16-июнда КР жарандарын чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин жардамы менен Канвондо, Чолла-Намдо провинцияларынын жана Улсан шаарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушууларда КР жарандарын Түштүк Кореянын провинцияларында жана шаарларында келишимдик жумуштарга орноштуруу маселелери талкууланды.
Жергиликтүү бийлик органдары кыргыз тарап тартуулаган маалымат менен таанышып чыккандан кийин азыркы учурда аларга жумушчу күчтөрү керек экендигин баса белгилешти. Ошондой эле кыргыз жарандарын сезондук айыл чарба жумуштарына тартууга даяр экендиктерин билдиришти.
Бул жолугушууну элчилик Кореянын губернаторлорунун ассосациясынын (GAOK) жардамы менен уюштурду.
Андан башка да элчи Аида Исмаилова Кореянын «SEEDON» компаниясынын президенти Сон Хён Юль мырза жетектеген делегация менен жолугуп, кыргыз жарандарын сезондук айыл чарба жумуштарына тартуу мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөштү.