Menu

Адам өлтүрүү

Түп районунда мыкаачылык менен адам өлтүргөн жаран кармалды

9-сентябрь күнү болжол менен 19:30 чамаларында Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Түп райондук орууканасынан, Түп айылынын үйлөрүнүн биринин ичинен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн, европа улутундагы 40-45 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылганын кабарлашкан. Бул тууралу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган факт боюнча Түп РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 130- беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде катталып, алгачкы сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Тергөө ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге барып, 41-жаштагы К.Е. үйдүн ээси экендиги аныкталып, жансыз денесин тышкы кароо учурунда анын бети баштары, колдору жана кийимдери кан экендиги, мындан тышкары криминалдык тактар бар экендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин негизинде Түп РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе, кылмышка шектүү Түп айылынын тургуну 48-жаштагы М.Т. кармалып, кылган кылмыш иши боюнча күнөөсүн мойнуна алып, окуя боюнча каза болгон К.Е. экөө спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетип, ал аны колу буту менен катуу сабап тепкилеп кетип калгандыгын билдирген. Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камака алынды.

Азыркы учурда соттук медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК: А.Ч. аттуу жарандын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Бишкек милициясынын дагы 3 кызматкери кармалды

КР УКМК Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери А.Ч. аттуу жаранды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөө учурунда, Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору Б.Э. жана Б.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

 

Чүйдүн Москва районунда өз атасын өлтүрүүгө шектелген 30 жаштагы жаран кармалды

2021-жылдын 12-август күнү болжол менен саат 20:30 чамаларында Москва районунун ИИБнө Петровка айылынын 1991-жылы туулган жашоочус А.Б. кайрылып, ал өзү жасаган күнөөсү тууралуу айтып берген. Анда 12-август
күнү болжол менен саат 03:00 чамаларында Петровка айылындагы үйлөрдүн биринде атасы экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам атасынын денесине жаракат келтирип, алган жаркатынан улам атасы окуя болгон жерде каза болгонун билдирген.
Алынган маалыматтын негизинде Моска РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жогорудагы кылмышка шектелип, 1991-жылы туулган А.Б. камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Шамалды-Сай шаарчасында эки аял урушуп, бири экинчисин бычактап өлтүргөн

11-август күнү саат 13:15 чамаларда Таш-Көмүр ШИИБдин 102 кызматтык номерине телефон чалуу болуп, анда “Шамалды-Сай” шаарчасынын Темир-Жол көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Чакыруу боюнча Таш-Көмүр ШИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон аялдын жансыз денеси уктоочу бөлмөдөн табылып, ал Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасындагы үйлөрдүн биринде жашаган 1978-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран экендиги такталып, киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.

Аталган окуя боюнча топтолгон материал Таш-Көмүр ШИИБдин КЖБРне  “Киши өлтүрүү” фактысы менен катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-дактилоскопиялык экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүүлөрдү табуу максатында иш-пландар түзүлүп, ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

КРнын ИИМдин, Жалал-Абад ОИИБдин жана Таш-Көмүр ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жасаган ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Шамалдуу-Сай шаарчасынын тургуну 1983-ж.т. П.Т. (аял киши) аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө П.Т. кылмыш болгон жерден жабырлануучуга таандык болгон алтын буюмун алып келген жана кылмыш учурунда колдонгон бычакты ыргытып жиберген жерин көрсөтүп берген.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы Таш-Көмүр шаардык сотунун тергөө судьясы тарабынан каралып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда окуя боюнча адам өлтүрүүнүн себептерин аныктоо, өндүрүш ишти соттун кароосуна жиберүү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Меню