Menu

Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров Кара-Балта спирт заводун модернизациялоону тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы ишкананы көрүп чыгып, жабдуулардын абалы жана өндүрүш көлөмүн кеңейтүү пландары тууралуу маалыматты укту.

Акылбек Жапаров ишкананын лабораториясын эл аралык стандарттагы заманбап жабдууларды сатып алып, жабдууну тапшырды. «Лабораториянын иши кынтыксыз болушу керек, анын «Люкс» классындагы продукциясынын сапаты боюнча чыгарган корутундусунан эч ким кынтык таппагандай болушу тийиш», – деп белгиледи ал.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы мамлекеттик ишкананы алдыңкы технологияларга ылайык модернизациялоону, натыйжада, толук өндүрүш цикли бар заманбап заводду негиздөөнү тапшырды. Атап айтканда, бардык аймакка асфальт төшөө, спирт сакталуучу кампаларда оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, чыгаруу системасын жаңылоо, компьютерлештирилген башкаруу системасын түзүү ж.б.у.с. тапшырмалар берилди.

Андан соң тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишканалардын жетекчилерине заводдун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, ошол эле учурда уникалдуу адистердин эмгек акысын төлөөнүн эселенген коэффициентин белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жана ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линияны орнотуу боюнча өнөктөштөр менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары заводдун продукциясын келечекте чет өлкөгө экспорттоо маселелери талкууланды.

Акылбек Жапаров контрафакттык алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана сатууну ооздуктоо чараларына өзгөчө көңүл бурду. «Контрафакт – бул биздин экономиканын рак оорусу», – деп баса белгиледи ал.

Акылбек Жапаров: Жакында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун активдүү фазасы башталат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык тармактарга өзгөчө көңүл буруу менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Элчи КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцяндын «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу маселесине тийиштүү билдирүүсүн айтты.

Белгиленгендей, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу үч өлкө элинин бакубаттуулугун жогорулатуу жана экономикалык өнүгүүнү илгерилетүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон маанилүү регионалдык долбоор болуп саналат.

Кытай тарап канагаттануу менен белгилегендей, үч тараптын биргелешкен аракеттерине жараша темир жолду куруу долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу ийгиликтүү башталды жана кыргыз жана өзбек тарап менен долбоорду мындан ары карай илгерилетүү үчүн кызматташууга даярдыгын билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өз кезегинде Ли Кэцяндын билдирүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы үчүн темир жол магистралынын курулуш долбоорун ишке ашыруунун артыкчылыктуу маанисин баса белгиледи.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар. Жакында долбоордун активдүү фазасы башталат деп ишенебиз», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Жолугушууда Элчи Ду Дэвэнь кытай тарап кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иш убактысын 2022-жылдын августунан 31-октябрына чейин 2 саатка узартуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Мындан тышкары, кытай тарап эки өлкөнүн ортосундагы авиа каттамдардын санын көбөйтүүгө даяр экендигин билдирди (учурда эки жумада бир каттам бар). Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдарынын жыштыгын жумасына 3 жолкуга чейин көбөйтүү пландалууда.

Элчи ошондой эле үстүбүздөгү жылдын октябрь айында «Экспресс ден соолук» долбоорунун алкагында Кыргызстандын муктаж жарандарына көздүн катарактасына 550 операцияны бекер жасоого даяр кытайлык алдыңкы дарыгер-офтальмологдорунун Кыргызстанга келиши пландалып жаткандыгын билдирди.

Кыргыз тарап Кытайдын негизги соода-экономикалык өнөктөш катары өзгөчө маанисин белгилеп, кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча мындан ары жемиштүү иш алып барууга даяр экендигин белгиледи.

Акылбек Жапаров жаңы курула турган 22.000 орундуу "Бишкек сити" стадионунун, "Асман" шаарынын жана 7.000 орундуу спорттук комплекстин долбоорлору менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Бишкектин жанындагы 7 миң орундуу спорттук-маданий комплекстин, Ысык-Көл облусундагы «Асман» экологиялык таза шаарынын, ошондой эле Орок айылындагы 22 миң орундуу стадиону бар «Бишкек Сити» эл аралык ишкер борборунун курулуш долбоору сунушталды.

Мындан тышкары, борбор калаадагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчаларды камтыган турак жай комплексин куруу маселеси каралды.

Министрлер Кабинетинин башчысы тиешелүү ведомстволорго жогоруда аталган объектилердин курулуш долбоорлорун эл аралык стандарттарга жана ченемдерге шайкеш келтирүү иретинде сапаттуу иштеп чыгууну тапшырды.

«Бул объектилердин курулуш долбоорлорун сапаттуу иштеп чыгуу маанилүү. Аталган долбоорлор жагымдуулугу, ыңгайлуулугу, коопсуздугу жана экологиялык жактан тазалыгы боюнча тыкыр ойлонулушу шарт», – деди Акылбек Жапаров жана мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди.

Наралы Асанбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын жардамчысы: "Кыргызстан 20 жылда "Кумтөрдөн" $85 млн дивиденд алса, өткөн 2021-жылы 7 айда $323 млн таза киреше алды"

Кыргыз элинин байлыгы болгон Кумтөрдө кыргыз бийлиги менен эл аралык шылуундар түзгөн афёра жеңип келген. Кыргызстан баардык жагынан утулган. Улуттук, мамлекеттик кызыкчылык тепсендиде калып келген. Коррупционер жетекчилердин айынан өлкө өксүгөн.
Президент Садыр Жапаровдун ажо учурунда тарыхта калчу окуясы дагы кылым афёрасына чекит коюп, алтын кенди мамлекеттин карамагына алганы болду. Бул тарых болуп айтылат. Бул чындыгында чоң жеңиш.
Кечээ Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.
Кыргызстандын Элчилигинин аймагында тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети, анын ичинде “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын акцияларынын 100%ын «Кыргызалтын» ААКтын пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр тапшырылды.
“Кумтөрдү” кайтаруу Садыр Жапаровдун саясий эрктүүлүгүн, позициясы бекем экенин далилдеди. Мурунку президенттер канадалыктар менен “кызматташып”, алардын “чыккынчылыгын” мыйзам менен бекитип келгени баарына белгилүү. Ошол нерсе сынды. Документтер толук бүткөн соң акылкы колду кыргыз өкмөтүнүн атынан Акылбек Жапаров кол коёт.
“Кумтөр” маселесинде президенттин жанында туруп, иштин аягына чыгышына салым кошкондордун бири Акылбек Жапаров. Кечээ күнү жакшы кабар чыккандан бери Акылбек Жапаровду сындагандар көбөйдү. Эл оозунда элек жок эмеспи. Ар ким өз билгенин, укканын жазат, айтат. Бирок, чындык бирөө гана болот…
Акылбек Жапаров башында эле “Центерранын” түзүлүшүнө, анын 33 пайызы Кыргызстанга таандык болушуна каршы чыккан. Муну 2000-жылы шайланган депутаттар жакшы билишет. “Кумтөр” боюнча өз оюн айтып жүргөн коомдук-саясий ишмер Ишенбай Кадырбеков “Бул ызы-чуулуу иш. 2007-жылы Кыргызстанга өтө турган долбоорду бузганы жатышат. Сени да алдаганы жатат, байкап көр” деген кеңешин Жапаровго берген. Легендарлуу парламентте “Кумтөр” маселеси боюнча алгачкы комиссияны жетектеген, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов “Бул жерде 700 тоннадан ашык алтын бар экени Союз кезинде эле такталган. Мына документтери…”деп тийиштүү документтерди берет.
“Учкундун” имаратында комиссия жыйын өткөрүп, маселени карайт. Ал кезде финансы министрлигинде статс-катчы болуп иштеп турган Эмирлан Төрөмырзаев доклад жасап, борбордук бөлүктө 300 тоннадан ашык алтын бар, биз 100 тоннага чейин алтыны бар “Боро” кенин, мындан сырткары АКШдагы “Рен”кенин да алабыз дейт. Акылбек Жапаров доклад бүткөндө эле биринчилерден болуп “Жаңы түзүлүп жаткан “Центеррада” биздин акциябыз канча пайыз болот?” деген суроону коёт. Докладчик “33 пайыз” деп жооп берет. “Кумтөрдүн” 67 пайыз акциясы биздики болсо, анан кантип 33 пайыз болуп калат?” деген суроону кайрадан берет. “Биз аябай чоң компания түзүп жатпайбызбы. Силердики кичинекей да. Болгону 300 тонна гана алтын болуп жатат” деген жооп болот. Ошол учурда Камчыбек Кудайбергенов “Кыргызалтындын” төрагасы болчу. Ошол киши “Акылбек, суроо бербей эле койчу” деп Жапаровду токтотконго аракет жасайт. Акылбек Жапаров “Андай болбойт, кенде 700 тоннадан ашык алтын жатат. Ошондуктан, “Центерранын” 67 пайызы биздики, 33 пайызы силердики болуш керек” деген принципке өтөт.
Кыргыз мамлекетине каршы “чыккынчылык” келишим түзүлүп жатканын парламентке келип, болгон окуяны оппозицияга жеткизет. Дооронбек Садырбаев “Акылбек сен жашсың, бул маселени оппозиция биз көтөрүп чыгалы” деген аксакалдык кебин айтып, маселени оппозиция көтөрүп чыгат. Мыйзам чыгаруу бийлиги “Бул туура эмес” деген токтом кабыл алат. Бул айныгыз факты.
Кумтөр боюнча азыркы бийликтин кабыл алган чечими туура болду. Канадалыктар бизге эч нерсе бермек эмес. Эл аралык сот жылдап созулмак…
Кыргызстан 20 жылдын ичинде “Кумтөрдөн” болгону 85 млн доллардын тегерегинде дивиденд алган. 2021-жылдын жети айында 323 млн доллар таза кирише алынган. 2022-жылы 6 айдын жыйынтыгында тоо-кен тармагынан салыктык кирешелер 25,8 млрд сомду түзсө, анын 70 пайызын “Кумтөр” берген. “Кумтөрдүн” мамлекетке өткөн биринчи жыйынтыгы. Эң негизгиси кенди кыргыз эли өзү иштетип кете ала турганын көрсөттү.

Акылбек Жапаров: "Кокон хандыгында Шералы ханды хан кылган Нүзүп аталык, Алымбек датка жана Курманжан датка дал ушул Чоң-Алайга келип, иштеп турган"

Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин Төрөгасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бүгүн, 30-июлда, Чоң-Алай районунун Доорот-Коргон айылында өткөн райондун кайра түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Акылбек Жапаров Президент Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан район тургундарын мааракелүү дата менен куттуктады.

“Чындыгында Чоң-Алай – карт тарыхтын сырларын катып жаткан жер. Кокон хандыгында Шералы ханды хан кылган Нүзүп аталык, Алымбек датка жана Курманжан датка  дал ушул жерге келип, иштеп турган. Чоң-Алайды  – даткалардын изи калган жер дейбиз.  Бул жердин элинин бекем ынтымагы – башкаларга  үлгү. 2017-жылы жер титирегени эсиңиздерде болсо керек. Ошондо 623 үй жабыркаган. Бирок келген жардамдарды башкалардай ызы-чуу кылбай, абдан так, калыс, уюшкандыкта бөлүштүрүп, бекем ынтымагыңарды көрсөткөнсүздөр”- деди Жапаров.

Өлкөдөгү акыркы өзгөрүүлөргө, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө токтолгон министрлер кабинетинин башчысы башталган ири долбоорлор аягына чыгарын белгиледи.

“Аймакта наркы 455 млн сом болгон Шибээ-Жекенди каналына быйыл биз 100 млн  сомго жакын каражат бөлдүк. Буюрса, 500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт, 462 гектар талаалардын суу менен камсыз болушу жакшырат. Быйыл канал толук бүтүп, ишке берилет.

Президентибиз Садыр Нургожоевич ушул жерде мектепке капсула салып кеткен. Аны бүтүрөбүз.  30 жылдын ичинде 33 Өкмөт башчы, 5 Президент алмашты. Акыркы 15 жылдан бери саясий толкундар менен катаклизмден арылбай келдик. Президент Садыр Жапаровдун келиши менен баары өзгөрүүдө.

Башкысы – Кумтөрдү Кыргызстанга алдык. Былтыр 17-майда тышкы  башкаруу киргизилгенден бери 220 млн долл. таза киреше таптык. Алтындын бардык запастарына өзүбүз ээлик кылабыз! Кумтөр мындан ары Кыргызстандыкы болду. Бул – баарыбыздын  күткөн жеңишибиз“– деп кошумчалады.

Райондун борбордук стадионунда өткөн мааракелик салтанатка Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын  төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. Чогулгандарга театрлаштырылган оюн-зооктор  көрсөтүлдү.

Ош облусунун Чоң-Алай району 1992-жылы түзүлгөн, түштүк-батышынан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу, Жерге-Тал району менен чектешет. Тоолуу аймакта 34636 адам жашайт, анын карамагына 3 айыл аймак кирет.

Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда

Акылбек Жапаров: ИДПнын өсүшү боюнча эл аралык институттардын пессимисттүү божомолуна карабастан, биз кырдаалды турукташтыра алдык

Ички дүң продукциянын өсүшү боюнча эл аралык институттардын пессимисттүү божомолуна карабастан, биз кырдаалды турукташтыра алдык. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда өткөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңейтилген жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров. билдирди

Акылбек Жапаров өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 6 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүү темпи 6,3%ды түзгөнүн белгиледи.

«Экономиканын бардык тармактарында өсүш байкалды: айыл чарбасында 2%, курулушта 3,4%, кызмат көрсөтүүдө 4%, өнөр жай тармагында 14,6% өсүш болду», – деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, 2022-жылдын 6 айында тоо-кен тармагындагы салыктык кирешелер 25,8 миллиард сомду түздү.

«2021-жылы казынага тоо-кен тармагынан 22,9 млрд сом түшкөн. Жарым жылда былтыркы бир жылга караганда салыкты көп чогулттук. Мен кендерди иштетүүгө каршы чыккандарга кайрылат элем. Өлкөдө 245 авариялык мектеп бар, 219 704 аз камсыз болгон үй-бүлө (алардын санариптик картасы түзүлдү) жана 710 миңден ашуун пенсионер жашайт. Жыл сайын болжол менен 10 миңдей жаңы кошумча окуучулук орундар талап кылынат. Бул үчүн жылына 24 жаңы мектеп куруу керек. Мындан тышкары, республика боюнча ооруканаларды оңдоо, калктын социалдык жактан корголбогон катмарына кам көрүү зарыл. Бул үчүн бизде кошумча булактар болушу керек”, – дейт Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров Кытай элчиси менен айланма Чүй каналын куруу жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик автожолуна көчкүлөрдөн коргоочу курулуштарды салууну талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Өзгөчө басым айланма Чүй каналын жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик автожолунун курулушунун алкагында кар көчкүдөн коргоочу курулуштарды куруу сыяктуу долбоорлорго бурулду.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Министрлер Кабинети өз алдына өлкөлөр ортосунда түзүлгөн соода потенциалын активдуу пайдалануу милдетин койду.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда энергетика жана айыл чарба тармагында чоң потенциал бар, бирок биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдалана албай жатабыз», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде Элчи өз ара кызыкчылык туудурган бардык долбоорлор боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

«Биргелешкен аракеттер менен биз активдүү жүрүп жаткан стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда жакшы натыйжага жетиштик. Бул иш келечекте дагы улантылат», – деп жыйынтыктады Ду Дэвэнь.

Акылбек Жапаров: “Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишим Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 8-июлда, “Манас” жана “Ош” эл аралык  аэропортторунун айланасындагы кырдаалга комментарий берди.

“Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишим Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык.

Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок, биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек.

Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз.

Же болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат”,- деп белгиледи Минкаб башчысы.

Акылбек Жапаров: Борбору Жалал-Абад шаарында жайгашкан өнүгүүнүн таяныч пунктун – экинчи экономикалык түйүндү түзүү боюнча иш жүрүүдө

Биз токтоп турган ишканаларды сатуу саясатынан алыспыз. Майлуу-Суудагы лампа заводун кайтарып, аны реанимациялоо боюнча 1 млрд сомго бизнес-долбоорду бекиттик. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле батыштан чыгышка цивилизациялык жылышуу болуп жатканын, экономикалык борбор Азия континентине өтүп жатканын кошумчалады.

“Эгерде Европага терезе жабылса, биз Азиянын дарбазасын ачууга даярбыз. Кыргызстан 3 кубаттуу цивилизациянын: Россия аркылуу Европанын, миңдеген калкы бар Кытайдын жана Ислам өлкөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан өлкө. Биз батыш цивилизациясын эстен чыгарбашыбыз керек, ал бизди узак убакыт бою молчулук, мыйзамдуулук жана тартип аркылуу кызыктырып келет. Биз өзүбүздүн саясатыбызды улуттук кызыкчылыкка негиздейбиз», – деди Акылбек Жапаров жана борбору Жалал-Абад шаарында жайгашкан өнүгүүнүн таяныч пунктун – экинчи экономикалык түйүндү түзүү боюнча иш жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

“Электр энергиясын иштеп чыгуунун үчтөн эки бөлүгү Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу жана темир жол түйүнү (Балыкчы – Кара Кече – Жалал-Абад) өткөн Жалал-Абад облусуна туура келет”, – деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.

Меню