп жаткан.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматына ылайык, Ж. уулу Т. 2017-жылы төмөнкү беренелер боюнча соттолгон (Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 164-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту, 167-беренесинин 4-бөлүгү, 241-берененин 4-бөлүгү). Учурда    Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 мекемесинде жазасын өтөөдө.  “Общаковскийлер” деп аталган терс маанайдагы соттолгондордун бири  жана “жолугушуу бөлмөсүнүн” көзөмөлчүсү болот. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турат.

Бул киши өлтүрүү фактысы эң татаал кылмыштардын категориясына кирген, бирок ыкчам кызматкерлер шектүүнү аныктоосу мүмкүн болду. Бул иш боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган шектүүнүн катыштыгы бар дагы бир кылмыштын бети ачылды. Бирок анын чоо-жайы азырынча ачыктала элек.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшүндө  мурда бир нече жолу соттолгон, Чүй облусунунда 1994-жылы туулган жаран Ж.уулуТ.га Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка шектелгендиги тууралуу кабарлама тапшырылды.

Учурда бул кылмышка башка адамдардын тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню