Menu

Адылбек Касымалиев

Адылбек Касымалиев Лондондо Улуу Британдыктарга Кыргызстандан ичүүчү таза сууну экспорттоону жана тоо туризмин өнүктүрүүнү сунуштады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында БУУ жана Шериктештиктин Түштүк жана Борбордук Азия маселеси боюнча мамлекеттик министри, лорд Тарик Ахмад менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелер түзүлгөндөн берки 30 жылдык кызматташтыктын жыйынтыгын чыгарып, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда аларды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушууда эки тараптуу мамилелерде, өзгөчө соода-экономикалык чөйрөдө ишке ашырыла элек чоң мүмкүнчүлүктөр бар экени айтылды.

Адылбек Касымалиев айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы, энергиянын кайра жаралуучу булактары, «жашыл», санариптик жана креативдүү экономика сыяктуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын ичүүчү таза сууну экспорттоодогу потенциалына жана аны Улуу Британиянын рыногуна жеткирүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, Кыргыз Республикасы тоолуу өлкө катары чет элдик туристтер үчүн уникалдуу аймак болуп саналат, ошондуктан тоо туризми жаатында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Экономикалык кызматташууну активдештирүү алкагында кыргыз тарап иш-чаранын жүрүшүндө бири-бирине өз ара пайдалуу долбоорлорду сунуш кыла ала турган эки өлкө ишкерлеринин катышуусунда кыргыз-британ инвестициялык форумун өткөрүүнү сунуштады.

Адылбек Касымалиев ошондой эле мамлекеттер ортосундагы келишимдик-укуктук базаны чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, буга чейин британ тарапка сунушталган түрдүү тармактардагы келишим долбоорлорун кароону тездетүүгө ишенимин билдирди.

БУУ жана Шериктештиктин Түштүк жана Борбордук Азия маселеси боюнча мамлекеттик министр, лорд Тарик Ахмад өз кезегинде Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясына иш сапары жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча сунуштары үчүн ыраазычылык билдирди.

Лорд Тарик Ахмад сунуштарды карап чыгууга, ошондой эле аларды ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө британиялык тараптын даяр экендигин белгиледи.

Адылбек Касымалиев КР Министрлер Кабинетинин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Касымалиев Адылбек Алешович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Жарлык менен анын талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизүү жөнүндө токтом кылынат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Токио-2020 32-Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты

2021-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев башында турган, курамына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, министрдин орун басары – Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев кирген Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Токио-2020 32-Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин Токиодогу Олимпиада жана Паралимпиада оюндарын өткөрүү боюнча Япониянын министри Тамайо Марукава, ошондой эле Япониянын Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технологиялар министри Хагиуда Коити менен эл аралык жана эки тараптуу спорт тармагындагы күн тартиби боюнча өз ара аракеттенүү тууралуу кыска жолугушуулары болуп өттү.

2021-жылдын 26-июлунда кыргыз делегациясынын Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты, Кыргыз Республикасы менен достук лигасынын лидери Ген Накатани менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, ошондой эле эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда байланыштарды орнотуу жана чыңдоо маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Сапардын алкагында, ү.ж. 27-июлунда Кыргыз Республикасынын делегациясы Япониянын “Muroo Systems Co. Ltd” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анда тараптар маалыматтык технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында япониялык компаниянын Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу жана КРнын тиешелүү органдары менен кеңейтилген жолугушуу өткөрүү тууралуу макулдашылды.

Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев Президенттин «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» Жарлыгы боюнча

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев Мамлекет башчысынын «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» Жарлыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, аталган Жарлык  мамлекеттик бийлик органдарынын структурасын оптималдаштыруу боюнча алпарылып жаткан иштин экинчи этабы болуп саналат.

Ал Өкмөттүн структурасын өзгөртүп, министрликтерди, административдик ведомстволорду  бириктирүү менен кыскартууга жетишилгенин, бирок кызматкерлердин саны көп өзгөрбөгөнүн түшүндүрдү.

«Эми мамлекеттик кызматкерлердин санын 30%га чейин кыскартуу милдети турат. Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, акыркы 25 жыл аралыгында мамлекеттик кызматкерлердин саны көбөйүп келген. 1995-жылы 26 152 мамлекеттик кызматкер болсо, 2010-жылы алардын саны 30 743кө, 2020-жылы 34 860ка чейин көбөйгөн», — дейт Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары.

Ушуга байланыштуу мамлекеттик кызматкерлердин эмгек айлыгын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби, ал бюджеттен абдан көп каражатты талап кылат.

Аталган Жарлыкка ылайык, үнөмдөлгөн каражат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө жумшалат.

«Эгерде мамлекеттик кызматкерлер 30%га же 10-11 миңге чейин кыскартыла турган болсо, мамлекет 2 млрд сомдон ашык акча каражатын үнөмдөйт. Бирок бул үнөмдөө келерки жылда гана ишке ашырылат. Анткени, Эмгек кодексине ылайык, үстүбүздөгү жылы кыскартылган кызматкерлерге 3 айлык эмгек акысын пособие катары төлөп беришибиз керек», — деп кошумчалады Адылбек Касымалиев.

Учурда Экономика жана финансы министрлиги Жарлыкты комплекстүү ишке ашыруу боюнча ишин баштады, ведомстволор аралык комиссия түзүү боюнча жумуш алпарылууда. Аталган комиссия ар бир министрлик, ведомстволорду карап чыгып, дагы бир жолу анализдеп, андан кийин конкреттүү түрдө сунуштарды берет.

Жарлыкты жүзөгө ашыруу боюнча бардык иштерди Министрлер Кабинети алып барат.

Ал эми Президенттин Администрациясы боюнча Адылбек Касымалиев структурада кыркартуулар болгонун, учурда анализдөө иштери жүрүп жатканын, кыскартуу боюнча иштер улантыларын баса белгиледи.

Меню