Menu

Азык-түлүк коопсуздугу

Кыргызстан Өзбекстандан мал жана эт ташууга уруксат берди

Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына мал жандыктарды жана эт ташып келүүгө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Мындан сырткары АКШдан Кыргызстанга канаттууларды жана канаттуулардын этин алып келүүгө убактылуу чектөө да жоюлду.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызмат Өзбекстанга жана АКШга байланыштуу чектөө чараларын былтыр сентябрь айында киргизген.

Ушул тапта башка мамлекеттерден азык-түлүк ташып келүүгө байланыштуу дагы бир нече убактылуу чектөө сакталып турат. Анын ичинде Орусиянын Оренбург облусунан шарп ылаңына кабылган мал жандык жана андан алынган азыктарды, Бурятия, Башкортастан субъектилеринен (РФ) дерматитке чалдыккан мал азыктарын ташып келүүгө тыюу салынган.

Казакстандын Караганды облусунан ылаңдаган малдын азыктарын, Индиянын үч штатынан нодулярный дерматитке сезгич мал жандыктардан алынган азыктарды алып келүүгө чектөө бар. Ооганстандан дээрлик бардык жаныбарларды жана Монголиядан бодо мал менен кой-эчки ташып келүүгө чектөө киргизилген. Бул чаралар былтыр ар кайсы убактарда кабыл алынган.

Казакстандын соода министри жазында азык-түлүк арзандай турганын билдирди

Казакстандыктар азык-түлүктүн арзандоосун быйыл жазында сезе башташат. Бул тууралуу сенаттын кулуарында Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангарин билдирди.

Министрдин айтымында, жакын арада социалдык маанидеги негизги азык-түлүктүн 19 түрү арзандай баштайт.

“Биринчи кезекте тартыштыкка жол бербешибиз керек. Экинчиден, бааны туруктуу кармоо шарт. Үчүнчүдөн, арзандатууга карай багыт алышыбыз зарыл. Февраль-мартта арзандатуу трендине жол ачабыз. Элге азык-түлүк жеткиликтүү экенин, дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жоктугун жеткирели. Кооптонууга эч кандай негиз жок”, – деди министр.

Анын айтымында, дүкөндөргө турукташтыруу фонддорунан акимдик белгилеген баада азык-түлүктөр түшө баштайт. Бул баа инфляцияны төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Соода министринин билдиришинче, Пакистандан Казакстанга картошка жеткирилип, пияздын баасы да жөнгө салынды. Мындан тышкары күнкарама майы боюнча меморандум түзүлүп, жумуртка өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

2022-жылдын жыйынтыгы менен Казакстанда инфляция 20,3 пайызды түздү. Бир жылда азык-түлүк 25,3 пайызга кымбаттады.

БУУ: Тажикстанда айрым азык-түлүк түрлөрү болуп көрбөгөндөй кымбаттады

Тажикстанда быйыл айрым азык-түлүк түрлөрү болуп көрбөгөндөй кымбаттады. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдирди.

Маалыматка караганда, Тажикстанда ундун баасы былтыр ушул маалга салыштырмалуу 50% жогоруласа, пияз 192% кымбаттаган.

Ошол эле маалда 2021-жылга салыштырмалуу өлкөдө сабиз 65%, жасмык 5% арзандаган.

БУУнун адистери өткөн аптада ага чейинки жумаларга салыштырмалуу Тажикстандын алты базарында ундун баасы 1-3% төмөндөгөнүн, Тоолуу Бадахшан автоном облусунда тескерисинче кымбаттаганын аныкташкан. Мындан тышкары Тажикстандын сегиз базарында кумшекер 4%дан 18%га чейин арзандаган.

Жыл башынан бери Тажикстанда эң керектүү товарлар бир нече жолу кескин кымбаттады. Андай учурларда бийлик калк үчүн кесепеттерин азайтуу максатында мамлекеттик резеврдин эсебинен базарга арзаныраак азык-түлүк чыгарып турду. Бирок ал товарлар көбүнчө түшкө чейин эле түгөнүп калып жатты.

Кыргызстан үч эле азык менен өзүн-өзү камсыздай алат: картөшкө, сүт жана жашылчалар

Кыргызстан үч эле азык менен өзүн-өзү камсыздай алат. Картөшкө менен 123%, сүт менен 132% жана жашылча.

Бул тууралуу 7-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков айтты. Анын сөзүнө караганда, социалдык маанилүү башка азык-түлүктүн көбү сырттан импорттолот.

“Өлкөгө азыктык буудай 45%, кумшекер 50% жетпей калды. Биз өзүбүз 20% жетпеген гана көлөмдө өсүмдүк майын, 55% жумуртканы өндүрөбүз. 2024-жылдары биз кумшекер жана азыктык буудай менен камсыздайбыз”, – деди Жаныбеков.

Кыргызстан ундун басымдуу бөлүгүн Казакстан менен Өзбекстандан алат.

Былтыр Кыргызстанда сугат суунун тартыштыгы жана аптаптуу ысыктан улам буудайдын дүң жыйымы 41,4%, арпанын түшүмү 58% кыскарган. Буга байланыштуу буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40% кымбаттаган.

Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн буудайды сыртка экспорттоого тыюу салып, өлкөгө буудай жана ун ташып кирүүгө кошумча нарк салыгын убактылуу алган.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 2022-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүү боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Меню