Menu

Акылбек Жапаров

Убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жана Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кумтөр кенине барышты

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине барды.

Иш сапардын жүрүшүндө алар негизги карьердин, Петров көлүнүн, калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышып, ошондой эле алтынды бөлүп алуу фабрикасында болушту.

Эл өкүлдөрүнө ишканада жүргүзүлүп жаткан иштер, өндүрүштөгү абалды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөчү жана алтынды өндүрүүнүн технологиялык чынжырчасынан уурдоо жана алтынды кенден тышкары уруксаатсыз алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган коопсуздук жана көзөмөл системасы тууралуу маалымат берилди.

«Алтындын ар бир граммы көзөмөлдө», – деп белгиледи ишкананын жетекчилиги.

2022-жылы алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика 17,3 тонна алтын өндүргөн. 2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлган.

Акылбек Жапаров 2022-жылдагы үч маанилүү окуяны атады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде өткөн жылдагы маанилүү үч окуя катары Кумтөрдүн мамлекетке алынышын, Кемпир-Абад жана Баткендеги чек ара маселелерин атады.

Ал Кумтөрдүн толугу менен мамлекетке өтүшү экономикалык эле эмес, руханий жактан да утуш болгонун, муну “элдин мүлкүн басып алган тышкы душманды гана эмес, ички душманды да – өз коркуусу, өз күчүнө ишенбөөчүлүк менен жеңүү” деп баалаган.

Кемпир-Абад боюнча да туура чечим кабыл алынганын, бул маселени шылтоо кылып, бийликке келүүнү көздөгөндөр болгонун айткан.

“Баткен аскердик конфликт катары эл, мамлекет үчүн чоң жана чыгашалуу сыноо болду. Биз андан татыктуу өттүк. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн мамлекет керектүү каражаттарды табууга жетишти”, – деди Акылбек Жапаров Баткен тууралуу айтып жатып.

Ал былтыр бюджеттин кирешеси көбөйгөнүн, куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүү иштерин жана айлык, пенсиялардын жогорулаганын өкмөттүн жетишкендиги катары белгилеген.

  • Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.
  • Президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын чогуу пайдалануу тууралуу эки мыйзамга кол койгон. Суу сактагычтын жеринин берилишине каршы чыккан 20дан ашуун адам ушу тушта “төңкөрүш жасоого аракеттенген” деген жүйө менен камакта отурат.
  • Былтыр 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы масштабдуу жаңжал ондогон адамдын өмүрүн алган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Эки тараптан тең кагылышуудан каза тапкандар арасында балдар бар

Акылбек Жапаров: Жыл аягына чейин республика боюнча 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Жыл аягына чейин республика боюнча 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
«Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 млн 407 миң мектеп окуучусу бар. Билим берүү системасынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жыл сайын 25ке жакын мектеп куруу зарыл. Учурда билим берүү тармагына тиешелүү 261 объектиде, анын ичинде 133 авариялык мектепте курулуш иштери жүрүп жатат. Жыл аягына чейин 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет», – деди ал.
Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы мындан ары аймактардын билим берүү мекемелерин курууга карай муктаждыктарын аныктоо жаатындагы саясатты түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашыра тургандыгын белгиледи.
«Бишкекте жалпы билим берүүчү мектептердин жетишсиздиги чоң көйгөй болгон. Кыргыз Республикасынын Президенти быйылкы жылдын күз айларына чейин 15 мектептин жана 1 бала бакчанын курулушун жыйынтыктоо тапшырмасын койгон. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен – 2,5 млрд сом, шаардык бюджеттен – 450 млн сом, жалпысынан 3 млрд сом бөлүнгөн. Ырааты менен маселе чечилүүдө. Акыркы 10 жылда Бишкекте 9 гана мектеп курулса, быйыл 17 мектеп курулуп бүттү, анын 15и – республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана 2 мектеп донордук уюмдардын эсебинен курулду», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров: Бишкекте 30 жыл ичинде жалпысынан 28 мектеп курулса, быйыл бир жылда 16 мектепти курдук

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарындагы «Көлмө» жаңы конушундагы №78 мектеп-гимназиясынын жаңы корпусунун ачылыш аземине катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, статистикалык маалыматтарга ылайык, борбор калаанын, Сокулук жана Аламүдүн райондорунун жалпы калкынын саны 2005-жылы 1, 1 млн адамдан ашса, ал эми 2016-жылы Бишкек шаарынын өзүндө гана 1 миллиондон ашык адам катталган.

«Мектептердин жетишсиздиги чоң көйгөйгө айланып, бул маселе Кыргыз Республикасынын Президентине борбор калаанын негизги көйгөйлөрүнүн бири катары айтылган. Буга байланыштуу 2022-жылы 16 жалпы билим берүүчү орто мектеп куруу чечими кабыл алынган. Белгилей кетсек, буга чейин мектептердин курулушуна көпчүлүк учурда 5-6 млн сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүнүп, капсулалар салынып, курулуш иштери бир нече жылдарга созулуп кеткен. 30 жыл ичинде жалпысынан 28 мектеп курулса, быйыл бир жылда 16 мектепти курдук. Мектептердин жетишсиздиги өзгөчө көйгөй жараткан жаңы конуштарга өзгөчө көңүл бурулду», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Белгилей кетсек, аянты 2309 чарчы метр болгон мектептин жаңы имаратынын долбоордук кубаттуулугу 380 окуучуга ылайыкталган.

Жаңы корпуста 15 окуу кабинети, жыйындар залы, китепкана, спорт залы, футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары бар.

Учурда Бишкектеги №78 мектеп-гимназиясы 1564 окуучуга эсептелген.

Акылбек Жапаров: "Биз жаңы дүйнө тартиби орноп жаткан мезгилде жашап жатабыз, калыптанып калган евроцентризмден алыстап, Азияга көңүл буруу керек"

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-орус инвестициялык форумуна катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы сөзүн улуу колбашчы жана акын Бабурдун ыр саптары менен баштады.

,,Бөтөн жерде унуттасың, адамзат! Адам гана жалгыз өзүн жооткотуп. Жер кезүүдө бир саам кубанычка батпадым! Сүйүктүү Ата-Журтту дегдеп келет адамзат”.

Мен сиздердин көз алдыңыздарга далай кыйынчылыктарды башынан өткөргөн, жамаачы кийим кийген сүргүндөгү байкуш дервиштин образы тартылды деп ойлойм, силер туура баамдадыңыздар, себеби, бул ыр саптарында алыста калган мекенге болгон кусалык сезими даана жана таасирдүү берилген. Ошол эле учурда бул саптар Индостан аралына, азыркы Пакистан жана Афганистандын учу кыйырсыз аймактарына ээлик кылган адамга тийиштүү. Бул адам эбегейсиз байлыкка, ага катар дүйнө жүзүнө атагы чыккан британ империясынын таажысынын негизги жасалгасы – ,,Кохинур” алмазына ээлик кылган.

Бул адамдын аты Захиреддин Мухамед Бабур, ал – Улуу Моголдор империясынын негиздөөчүсү”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы бул жолугушуу бекер жерден орун албагандыгын айтты, анткени, дал ушул жерден биздин белгилүү мекендешибиздин улуу сапары башталган.

“Биз байыркы кытайлыктар татаал деп эсептеген өзгөрүү доорунда жашап жатабыз. Биздин жолугушуубуз дүйнөлүк тарыхтагы жана геосаясаттагы тектоникалык өзгөрүүлөр орун алып жатканда өтүүдө.  Кылымдар бою калыптанган түшүнүктөр бузулуп, анын ордуна жаңы дүйнө тартиби орноп жатат. Ооба, бул жеңил эмес, кээде кооптонуу жаратат, ошентсе да бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жаңы жолдорду ачууда. Бул кризис, бирок кризис деген тарыхтын жана прогресстин кыймылдаткыч күчү. Учурда биз болуп жаткан нерселерге дал ушундай көз караш менен карообуз керек”, – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзүнүн поэтикалык саптарга кайрылуусун Бабурдун алдында бир эшик жабылса, ал экинчи эшикти ача алгандыгы менен түшүндүрдү.

“Ал беш жүз жыл мурун көрсөткөн жол азыр да чоң мүмкүнчүлүктөрдүн жолу болуп саналат. Биздин алдыбызда эбегейсиз рыноктордун мүмкүнчүлүгү турат. Болгону калыптанып калган евроцентризмден алыстап, Азияга көңүл буруу керек. Бул Ош , Фергана жергесинен Борбор Азиянын гана эмес, бүткүл Азиянын өнүгүүсү, ошондой эле цивилизациялык өздөштүрүлүшү башталышы мүмкүн. Тынчтык, өз ара пайдалуу кызматташтык жана жакшы коңшулук принциптеринде өнүгүү. Ал эми бул жерде жаңы көз-караш жана мурдагы тарыхый парадигмалардан такыр айырмаланган Россиянын чоң бизнесинин ролу биздин өлкөлөр жана бүткүл Евразия үчүн абдан келечектүү жана эки тарапка тең пайдалуу болушу мүмкүн», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана россиялык ишкерлерди азия рыногунун мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурууга чакырды.

“Ал эми биз үч улуу цивилизациянын тогошкон жери катары жемиштүү өз ара аракеттенүү жана кызматташуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул үчүн бизде өз көз-карашыбыз, ачыктыгыбыз жана саясий эркибиз бар”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, кыргыз-орус инвестициялык форуму 7-октябрда Баткен шаарында өз ишин баштаган. 8-октябрда форумдун иши Ош шаарында уланууда. Форумга росиялык ишкерлер катышууда.

Форумдун жыйынтыгында 20дан ашык долбоорлорго кол коюу пландалууда.

Акылбек Жапаров: Үстүбүздөгү жылдын 5 айында Бишкекте 15 мектеп курулду, бир кезде борбор калаада жаңы мектептер таптакыр курулбай калган учурлар болгон

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин кошумча имаратынын ачылышына катышты.

«Бүгүн спорт залы, спорт аячнтчасы жана башка тийиштүү имараттары каралган 500 орундуу үч кабаттуу мектептин имаратын ачып жатабыз. Курулуш иштери быйыл 30-апрелде башталган. Объекттин курулушуна – 347 млн сом, ал эми техникалык жабдуусуна 13,2 млн сом жумшалган. Мен балдарды, ата-энелерди жана мугалимдерди бул кубанычтуу окуя менен куттуктайм. Ошондой эле мугалимдерди өтүп кеткен кесптик майрамы менен куттуктайм», – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, 2005-жылы борбордо 1,1 миллиондон ашык адам жашаса, ал эми 2016-жылы Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, шаардын өзүндө эле 1 млн адам жашаган. Эң курч көйгөйлөрдүн бири мектептердин жетишсиздиги жана жүктөмдөрдүн оордугу болгон, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Министрлер Кабинетинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын астына бул маселени чечүү тапшырмасын койгон.

«Жаңы конуштарга 5 жаңы мектеп салынды, калган мектептерде жаңы мектептерден кем калышпаган кошумча имараттар курулду. Бизде №75 жана №76 – эки авариялык мектеп болгон, учурда мында жаңы мектептер иштеп жатат. 1950-1959-жылдары Фрунзе шаарында 11 мектеп курулган, ал индустриялаштыруу мезгили болчу, бул мезгилдерди Исхак Раззаков менен байланыштырганбыз. Ал эми 1960-1969-жылдары 31 мектеп курулган, бул Турдакун Усубалиевдин учуру. 2022-жылы 5 айдын ичинде Бишкекке 15 мектеп, 1 бала бакча курдук. Менин оюмча, качандыр бир кезде биздин балдар бул учурду Садыр Жапаров менен байланыштырышат.

Бишкекке бир дагы мектеп курулбай калган учурлар болгону эсибизде, мисалы 2011, 2013, 2014, 2016, 2019 жана 2020-жылдар. Демократиялык жарылуунун туу чокусу, эң чоң ички миграция жүрүп, бир дагы мектеп курулган эмес. Жаңы конуштарга дагы 7 мектепти куруубуз керек, алар жакынкы жылдары курулат. 5 айдын ичинде бизге жаңы мектептерди куруп берген куруучуларга ыраазычылык билдирем», – деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле шайлоо алдында добуш алгысы келген жеке адамдар айрым жерлерге мектеп курууну өз кызыкчылыгы үчүн колдоно турган көрүнүштөр кайталанбай турганын баса белгиледи.

«Мектептердин жайгашуу ордун Билим берүү жана илим министрлиги аныктайт. Балдарыбыздын 4 тилден ашык тил билүүсү, анын ичинде мамлекеттик, расмий, англис, кытай жана программалоо тилин жакшы билиши жана атаандаштыкка жөндөмдүү муундун өсүп чыгуусу үчүн мугалимдерден сапаттуу билим берүүнү суранабыз. Биз 7 миллионунчу жарандын төрөлүшүн күтүп жатабыз. Ошондуктан жыл сайын балдардын билим алуусуна жакшы шарттарды түзүү үчүн жаңы мектептерди куруу зарыл. Балдарды жаркын келечек күтүп турат. Алар өнүккөн өлкөдө жашашат», — деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Маалымат үчүн: Жаңы үч кабаттуу комплексте 20 окуу классы каралган. Имарат 500 окуучуга ылайыкталган.

Имараттын биринчи кабатында башталгыч класстар, хореографиялык зал, 285 чарчы метр болгон спорт зал жана ашкана бар. Экинчи кабатта: башталгыч класстар, 110 орундуу 277 чарчы метр аянттуу жыйындар залы бар. Үчүнчү кабатта предметтик кабинеттер жана лабораториялар жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 5035 кв.метр. Мектептин аймагында футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары, чуркоо үчүн аянтча жана воркаут аянтчасы курулган.

Акылбек Жапаров Баткен облусунун 102 жаштагы тургуну Асал Абдиломутованы Карылар күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен районунун Рават айылынын 102 жаштагы тургуну Асал Абдиломутовага жолугуп, ал-абалынан кабар алып, аны Карылар күнү менен куттуктады.

Министрлер Кабинетинин башчысы ага чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Асал Абдиломутова – тылда эмгектенген, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жесири.

Акылбек Жапаров Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарында болду.

Министрлер Кабинетинин башчысы чек арага чектеш айылдардын тургундары менен жолугушуп, Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясынан жабыркаган турак жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди көрүп чыкты.

Учурда жеринде объекттерди баалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Калыбына келтирүү иштерине куткаруучулар, волонтерлор, атайын техникалар тартылган.

«Капчыгай айылында дээрлик бардык үйлөр талкаланган. Биз жаңы үйлөрдү курабыз, анда тийиштүү инфраструктура каралып, таза суу, асфальт жолдор менен камсыз болуп, көчөлөр жарыктандырылат. Бул жаңы айыл болот, тиешелүү башкы планды иштеп чыгуу керек», – деди Акылбек Жапаров жана тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Ак-Сай айылында Министрлер Кабинетинин Төрагасы талкаланган мектептин имаратын көрүп чыкты.

Балдардын коопсуздугун камсыздоону эске алуу менен жаңы мектеп куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров талкаланган канаттуулар фермасын көрүп чыкты.

Ал белгилегендей, мамлекеттик финансы институттары өндүрүштү калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды бөлөт.

Баткен шаарында Министрлер Кабинетинин башчысы куралдуу кагылыштын натыйжасында каза болгондорду эскерди. Курман болгондорго арналып куран окулду.

Белгилей кетсек, эртең, 1-октябрда куралдуу баскынчылыктын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган Баткен жана Ош облустарындагы административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи отуруму өтөт.

Акылбек Жапаров: "Камбарата-1" ГЭСинин курулуш баасы $5-6 миллиард, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунуку $5-7 миллиард болот

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы жайкы тыныгуудан кийин 1-сентябрда ишин расмий баштады.

Жыйында сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда парламенттин кароосунда 121 мыйзам долбоору турганын белгиледи.

“Парламенттин биринчи сессиясында өкмөт 124 мыйзамдын долбоорун сунуштап, анын 71и парламентте кабыл алынып, президент 67 мыйзамга кол койду. Азыр карооңуздарда 121 мыйзам долбоору турат. Биз “Камбар-Ата-1″ ГЭСин куруу долбоорун баштадык. Биздин эксперттердин эсебинде, бул 5-6 миллиард долларлык экономикабыздагы ири долбоорлордун бири. Буга байланыштуу бир топ мыйзамдарга да өзгөртүү киргизишибиз керек. Силер менен чогуу суроо-талаптарыбызды чечебиз деген үмүтүбүз бар. 15-16-сентябрда ШКУнун Самарканддагы жыйынында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча келишимге кол коюларын күтүп жатабыз. Божомолдор боюнча жылдын экинчи жарымында техникалык-экономикалык негиздемеси бүтөт, 5-7 млрд доллар керектелет”, – деди Жапаров.

8-июнда Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык көрүүгө старт берип, гидротоннель түшчү жерде жардыруу болгон. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Расмий Бишкек Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин маалымдаган. Муну кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да ырастаган. Анда тараптар бир катар маселелер боюнча мунаса тапканы жана Кыргызстандын аймагындагы долбоордун багыты аныкталганы кабарланган.

Кытайды Борбор Азия менен туташтырган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери жүрүп келет. Ал жол аймактык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода каттамын ачмак.

Акылбек Жапаровдун Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасады.  

Төмөндө билдирүүнүн текстин келтиребиз:

«Бүгүн Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Евразиялык экономикалык комиссиянын алгылыктуу ишин белгилеп кетким келет. Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, талкууланды.

Тараптар төмөнкү маалыматтарды угушту:

– Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө;

– Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору үстүндө иш алып баруу жөнүндө;

– Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө.

Өкмөт башчылары тиешелүү буйруктарга жана чечимдерге кол коюшту. Мындан тышкары, евразиялык интеграциянын алкагында өз ара аракеттешүүнүн башка актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу жүрдү.

Бүгүнкү кеңешменин жыйынтыгы евразиялык интеграциянын бардык катышуучуларына пайда алып келет жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт деп ишенем».

Меню